Загрузка документа…
МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-ноябры № 460
Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү жана аларды иштетүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамын жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасында музейлерди түзүүнүн, аларды иштетүүнүн негизги ченемдерин жана процедураларын бир тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 9-пунктуна ылайык:
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү жана аларды иштетүү" тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).
2. Ушул буйрук "Эркин Тоо" газетасына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-ноябрында N 119 жарыяланды
3. Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Маалымат жана массалык байланыш бөлүмү буйрукту министрликтин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө статс-катчы Б.Ш.Секимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри |
| С.Жумагулов |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 460 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү жана иштетүү ТАРТИБИ
1. Бул тартип Кыргыз Республикасында музейлерди түзүүнүн жана аларды иштетүүнүн укуктук негизин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында музейлер маданий-агартуучулук жана илимий функцияларды ишке ашыруучу коммерциялык эмес мекеме катары түзүлөт.
3. Музейлерди түзүү же кайра оңдоо музейдин концепциясын иштеп чыгуудан башталат. Концепциянын негизинде архитектуралык жана коопсуздук, сактоо режимин көзөмөлдөө, инженердик байланыш системаларын долбоорлоого техникалык тапшырма түзүлөт.
4. Музейлер, жеке адам жана юридикалык жак тарабынан "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде түзүлөт.
5. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү максаты:
- илимий-изилдөө, агартуу жана билим берүү иштерин жүргүзүү;
- музей буюмдарын жана музей коллекцияларын сактоо;
- музей буюмдарын жана музей коллекцияларын аныктоо жана жыйноо;
- музей буюмдарын жана музей коллекцияларын изилдөө;
- музей буюмдарын жана музей коллекцияларын публикациялоо.
6. Музейлер төмөндөгү шарттар бар болгон учурда түзүлөт:
- спецификалык музей фонду;
- материалдык-техникалык базасы (бөлмө, жабдуулар, талап болгон шарттар);
- мекеменин ишин алып баруучу кызматкерлер (штаттык бирдиктер);
- мекеменин ишин алып барууга зарыл болгон финансы-экономикалык каражаттар.
7. Музей түзүүдө белгиленген шарттардын бар экендигине баа берүү жана музей фондун экспертизадан өткөрүү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын музейлериндеги музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо тартибине жана Кыргыз Республикасынын музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Музей фондунун курамына киргизүү жана чыгаруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
8. Музейлер төмөнкү милдеттерди аткарат:
- музейдин багытына (профили) ылайык музей фондун түзөт, өнүктүрөт, аларды каттоону жана сактоону камсыз кылат;
- коллекцияларды комплектациялоо максатында өзүнүн музей фондун изилдейт;
- билим берүү жана агартуу максатында музей фондун пропагандалайт;
- музей фондунун коопсуздугун камсыздайт;
- музей коллекцияларын даңазалоо жана коомдун рухун өнүктүрүү максатында илимий жана маданий долбоорлорду иштеп чыгат жана аларды ишке ашырат;
- музей коллекцияларынын каталогун жана башка илимий жана илимий-популярдуу басылмаларды даярдайт жана басып чыгарууну камсыз кылат;
- өлкө ичиндеги жана ошондой эле чет өлкөлүк музейлер менен карым-катнаш түзөт жана кызматташат.
9. Музей фондунун көлөмүнө, баалуулугуна, маанисине жана ошондой эле музей фондун эсепке алуу, изилдөө, оңдоп-түзөө, популяризациялоо жаатындагы илимий жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- мамлекеттик музей (республикалык, областтык, райондук);
- муниципалдык музей (шаардык, айылдык);
- мекемелик (ведомстволук) музей;
- жеке музей;
- коомдук музей.
9.1. Мамлекеттик музейлер - бул, мамлекеттик бюджеттен каржыланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык түзүлгөн мамлекеттин менчигиндеги музейлер.
Мамлекеттик музей жоюлган учурда, ушул музейге бекитилген музей буюмдары жана музей коллекциялары башка мамлекеттик музейлерге өткөрүлүп берилет.
