Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКБУЙРУК
БУЙРУК
2016-жылдын 8-декабры № 5
Жаратылыш газына тарифтерди түзүү үчүн өздүк наркты аныктоонун методикасын бекитүү жөнүндө
(КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 01-13/204 буйрйгунун редаксиясыны ылайык)
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөө жол-жобосунун ачыктыгын жогорулатуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пресс-катчы ушул буйрукту катталгандан күндөн тартып үч күндүн ичинде жарыяласын:
- «Эркин Тоо» гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
3. Укуктук колдоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т. И. Нурбашев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын «8» декабры № 5 тиркеме |
Жаратылыш газына тарифтерди түзүү үчүн өздүк наркты аныктоонун методикасы
(КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 01-13/204 буйрйгунун редаксиясыны ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жаратылыш газына тарифтерди түзүү үчүн өздүк наркты аныктоонун методикасы (мындан ары - Методика) продукцияларына (жумуштарына, кызматтарына) тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жөнгө салынган, жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу менен алектенген газ менен жабдуучу ишканаларга (мындан ары – газ тармагынын ишканасы) жайылтылат.
2. Методиканын максаттары жана милдеттери
2. Ушул Методиканын негизги максаты газ тармагындагы керектөөчүлөрдүн жана ишканалардын кызыкчылыктарынын теңдемин камсыз кылуу болуп эсептелет.
Методика төмөнкү милдеттерди аткарат:
- жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу процессинде продукциянын чыныгы экономикалык наркын чагылдыруу;
- алгылыктуу жана атаандашууга жөндөмдүү тарифтер боюнча коопсуз жана ишенимдүү кызматтарды көрсөтүүгө көмөктөшүү;
- керектөөчүлөр тараынан газ менен жабдуу кызматтарын натыйжалуу колдонууга көмөктөшүү;
- газ тармагын модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн ылайыктуу баа боюнча зарыл капиталдарды тартуу;
- газ тармагындагы ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
3. Методикага сереп
3. Ушул Методика отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө», «Мунай жана газ жөнүндө» мыйзамдарына жана ОЭК чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жаратылыш газына тарифтердин түзүлүү тартибин аныктайт.
4. Методиканын этаптары:
1) Газ тармагындагы ишкананын бардык чыгымдарды жабуу үчүн жетиштүү жылдык кирешесинин чоңдугу эсептелет;
2) Чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт жана алар классификацияланат;
3) Керектөө топтору түзүлөт жана классификацияланган чыгымдар керектөө топторунун арасында бөлүштүрүлөт;
4) Ар бир керектөө тобу үчүн тарифтик түзүмү тандалат жана тарифтик ставкалар эсептелет.
4. Жылдык тиешелүү киреше
5. «Жылдык тиешелүү киреше» - бул тарифтер аркылуу газ тармагынын ишканаларына алууга уруксат берилген пайда. Тиешелүү кирешенин (ТК) чоңдугу төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ТК=ГСЧ+ТПЧ+А+ЖК
мында:
- ТК – тиешелүү кирешенин;
- ГСЧ – газ сатып алууга чыгымдар;
- ТПЧ – газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тармактарды пайдаланууга жана тейлөөгө жана керектөөчүлөргө газ сатууга чыгымдар;
- А – негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы;
- ЖК – жеткиликтүү киреше.
6. Газ тармагынын ишканаларынын тиешелүү кирешеси тарифке заявка берилген учурда белгилүү болгон, ошондой эле болжолдонгон жана чыгымдардын жана кирешелердин өзгөрүүлөрүн алгылыктуу тактык менен өлчөгөн айрым түзөтүүлөр менен акыркы 12 айдагы чыгымдардын негизинде эсептелет.
7. Газды сатып алууга чыгымдар
Газды сатып алууга жылдык чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- ГСЧ – газды сатып алууга чыгымдар;
- Сi – белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдерге ылайык ар түрдүү импортчулардан жана ар түрдүү мөөнөттөрдө жыл ичинде сатып алынуучу газ бирдигинин (1000м3) баасы;
- Vi – газ тармагынын ишканалары тарабынан ар түрдүү импортчулардан ар түрдүү мөөнөттөрдө жыл ичинде сатып алынуучу газдын пландык саны (1000м3);
- БАЖ – бажы алымдары жана жыйымдары;
- ЛС – лицензиялар, тастыктамалар;
- КНС/ө – өздүк наркка КНС.
