Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 буйругу 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
(2018-жылдын 31-июлундагы № 3, 2021-жылдын 14-январы № 1, 2021-жылдын 15-июну № 166, 2024-жылдын 25-июлундагы № 176, 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 КР буйруктарынын редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзунун Келишимине ылайык, 2016-жылдын февралында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген Бажы бирлигинин Бажы бирлигинин “Автоунаа жолдорунун коопсуздугу” Техникалык регламенти (мындан ары - техникалык регламент) жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө чыгымдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды пландаштыруу жана пайдалануу тартибин белгилейт (капиталдык оңдоо, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө; жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жол курулмаларын, ошондой эле өндүрүштүк базаларды модернизациялоо; жол-эксплуатациялык техникасын жана жол комплексинин иштеши үчүн керектүү болгон башка мүлктү сатып алуу).
2. Жобо жалпы колдонуудагы жолдорду жана жол курулмаларды (мындан ары-Титулдук тизме) оңдоо жана тейлөө Планын түзүү, макулдашуу жана бекитүүнү тартипке келтирүү үчүн иштелип чыккан.
3. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштарды пландаштыруу жана жүргүзүү, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жол органдары тарабынан аткарылат.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
автомобиль жолдорун диагностикалоо (техникалык абалын баалоо) – автомобиль жолунун жана жол курулмаларынын конструкциялык элементтеринин параметрлери жана абалы, транспорттук агымдардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасына бириктирилген (жолдордун жана курулмалардын транспорттук пайдалануу абалы жөнүндө билдирүүлөрдүн бирдиктүү маалыматтык банкы), ал эми зарыл болгондо жана оңдоо иш-чараларына муктаждыкты аныктоо үчүн же башка маалыматтарды изилдөө, чогултуу жана талдоо, ошондой эле автомобиль жолун, аны андан ары эксплуатациялоо процессиндеги абалын баалоо жана болжолдоо;
жол иштеринин артыкчылыгы –жолдорду мониторингдөөнүн жыйынтыктары менен, артыкчылыктары боюнча жана жол активдерин башкаруунун маалымат тутуму тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын түзүлгөн жол иштеринин тизмеси;
жол курулмалары - жолдун конструкциялык элементи болуп саналган курулмалар, жасалма курулмалар (көпүрөлөр, жол өткөргүчтөр, асма жолдор, түтүктөр, тоннелдер), коргогуч курулмалар (кардан коргоочу токой көчөттөрү, кардан коргогуч туруктуу тосмолор, ызы-чуудан коргоочу түзүлүштөр, жолдорду көчкүлөрдөн жана кулоолордон коргоо үчүн түзүлүштөр), жолдорду жайланыштыруу элементтери (жүргүнчүлөр үчүн токтоочу жана отургузуучу аянтчалар жана павильондор), эс алуу аянтчалар, токтоо үчүн атайын анянтчалар же автомобиль токтоочу жайлар.
жол жабуусу – бул автомобилдердин дөңгөлөктөрүнүн күчүн кабыл алуучу жана атмосфералык факторлордун түздөн түз таасирине кабылуучу жол кийиминин үстүнкү бөлүгү;
жол кийими- бул автотранспорттук каражаттан жүктү кабыл алуучу жана аны топуракка берүүчү автомобиль жолунун жүрүүчү бөлүгүнүн чегиндеги көп катмардуу конструкция;
жер полотносу- бул жол кийиминин конструкциялык катмарын жана жолдун башка элементтерин жайгаштырууга арналган курулма. Жер полотносунун туруктуулугун камсыз кылуу менен жергиликтүү же алынып келинген материалдардан жана топурактан курулат. Жер полотносуна ошондой эле алар менен байланышкан суу бургуч курулмалар: кюветтер, арыктар, резервдер, дренаждык жана башка түзүлүштөр кирет;
кыймылдын ыргаалдуулугу- бул убакыт бирдигинде (сутка же бир саат ичинде) жолдун белгилүү кесилиши аркылуу өтүүчү автомобилдердин саны;
автомобиль жолдорун оңдоо- автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси, аларды аткарууда учурдагы, орто жана капиталдык оңдоолорду өзүнө камтыган, автомобиль жолунун конструктивдик жана башка мүнөздөмөлөрүн козгобойт;
