Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2017-жылдын 24-майындагы № 1 буйругуна |
Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ
1. Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби (мындан ары - Тартиби) технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөөнүн бирдиктүү жолун белгилөө максатында иштелип чыкты.
2. Ушул Тартиптин негизги максаты электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуунун принциптерин аныктоо болуп эсептелет, ал өз ичине кошулуу түйүнүндө керектүү электр кубаттуулугун жана талап кылынган чыңалуу деңгээлин камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралардын комплексин киргизет.
3. Электр тармактарга объектти технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоонун негизги принциптери болуп эсептелет:
1) электр тармактарга объектти технологиялык кошуу боюнча керектүү иш-чараларга электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарын каржылоо;
2) кубаттуулуктун көбөйүшүнөн улам жүк өскөндө ишенимдүү электр менен жабдууну камсыз кылуу максатында тармактардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүү жана көбөйтүүнү караштырган кайра конструкциялоого, жаңылоого жана жаңы курулушка инвестициялык чыгымдарды электр менен жабдуучу уюмдардын эсебинен салуу;
3) электр менен жабдуучу уюмдардын жана электр энергиясынын керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарынын балансын сактоо;
4) технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоонун ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле мүмкүн болуучу коркунучтарды болтурбоо.
4. Электр тармактарга технологиялык кошууга төлөм электр менен жабдуучу уюм менен жаңы керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жаңы объектти кошууга өтүнмө берген юридикалык жана жеке жактардан алынат. Тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөрдү кубаттуулугу 10 кВт чейин 0,23-0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошууга төлөм алынбайт.
5. Кубаттуулугу 10 кВт жогору болгондо, ар бир кошумча кВт үчүн 0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошууга төлөм алынат.
6. Технологиялык кошууга төмөнкү учурларда төлөм алынат:
1) жаңы курулуштун алгач ишке киргизилип жаткан объектилерин кошкон учурда;
2) электр керектөөнүн мурда кошулган кайра конструкциялануучу системасынын кубаттуулугун көбөйткөн учурда.
7. Керектөөчүнүн же электр менен жабдуучу уюмдун менчигинин түрүн өзгөртүү, анын ичинде жеке жактан юридикалык жакка менчикгинин түрүн өзгөртүү технологиялык кошууга кайталап төлөө милдеттенмелерин алып келбейт.
8. Ар бир жаңы объект үчүн технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү кубаттуулук бирдигин (1 кВт) технологиялык кошууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген төлөмдүн негизинде электр менен жабдуучу уюм менен технологиялык кошууга келишим түзүүдө бир жолу көрсөтүлөт.
9. Электр менен жабдуунун учурдагы тармактарына жаңы объекттин кубаттуулук бирдигин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөө талап кылынган чыңалуу деңгээлинен жана суралган кубаттуулуктан чыгып, объектти кошууга иш жүзүндөгү чыгымдардын негизинде жүргүзүлөт.
10. Кубаттуулук бирдигин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөө электр менен жабдуу тармагынын ар түрдүү элементтерин күчөтүүнө стандартташтырылган чыгымдарды колдонууга негизделет. Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн бир топ жыш колдонулган чыгымдар стандартташтырылган болуп эсептелет. Технологиялык кошууга төлөмгө киргизилген чыгымдарды стандартташтыруу бир топ типтүү жана технологиялык жактан акталган жумуштардын наркын ортолотуу менен ишке ашырылат.
11. Технологиялык кошууга төлөмдү эсептөө керектөөчү жана электр менен жабдуучу уюмдун ортосун бөлүү чекитине чейин чыгымдарды өз ичине киргизүүгө тийиш. Электр тармактын инфратүзүмүнө электр менен жабдуучу уюмдун менчик укугу токтогон чекит бөлүү чекити катары кабыл алынат.
12. Технологиялык кошууга төлөмдүн курамына эсепке алуу системасына чыгымдар, кубаттуулук бирдиги эсептелген тармактык инфратүзүмдүн учурдагы элементтерин күчөтүү боюнча иш-чаралардын наркы киргизилет.
13. Технологиялык кошууга төлөм максаттуу мүнөзгө ээ жана электр менен жабдуучу уюмдун атайын эсебине топтолуу менен эсепке алынууга жатат.
14. Төлөмдүн өлчөмүн аныктоодо эске алынган күчөтүүгө чыгымдар электр менен жабдуучу уюм тарабынан өзүнчө эсепке алынууга жатат.
15. Электр менен жабдуучу уюмдун технологиялык кошууга төлөм менен компенсацияланбаган экономикалык негизделген чыгымдары инвестициялар менен таанылат жана кийинки тарифтик жөнгө салуу мезгилинде электр энергиясына тарифтерде компенсацияланат. Жөнгө салуу мезгилинин ичинде тарткан технологиялык кошууга экономикалык негизделген чыгымдарды ашыруудан алынган кирешелер кийинки тартиптик жөнгө салуу мезгилде тарифтерди түзүүдө электр менен жабдуучу уюмдун талап кылынган кирешесинен алып салынат.
16. Кубаттуулук бирдигин (1 кВт) технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөн жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен үч жылда бир жолу белгиленет.
17. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген кубаттуулук бирдигин (1 кВт) технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү менчигинин түрүнө жана аймакта (региондо) жайгашуусуна карабастан бардык электр менен жабдуучу уюмдар үчүн бирдей болуп эсептелет.
18. Кубаттуулугу 10 кВт жогору объектти технологиялык кошууда ар бир кошумча кВт үчүн өзүнчө технологиялык кошууга төлөм алынат, ал төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык 0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошуунун өндүрүшү менен байланыштуу электр орнотмолорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн зарыл иш-чаралардын тизмеси аныкталат;
2) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык аба аркылуу жана кабелдик чыгуулар үчүн өзүнчө 0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошуунун өндүрүшү менен байланыштуу жумуштарды аткаруу боюнча кызматтардын наркын эсептелет;
3) ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошуунун өндүрүшү менен байланыштуу электр орнотмолорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн зарыл иш-чаралардын тизмеси аныкталат;
4) ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык аба аркылуу жана кабелдик чыгуулар үчүн өзүнчө 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошуунун өндүрүшү менен байланыштуу жумуштарды аткаруу боюнча кызматтардын наркын эсептелет;
5) ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык бир топ жыш колдонулган 0,4 кВ автоматтык өчүргүчтөр жана 10(6) кВ агым трансформаторлору боюнча 0,4 кВ жана 10(6) кВ электр орнотмолорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн зарыл иш-чаралардын комплексин аткарууну караштырган тепкичтин агымынын орточо арифметикалык мааниси, тепкичтердин номиналдык кошулууларынын саны аныкталат;
6) ушул Тартиптин 6 жана 7-тиркемелерине ылайык кошуу боюнча кызматтардын наркынын эсептелген маанилерине жана алардын саны боюнча 0,4 кВ жана 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде аба аркылуу жана кабелдик чыгуулар үчүн өзүнчө кошулуучу кубаттуулук бирдигинин (1 кВт) наркы аныкталат.
7) аба аркылуу жана кабелдик чыгуу менен 0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде 10 кВт жогору кубаттуулукту технологиялык кошууга төлөмдүн толук өлчөмү электр менен жабдуучу уюм тарабынан төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Птп жогору 10 (0,4) = (Пбирд (0,4) х Пкубатт жогору10 (0,4))
где:
- Пбирд (0,4) - кошулуучу кубаттуулуктун бирдигинин (1 кВт) наркы ушул Тартиптин 6 жана 7-тиркемелерине ылайык эсептелген 0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде;
- Пкубатт жогору 10 (0,4) - 0,4 кВ (кВт) чыңалуу деңгээлинде 10 кВт жогору кошулуучу кубаттуулуктун чоңдугу.
19. 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошууга төлөм төмөнкү тартипте эсептелет жана колдонулат:
1) 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошууга төлөмдү эсептөөдө 0,4 кВ чыңалуу деңгээлинде тиешелүү чыгуулар менен технологиялык кошуунун өндүрүшү менен байланыштуу жумуштарды аткарууга чыгымдар эске алынбайт;
2) ушул Тартиптин 6 жана 7-тиркемелерине ылайык аба аркылуу жана кабелдик чыгуулар үчүн өзүнчө 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде кошулуучу кубаттуулук бирдигинин наркы аныкталат;
3) аба аркылуу жана кабелдик чыгуу менен 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде технологиялык кошууга төлөмдүн толук өлчөмү электр менен жабдуучу уюм тарабынан төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Птп 10(6) = Пбирд 10(6) х Пкубатт 10(6) ,
мында:
- Пбирд 10(6) кВ - ушул Тартиптин 6 жана 7-тиркемелерине ылайык эсептелген 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде кошулуучу кубаттуулук бирдигинин (1 кВт) наркы;
- Пкубатт 10(6) кВ чыңалуу деңгээлинде кошулуучу кубаттуулук бирдигинин чоңдугу.
20. Кошуу түйүнүндө камсыз кылуу үчүн ушул Тартиптин 1 жана 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн талап кылынган чыңалуу деңгээлинин зарыл электр кубаттуулугу, инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралардын комплекси жетишсиз болгон учурда арыз ээси объектти кошуу үчүн жаңы электр тармактарын курулушуна электр менен жабдуучу уюм тарабынан берилген техникалык шарттарды аткарат. Бул учурда технологиялык кошууга төлөм алынбайт (колдонулбайт).
21. Эгер электр менен жабдуучу уюмга убактылуу схема боюнча (белгилүү мезгилге) объектти кошууга техникалык шарттарды берүүгө арыз келип түшсө, технологиялык кошууга төлөм алынбайт (колдонулбайт).
5. Чыңалуу деңгээли 35 кВ жана андан жогору электр тармактарына технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөө
22. Чыңалуу деңгээли 35 кВ жана андан жогору электр тармактарына технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөө электр менен жабдуучу уюм тарабынан ар бир кошуу учуру үчүн иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтердин негизинде жүргүзүлөт.
23. Объектти технологиялык кошууга төлөмдүн белгиленген өлчөмү электр менен жабдуучу уюм тарабынан Заказчы менен келишимдин негизинде алынат.
24. 35 кВ жана андан жогору көмөк чордондун төмөн чыңалуудагы шиналарына түз кошулганда технологиялык кошулуунун эсептик чыңалуу деңгээли катары ушул көмөк чордондун жогору чыңалуу деңгээли алынат.
|
| 1-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
№ | Электр орнотмолордун аталышы | ЭО жабдуусунун аталышы | Пунктчанын № | Иш-чаралар |
1 | КТП-10(6)|0.4 кВ | РУ-10(6)кВ | 1 | Номинал агындардын, кыска туташуу агындардын жана алдын ала сактагычтарды өчүрүү агындардын маанилерин эсептөө |
2 | Өчүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча алдын ала сактагычтарды тандоо | |||
3 | Алдын ала сактагычтарды алмаштыруу | |||
4 | Алмаштыргандан кийин жабдуунун изоляциясын текшерүү | |||
Күч трансформатору | 5 | Трансформаторду ашык жүктөмгө текшерүү (системалык жана авариялык) | ||
РУ-0,4 кВ | 6 | Номинал агындардын, КТ агындардын, ашыкча жүктө агындардын жана автоматтык өчүргүчтөрдүн электр магниттик жана жылуулук ажыраткычтардын агындарынын маанилерин эсептөө | ||
7 | Коммутациялык жөндөмдүүлүгү боюнча автоматтык өчүргүчтөрдү тандоо | |||
8 | Автоматтык өчүргүчтөрдү тандоо | |||
9 | Коммутациялык өткөргүчтөрдүн кесилишин тандоо | |||
10 | Аз кесилиштеги коммутациялык өткөргүчтөрдү чоң кесилиштегиге алмаштыруу | |||
11 | Номиналдуу агындын эсептик маанилери боюнча трансформаторлорду тандоо | |||
12 | Агын трансформаторлорун алмаштыруу | |||
13 | 0,4 кВ чыгыштарында алюминий өткөргүчтөрдүн кесилишин тандоо | |||
14 | Аз кесилиштеги ВЛ-0,4 кВ алюминий өткөргүчтөрдү чоң кесилиштегиге алмаштыруу | |||
14а | 0,4 кВ аба аркылуу чыгууну алмаштыруу | |||
14б | 0,4 кВ кабелдик чыгууну алмаштыруу | |||
15 | Алмаштыргандан кийин жабдуунун изоляциясын текшерүү |
|
| 2-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
№ | Иш-чара | Жумуштун разряды | Тарифтик ставка | соц. камсыздандырууга чегерүүлөр | Кошумча чыгашалар | Ченем-сааттардын наркы | Убакты ченеми | Материалдардын наркы | Наркы |
| сом | сом | сом | сом | час | сом | сом | ||