Жылдык керектөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл жыл ичинде сатып алынуучу газдын жалпы саны:
төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- Vn – жыл ичинде керектөөчүлөргө жеткирилген газдын саны;
- ΔV – жеке муктаждыктарга пайдаланылуучу газдын саны жана мыйзамдарга ылайык бекитилген газдын жоготуулары.
8. Газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тармактарды пайдаланууга жана тейлөөгө жана керектөөчүлөргө газ сатууга чыгымдар.
Пайдаланууга, кармоого жана сатууга чыгымдар (ТПЧ) газ тармагындагы ишканалардын төмөнкү чыгымдар тобун киргизет:
- материалдык чыгымдар;
- өндүрүштүк жана тейлөөчү (көмөкчү) персоналдын эмгек акысын төлөө фонду фонд;
- социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр;
- оңдоого жана техникалык тейлөөгө, диагностикага, пневно-гидро сыноолорго чыгымдар;
- башка чыгымдар.
Тарифтерди түзүү үчүн материалдарды берүүдө газ тармагындагы ишканалар иш жүзүндөгү (болжолдонуучу) чыгымдарды, эсептик жылда божомолдонгон чыгымдарды жана сурам боюнча финансылык отчеттуулукту көрсөтүүгө тийиш.
1) Материалдык чыгымдар
Материалдык чыгымдардын наркы төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- сатып алуу бааларынан (мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, салыктарды (КНС) жана акциздерди эсепке албастан);
- бажы алымдардын, жыйымдардын, тастыктамалардын жана лицензиялардын наркынан;
- тараптагы уюмдардын күчү менен ишке ашырылган ташууга, сактоого жана жеткирүүгө чыгымдардан.
Материалдык чыгымдар төмөнкү статьялардан турат:
«Көмөкчү материалдар» статьясы
Көмөкчү материалдардын чыгымдары төмөнкүлөрдүн наркынан түзүлөт:
- иштелип чыгуучу продукциянын негизин түзүү менен анын курамына кирген же продукцияны жасоодо, сатууда, ташууда жана бөлүштүрүүдө, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө зарыл курамдык бөлүгү болуп эсептелген чийки зат жана материалдардан алынуучу;
- нормалдуу технологиялык процессти камсыз кылуу, продукцияны таңгактоо үчүн продукцияны (жумуштарды, кызматтарды) өндүрүү, сатуу, ташуу жана бөлүштүрүү процессинде колдонулуучу же башка өндүрүштүк жана чарба муктаждыктар (сыноо, контроль жүргүзүү, жабдууну, имараттарды, курулмаларды, башка негизги фонддорду кармоо, оңдоо жана иштетүү) үчүн сарпталуучу материалдардын;
- жабдууну, аспаптарды, куралдарды, инвентарларды, шаймандарды, лабораториялык жабдууларды жана башка материалдарды, атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди, жеке коргонуу каражаттарын оңдоо үчүн камдык бөлүктөрдүн;
- ушул ишканада андан ары куралуучу же кошумча иштетилүүчү сатып алынуучу себилдөөчү буюмдардын жана чала фабрикаттардын.
Материалдык ресурстардын наркына материалдык ресурстарды жеткирүүчүлөрдөн алынган идишти сатып алуу жана таңгактоо боюнча ишкананын чыгымдары да ушул идиштин баасы бул ресурстарга баадан өзгөчө жогору белгиленген учурларда пайдаланууга мүмкүн болгон баа боюнча ушул идиштин наркын эсептен чыгаруу менен кошулат. Материалдык ресурстарды жеткирүүчүдөн алынган идиштин наркы анын баасына кошулган учурда аны сатып алуу боюнча чыгымдардын жалпы суммасынан идиштин аны пайдалануу мүмкүндүгү же сатуу баасы боюнча идиштин наркынан чыгарылат (материалдар жагынан аны оңдоого чыгымдарды эсепке алуу менен).
