ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 244 «Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция12.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-сентябры № 244

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүүжөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүсүн Убактылуу тартибинин" 1-, 2-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.5, 2.9-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-"Справедливость" (Акыйкат) Республикалык партиясынан көсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Азарова Зухра Музафаровна курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мучөсү Сопубеков Азамат Курманбекович курамдан чыгарылсын;

- Кыргызстан Коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн Тергалинский Алексей Гаврилович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мельник Ольга Иосифовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев