Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 116
2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана финансылык борбордон ажыратуу реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга катышкан министрликтер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыздоо боюнча толук чараларды көрсүн;
- жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январына чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын, 5-февралга чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
2-тиркеме
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы | Күтүлгөн натыйжалар | Аткаруучулар | Мөөнөттөрү | Каржылоо булактары |
1. Концепцияны ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук шарттарды түзүү | |||||||
1.1 | Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш аракеттерди ведомстволор аралык координациялоону жакшыртуу | Концепциянын иш-чараларын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | Тиешелүү акт кабыл алуу | Концепциянын милдеттерин ишке ашыруу боюнча маселелерди мамлекеттик органдар оперативдүү жана макулдашып чечет | Финмин | Январь-февраль 2016-ж. | Каржылоону талап кылбайт |
1.2 | ЖӨБ деңгээлиндеги бюджеттик процесстерде мамлекеттик органдардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү | Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракетинин регламентин иштеп чыгуу | Тиешелүү акт кабыл алуу | Бюджеттик процесстин негиздүүлүгү, реалдуулугу жана натыйжалуулугу жогорулайт | Финмин, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Март-август 2016-ж. | Каржылоону талап кылбайт |
1.3 | Финмин, Финминдин аймактык бөлүмдөрү менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы коммуникациялардын оперативдүү системасын түзүү | Отчеттуулуктун, документтерди жүгүртүүнүн электрондук системасын киргизүү | Изилдөө жана ишке киргизүү | Бюджеттик процессти башкаруунун натыйжалуулугу жогорулайт, бюджеттик чыгымдар жана коррупциялык тобокелдиктер азаят | Финмин, министрликтер жана ведомстволор ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Март - 2016-ж. декабрь 2019-ж. | Трасттык Фонд |
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу | |||||||
2.1 | Салыктык кирешелерди бөлүштүрүү системасын өркүндөтүү боюнча негизделген сунуштамаларды иштеп чыгуу | Бюджеттик системалардын деңгээлдери боюнча салыктык жана салыктык эмес кирешелерди иш жүзүндө бөлүштүрүү боюнча аналитикалык жазууларды иштеп чыгуу | Аналитикалык иштер | Салыктык жана салыктык эмес кирешелерди бөлүштүрүү жана жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүү бөлүгүндөгү сунуштамалар талданат | Финмин, Экономмин | Март-август 2016-ж. | Трасттык Фонд |
2.2 | Трансферттик саясатты өркүндөтүү боюнча негизделген сунуштамаларды иштеп чыгуу | Трансферттик саясат бөлүгүндө ЖӨБ деңгээлиндеги бюджеттик процесстерди өнүктүрүүнү кармоочу факторлорду изилдөө боюнча аналитикалык жазууларды иштеп чыгуу: теңөө гранттарын бөлүштүрүү, төмөн туруучу деңгээлге өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын эсебинен каржылоо | Аналитикалык иштер | Трансферттик саясатты жакшыртуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиздемелер | Финмин | Март-декабрь 2016-ж. | Трасттык Фонд |
2.3 | Бюджеттик камсыздуулукту теңөө системасын өркүндөтүү | Аракеттеги теңөө системасын талдоо жана мониторинг жүргүзүү жана жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздуулугун теңдөөнүн жаңы ыкмаларын эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен сунуш иштеп чыгуу. КРӨнүн тиешелүү токтомун иштеп чыгуу | Аналитикалык иштер. КРӨ "Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө" КРӨнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомун кабыл алуу | Кыргыз Республикасынын бардык айыл аймактары өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө карабастан өнүктүрүү бюджеттерине ээ болушат | Финмин | Апрель 2016-ж. - июль 2018-ж. | Трасттык Фонд |
2.4 | ЖӨБ органдарынын деңгээлине берилүүчү каражаттар аркылуу каржылоо системасын өнүктүрүү | Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражаттарды каржылоонун колдонуудагы системасын талдоо жана мониторинг жүргүзүү. Эл аралык тажрыйбаларды эске алып, каржылоонун жаңы ыкмалары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу. Тиешелүү актыларды иштеп чыгуу | Аналитикалык иштер. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилген каражаттардын жардамы менен каржылоо тартиби жөнүндө актыны кабыл алуу | Кошумча сарптоо милдеттенмелер өскөн учурда жергиликтүү бюджеттердин тартыштыгынын тобокелдиги олуттуу азаят | Финмин | Март 2016-ж. - декабрь 2018-ж. | Трасттык Фонд |