автомобиль жолун капиталдык оңдоо- эскирген конструкцияларды жана тетиктерди алмаштыруу же аларды кыйла бекем жана үнөмдүүлөргө алмаштыруу, анын натыйжасында оңдолуучу объекттердин транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жакшырат, жолдордун техникалык нормативдери жогорулайт, ошол жол үчүн белгиленген тиешелүү категориялардын нормаларынын чегинде жол кийимдеринин жана курулмаларынын бекемдиги көбөйөт;
автомобиль жолдорунун жайкы жана кышкы күтүү деңгээли- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча автомобиль жолдорунун конструктивдик элементтеринин жол берилген абалы, аларды классификациялоо, кыймылдын ургаалдуулугу жана табигый-климаттык факторлорун эске алуу менен белгиленет;
автомобиль жолун жашылдандыруу – бул кар күрткүлөрүнөн, шамал жана суу эрозияларынан коргоо үчүн керектүү, автомобиль жолун эстетикалык жасалгалоо үчүн, тилкелерде токой өстүрүү жана чөптөрдү себүү аянттарын түзүү боюнча иштер, ошондой эле жашылдандыруунун элементтерин багуу иштери;
кирүүдөгү контроль (верификациялоо)-бул өндүрүмдүн сапатынын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү жана ылайык келбеген өндүрүмдү өндүрүшкө же эксплуатациялоого коё берүүнүн алдын алуу.
- Жол фонду - бул Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо жана техникалык өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстардын булагы;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоо жана күтүү боюнча мамлекеттик заказ - бул мамлекеттик ишканалар тарабынан аткарылуучу жумуштар;
- мамлекеттик заказчы - бул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба Департаменти аркылуу Кыргыз Республикасынын жол чарбасын башкарууну жүзөгө ашыруучу орган;
- мамлекеттик заказды аткаруучу - бул жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук ремонттоо жана күтүү боюнча иштерди аткаруучу мамлекеттик ишканалар.
(2021-жылдын 15-июну № 166, 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
II. Жол иштерин жыл сайын пландаштыруу жана жүргүзүү тартиби
5. Жол жумуштарын жыл сайын пландаштыруу мамлекеттик заказчы тарабынан белгиленген тартипте бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун негизинде, ушул максаттарга бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында, автомобиль жолдорун утурумдук оңдоо жана күтүү боюнча иштер мамлекеттик заказды аткаруучу менен милдеттүү түрдө макулдашуу менен иштелип чыгат
Пландаштырууну уюштуруу жана автомобиль жолдорун оңдоо боюнча жана жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун тейлөө боюнча жумуштар:
1) диагностикалоонун жол активдерин башкаруу үчүн маалыматтык тутумдарды менен милдеттүү түрдө алынган жана автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалынын (АЖТЭА);
2) оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштардын иштелип чыккан долбоорлорунун жана (же) автомобиль жолдорун оңдоо, тейлөө боюнча жумуштардын баасынын сметалык эсептөөлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
(2021-жылдын 15-июну № 166, 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
6. Автомобиль жолдорун диагностикалоо менен, алардын транспорттук-эксплуатациялык абалы, эксплуатациялоо шарттары жана керектөөчүлүк касиеттердин учурдагы ургаалдуулуктун талаптарына ылайык келүү даражасы жана транспорт агымынын кыймылынын курамы жөнүндө толук маалымат алуу каралат.
Диагностикалоонун милдеттери болуп:
автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө баштапкы маалыматты чогултуу жана системалаштыруу;
автомобиль жолдорунун абалын системалуу түрдө текшерүү жана баалоо;
оңдоо иш-чараларын негиздөө жана дайындоо;
автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалы жөнүндө маалыматтар банкын түзүү;
башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтык-аналитикалык камсыздоо саналат.
7. Диагностикалоо жана АЖТЭА аткарыла турган иштердин көлөмү менен айырмаланат жана жолдун абалынын белгиленген параметрлеринин бардык комплекси менен бирге, ошондой эле айрым ченемдик талаптарга шайкеш келүү мүнөздөмөлөрүн контролдоону камтыйт.
