Редакцияот 12.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-сентябры № 244

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүүжөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүсүн Убактылуу тартибинин" 1-, 2-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.5, 2.9-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-"Справедливость" (Акыйкат) Республикалык партиясынан көсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Азарова Зухра Музафаровна курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мучөсү Сопубеков Азамат Курманбекович курамдан чыгарылсын;

- Кыргызстан Коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн Тергалинский Алексей Гаврилович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мельник Ольга Иосифовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев