Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдын 30-октябрындагы № 213-б буйругу менен бекитилген |
Дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобонун максаты болуп Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу саналат.
2. Ушул Жобонун негизги милдетине төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын объектилеринин физикалык коргоосун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын объектилеринин маалыматтык коргоосун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын өз ара аракеттенүүсүн өзгөчө кырдаалдарда уюштуруу.
3. Коопсуздук системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен аныкталган алардын категорияларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын сунуштамаларын эске алуу менен, тышкы иштер чөйрөсүндө (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган дипломатиялык кызматтын ар бир органы жана уюму, ведомствого караштуу ыйгарым укуктуу органы үчүн жеке иштелип чыгат.
4. Органдардын коопсуздугун уюштуруу жана камсыздоо боюнча чараларды каржылоону аталган максаттарга каралган каражаттардын чегинде дипломатиялык кызмат органдары жүзөгө ашырат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-февралындагы № 56 "Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган анын категориясын (категория "А" - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери, категория "Б" - Кыргыз Республикасынын ТИМи, категория "В" - республиканын региондорундагы Кыргыз Республикасынын ТИМинин өкүлчүлүктөрү) эске алуу менен стратегиялык объектти коргоо паспорту түзүлөт.
6. Объектинин коопсуздук системасын уюштуруу жоопкерчилигин дипломатиялык кызмат органынын жетекчиси тартат.
2. Ыйгарым укуктуу органда коопсуздук системасын уюштуруу
7. Ыйгарым укуктуу органдын анын объектилериндеги физикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн:
- күзөт посттору, күзөт сигнализация системалары (видео байкоо жүргүзүү, өрткө каршы сигнализация системасы) орнотулат;
- көзөмөлгө алынган чөлкөмгө чоочун адамдардын жана транспорттун мыйзамсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү өткөрүү тартибин, ошондой эле көзөмөлгө алынган чөлкөмдөгү мүлктү, документтерди жылдыруу тартибин камсыздаган өткөрүү режими колдонулат.
8. Ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо үчүн:
- жабык мүнөздөгү маалыматтарды мыйзамсыз алууну жокко чыгарган иш жүргүзүү (жабык мүнөздөгү документтерди каттоо, эсепке алуу, сактоо жана аны менен иштөө) уюштурулат;
- жабык мүнөздөгү документтерди даярдоо үчүн интернетке кошулбаган уюштуруу техникасын колдонууга болот.
9. Коопсуздук системасын уюштуруу боюнча иш жүзүндөгү жетекчиликти ыйгарым укуктуу органдын Статс-катчысы жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде коопсуздук системасын уюштуруу
10. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин физикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн:
- күзөт сигнализациясы (видео байкоо жүргүзүү, өрткө каршы сигнализация системасы) орнотулат;
- көзөмөлгө алынган чөлкөмгө чоочун адамдардын жана транспорттун мыйзамсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү өткөрүү тартибин, ошондой эле көзөмөлгө алынган чөлкөмдөгү мүлктү, документтерди жылдыруу тартибин камсыздаган өткөрүү режими колдонулат;
- барган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы менен чет мамлекеттик мекемелердин коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча өз ара аракеттенүү түзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо үчүн:
- жабык мүнөздөгү маалыматтарды мыйзамсыз алууну жокко чыгарган иш жүргүзүү (жабык мүнөздөгү документтерди каттоо, эсепке алуу, сактоо жана аны менен иштөө) уюштурулат;
- жабык мүнөздөгү документтерди даярдоо үчүн интернетке кошулбаган уюштуруу техникасын колдонууга болот.
12. Коопсуздук системасын уюштуруу боюнча иш жүзүндөгү жетекчиликти Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин жетекчисинин орун басары (чет өлкөлүк мекеменин штаттык ырааттамасына ылайык улук кызматкер) жүзөгө ашырат.
4. Ыйгарым укуктуу органга караштуу мамлекеттик органда, ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө жана ыйгарым укуктуу органдын ведомствосуна караштуу уюмунда коопсуздук системасын уюштуруу
13. Ыйгарым укуктуу органга караштуу мамлекеттик органда, ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө жана ыйгарым укуктуу органдын ведомствосуна караштуу уюмунда жана алардын объектилеринде өздүк коопсуздукту уюштуруу үчүн:
- күзөт посттору, күзөт сигнализация системалары (видео байкоо жүргүзүү, өрткө каршы сигнализация системасы) орнотулат;
- көзөмөлгө алынган чөлкөмгө чоочун адамдардын жана транспорттун мыйзамсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү өткөрүү тартибин, ошондой эле көзөмөлгө алынган чөлкөмдөгү мүлктү, документтерди жылдыруу тартибин камсыздаган өткөрүү режими колдонулат.
14. Ыйгарым укуктуу органга караштуу мамлекеттик органда, ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө жана ыйгарым укуктуу органдын ведомствосуна караштуу уюмунда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн:
- жабык мүнөздөгү маалыматтарды мыйзамсыз алууну жокко чыгарган иш жүргүзүү (жабык мүнөздөгү документтерди каттоо, эсепке алуу, сактоо жана аны менен иштөө) уюштурулат;
- жабык мүнөздөгү документтерди даярдоо үчүн интернетке кошулбаган уюштуруу техникасын колдонууга болот.
15. Коопсуздук системасын уюштуруу боюнча иш жүзүндөгү жетекчиликти ыйгарым укуктуу органга караштуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн жана ыйгарым укуктуу органдын ведомствосуна караштуу уюмдун жетекчисинин орун басары жүзөгө ашырат.
5. Дипломатиялык кызмат органдарынын өзгөчө кырдаал учурундагы өз ара аракеттенүү тартиби
16. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жетекчиси же анын ордун алмаштыруучу адам:
- барган мамлекетте түзүлүүчү абалга карата чет өлкөдөгү мекемедеги кызматкерлердин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралуу мүмкүнчүлүгүн анализдейт;
- ыйгарым укуктуу органга абалдын мүнөзү жана анын өөрчүшү тууралуу маалыматты тез арада берүүнү камсыздайт;
- өзгөчө кырдаалдын мүнөзүн эске алып, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин андан аркы иши тууралуу сунуш киргизет;
- барган мамлекеттеги абал тез ара курчуп кетсе жана өзгөргөн абалга ыкчам таасир этүү зарылчылыгы болсо Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат;
- ыйгарым укуктуу органга кабыл алынган чаралар жана аны кабыл алууга себеп болгон жагдайлар тууралуу маалымат берет;
- барган өлкөнүн бийлик органдарынын, зарыл учурда үчүнчү өлкөлөрдүн дипломатиялык каналдары аркылуу эвакуациялоо иш-чарасына көмөктөшүүсүн камсыздайт.
17. Барган мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесин толук эвакуациялоодо мүлктөрдү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып, аны барган мамлекеттин аймагынан тышкары чыгаруу же сатуу же болбосо барган мамлекетте өз ишин улантып жаткан Кыргыз Республикасы менен достукта болгон мамлекеттин расмий өкүлдөрүнө же расмий өткөрүп берүүчү документтерди тариздөө менен эл аралык келишимдерде, жергиликтүү мыйзамдарда белгиленген тартипте убактылуу сактоого өткөрүп берүү тууралуу чечими кабыл алынат.