2.5 | Кыргыз Республикасында бюджеттик маселелер боюнча административдик-аймактык реформаларды ишке ашыруу үчүн дем берүүчү факторлорду калыптандыруу | Айылдык аймактарды ыктыярдуу бириктирүү боюнча ЖӨБ органдары үчүн умтулуунун факторлорун түзүү боюнча актыларды иштеп чыгуу | Тиешелүү актыны кабыл алуу | Административдик-аймактык реформаны тездетүү, айыл аймактарын бириктирүүдө талаш-тартыштардын деңгээли төмөндөйт | Финмин, Экономмин, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Апрель 2016-ж. декабрь 2017-ж. | Каржылоону талап кылбайт |
2.6 | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө натыйжалуулукту жогорулатуу | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдү талдоо жана мониторинг жүргүзүү. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган базасын изилдөө жана киргизүү | Аналитикалык иштер. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн болжолдоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган базасын изилдөө жана өздөштүрүү | Жергиликтүү бюджетти болжолдоо боюнча Финмин менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы каршы пикирлердин деңгээли азаят | Финмин, МСК, Министрлик-тер жана ведомстволор, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Август 2016-ж. декабрь 2019-ж. | Трасттык Фонд |
2.7 | Жергиликтүү бюджеттин салыктык кирешелерин жыйноону жогорулатуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн шарттарды түзүү | Жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктардын айрым түрлөрүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү | Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдерге кол коюу жол-жоболорун уюштуруу | ЖӨБ органдары тарабынан салыктык кирешелерди жыйноо боюнча өз алдынчалуулук жана жоопкерчилик деңгээли жогорулайт | МСК, Экономмин, Финмин, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | ЖӨБ органдарынын салык органдарына кайрылуусуна жараша | Каржылоону талап кылбайт |
3. ЖӨБ органдарынын сарптоо милдеттенмелерин оптималдаштыруу | |||||||
3.1 | ЖӨБ органдарынын деңгээлинде бюджеттик процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча шарттарды түзүү | Жергиликтүү бюджеттерди программалык негизде түзүү методикасын колдонууда эл аралык практиканы талдоо жана мониторинг жүргүзүү. Жергиликтүү бюджеттерди программалык негизде түзүү методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү | Жумушчу топ | Бюджеттик чыгымдар натыйжага жетүүгө багытталат | Финмин, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Январь 2017-ж. - июль 2019-ж. | Трасттык Фонд |
3.2 | Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу жана апробациялоо | Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо методикасын иштеп чыгуу | Жумушчу топ | ЖӨБ органдарын каржылоо системасы тартипке келтирилет | ЖӨБ жана этностор агенттиги, Финмин | Июнь 2016-ж. - декабрь 2017-ж. | Трасттык Фонд |
3.3 | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын сарптоо милдеттенмелерин жана ыйгарым укуктарын чектөө боюнча иштерди аяктоо | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сарптоо милдеттенмелерин жана ыйгарым укуктарын тактоо боюнча ЧУАларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар | Жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын сарптоо милдеттенмелери жана ыйгарым укуктары такталат | ЖӨБ жана этностор агенттиги, Финмин | Июнь 2016-ж. - декабрь 2018-ж. | Каржылоону талап кылбайт |
Трасттык фонд - Көп тараптуу донордук трасттык фонд тарабынан каржыланган "Мамлекеттик финансыны башкаруунун потенциалын өнүктүрүү" долбоору;
ЧУА - ченемдик укуктук акт;
КРӨ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
Финмин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Экономмин - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
ЖӨБ жана этностор агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик;
МСК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
ЖӨБ органдары - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.