Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин 2017-жылдын 22-февралындагы № 61 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу жөнүндө ЖОБО
1. Бул жобо "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогун (мындан ары - Мамлекеттик каталог) түзүү жана аны жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик каталог Кыргыз Республикасынын Музей фондунун (мындан ары - Фонд) курамына кирген ар бир музей буюму менен ар бир музей коллекциясы жөнүндөгү маалыматтарды камтыган мамлекеттик эсепке алуу документи болуп эсептелет.
3. Мамлекеттик каталогду жүргүзүү музей буюмдары менен музей коллекцияларына ээлик кылган адамдардын, аларды пайдалануучу жана оперативдүү башкармалыгында болгон музейлердин жана башка мекемелердин эсеп жүргүзүү документтеринин негизинде маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Мамлекеттик каталогдун электрондук базасындагы маалыматтардын көлөмү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталып, алардын ичинен:
- фонддун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына кирген музей буюмдары менен музей коллекцияларына ээлик кылган менчик ээлеринин укуктары менен алардын милдеттерин тактоого, өзгөртүүгө же биротоло жоюуга багытталган жарандар менен юридикалык мекемелердин иш аракеттеринин (келишимдеринин) тизмеси (реестри);
- фонддун курамына кирген музей буюмдары менен музей коллекцияларынын уурдалып же жоголгондугу жөнүндө маалыматтар, өзгөчө белгиленүүгө тийиш.
4. Музей буюмдары менен музей коллекцияларын Фонддун курамына киргизүү боюнча атайын белгиленген талаптын негизинде чечим кабыл алынгандан кийин маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан он күндүк мөөнөттүн ичинде ал буюмдар менен коллекциялар Мамлекеттик каталогдо катталат.
5. Музей буюмдары менен музей коллекциялары каттоодон өткөрүлгөндөн кийин алардын ээлери же ошол буюмдар менен коллекцияларды убактылуу пайдаланып жаткан музейлер жана башка уюмдар менен оперативдүү башкармалар бир айлык мөөнөттүн ичинде мамлекеттик каталогго киргизилүүчү буюмдар менен коллекциялар жөнүндө маалыматты маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына билдиришет.
Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалыматтардын тактыгын музей буюмдары менен музей коллекцияларын эсепке/каттоого алуучу негизги документтер менен салыштырат жана алардын айрымдарын визуалдык текшерүүдөн өткөрөт.
6. Мамлекеттик каталогдо катталган музей буюмдары менен музей коллекцияларынын менчик ээлери же ал буюмдарды пайдаланууга бекитип алган музейлер, мекемелер менен оперативдүү башкармалар маалыматка киргизилген буюмдар менен коллекциялар жөнүндө кандай өзгөрүүлөр болсо да, маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Музей буюмдары менен музей коллекцияларынын уурдалгандыгы жана жоголгондугу жөнүндө маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үч күндөн кечиктирилбестен маалымат берилиши талап кылынат.
7. Музей буюмдары менен музей коллекцияларын Фонддун курамынан чыгаруу маселеси маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан атайын бекитилген эреже-талаптын негизинде тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин он күндүк мөөнөттүн ичинде Мамлекеттик каталогдо катталууга тийиш.
8. Иш-аракет келишимдеринин тизмесине:
- музей буюмдары менен музей коллекцияларын соодалоо келишимдеринин негизинде сатуу же сатып алуу;
- белекке тартуулоо;
- аларды башка коллекцияларга алмашуу;
- убактылуу жана биротоло ээлик кылууга же убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү сыяктуу келишимдер катталууга тийиш. Ошондой эле, мыйзамга жана мураска калтыруунун эрежелери боюнча мурасталуучу музей буюмдары менен музей коллекциялары да келишимдер тизмесине катталат.
9. Музей буюмдары менен музей коллекцияларынын иш-аракет келишимдери жана Фонддун мамлекеттик эмес бөлүгүнө киргизилип, бирок граждандар менен юридикалык мекемелердин менчигинде турган мурастарды каттоо үчүн ал буюмдар менен коллекциялардын менчик ээлери:
а) келишимдин (мурастоонун) негизи болуп эсептелген музей буюмдары менен музей коллекцияларын фонддун келишим түрлөрү менен алардын катышуучуларын фонддун курамына киргизүү жөнүндөгү күбөлүктүн номерин көрсөтүп, келишимди (мурастоону) Мамлекеттик каталогдо каттоо жөнүндөгү арызды;
б) мурастоого укук берүүчү тийиштүү келишимдин же күбөлүктүн көчүрмөсү;
в) келишимдин (мурастоонун) негизи болуп эсептелген музей буюмдары менен музей коллекцияларынын тизмеси, аларды Фонддун курамына киргизүү жөнүндөгү күбөлүктүн түп нускасын маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырышат.
10. Ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылгандан кийин бир айлык мөөнөттүн ичинде маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- келишимдин (мурастоонун) негизи болуп эсептелген музей буюмдары менен музей коллекцияларын мурастоочу менчик ээсинин фондусунун курамына киргизүү жөнүндөгү күбөлүктү кайра жаңыртып жазат. Ошол буюмдар менен коллекциялардын мурдакы ээсине берилген күбөлүк жок кылынууга тийиш, же болбосо келишимдин (мурастоонун) натыйжасында пайда болгон ошол буюмдар менен коллекциялардын курамындагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ал күбөлүктүн кайра жаңыртылышы талап кылынат.
Эгерде, музей буюмдары менен музей коллекцияларына карата мурас калтыруучу адамдын мурда алган милдеттенмелеринен мурастоочу адам баш тартса, анда белгиленген тартип боюнча ал буюмдар менен коллекциялардын сатылышы же башка да келишимдер такталып бүтмөйүнчө мураскерге күбөлүк жаңыртылып берилбейт.
11. Фонддун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына кирген музей буюмдары менен музей коллекцияларынын менчик ээлери, ошондой эле ал буюмдар менен коллекцияларды кандайча пайдалануу жөнүндөгү маалыматтардан башка Мамлекеттик каталогдо сакталган музей буюмдары менен музей коллекциялары жөнүндөгү маалымат жалпы элге таандык болуп эсептелет.
Фонддун мамлекеттик эмес курамына кирген музей буюмдары менен музей коллекциялары жөнүндө визуалдык маалымат алуу үчүн алардын менчик ээлеринин макулдугу талап кылынат.
12. Мамлекеттик каталогдун көчүрмөсү болууга тийиш.