Материалдык ресурстарды транспорт жана газ тармагындагы ишканалардын кызматкерлери аркылуу жеткирүү (жүктөө-жүк түшүрүү иштерин кошуп) менен байланыштуу чыгымдар өндүрүштүн чыгымдарынын тиешелүү элементтерине кошууга жатат.
Көмөкчү өндүрүштүн продукциясынын наркына кошулуучу материалдардын чыгымдарынан кайтарылма калдыктардын наркынан чыгарылат. Өндүрүштүн кайтарылма калдыктары катары баштапкы материалдарды даяр продукцияга айландыруу процессинде пайда болгон, баштапкы материалдын керектелүүчү сапаттарын (химиялык же физикалык касиеттерин ж.б.) толугу менен же жарым-жартылай жоготкон же түздөн-түз максаты боюнча такыр пайдаланылбаган чийки заттын, материалдардын же чала фабрикаттардын калдыктарын түшүнүүгө болот.
Калдыктарга башка деталдарды же буюмдарды жасоо үчүн толук кандуу материал катары субъекттин башка цехтерине белгиленген технологияга ылайык берилүүчү материалдардын калдыктары кирбейт.
Калдыктарга коштоочу (байланыштуу) продукция да кирбей, анын тизмеси газ тармагындагы ишканалардын эсепке алуу саясаты менен белгиленет.
Калдыктар кайтарылма (өндүрүштө колдонулуучу жана колдонулбоочу) жана кайтарылбас болуп бөлүнөт. Өндүрүштө колдонулуучу кайтарылма калдыктар болуп субъекттин өзү негизги же көмөкчү өндүрүштү жасоо үчүн колдонгон калдыктар эсептелет. Кайтарылбас калдыктар техниканын ушул абалында колдонулбаган калдыктар эсептелет.
Өндүрүштө колдонулбаган кайтарылма калдыктар болуп субъекттин өзү материал, отун катары, башка чарба муктаждыктарына колдонулушу же тараптарга сатылышы мүмкүн.
Кайтарылма калдыктар төмөнкү тартипте бааланат (кайтарылбас калдыктар бааланбайт):
- баштапкы чийки заттын жана материалдардын төмөндөтүлгөн баасы боюнча (пайдалануу мүмкүн болгон баа боюнча), эгер калдыктар жогорку чыгымдар менен (даяр продукциянын төмөн чыгышы менен) негизги өндүрүш үчүн колдонулса же көмөкчү өндүрүштүн муктаждыктары же кеңири керектелүүчү буюмдарды (маданий-тиричилик багытындагы жана күндөлүк тиричилик товарларын) жасоо үчүн колдонулса;
- калдыктарды жыйноо жана иштетүү чыгымдарын эсептен чыгаруу менен аларга белгиленген баалар боюнча, ал эми калдыктар, кесиндилер, кырынды жана башкалар субъекттин ичинде кайра иштетүүгө кетет же тарапка өткөрүлөт;
- баштапкы чийки заттын же материалдардын толук баасы боюнча, эгер калдыктар тарапка кондициялык чийки зат же толук кандуу (толук кандуу материал) катары пайдалануу үчүн сатылган учурда.
«Күйүүчү-майлоочу материалдар» статьясы
Күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдарда негизги, көмөкчү, тейлөөчү бөлүктөрдө технологиялык максаттарга жана чарба муктаждыктарына сарпталган сатып алынуучу отундун бардык түрлөрүнүн (бензин, дизел отуну, автол, дизмайы, солидол жана башка түрлөрү) наркы салыктарды (КНС) эсепке албастан чагылдырылат.
«Электр энергиясы» статьясы
Ушул электр энергиясынын статьясында негизги, көмөкчү, тейлөөчү бөлүктөрдө технологиялык максаттарга жана чарба муктаждыктарына сарпталган сатып алынуучу электр энергиясынын бардык түрлөрүнүн наркы салыктарды (КНС) эсепте албастан чагылдырылат.