1 | Номинал агындардын, кыска туташуу агындардын жана алдын ала сактагычтарды өчүрүү агындардын маанилерин эсептөө | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Өчүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча алдын ала сактагычтарды тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Алдын ала сактагычтарды алмаштыруу | 2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Трансформаторду ашык жүктөмгө текшерүү (системалык жана авариялык) | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Номинал агындардын, КТ агындардын, ашыкча жүктө агындардын жана автоматтык өчүргүчтөрдүн электр магниттик жана жылуулук ажыраткычтардын агындарынын маанилерин эсептөө | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Коммутациялык жөндөмдүүлүгү боюнча автоматтык өчүргүчтөрдү тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Автоматтык өчүргүчтөрдү тандоо | 2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Коммутациялык өткөргүчтөрдүн кесилишин тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Аз кесилиштеги коммутациялык өткөргүчтөрдү чоң кесилиштегиге алмаштыруу | 2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Номиналдуу агындын эсептик маанилери боюнча трансформаторлорду тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
11 | Агын трансформаторлорун алмаштыруу | 2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
12 | 0,4 кВ чыгыштарында алюминий өткөргүчтөрдүн кесилишин тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
13 | Аз кесилиштеги ВЛ-0,4 кВ алюминий өткөргүчтөрдү чоң кесилиштегиге алмаштыруу (3 айлануу) | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
13а | 0,4 кВ аба аркылуу чыгууну алмаштыруу | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
13б | 0,4 кВ кабелдик чыгууну алмаштыруу | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
14 | Алмаштыргандан кийин жабдуунун изоляциясын текшерүү | 2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы (аба аркылуу чыгуу): |
| ||||||||
Бардыгы (кабелдик чыгуу): |
| ||||||||
Орточо эмгек акы: |
| ИТР | Э/М |
Маяна | Сом |
|
|
Иштеген жылдары | % |
|
|
Күнд. сый акы | % |
|
|
Бардыгы: | Сом |
|
|
|
| 3-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
№ | Электр орнотмолордун аталышы | ЭО жабдуусунун аталышы | Пунктчанын № | Иш-чаралар |
1 | ПС 35(110)/10(6)кВ | ОРУ-35(110)кВ | 1 | Номинал агындардын жана кыска туташуу агындардын маанилерин эсептөө |
2 | Релелик коргоонун коюлушун эсептөө | |||
3 | РЗА түзүлүшүнүн коюлушун өзгөртүү жана ишин текшерүү | |||
Күч трансформатору | 5 | Трансформаторду ашык жүктөмгө текшерүү (системалык жана авариялык) | ||
КРУН-10(6)кВ | 6 | Номинал агындардын, кыска туташуу агындардын жана жерге бир фазалуу туташуу агындарынын маанилерин эсептөө | ||
7 | Номинал агындардын эсептик маанилери боюнча агын трансформаторлорун тандоо | |||
8 | Агын трансформаторлорун алмаштыруу | |||
9 | Эсептик маанилер боюнча 10(6) кВ өчүргүчтөрүн тандоо | |||
10 | 10(6) кВ өчүргүчтөрүн алмаштыруу | |||
11 | Релелик коргоонун коюлушун эсептөө | |||
12 | РЗА түзүлүшүнүн коюлушун өзгөртүү жана ишин текшерүү | |||
13 | ВЛ-10 кВ алюминий өткөргүчтөрдүн кесилишин тандоо | |||
14 | Аз кесилиштеги ВЛ-10 кВ алюминий өткөргүчтөрдү чоң кесилиштегиге алмаштыруу | |||
14а | 10(6) кВ аба аркылуу чыгууну алмаштыруу | |||
14б | 10(6) кВ кабелдик чыгууну алмаштыруу | |||
15 | Жабдуунун изоляциясын текшерүү |
|
| 4-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
№ | Иш-чара | Жумуштун разряды | Тарифтик ставка | соц. камсыздандырууга чегерүүлөр | Кошумча чыгашалар | Ченем-сааттардын наркы | Убакты ченеми | Материалдардын наркы | Наркы |
| сом | сом | сом | сом | час | сом | сом | ||
1 | Номинал агындардын жана кыска туташуу агындардын маанилерин эсептөө | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Релелик коргоонун коюлушун эсептөө | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