Капиталдык оңдоодон кийин жолду эксплуатацияга берүүдө, оңдоо иштеринин процессинде өзгөрүлгөн парамертлер контролдонулат (кабыл алуучу диагностика).
Айрым тез өзгөрүүчү параметрлерди жана мүнөздөмөлөрдү контролдоо жыл сайын (карадан диагностикалоо) аткарылат.
8. Автомобиль жолдорун диагностикалоо боюнча жумуштар, көчмө жол стационардык лабораториялар, Бажы союзунун техникалык регламентинин талаптарына ылайык аттестацияланган приборлор жана керектүү жабдуулар менен жабдылган, адистештирилген уюмдар тарабынан, атап айтканда:
- автомобиль жолдоруна диагностика жүргүзүү жана паспорттоштуруу талаптары менен;
- автомобиль жолдорундагы жасалма курулмаларына диагностика жана паспорттоштуруу жүргүзүү талаптары менен аткарылат.
Автомобиль жолдорун оңдоо же тейлөө боюнча долбоорлор жана (же) сметалык эсептөөлөр, капиталдык оңдоо, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды оңдоо жана күтүү боюнча иштерди Классификациялоону эске алуу менен иштелип чыгат.
Автомобиль жолдорун оңдоо жана тейлөө боюнча сметалык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда төмөнкүдөй артыкчылыктар эске алынууга тийиш:
1) жолдун коопсуздугуна таасир этүүчү, анын ичинен кармап туруучу
тосмолордун элементтерин, жолчырак объектилерин, жол белгилерин калыбына келтирүү жана алмаштыруу, жүрүүчү бөлүктөн бөтөн предметтерди жыйноо, карларды тазалоо жана кышкы тайгак менен күрөшүү, жабууларды жамоо иштерин жүргүзүү;
2) автомобиль жолдорунун жана анын курамына кирүүчү жол курулмалардын элементтеринин кызмат мөөнөтүнө таасир этүүчү, анын ичинен жер полотносунун четтерин, жантаймаларын, суу бургучтардын элементтерин калыбына келтирүү, автомобиль жолунун чектеп берүү тилкесин ченемдик абалга келтирүү иштерди жүргүзүү.
Мамлекеттик заказды Аткаруучу тарабынан бекитилген автомобиль жолдорун оңдоо же күтүү боюнча долбоорлор жана (же) сметалык эсептөөлөр мамлекеттик заказчыга жөнөтүлөт
3) Автомобиль жолдорун долбоорлоого тапшырманын курамы Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" (ББ ТР 014/2011) техникалык регламентинин (мындан ары - техникалык регламент) автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежелеринин талаптарына, анын ичинде зарыл болгон учурда байланыш курулмаларынын (линиялык-кабелдик) түзүлүшү боюнча талаптарга ылайык белгиленет.
Бул талаптар заказчы тарабынан санариптештирүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана/же профилдик бизнес-ассоциациялар менен макулдашуу боюнча аныкталат.";
"4) "Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууда электр байланыш тармагын келечектүү өнүктүрүү программасына ылайык келүүсүнө карата санариптештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоорлонуучу автомобиль жолунун боюнда байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн орундар жана кесилиштер каралууга тийиш.
Байланыш курулмаларын жайгаштыруунун варианттары долбоордук уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик талаптарга жана экономикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык аныкталат.
Тар шарттарда байланыш курулмаларын жердин бетине орнотууга жол берилет.";
"5) Тапшырмадагы жумуштардын түрлөрү жана көлөмдөрү долбоорлоого тапшырманы бекитүүгө чейин аткарылууга тийиш болгон объекттерди техникалык текшерүүнүн, интенсивдүүлүктүн, жүк көп ташылгандыгынын жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруунун, байланыш курулмаларына зарылдыктын негизинде аныкталат.";
"6) Автомобиль жолунун боюнда пландалган байланыш курулмаларынын курулушу кызыкдар жактар тарабынан транспорт жана коммуникациялар, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Алардын курулушу жана андан ары пайдаланылышы боюнча өз ара аракеттенүү маселелери келишимдик негизде жөнгө салынат.