«Жылуулук» статьясы
Ушул жылуулук энергиясынын статьясында негизги, көмөкчү, тейлөөчү бөлүктөрдө технологиялык максаттарга жана чарба муктаждыктарына сарпталган сатып алынуучу жылуулук энергиясынын бардык түрлөрүнүн наркы салыктарды (КНС) эсепте албастан чагылдырылат.
2) Эмгек акы төлөө фонду (ЭТФ)
Эмгек акы төлөө фондуна (ЭТФ) жумушчуларга эмгек акы төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, газ тармагынын ишканаларынын жумушчуларынын эмгек акы төлөө тартиби жөнүндө жергиликтүү ченемдик актыларда, газ тармагындагы ишканалардын жумушчулары менен эмгек келишимдерде каралган башка төлөмдөрдүн чыгымдары кирет.
Эмгек акы төлөө фонду өз ичине төмөнкү чыгымдарды кошот:
- маянага (тарифтик ставка), кошумча жана үстөк акыга ылайык негизги эмгек акы;
- өндүрүштүк-экономикалык иштин жыйынтыктарына сый акы (мындан ары – күндөлүк сый акы);
- жумушчуларга берилүүчү ар жылдык төлөнүүчү өргүүлөрдү төлөө боюнча, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы боюнча сый акы төлөө боюнча баалоо милдеттенмелер;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ЭТФга киргизилген башка төлөмдөр.
Тарифти эсептөө базасына ЭТФ ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан газ тарманынын ишканасы менен макулдашуу боюнча белгиленет.
3) Социалдык камсыздандырууга чегерүү
Камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбеген төлөмдөрдүн түрлөрүнөн башка, жумушчулардын эмгек акысын төлөө фондунан, товарлардын (жумушчулардын, кызматтардын) наркына кошулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына милдеттүү чегеримдер чагылдырылат.
4) Диагностика, пневмо-гидросыноолор, оңдоолор жана техникалык тейлөө
Бул бөлүмдө газ тармагындагы ишканалардын диагностика, пневмо-гидросыноолорду, оңдоолорду жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө чыгымдары чагылдырылууга тийиш.
Техникалык тейлөө – негизги каражаттын объектисинин иш жөндөмдүүлүгүн же бузулбашын колдоо боюнча операциялардын комплекси. Техникалык тейлөөгө активдердин бөлүктөрүн жана аларга тиешелүү инженердик жабдуулардын убактысынан мурда эскиришинен алдын алуу иш-чараларын көрүү жана майда бузуктарды жоюу жолу менен системалуу жана өз убагында алдын ала сактоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн чыгымдары кирет.
Оңдоо – объектти абалын жана иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана объекттин ресурсун же анын курамдык бөлүктөрүн калыбына келтирүү боюнча операциялардын комплекси.
Ресурсту калыбына келтирүү деңгээлине жараша оңдоонун төмөнкү түрлөрү бар: капиталдык, орто, күндөлүк оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштери.
Күндөлүк оңдоо боюнча чыгымдарга алмаштырууда жана (или) айрым бөлүктөрүн калыбына келтирүүдө турган объекттин иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча чыгымдар кирет.
Орточо оңдоо элементи боюнча ченемдик-техникалык документтерде белгиленген көлөмдө аткарылуучу, чектелүү номенклатуранын курамдык бөлүктөрүн алмаштыруу же калыбына келтирүү жана курамдык бөлүктөрдүн техникалык абалын контролдоо менен негизги каражаттын объектисинин ресурсун калыбына келтирүү жана жарым-жартылай калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлүүчү оңдоонун чыгымдары чагылдырылат.
Капиталдык оңдоо элементи боюнча негизги каражаттын объектиси дээрлик толук ажыратылган, эскирген түйүндөрдүн жана деталдардын бөлүктөрүн, объекттин же башка бүтүн конструкциялардын, деталдардын жана инженердик-техникалык жабдуулардын айрым бөлүктөрүн колдонуудан эскиришине байланыштуу пайдалуу колдонуу мөөнөтүнүн чегинде алардын ишинин алгачкы көрсөткүчтөрүн жакшырууга алып келбеген (пайдалуу колдонуу мөөнөтү, кубаттуулук) алардын иштөө көрсөткүчтөрүн жана иштетилип жаткан объекттин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшырткан, бир топ узагыраак колдонулгандарга жана үнөмдүүлөрүнө алмаштыруу же калыбына келтирүү жүргүзүлгөн капиталдык оңдоонун чыгымдары чагылдырылат.
