Загрузка документа…
| КР Экономика жана Коммерция Министрлигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 03 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын Экономикаминистрлигинин 2016-жылдын 26-январындагы №8 буйругу менен бекитилген. |
Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Экономика министрлигинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 168 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик мүлк ижарага түз берилген учурда мамлекеттик турак-жай эмес имараттарын, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн ижара акысынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аа.ак. = Баз.ст. х S х К1 х К2 х К3 х К4 + Аж,
мында:
Аа.ак.- бир айлык ижара акысынын өлчөмү;
Баз.ст. - 1 кв.м, үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;
К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициенти;
К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти;
К4 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы.
Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
а) Баз.ст. - Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык объекттеринин аймагы үчүн - 100 сом/кв.м.
Баз.ст. - Ош шаары үчүн 90 сом/кв.м;
Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.
б) К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициентинин мааниси:
Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) жайгашкан жери | К1 мааниси |
Бишкек шаары |
|
1-зона: Бөкөнбаев, Суюмбаев, Фрунзе көч. Манас пр., чегинде | 1,2 |
2-зона: Тынчтык пр., Ахунбаев көч, Шабдан-Баатыр көч., Курманжан-Датка көч., Жибек-Жолу пр., Фучик көч., Московская көч., Некрасова көч., Л.Толстой көч., Тынчтык пр. чегинде | 1,1 |
3-зона: калгандары | 1 |
Ош шаары | 1,1 |
Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык объекттеринин аймактары | 1,2 |
республиканын калган региондору | 1 |
в) К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициентинин мааниси:
- канааттандыраарлык - капиталдык ремонт талап кылынат - 1;
- канааттандыраарлык - косметикалык ремонт талап кылынат - 1,1;
- жакшы - (ремонт талап кылынбайт) - 1,2.
г) К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти:
- суу түтүгүнүн, ысык суунун, борбордук жылытуунун болушу - 1,3;
- суу түтүгүнүн, борбордук жылытуунун болушу - 1,2;
- суу түтүгүнүн болушу - 1,1;
- техникалык жабдуусу жок - 1.
д) К4 - пайдалануунун тармактык коэффициентинин мааниси:
| Курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалануунун максаты | К4 мааниси |
1 | Ресторан, кафе, мейманкана, бильярд, сауна, бассейн, мончо, алмаштыруу банкы, күрөөкана, банк кызматтары, көчмө касса, авиакасса, төлөмдөрдү кабыл алуу пункту, жарнама орнотуу, телекоммуникациялар үчүн антенна жана жабдуу орнотуу | 1,5 |
2 | Өндүрүш жана башка өндүрүш боюнча кызматтары | 1,4 |
3 | Дүкөн, ларек, дарыкана, спорттук ден-соолук кызматтары, медициналык кызматтар, фитобар | 1,3 |
4 | Офис | 1,2 |
5 | Химтазалоо, бут кийим оңдоо, чач-тарач, сулуулук салон, кийим оңдоо, жаңы үйлөнгөндөргө салон, компьютердик кызматтар жана компьютердик техниканы оңдоо, копировалдык кызматтар, сүрөт кызматтар, автотранспортту оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн курулмалар жана жайлар, автоунаа токтотуу жайы, гараж, автозаправка станциясы | 1,1 |
6 | Тигүү цехи, склад | 0,8 |
7 | Ашкана, буфет, сатуу точка, билим берүү борбор, китепкана, балдар-өспүрүмдөр өнөрчүлүгү студиясы, көркөм кружоктор, спорт секциялар жана башка маданият жана спорт объекттер | 0,7 |
8 | Режимдик объекттердеги ашкана жана буфет | 0,5 |
9 | Ысык-Көл облусундагы дарылануучу жайлардын территориясында жайгашкан объекттер | 0,6 |
10 | Башкалар | 1 |
Эскертүү: 1. Эгерде ижарага берилүүчү жай көчөнү бойлото жайгашса жана өз алдынча кирип/чыгууга ээ болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициентине кошумчалап 0,1 кошулат. 2. Эгерде ижарага берилүүчү жай подвал, чатыр жана цоколдук кабатта жайгашкан болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициентине кошумчалап 0,1 кошулат. 3. Эгерде ашкана же буфет ижарага алынган жай жайгашкан имараттагы мамлекеттик органдын кызматчыларын тейлөө мезгилинде гана иштесе, анда колдонулуучу К4 коэффициентинен 0,2 алып салынат | ||
е) Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы Кыргыз Республикасыгын Салык кодексине ылайык эсептелет. Жер участогун пайдалануу үчүн акы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аж = С х S х Ки х К1 х К2,
мында:
С - айыл чарбалык эмес багыттагы жерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы;
S - ижарага алуучу пайдаланып жаткан жер участогунун аянты. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет: жер участогунун аянты имараттын жалпы аянтына бөлүнөт жана ижарага берилүүчү аянтка көбөйтүлөт;
Ки - инфляция коэффициенти;
К1 - экономикалык-пландаштыруу зоналарынын коэффициенти;
К2 - коммерциялык пайдалануу коэффициенти.
Айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жана жер салыгын дифференциялоо үчүн коэффициенттер мыйзамда белгиленгенге ылайык кабыл алынат.