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 176, 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
9. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жасалма курулмаларын капиталдык оңдоо, оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштарды классификациялоо (мындан ары-Классификациялоо), жалпы колдонуудагы автомобиль жолдоруна (мындан ары-автомобиль жолдору) жайылтылатушул Жобонун тиркемесине ылайык.
Классификациялоо жол жумуштарынын курамын жана түрлөрүн белгилейт (капиталдык оңдоо, оңдоо жана тейлөө), аны ушул иштердин көлөмүн пландаштырууда жетекчиликке алышат.
Классификациялоо менен аныкталган жол иштеринин курамы, автомомбиль жолунун, андагы жасалма курулмалардын жана анын жайгашкан ордунун конструктивдик өзгөчүлүгүн эске алуу менен аныкталган жумуштардын зарыл болгон түрлөрү менен толукталып турулушу мүмкүн.
Капиталдык оңдоого жана оңдоого тийиш болгон автомобиль жолдору, жол курулмаларынын тилкелеринин тизмеси, текшерүүнүн, диагностикалоонун жана ченемдик маанилери менен инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен аныкталган алардын абалынын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн салыштыруу жолу менен аныкталат.
Автомомбиль жолунун, ар бир тилкеси боюнча, ошондой эле ар бир жол курулмасы боюнча жол иштеринин түрү, мөөнөтү жана курамы жол активдерин башкаруу тутумунун маалыматтарынын, кемчиликтер ведомостунун, диагностикалоонун, долбоордук документтер менен инженердик изилдөөлөрдүн жана автомомбиль жолдорунун, жол курулмаларынын иш жүзундөгү абалын баалоону камтыган башка документтердин негизинде белгиленет.
(2018-жылдын 31-июлундагы № 3, 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
10. Капиталдык оңдоо же оңдоо автомобиль жолунун оңдолуучу тилкесинин бардык аралыгында комплекстүү жүргүзүлөт. Тиешелүү негиздөөдө капиталдык оңдоо же айрым жол курулмаларын же алардын элементтерин оңдоо жүргүзүлөт.
Автомобиль жолунун тилкесине капиталдык оңдоо жүргүзүүдө автомобиль жолунун жана (же) жол курулмаларынын элементтерин оңдоо жана тейлөө боюнча айрым жумуштар аткарылат, алардын абалы, оңдолуучу тилкени талаптагыдай техникалык абалга алып келүү үчүн капиталдык оңдоону талап кылбайт.
Автомобиль жолдорун оңдоо техникалык регламенттердин талаптарына ылайык, автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттардын үзгүлтүксүз кыймылын жана ушундай кыймылдын коопсуз шарттарын кармап туруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында аткарылат.
Автомомбиль жолдорун оңдоо боюнча иштердин курамы жана түрлөрү жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жасалма курулмаларын капиталдык оңдоо, оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштар Классификациялоого ылайык аныкталат.
Автомобиль жолун оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү долбоорго жана (же) иштерди жүргүзүүнүн сметалык эсептөөсүнө ылайык аткарылат.
Автомобиль жолдорун оңдоо боюнча жумуштар техникалык регламенттердин, санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык аткарылат.
11. Автомобиль жолдорун тейлөө техникалык регламенттердин талаптарына ылайык, автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттардын үзгүлтүксүз кыймылын жана ушундай кыймылдын коопсуз шарттарын кармап туруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында аткарылат.
Жолдорду күтүүнүн негизги милдети болуп, жолдорду, жол курулмаларды кароо боюнча алдын алуу иштердин комплексин бүтүндөй жыл ичинде (мезгилди эсепке алуу менен) аткаруу, ошондой эле жолдордун, жол курулмаларынын конструктивдик элементтеринин майда кемчиликтерин жана бузулууларын жоюу саналат, алардын натыйжасында жолдордун жана жол курулмалардын, техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүчү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу транспорттук-эксплуатациялык абалы кармалып турат.
Автомобиль жолдорун тейлөө боюнча иш-чаралар, техникалык регламенттин жайкы жана (же) кышкы күтүүлөрдүн деңгээлине карата талаптарга ылайык, эки убактылуу: жазгы-жайкы-күзгү жана кышкы мезгилдерди эске алуу менен уюштурулат жана аткарылат.