Авариялык-калыбына келтирүү иштери аварияларды жойгондон кийин газ бөлүштүрүүчү системалардын объекттеринин иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча иштердин комплексин жүргүзүүнүн чыгымдарын кошот.
Диагностика элементи боюнча газ өткөргүчтөрдүн жана газ бөлүштүрүүчү системалардын башка объекттеринин техникалык абалын аныктоо үчүн иштердин комплексин кошкон техникалык текшерүү боюнча, газтарттыруучу агрегаттардын деталдарын жана түйүндөрүн бузулбоочу контролдоо боюнча чыгымдарды чагылдырат. Бул элемент боюнча суу астындагы, аба аркылуу магистралдык газ өткөргүчтөрдү текшерүүнүн, авто жана темир жол өткөөлдөрү аркылуу өтүүчү газ өткөргүчтөрдү текшерүү чыгымдары да чагылдырылат.
Пневмо-, гидросыноолору чыгымдарында технологиялык өткөргүч түтүктөрүнүн бекемдигин жана жылчыксыздыгын текшерүү боюнча чыгымдар чагылдырылат.
5) Башка чыгымдар
Башка чыгымдардын курамына өндүрүштүн көлөмүнө көз каранды болбогон жана сатылган продукциянын, аткарылган жумуштардын же көрсөтүлгөн кызматтардын конкреттүү түрлөрү менен байланышпаган чыгымдар катары аныкталган бардык чыгымдар, ошондой эле мүнөзү боюнча мурда саналып өткөн элементтердин бирөөнө да түз киргизилбеген чыгымдар киргизилет.
Бул чыгымдарга төмөнкүлөрдүн киргизүү керек:
- башкармалыктын техникалык каражаттарын, байланыш түйүндөрүн, сигнализация каражаттарын, эсептеп чыгаруу борборлорун жана башкармалыктын өндүрүшкө тиешелүү болбогон башка техникалык каражаттарын кармоого жана тейлөөгө чыгымдар (жалпы чарбалык максаттагы негизги каражаттардын эскириши, имараттарды, курулуштарды жана жалпы чарбалык максаттагы инвентарга чыгымдар);
- административдик персоналга кирген жумушчулардын эмгек акысын төлөө;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча административдик персоналдын эмгек акысын төлөөдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына чегерүүлөр;
- газ менен жабдуучу ишканалардын түзүмдүк бөлүктөрүн тейлеген жумушчуларды башкаруу административдик аппаратын кармоо, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөө. Анын ичинде кызматтык жеңил автотранспортун кармоого чыгымдар жана менчик жеңил автомобилдерди иш сапары үчүн пайдаланууга компенсациялар;
- ижара төлөмү;
- өндүрүштүк фонддордун курамында эсепке алынган ишкананын, ошондой эле продукциянын (жумушчулардын, кызматтардын) өндүрүшүнө тартылган жумушчулардын айрым категорияларынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу боюнча чыгымдар;
- иш сапар чыгымдары;
- кадрларды окутуу чыгымдары;
- жумушчу жумуштан бошотулганда эмгек өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрү үчүн компенсациялар;
- коммуналдык кызматтарга чыгымдар;
- жумушчулардын (башкаруу аппаратынын) эмгегин коргоо;
- газ тармагындагы ишканаларды коргоого чыгымдар;
- өрттөн сактоо, эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар;
- газ тармагы тарабынан төлөнүүчү мыйзамдар менен белгиленген салыктар, алымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр (КНСти жана пайдага салыкты кошпогондо);
- ишканаларды өрттөн сактоо жана күзөт боюнча тараптык уюмдардын кызматтары;
- байланыш кызматтары, сыноолор, лабораториялык талдоолор жана башкалар боюнча жумуштар;
- атайын кийимди жуу жана аны оңдоо сыяктуу өзүнүн тейлөө чарбасынын кызматтары;
