МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы №196 «Бишкек шаарында 1998 - жылдын 6 - майында кол коюлган Укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында болуусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу»

Редакция05.12.2006 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-декабры №196                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                                            Бишкек шаарында 1998 - жылдын 6 - майында кол коюлган           Укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын             кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жана           Тажикстан Республикасынын аймактарында болуусунун             жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө                   келишимди ратификациялоо тууралу    2006 - жылдын 19 - октябрында        Кыргыз Республикасынын Жогорку                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.  Бишкек  шаарында 1998 - жылдын 6 - майында  кол  коюлганУкук  коргоо  органдарынын  жана атайын  органдардын  кызматкерлерининКыргыз  Республикасынын  жана  Тажикстан Республикасынын  аймактарындаболуусунун  жана  өз  ара  аракеттенүүсүнүн  тартиби  жөнүндө  келишимратификациялансын.   2-статья.  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  ТажикстанРеспубликасынын Ички иштер министрлигине бул Келишимдин күчүнө кирүүсүүчүн  зарыл  болгон  мамлекеттик ички жолжоболор  аткарылганы  жөнүндөбилдирсин.   3-статья.  Ушул  Мыйзам  расмий жарыяланган  күндөн  тартып  күчүнөкирет.      Кыргыз Республикасынын   Президенти                                           К.Бакиев