Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-п буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-февралы № 19-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" № 140-Б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 1-ДП буйругу менен бекитилген, "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияга, комиссиянын жаңы курамы түзүлгөнгө чейин даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча ишти ишке ашыруу ыйгарым укугу берилсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-Б буйругу менен бекитилген "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-пунктта:
- экинчи абзацта "сатып алуучу уюм тарабынан" деген сөздөрдөн кийин, "(андан ары - берүүчү (подрядчы) деген сөздөр менен толукталсын;";
- үчүнчү абзацта "же консультантты" деген сөздөр алып салынсын;
2. Төртүнчү пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүн кошпогондо, ошондой эле Мыйзамдын 21-беренесине ылайык берүүчүнүн (подрядчынын) тандоосу боюнча кабыл алынган сатып алуучу уюмдун чечими Мыйзамда каралган сатып алуу жол-жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине (аракетсиздигине) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) даттанууларын жана нааразылыктарын;".
3. 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Комиссиянын Катчылыгы (мындан ары - Катчылык) болуп Мамлекеттик сатып алуулар департаменти эсептелет (Мындан ары - МСД).".
4. 9-пунктта:
- биринчи пунктчада "мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификатка ээ болгон" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) үчтөн бири - мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү эксперттер жана сертификат алган адистер;";
- 3-пунктчада "мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификатка ээ болгон министрликтердин жана ведомстволордун коомдук кеңештеринин мүчөлөрү" деген сөздөр алып салынсын.
5. 10-пункттун 3-пунктчасында "беш" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
6. 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ишин тандоо жана мониторинг үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен Эксперттик кеңеш түзүлөт (мындан ары - ЭК). ЭК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, улуттук бизнес ассоциацияларынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка органдарынын өкүлдөрүнөн турат. ЭК Комиссиянын мүчөлөрүн тандап алуунун адилеттүү жана ачык-айкын жол-жобосун пайдалануу менен ачык конкурсту жарыялоо аркылуу Комиссиянын мүчөлөрүн тандап алууну өткөрөт. ЭК өзүнүн иш Регламентин өз алдынча аныктайт".
7. 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12. Комиссиянын мүчөлөрүн тандап алууда ЭКнын функциясы болуп, талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттарын аныктоо жана алардын Комиссиянын келечектеги иши жөнүндө түшүнүктөрүн аныктоо, ошондой эле талапкерлердин адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде ар кандай талаштар боюнча чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн баалоо эсептелет.".
8. 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14. Талапкерлер ЭК тарабынан эки этап менен бааланат:
1) биринчи этап - талапкерлер тарабынан берилген тастыктоочу документтерди баалоо;
2) экинчи этап - маектешүү.".
9. 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15. Эки этапты ийгиликтүү өткөн талапкерлер үч күнгө созулган адистештирилген окуудан өтүшөт. Окуу практикалык үлгүлөрдү берүү менен, сатып алууларды жүргүзүүдө келип чыгуучу сатып алуучу уюм менен берүүчү (подрядчылар) тарабынан кеңири таралган Мыйзам бузууларды жана каталарды, талаш-тартыштарды чечүүгө негизделиши керек.".
10. 16-пунктта:
- "ТК" деген сөз "ЭК" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Порталда" деген сөз "мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына (мындан ары - Портал)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 17-пунктта "окуу планы" деген сөздөрдөн кийин "программа" деген сөз менен толукталсын.
12. 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "21. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул жобонун белгиленген талаптарына ылайык чечимдерди кабыл алуу үчүн Комиссиянын компетенциясына кирген тийиштүү жол-жоболорду жүргүзүүгө:
- сатып алуулардын жол-жоболорун токтотууга;
- Мыйзам тарабынан коргоого алынган мамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды кошпогондо, МСД аркылуу мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан даттанууларды, нааразылыктарды жана кайрылууларды кароого байланыштуу кошумча маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык эксперттик корутундуларды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн эксперттерди тартууга;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн сунуштамаларды берүүгө;
- даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды кароого кабыл алууда конкурстук табыштамаларды автоматтык түрдө ачуудан кийин конкреттүү конкурс жөнүндө белгилүү маалыматтарды кароо үчүн окуу режимине кирүүгө мүмкүнчүлүк алууга;
- МСДга айып пулдук санкцияларды колдонуу жөнүндө кайрылуу.".
13. 25-пунктта "Катчылык" жана "тандап алуучу комиссия" деген сөздөр "ЭК" деген сөзгө алмаштырылсын.