- негизги жөнгө салуучу иш менен байланыштуу, чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курстагы айырмалар;
- субъекттин штаттык ырааттамасында тигил же бул иш кызматтары каралбаган учурда, жалпы чарба башкаруусу боюнча тараптагы уюмдар жүргүзгөн кызматтарга төлөө;
- банк кызматтарын төлөө;
- консультациялык (аудитордук), юридикалык жана маалымат кызматтарын төлөө;
- кеңсе, типография, почта, телеграф жана телефон чыгымдары;
- башка чыгымдар:
- административдик башкаруу аппаратынын кызматкерлери жылганда көтөргүчтөр;
- бейтап барагы боюнча убактылуу эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурда мыйзамдарга ылайык кошумча төлөмдөр;
- кайра уюштурууга, жумушчулардын санын кыскартууга байланыштуу уюмдардан бошотулган жумушчуларга мыйзамдарга ылайык төлөмдөр;
- рационализатордук сунуштардын жана ойлоп чыгуулардын авторлоруна сый акы төлөө;
- илимий-изилдөө иштерине, стандартташтырууга жана нормалдаштырууга, кадрларды даярдоого, квалификация жогорулатууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө чегерүүлөр;
- каттам барактары боюнча көздөгөн жерге барууга төлөм, кыдырма мүнөздөгү ишке компенсация;
- текшерилген күнгө, кан тапшырууга жана ар бир кан тапшыруудан кийин берилүүчү эс алууга донор - жумушчуларга төлөө;
- өндүрүштүн өздүк наркынын курамына кирген башка чыгымдар.
- жөнгө салынуучу субъекттердин жыл сайын төлөөчү төлөмдөрү.
(КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 01-13/204 буйрйгунун редаксиясыны ылайык)
Бул чыгымдар эсептер жана иш жүзүндөгү чыгымдар менен негизделет.
Административдик башкаруу системасын жана каражаттарын түзүү (куруу, кайра конструкциялоо жана модернизациялоо) жана өркүндөтүү боюнча чыгымдар капиталдаштырылат жана алардын баланстык наркын көбөйтүүгө тиешелүү.
9. Жеткиликтүү киреше
Газ тармагынын ишканаларына активдерди каржылоо үчүн тартылган капитал менен байланыштуу милдеттенмелерди аткарууга жана газ тармагындагы ишканаларды өнүктүрүү үчүн керектүү кошумча жеке жана зайым каражаттарын тартууга мүмкүндүк берген кирешенин чоңдугу жеткиликтүү деп эсептелет.
Жеткиликтүү киреше кирешени эсептөө базасынын (КБ) жана жеткиликтүү кирешенин ченеми (КЧ) көбөйтүндүсү катары эсептелет:
ЖК=КБ*КЧ
Таза активдердин наркы кирешени эсептөөнүн базасы болуп эсептелет. Ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
КБ=ПИНА-ВПНА-ТА+АК
мында:
- ПИНА – ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан таанылган, жөнгө салуучу иште колдонулуучу узак мөөнөттүү активдердин наркы;
- ВПНА – керектөөчүлөргө төлөнгөн, бирок компенсацияланбаган күндөлүк эмес активдердин наркы (мисалы, эсептегичтердин же курулуштун наркы);
- ТА – топтолгон амортизация;
- АК – жеткиликтүү айланма капиталдын чоңдугу.
Киреше базасы мезгил-мезгили менен (бирок жылына бир жолу гана) эсепке алуу үчүн кайра эсептелип турат:
1) керектөөчүлөр тарабынан төлөнбөгөн салууларсыз пайдалуу жана таанылган колдонулуучу активдерге салуу;
2) негизги каражаттардын амортизациялары;
3) айланма капиталды жеткиликтүү өзгөртүү.
Салуулардын кээ бир бөлүгү чет өлкөлүк валютада жүргүзүлүшүн эске алып, кайра эсептешүүдө активдердин чыныгы наркын жөнгө салуу максатында сакталышын камсыз кылуу менен валюталар курсундагы өзгөрүүлөрдү да эске алуу керек.
