Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 2-декабры № 01-13/204
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин тарифтерди белгилөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233 “Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттар жөнүндө” токтомуна ылайык, электр энергиясына, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 «Жылуулук энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана продукциялардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркын аныктоонун усулдугун бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген жылуулук энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана продукциялардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркын аныктоонун усулдугунун:
- 21-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- жөнгө салынуучу субьекттердин жыл сайын төлөөчү төлөмдөрү.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 «Электр энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана өздүк наркын аныктоонун усулдугун бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген электр энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана өздүк наркын аныктоонун усулдугунун:
- 19-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- жөнгө салынуучу субьекттердин жыл сайын төлөөчү төлөмдөрү.».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 8-декабрындагы № 5 «Жаратылыш газына тарифтерди түзүүнүн жана өздүк наркын аныктоонун усулдугун бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген жаратылыш газына тарифтерди түзүүнүн жана өздүк наркын аныктоонун усулдугунун:
- 8-пунктунун 5-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- жөнгө салынуучу субьекттердин жыл сайын төлөөчү төлөмдөрү.».
4. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралар көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Ченемдик укуктук актылардын малекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдө буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде көчүрмөсү маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.а. | С.У.Султанбеков |