12. Техникалык регламентинин талаптарына ылайык, тийиштүү кышкы жана жайкы тейлөө деңгээлине кирүүчү жолдордун тилкелери жана кемчиликтерди жоюу мөөнөттөрү, өтүүчү бөлүктөрдү кар-муз бирикмелеринен, анын ичинде кар тосмолордон тазалоо, транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча белгиленет.
13. Кирүүдөгү контроль (верификация) оңдоо жана тейлөө процессинде жол-курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын жана жабдууларын колдонуу учуруна чейин аткарылат, сапаты жана жумушчу документтердин жана техникалык регламенттин талаптарына дал келүүсү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган коштоочу документтердин (дал келүүнүн тастыктамасы, дал келүү жөнүндө декларация жана башка документтер) бар болгондугун жана мазмунун текшерүүнү камтыйт.
Кирүүдөгү контролдоону аткарууда, тийиштүү жол-курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын, жабдууларын белгиленген тартипте ченөөлөр жана сыноолор, аккредитацияланган сыноо лабораторияларында жүргүзүлөт же аларды аккредитацияланган уюмдарга өткөрүүгө тапшырылат.
Кирүүдөгү контролдоодо техникалык регламенттердин жана стандарттардын белгиленген талаптарына дал келбеген жол-курулуш материалдары, буюмдар, конструкциялар жана жабдуулар аныкталганда, аларды курулушка, оңдоого колдонууга жол берилбейт жана кабыл алууга, колдонууга болбойт.
III. Титулдук тизмени түзүү, макулдашуу жана бекитүү тартиби
14. Титулдук тизмени түзүү тартиби жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасын милдеттүү пайдалануу менен техникалык регламентинин нормаларына, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык аткарылат.
Титулдук тизмеге транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оперативдик башкаруусундагы автомобиль жолдорду жана жол курулмаларды оңдоону жана тейлөөнү пландаштыруулар киргизилет.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалоонун артыкчылыктарынын, критерийлеринин негизинде, республикалык бюджеттик каражаттардын көлөмүн жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын оңдоого жана тейлөөгө бөлүштүрүүнү аткарат.
Эгерде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оӊдоо жана тейлөө үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар талап кылынгандан төмөн болсо, жол чарбасын башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган иш түрлөрүнүн алгылыктуулугун аныктайт.
(2018-жылдын 31-июлундагы № 3, 2021-жылдын 15-июну № 166 КР буйруктарынын редакциясына ылайык)
15. Титулдук тизмени түзүү төмөнкү критерийлер боюнча:
- жолдордун эскиргендигинин даражасы боюнча;
- автомобиль жолдорунун мааниси боюнча;
- автотранспорт каражаттарынын ургаалдуулгу боюнча;
- жергиликтүү элдин жыштыгы боюнча;
- экономикалык таасир боюнча жүргүзүлөт.
Мамлекеттик заказчы транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоонун, капиталдык оңдоонун көлөмүн жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен (экономикалык максаттуулугун негиздөө менен), алар белгилеген мөөнөттө жана тартипте Титулдук тизмеге киргизүү жөнүндө мамлекеттик максаттуу Программаларды ишке ашырууга жана бул программаларга киргизилбей калган айрым маанилүү социалдык-экономикалык маселелердин чечүүгө багытталган сунуштарды беришет.
Оңдоо, күтүү объектилерин Титулдук тизмеге киргизүү карата долбоор алдындагы жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, көрсөтүлгөн документти иштеп чыгуусуз бекитүүгө жол берилбейт.
Ошону менен бирге Титулдук тизмеге киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү менен өтмө объектилер боюнча маалыматтар берилет.
