Загрузка документа…
КР Экономика жана Коммерция Министрлигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 03 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-июну № 168
Министрликтин 2016-жылдын 26-январындагы № 8 "Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" буйругуна толуктоону киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бар катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Министрликтин 2016-жылдын 26-январындагы № 8 "Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды. имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө нускама төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн кинотеатрлардын имараттарынан башка, кинематография уюмдарына (фильм, киносанжыра тартуу; фильмдин нускасын көбөйтүү, жүгүртүү, көрсөтүү жана калыбына келтирүү; кинозалды техникалык жактан тейлөө; киноматериалдар менен киножабдууларды даярдоо; фильмдерди, кинобаяндарды тартуу боюнча жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү; кинематография жаатындагы билим берүү, илимий, изилдөө, басып чыгаруу, жарнамалык-үгүт иштери; фильмдерди жана фильмдердин баштапкы материалдарын сактоо; киносанжыраны жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо боюнча негизги иш катары жүзөгө ашыруу) ижара түз берилген учурда, мамлекеттик турак жай эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн бир айлык ижара акынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аа.ак. = Баз.ст. х S х К2 х К3 х К4 + Аж,
Мында:
Аа.ак. - бир айлык ижара акысынын өлчөмү;
Баз.ст. - 1 кв.м үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициенти;
К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти;
К4 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы.
Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
а) Баз.ст. - 46 сом/кв.м, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн;
Баз.ст. - 40 сом/кв.м, калган калк конуштары үчүн;
б) К2, К3 жана Аж коэффициенттеринен мааниси ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык эсептелет;
в) К4 - 0,7.
Эгерде баланс кармоочу кинематография уюмдарын жайгаштыруу үчүн мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды ижарага берүүнү пландаса, ижара келишимин (ижаранын баштапкы өлчөмүн) түзүү укугуна аукцион баштоо менен мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн бир айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү жана конкурс өткөрүүдө жарыяланууга тийиш болгон мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн бир айлык ижара акысынын минималдык өлчөмү ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелет.
Эгерде, баланс кармоочу ижара келишимин түзүү укугуна тоорук өткөрүүнү демилгелөөдө ижара берүүчү тарабынан, кинематография тармагында ишкердигин жүзөгө ашыруу үчүн ижарага берилип жаткан мамлекеттик турак эмес имараттарды, жайларды жана курулмаларды пайдалануу жөнүндө шарттар көрсөтүлбөсө, ижаранын баштапкы (аукцион үчүн) жана минималдык (конкурс үчүн) өлчөмү ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн формулага ылайык жалпы эреже боюнча эсептелет.".
2. Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жеткирсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Д.Ш.Иманалиевге жүктөлсүн.
Министр |
| А.Кожошев |