14. 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "26. Комиссиянын мүчөсү жөнү жок себептер менен Комиссиянын даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды электрондук кароо боюнча отурумдарды кое бербестен Комиссиянын ишинде жеке өзү катышуусу керек, ошондой эле Комиссиянын кабыл алган иш планынын алкагындагы башка иш-чараларга катышуусу керек.".
15. 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "27. Даттануулар, нааразылыктар же кайрылуулар электрондук түрдө Портал аркылуу, берүү үчүн тийиштүү форманы толтуруу менен берилет.".
16. 29-пунктта:
- 2-пунктчадагы "же кагаз жүзүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктча алып салынсын.
17. 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "30. Берүүчү (подрядчы) өзүнүн даттануусун жана нааразылыгын бул Жобонун 38-пунктуна ылайык комиссиянын кароосуна анын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме алганга чейин кайра чакыртып алууга укуктуу. Тийиштүү билдирме алган учурдан баштап ал даттануу же нааразылыкты кайра чакыртып ала албайт.".
18. 31-пункттун 3-пунктчасында "же кагаз жүзүндөгү" деген сөздөр алып салынсын.
19. 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "33. Ушул жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, кароого кабыл алынган бардык даттануулар, нааразылыктар жана кайрылуулар Комиссия тарабынан электрондук түрдө Порталда көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин негизинде каралат.
Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды кароодо Комиссиянын мүчөлөрү табыштамалар ачылгандан кийин каралып жаткан конкурска Порталда корголгон жеке аккаунтту (эсептик жазуу) каттоо аркылуу окуу режиминде кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ошондой эле жеке аккаунт аркылуу чечим кабыл алууда шайлоого катышышат.".
20. 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Комиссия даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды төмөнкү учурларда карабайт:
1) эгерде даттануу, нааразылык же кайрылуу предмети боюнча соттук териштирүүлөр башталса, же ошол эле тараптардын ортосундагы талаш-тартыш боюнча, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негизде чыгарылган мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенде соттун чечими болгон учурда;
2) арызда белгиленген маселелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынбайт.".
21. 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "36. Ар бир даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну карап чыгуу үчүн Порталдын программасы Комиссиянын жалпы курамынан, ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык, ар бир адистештирилген топтон бирден мүчөдөн алынып үч мүчөдөн турган Комиссиянын өзүнчө топчосун түзөт. Порталдын Программасы кокустук тартибинде Комиссиянын тандалып алынган топчосунун төрагасын аныктайт (мындан ары - Комиссиянын төрагасы), ал зарылдыкка карай ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык сектор боюнча эксперттерди дайындайт.".
22. 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "37. Портал бирдей жана кокустук тартибинде даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууларды Комиссиянын мүчөлөрүнө бөлүштүрөт жана Комиссиянын бардык тандалып алынган мүчөлөрүнө тийиштүү арыз түшкөнү жөнүндө билдирет. Даттануу, нааразылык же кайрылуу түшкөндөн кийин Комиссиянын тандалып алынган мүчөлөрү Портал аркылуу электрондук форматта ар бир даттануу, нааразылык же кайрылуу үчүн өзүнчө ички кат алышууну жүргүзөт.".
23. 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "38. Даттануулар, нааразылыктар келип түшкөндө Комиссия эки жумуш күндүн ичинде иштин материалдарын алдын ала карап чыгып, ушул Жобонун 4, 28, 29, 30 жана 34-пункттарына ылайыктуулугун, ал эми кайрылуу түшкөндө ушул Жобонун 31 жана 34-пункттарынын талаптарына ылайыктуулугун текшерет. Талаптарына ылайык келсе Комиссия кароого арызын кабыл алат жана портал аркылуу сатып алуучу уюмдун өздүк кабинетине келип түшчү билдирүүлөрдү таратат, (эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Мыйзамынын 49-беренесине ылайык сатып алуу жол-жоболорун жети же он күнгө токтотуп туруу үчүн келишим түзүлгөн болсо), ошондой эле билдирүү КРФМ Борбордук казылыгынын өздүк кабинетине келип түшөт (финансылык операцияларды токтотуу үчүн), конкурска тиешелүү жана берүүчүнүн өздүк кабинетине байланыштуу (маалымат үчүн).".
24. 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "39. Ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн пункттарга ылайык келбесе Комиссия кароого берилген арызды кабыл алуудан баш тартат, жана эки жумушчу күн ичинде себебин көрсөтүү менен арыз ээсин кабарлайт. Арыз ээси даттанууну кайра бере алат, нааразылык же кайрылуу ушул Жобонун талаптарына ылайык келтирилгенден кийин берилет.".
25. 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "40. Электрондук ыкма менен кароодо акыркы чечимди кабыл алуу кыйынчылык жараткан учурда, Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча даттанууларды, нааразылыкты же кайрылууну кароо бетме-бет форматында отурум жолу менен белгиленген убакта жана жерде өткөрүлөт.
