Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-апрели № 54-б
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасында накталай акча каражаттарын сактоо боюнча мөөнөттөрдү белгилөө жөнүндө" Нускамасын бекитүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукка карата ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алуу менен жана мурунку жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын аткарууга алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасында накталай акча каражаттарын сактоо мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндө" тиркелген Нускамасы бекитилсин.
2. Ички аудиттин жана бухгалтердик эсептин методологиясы башкармалыгы (Кадырова Д.И.):
- ушул буйрукту "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялансын;
- расмий жарыяланган күндөн баштап ушул буйрук бир жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтүлсүн;
- күчүнө кирген күндөн баштап бир жумуш күн ичинде ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
3. Коомчулук менен байланыш сектору ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыздасын (Тоялиев С.Б.).
4. Ушул буйрук 2016-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы З.Э.Баямановага жүктөлсүн.
Министр | А. Касымалиев |