Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-октябры № 213-б
Дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 4-пунктунун аткарылышын камсыздоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун 1-тиркемесинин 12-пунктунун негизинде,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобо тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Дипломатиялык кызмат органдарына Дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобонун аткарылышы тапшырылсын.
3. Биринчи бөлүмгө:
- катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялоо үчүн жиберилсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун 17 жана 19-пунктуна ылайык, ушул буйрукту бекитилген тартипте каттоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүү жүргүзүлсүн.
4. ИЭДКД: расмий жарыяланган күндөн тартып бир жума ичинде ушул буйрук дипломатиялык кызмат органдарына жеткирилсин.
5. Маалыматтар департаментине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык, ушул буйрук "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри |
| Э.Абдылдаев |