Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 9-июну № 84-б
2016-2019-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясы иш чараларын ишке ашыруу боюнча ведомство аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана финансылык децентралдаштырууну өнүктүрүүдө реформаларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы № 116 "2016-2019-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасындагы бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө" токтомун аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомство аралык жумушчу тобу түзүлсүн.
2. 2016-2019-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасындагы бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планында көрсөтүлгөн мөөнөттө Концепциянын иш чараларын ишке ашырууну ведомство аралык жумушчу топко жүктөлсүн.
3. Зарылдыгына карай ведомство аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укуктуу.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жүктөлсүн.
Министр |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 9-июнундагы №84-б буйругуна тиркеме |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары - ведомство аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Раханов Нурланбек Сабырбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана мониторингдөө башкармалыгынын начальниги -ведомство аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомство аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Мусуралиев Шамиль Кумушбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башкы адиси;
Усупбаева Гульнара Узбековна - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык тобокелчиликтерди талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Алымбеков Искендер Мелисович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын оперативдик талдоо бөлүмүнүн начальниги;
Шамеев Азамат Султанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этника аралык мамилелер иштери боюнча башкармалыктын начальниги;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлиги (макулдашуу боюнча);
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча).
Министр |
| А.Касымалиев |