Ижара акысынын чоңдугуна имаратты эксплуатациялоо жана имараттарды жана жайларды утурумдук ремонттоо боюнча чыгымдар, жылытууга, коммуналдык кызматтарга жана башка кызматтарга чыгымдар кирбейт.
Тараптардын ортосунда ижара акысынын өлчөмү жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашылган эсептөө жок болсо, ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелет.
2. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталган, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү (ижаранын старттык өлчөмү) жана конкурсту өткөрүүдө жарыялануучу, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын өлчөмү (ижаранын минималдык өлчөмү) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СА = Баз.ст. x S x K1 x K2 x К3,
мында:
СА - бир айлык ижара акысынын старттык чоңдугу;
Баз.ст. - имараттын (жайдын) 1 кв.м үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;
К2 - имараттын техникалык абалынын коэффициенти;
К3 - жайдын техникалык жабдылышынын коэффициенти.
Эсептөөдө колдонулуучу ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
а) Баз.ст. - Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык объекттеринин аймагы үчүн - 100 сом/кв.м.
Баз.ст. - Ош шаары үчүн 90 сом/кв.м;
Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.
б) К1, К2 жана К3 мааниси ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.
в) Мамлекеттик мүлктү ижарага аукцион жана конкурс өткөрүү жолу менен берген учурда, Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы тооруктардын жыйынтыгында аныкталган бир айлык ижара акынын көлөмүнө кошулат.
Аж - ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.
3. Кинотеатрлардын имараттарынын узак убакытка түзүлгөн ижара келишимдери үчүн бир айлык ижара акынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аа.ак. = Баз.ст. х S х К1 х К2 + Аж,
мында:
Аа.ак. - бир айлык ижара акысынын өлчөмү;
Баз.ст. -1 кв.м үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;
К2 - узак убакытка түзүлгөн ижара келишиминдеги кинематография объекттери үчүн оңдоочу коэффициенти;
Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы.
Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
г) Баз.ст. - Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык объекттеринин аймагы үчүн - 100 сом/кв.м.
Баз.ст. - Ош шаары үчүн 90 сом/ кв.м;
Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.
д) К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициентинин мааниси:
Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) жайгашкан жери | К1 мааниси |
Бишкек шары |
|
1-зона: Бөкөнбаев, Суюмбаев, Фрунзе көч., Манас пр. | 1,6 |
2-зона: Тынчтык пр., Ахунбаев көч, Шабдан-Баатыр көч., Курманжан-Датка көч., Жибек-Жолу пр., Фучик көч., Московская көч., Некрасова көч., Л.Толстой көч., Тынчтык пр. чегинде | 1,35 |
3-зона: калгандары | 1,2 |
Ош шары | 1,1 |
республиканын калган региондору | 1 |
ж) К2 - узак убакытка түзүлгөн ижара келишиминдеги кинематография объекттерине оңдоочу коэффициентинин мааниси - 0,5.
Аж - ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.
4. Ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн кинотеатрлардын имараттарынан башка, кинематография уюмдарына (фильм, киносанжыра тартуу; фильмдин нускасын көбөйтүү, жүгүртүү, көрсөтүү жана калыбына келтирүү; кинозалды техникалык жактан тейлөө; киноматериалдар менен киножабдууларды даярдоо; фильмдерди, кинобаяндарды тартуу боюнча жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү; кинематография жаатындагы билим берүү, илимий, изилдөө, басып чыгаруу, жарнамалык-үгүт иштери; фильмдерди жана фильмдердин баштапкы материалдарын сактоо; киносанжыраны жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо боюнча негизги иш катары жүзөгө ашыруу) ижара түз берилген учурда, мамлекеттик турак жай эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн бир айлык ижара акынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аа.ак. = Баз.ст. х S х К2 х К3 х К4 + Аж,
Мында:
Аа.ак. - бир айлык ижара акысынын өлчөмү;
Баз.ст. - 1 кв.м үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициенти;
К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти;
К4 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы.
Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
а) Баз.ст. - 46 сом/кв.м, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн;
Баз.ст. - 40 сом/кв.м, калган калк конуштары үчүн;
б) К2, К3 жана Аж коэффициенттеринен мааниси ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык эсептелет;
в) К4 - 0,7.
Эгерде баланс кармоочу кинематография уюмдарын жайгаштыруу үчүн мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды ижарага берүүнү пландаса, ижара келишимин (ижаранын баштапкы өлчөмүн) түзүү укугуна аукцион баштоо менен мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн бир айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү жана конкурс өткөрүүдө жарыяланууга тийиш болгон мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн бир айлык ижара акысынын минималдык өлчөмү ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелет.
Эгерде, баланс кармоочу ижара келишимин түзүү укугуна тоорук өткөрүүнү демилгелөөдө ижара берүүчү тарабынан, кинематография тармагында ишкердигин жүзөгө ашыруу үчүн ижарага берилип жаткан мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу жөнүндө шарттар көрсөтүлбөсө, ижаранын баштапкы (аукцион үчүн) жана минималдык (конкурс үчүн) өлчөмү ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн формулага ылайык жалпы эреже боюнча эсептелет.
(КР Экономика министрлигинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 168 буйругунун редакциясына ылайык)