3 | РЗА түзүлүшүнүн коюлушун өзгөртүү жана ишин текшерүү | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Трансформаторду ашык жүктөмгө текшерүү (системалык жана авариялык) | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Номинал агындардын, кыска туташуу агындардын жана жерге бир фазалуу туташуу агындарынын маанилерин эсептөө | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Номинал агындардын эсептик маанилери боюнча агын трансформаторлорун тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Агын трансформаторлорун алмаштыруу | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Эсептик маанилер боюнча 10(6) кВ өчүргүчтөрүн тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
9 | 10(6) кВ өчүргүчтөрүн алмаштыруу | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Релелик коргоонун коюлушун эсептөө | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
11 | РЗА түзүлүшүнүн коюлушун өзгөртүү жана ишин текшерүү | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
12 | ВЛ-10 кВ алюминий өткөргүчтөрдүн кесилишин тандоо | ИТР |
|
|
|
|
|
|
|
13 | Аз кесилиштеги ВЛ-10 кВ алюминий өткөргүчтөрдү чоң кесилиштегиге алмаштыруу (3 айлануу) | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
13а | Аз кесилиштеги КЛ-10 кВ тилкесин чоң кесилиштегиге алмаштыруу (150 м) | ИТР+6Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
13б | 10(6) кВ аба аркылуу чыгууну алмаштыруу | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
13в | 10(6) кВ кабелдик чыгууну алмаштыруу | ИТР+2Э/М |
|
|
|
|
|
|
|
14 | В-10 кВ, ЛР-10кВ,ШР-10кВ, ИПУ-10, СШ-10кВ жабдуунун изоляциясын текшерүү | ИТР+ЭЛ/М |
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы (аба аркылуу чыгуу): |
| ||||||||
Бардыгы (кабелдик чыгуу): |
| ||||||||
Орточо эмгек акы: |
| ИТР | Э/М |
Маяна | Сом |
|
|
Иштеген жылдары | % |
|
|
Күнд. сый акы | % |
|
|
Бардыгы: | Сом |
|
|
|
| 5-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
Агын трансформаторлорунун номиналдык агындарынын шкаласы:
I1ном,А | 5 | 10 | 15 | 20 | 30 | 40 | 50 | 75 | 100 | 150 | 200 | 300 | 400 | 500 | 600 |
I1ном,А | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 |
Коэф. расфор. | 1 | 2 | 3 | 4 | 6 | 8 | 10 | 15 | 20 | 30 | 40 | 60 | 80 | 100 | 120 |
Тепкич, А | 0 | 5 | 5 | 5 | 10 | 10 | 10 | 25 | 25 | 50 | 50 | 100 | 100 | 100 | 100 |
Наиболее часто применяемые трансформаторы тока:
Uном,кВ | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 |
I1ном,А | 50 | 75 | 100 | 150 | 200 | 300 |
I2ном,А | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 |
Коэф.трансф. | 10 | 15 | 20 | 30 | 40 | 60 |
Тепкич, А | 10 | 25 | 25 | 50 | 50 | 100 |
Тепкичтер боюнча ортчо арифметикалык, А | 43 | |||||
Кошулуучу кубаттуулук, кВт |
|
Номиналдык кошулуу тепкичтердин саны, даана |
|
Бир топ жыш колдонулуучу автоматтык өчүргүчтөр:
Uном,кВ | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 |
Iном,А | 63 | 100 | 160 | 250 | 400 | 630 |
Тепкич, А | 23 | 37 | 60 | 90 | 150 | 230 |
Тепкичтер боюнча ортчо арифметикалык, А | 98 | |||||
Номиналдык кошулуу тепкичтердин саны, даана |
|
Номиналдык кошулуу тепкичтердин саны, даана |
|
|
| 6-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
Кошулуучу кубаттуулук, кВт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
U=10(6)кВ тармактар, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
U=0,4кВ U=10(6)кВ, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 7-тиркеме Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибине |
Кошулуучу кубаттуулук, кВт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
U=10(6)кВ тармактар, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
U=0,4кВ тармактар, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|