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйругунун редакциясына ылайык)
16. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө бөлүнгөн Жол фондунун каражаттарын чыгымдоо түрлөрү боюнча төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
- Жол фондунун башкаруу аппаратын тейлөө;
- жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар
- өткөн жылдагы кредиторлор менен эсептешүүлөр (Учурдагы жылга Титулдук тизмеге өткөн жылдардын кредитордук карыздарын тындырууга кеткен каражаттар төмөнкүдөй формула менен аныкталуучу көлөмдө киргизилет:
∑К-тТС = ∑К-т – ∑К-тГСО - (∑Д-т - ∑АП), мында:
∑К-тТС – учурдагы жылга Титулдук тизмеде каралган кредитордук карыз;
∑К-т – жыл башына карата кредитордук карыздардын жалпы суммасы;
∑К-тГСО – кепилдик мөөнөтүнүн ичинде тейлөө объектисинин подрядчылары таратынан иштери жана кызмат көрөтүүлөрү же жеткирилген товарлары үчүн кармалуучу кредитордук карыздар;
∑Д-т – жыл башына карата дебитордук карыз;
∑АП –келерки жылга карата иштөө үчүн аванстык төлөмдөрдүн суммасы);
- автомобиль жолдорун кышында тейлөө;
- автомобиль жолдолрун жайында тейлөө;
- эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун асфальт-бетон жабуусун күндөлүк оңдоо;
- мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун асфальт-бетон жабуусун күндѳлүк оңдоо;
- автомобиль жолдорун орто оңдоо;
- автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо;
- консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
- автомобиль жолдорунун долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгуу;
- жол чарбасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу.
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйругунун редакциясына ылайык)
17. Титулдук тизмеге, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун ремонтуна жана кармоосуна бөлүнгөн каражаттардан 10%га чейинки өлчөмдөгү күтүлбөгөн чыгымдар киргизилет. Чыгымдардын айтылган берене боюнча чыгымдалбай калган каражаттар жол жумуштарынын күнүмдүк отчеттук жылга карата автомобиль жолдорун оңдоого жана кармоо артыкчылы боюнча жөнөтүлөт.
Күтүлбөгөн чыгымдар беренеси боюнча каражаттарды өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар: жер көчкү, кар көчкү, таш түшүү, сел ташкындоолордогу кыйроолор) чыгымдоо автомобиль жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.
Мындан тышкары, күтүлбөгөн чыгымдардын каражаттарынын алкагында өлкөнүн жетекчилигинин жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тапшырмасы боюнча иштер аткарылат
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Титулдук тизменин долбооруна түшүндүрмө катка төмөнкүдөй маалымат киргизилет:
- келерки отчеттук жылдын Титулдук тизмесинин аткарылышы;
- жол жумуштарынын өндүрүшү боюнча натуралдык көрсөткүчтөр;
- көйгөйлөр жана кемчиликтер;
- учурдагы отчеттук жылга жол жумуштарынын түрлөрүнүн орточо наркы;
- кийинки отчеттук жылга негизги милдеттер;
- жумуштардын түрлөрү боюнча пландалынуучу натуралдык көрсөткүчтөр.
19. Автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү бөлүгүндө мамлекеттик заказды аткаруучу жана Жол фонду менен макулдашылган Титулдук тизменин кийинки отчеттук жылга долбоору мамлекеттик заказчы тарабынан транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы отчеттук жылдын 10-декабрынан кечиктирилбестен киргизилет. Кийинки отчеттук мезгилге Титулдук тизменин долбоору транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автомобиль жолдору, финансы жана пландоо маселелерин тейлеген тиешелүү түзүмдөрү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде каралат жана учурдагы отчеттук жылдын 30-декабрынан кечиктирилбестен министрлик тарабынан бекитилет.
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйругунун редакциясына ылайык)
20. Титулдук тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мамлекеттик заказчынын сунушу боюнча автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү бөлүгүндө мамлекеттик заказды аткаруучу жана Жол фонду тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жол жумуштарынын наркынын өзгөрүүсүндө;
- күтүлбөгөн чыгымдар беренеси боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын ашып кетишинде;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмдөрүнүн өзгөрүшүндө.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык чыгымдардын түрлөрү боюнча мамлекеттик бюджеттик каражаттардын көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүүнү жүргүзөт (отчеттук жылдын 9 ай ичинде аткарылган жумуштардын көлөмүн тактоого байланыштуу учурдагы жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен.
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 буйругунун редакциясына ылайык)