Кирешенин жеткиликтүү ченеми (ROA) компаниянын капиталынын орточо эсептелген наркынын деңгээлинде (WACC) белгиленет, ал капиталдын түзүмүндөгү үлүшү боюнча жеке жана зайым капиталдын орточо наркын билдирет:
мында:
жана - эсептик жылдын башында i зайымынын төлөнбөгөн калдыгы жана анын наркы;
- СК и - эсептик жылдын башында жеке капиталдын наркы жана жеке капиталга алгылыктуу кирешенин ченеми.
10. Амортизация
Амортизациянын чыгымдары газ тармагындагы ишкананын ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган эсептик саясатына ылайык эсептелет.
11. Чыгымдарды талдоо жана алардын классификациясы
Чыгымдар төмөнкү топтор боюнча классификацияланат: туруктуу жана өзгөрүлмө.
- Туруктуу – бул жеткирилген газдын көлөмүнө жана керектөөчүлөрдүн санына карабастан газ тармагындагы ишканалар тарабынан аткарылуучу чыгымдар. Негизинен, булар компаниянын негизги каражаттарын тейлөө жана оңдоо менен байланыштуу чыгымдар жана жеткирилген газдын көлөмүнө карабастан, жабылууга тийиш башка чыгымдар, анын ичинде:
эмгек акы төлөө фонду;
социалдык камсыздандырууга чегеримдер;
амортизация (сызыктуу ыкма);
ижара.
Жеткирилген газдын көлөмүнө көз каранды болбогон башка чыгымдар.
- Өзгөрүлмө – жеткирилген газдын көлөмүнө жараша өзгөрүлгөн чыгымдар, анын ичинде:
өндүрүш муктаждыктарына электр жана жылуулук энергиясы;
амортизация (өндүрүштүк ыкма);
жеткирилген газдын көлөмүнө көз каранды болгон башка чыгымдар.
12. Керектөөчүлөрдүн классификациясы
Дифференциация керектөөчүлөрдү топтор боюнча классификациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Керектөөчүлөрдүн ар бир тобу керектөө жана газ менен жабдуунун бир типтеги мүнөздөмөсүндөгү, тейлениши системага болжолдуу окшош баа жүгүн түшүргөн керектөөчүлөрдөн турууга тийиш.
Керектөөчүлөрдүн классификациялоодо техникалык көрсөткүчтөрдөн тышкары, экономикалык көрсөткүчтөр да эске алынышы мүмкүн, мисалы, кызматтардын баалуулугу, баалардын ийкемдүүлүгү, альтернативанын болушу, кызматтардын атаандашууга жөндөмдүүлүгү.
Керектөөчүлөрдүн төмөнкү классификациясы каралат:
1) калк (тиричилик керектөөчүлөрү) - жаратылыш газын тиричилик муктаждыктарын колдонуучу керектөөчүлөр;
2) жылуулук электр станциялары;
3) жылуулук менен жабдуу – жылуулук энергиясын сатууга берген отканалар;
4) өнөр жай керектөөчүлөрү;
5) коммерциялык керектөөчүлөр – буга чейинки төрт топко кирбеген бардык керектөөчүлөр (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер).
Керектөөчүлөрдүн классификациясын жана керектөөчүлөрдүн тобунун курамын ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган газ тармагындагы ишкананын сунушу боюнча бекитет.
13. Чыгымдарды бөлүштүрүү
Чыгымдарды бөлүштүрүү бөлүштүрүү коэффициенттер аркылуу ишке ашырылат, алар керектөөчүлөрдүн тобунда чыгымдардын пайда болуу себептерин так чагылдырууга тийиш.
Туруктуу жана өзгөрүлмө чыгымдарды бөлүштүрүү керектөөчүлөрдүн ар бир өзүнчө тобунун пландык керектөө чоңдугуна пропорциялуу жүргүзүлөт.
Бөлүштүрүү коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- керектөөчүлөрдүн i-тобунун туруктуу жана өзгөрүлмө чыгымдарды бөлүштүрүү коэффициенти;
- керектөөчүлөрдүн i-тобунун пландык жылдык керектөөсү.