Отурумду бетме-бет форматында өткөрүүдө тараптар өз таламдарын өз алдынча же ишеним каты бар өзүнүн өкүлү аркылуу билдирүүгө укуктуу.".
26. 41-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
27. 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "42. Мамлекеттик органдардын Коомдук кеңешинин сунушу боюнча Комиссиянын оперативдүү ишине көмөк көрсөтүү үчүн, Соода-өнөр жай палатасынан жана Улуттук бизнес ассоциацияларынан ар кандай секторлордо (саламаттык сактоо, энергетика, курулуш, информациялык технология, айыл-чарба ж.б.) эксперттер тандалып алынат, ошондой эле стандартташтыруу, сертификаттоо ж.б. жааттагы эксперттер.
Ошону менен бирге Комиссия чечим кабыл алаарда тандалып алынган эксперттер добуш бергенге укугу жок жана акысыз негизде эксперттик корутунду беришет.".
28. 43-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
29. 44-пунктта "почта, факсимилдик жана электрондук ыкмалар менен же болбосо" деген сөздөр алып салынсын.
30. 45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "45. Комиссиянын суроо-талабы боюнча, даттануу түшкөн тарап бир жумушчу күн өткөнчө нааразылык же кайрылуу түшүндүрмө кат, түшүндүрүүгө негиз болуп, шилтеме жасалган бардык документтердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.".
31. 48-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
32. 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "49. Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууну кароодо, эгер Комиссиянын экиден кем эмес мүчөсү катышса Комиссия укуктуу болот.".
33. 50-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
34. 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "51. Эгерде даттануунун, нааразылыктын же кайрылуунун кайсы бир тарабы кароо учурунда Комиссиянын отурумунда жок болсо, жөнү бар себептер менен катыша албай тургандыгы жөнүндө Комиссия билдирүү алган учурдан башка учурларда (оорунун себебинен жумушка жарамдуу эмес болгондо, ооруп калса, жакын туугандарынын оруп калганында өлүмүндө, дем алышта, иш сапарда болгондо жана алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон форс-мажордук жагдайларда) ишти карай берет.".
35. 52-пунктта "кароо" сөзүнөн кийин "жыйында" деген сөз менен толукталсын.
36. 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "54. Электрондук даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууну кароодо Комиссия электрондук протокол түзөт. Даттанууларды, нааразылыктарды же кайрылууну бетме-бет кароодо ушу Жобонун 40-пунктуна ылайык, Комиссиянын төрагасынын түздөн-түз контролу алдында Катчылык протокол түзөт.".
37. 55-пункттун биринчи абзацы "Комиссиянын төрагасы жыйындарда даттанууну, нааразылыкты же кайрылууну кароодо:" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
38. 56-пунктта "аргументтелген" деген сөз "документалдуу гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
39. 59-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "59. Комиссиянын төрагасы комиссиянын башка эки мүчөлөрү добуш бергенден кийин, акыркы кезекте добуш берет.".
40. 61-пункттун биринчи абзацындагы "же кайрылуулар" деген сөз алып салынсын.
41. 64-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "64. берүүчүнү (подрядчыны) дайындар базасына кошуу жөнүндө чечим Комиссиянын кароосуна кайрылуу кабыл алынгандан кийин жети жумуш күндүн ичинде киргизилет.
Берүүчүнү (подрядчыларды) дайындар базасына киргизүү Комиссиянын чечиминин негизинде эки жылдык мөөнөткө МСДнын жетекчисинин буйругуна ылайык ишке ашырылат, эгерде берүүчү (подрядчы) тарабынан декларациянын шарттары бузулган болсо; келишим боюнча милдеттенмелеринен баш тартууга же аларды аткарбоого алып келүүчү форс-мажордук жагдайларды кошпогондо мамлекеттик сатып алуулардын келишими боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан же аткарбаган берүүчү (подрядчы) тарабынан келишимди бузуу демилгеленсе; берүүчүлөр (подрядчылар) өзүнүн конкурстук табыштамасына карата жалган маалымат берсе же жетекчи же болбосо компанияны жалгыз түзгөн берүүчүнүн (подрядчынын) белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттук ченемдерге ылайык, экономикалык, кызматтык кылмыштарды кылгандыгы үчүн жаза жоопкерчилигине тартылган болсо.".
42. 69-пунктта "даттануу" деген сөз "Комиссиянын чечими жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (Шаикова А.К.):
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Too" гезитине жарыяласын;
- бул буйруктун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн;
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын (Туголбаева Г.Т.).
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин бул буйругу расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын финансы министри | А. Касымалиев |