Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2017-жылдын 19-октябры № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы №2 «Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябры № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы №2 «Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасына:
- 1-пунктта «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» сөзү «Кыргызжылуулукэнерго» сөзү менен алмаштырылсын.
2. Пресс-катчы катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын:
- «Эркин Тоо» гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
3. Укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Директор | Т.И. Нурбашев |