Классификацияланган чыгымдарды бөлүштүрүү белгилүү бир бөлүштүрүү коэффициентини негизинде төмөнкү формула боюнча аткарылат:
мында:
- IV - туруктуу жана өзгөрүлмө чыгымдар;
- PVi - үлүш
14. Тарифтердин түзүмү жана тарифтик ставкалардын эсептелиши
Тарифтик ставкалардын эсептерилиши бир ставкалуу тарифтик система боюнча жүргүзүлөт.
Бардык тарифтерде кызматтардын ставкасынан алыс жана сатып алынуучу газдын наркын билдирген ставка белгиленген, ал сатып алынуучу газдын наркы же валютанын курсу өзгөргөн учурда ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен тарифтерди алмаштырууга жалпы заявка бербестен өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн.
Сатып алынуучу газдын наркын билдирген тарифтик ставка керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн жалпы болуп эсептелет жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- ТС – тарифтик ставка;
- – эсептик мезгилдин ичинде газды ички керектөө үчүн сатып алынуучу газ бирдигинин орточо өлчөнгөн наркы;
- α – газды жоготуу жана келип түшкөн газдын %ын системада жеке муктаждыктарга сарптоо.
Газдын орточо өлчөнгөн наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- сj – белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдерге ылайык ар түрдүү импортчулардан жана ар түрдүү мөөнөттөрдө жыл ичинде сатып алынуучу газ бирдигинин (1000м3) баасы;
- Vj – газ тармагынын ишканалары тарабынан ар түрдүү импортчулардан ар түрдүү мөөнөттөрдө жыл ичинде сатып алынуучу газдын пландык саны (1000м3).
15. Керектөөчүлөр үчүн тариф
Тариф для потребителей рассчитывается по формуле:
мында:
- W – керектөөчүлөр үчүн тариф;
- ТС – керектөө көлөмүнө жараша тарифтик ставка;
- PVi - керектөөчүлөрдүн i-тобу тарабынан төлөнүүчү тиешелүү чыгымдардын үлүшү;
- керектөөчүлөрдүн i-тобунун пландык жылдык керектөөсү.
- – пайыздар менен берилген кирешенин жеткиликтүү ченеми.
16. Тарифтик эсептерде валюталар курсунун өзгөрүүлөрүн эсепке алуу
Тарифтер жана тарифтик ставкалар улуттук валютада белгиленет, ошол эле убакта газдын импорту чет өлкөлүк валютада ишке ашырылат. Валюталардын курсунун өзгөрүшүнөн улам тарифтик эсептерде пландалбаган чыгымдарды болтурбоо үчүн тарифтерди түзөтүү каралат.
Ар айда эсепке алуу тарифке оңдоочу коэффициентти колдонуу менен улуттук валютадагы тарифти чет өлкөлүк валютанын курсу менен байланыштырат.
K= күндөлүк курс/тарифтерди эсептөөдө эске алынган курс.
Ар бир айдын аягында төлөм жүргүзүлгөн тариф төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- Wм - эсептик айда керектелген газга төлөм жүргүзүлүүчү күндөлүк тариф;
- ТСβ – чет өлкөлүк валютанын курсун эсепке алуу менен тарифтерди акыркы кайра кароодо белгиленген базалык тарифтик ставка;
- К – оңдоочу коэффициент;
- PVi - керектөөчүлөрдүн i-тобу тарабынан төлөнүүчү тиешелүү чыгымдардын үлүшү;
- керектөөчүлөрдүн i-тобунун пландык жылдык керектөөсү.
- – пайыздар менен берилген кирешенин жеткиликтүү ченеми.
Тарифтерди эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эсептелген күнгө карата белгиленген расмий курс колдонулат.
Ар бир керектөөчүнүн айлык төлөмү (АТj) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
АТi = Wм х Vim+ салыктар
мында:
- АТi - керектөөчүлөрдүн i-тобунун айлык төлөмү;
- Wм - эсептик айда керектелген газга төлөм жүргүзүлүүчү күндөлүк тариф;
- Vim - керектөөчүлөрдүн i-тобунун айлык керектөө көлөмү.