9.2. Муниципалдык музейлер - бул, жергиликтүү башкаруу органынын карамагындагы музейлер. Адатта, бул музейлер, музей фондун чогултууда, комплектациялоодо жана агартуучулук иш-чараларына активдүү катышкан жергиликтүү жамаат менен тыгыз байланышта.
Муниципалдык музейлер, аларды түзүүгө зарыл болгон шарттардын бар экендиги аныкталган учурда, музей фондунун экспертизасынын бүтүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимине ылайык түзүлөт (ушул тартиптин 7-пунктуна ылайык).
Муниципалдык музей жоюлган учурда, ушул музейге бекитилген музей буюмдары жана музей коллекциялары башка муниципалдык музейлерге өткөрүлүп берилет.
9.3. Мекемелик (ведомстволук) музейлер - бул, ар кандай профилдеги, министрликтердин жана ведомстволордун карамагындагы музейлер. Алар, карамагында болгон тармактык мекемелерди (билим берүү, саламаттыкты сактоо жана у.с.) таанытуу жана аларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү милдетин аткарат.
Мекемелик музейлер, аларды түзүүгө зарыл болгон шарттардын бар экендиги аныкталган учурда, музей фондунун экспертизасынын бүтүмүнө жана алар карамагында болгон мекеменин чечимине ылайык түзүлөт.
Мекемелик музейлер жоюлган учурда, аларга бекитилген музей буюмдары жана музей коллекциялары мамлекеттик (же муниципалдык) музейлерге өткөрүлүп берилет.
9.4. Мамлекеттик эмес (жеке) музейлер - бул, томтомдору (коллекциялары) жеке адамдарга же юридикалык жактардын менчигинде болгон, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин статусуна ээ болбогон музейлер.
Мамлекеттик эмес (жеке) музейлер, маданий баалуулуктардын менчик ээлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан, ушул жободо жана башка ченемдик актыларда каралган тартипте түзүлөт.
Мамлекеттик эмес (жеке) музейлер мамлекеттик музейлерден илимий-методикалык жардам алган музейлер спектрине кирет.
Мамлекеттик эмес (жеке) музейлер жоюлган учурда, аларга бекитилген музей буюмдары менен музей коллекциялары музей түзүүчүлөрү тарабынан мамлекеттин менчигине берилиши мүмкүн.
Жоюлуп жаткан мамлекеттик эмес (жеке) музейлердин фондундагы Кыргыз Республикасынын аймагында табылган археологиялык буюмдар (табылгалар) жана коллекциялар мамлекеттик (же муниципалдык) музейлерге өткөрүлүп берилет.
9.5. Коомдук музейлер - бул мамлекеттик эмес музейлер. Алар ар кандай коомдук уюмдар жана бирикмелер тарабынан ушул жободо жана башка ченемдик актыларда каралган тартипте түзүлөт.
Коомдук музейлер мамлекеттик музейлерден илимий-методикалык жардам алган музейлер спектрине кирет.
Коомдук музейлер жоюлган учурда аларга бекитилген музей буюмдары менен музей коллекциялары анын түзүүчүлөрү тарабынан мамлекеттин менчигиндеги музейлерге өткөрүлүп берилет.
Жоюлуп жактан коомдук музейлердин фондундагы Кыргыз Республикасынын аймагында табылган археологиялык буюмдар (табылгалар) жана коллекциялар мамлекеттик (же муниципалдык) музейлерге өткөрүлүп берилет.
10. Музейлердин уюштуруучу документи болуп Устав эсептелинет. Ал уюштуруучу тарабынан иштелип чыгып, бекитилет.
Музейдин Уставында, музейдин толук аталышы мамлекеттик жана расмий тилде белгиленип, музейдин укуктук формасы, музей тармагындагы орду бекитилет, уюштуруу жана башкаруу иштери боюнча негизги эрежелер, музейдин максаттары, ишмердүүлүгүнүн милдеттери менен түрлөрү (ошонун ичинде киреше алып келе турган) аныкталат, жана анын:
- структуралык бөлүмдөрү;
- директорунун укуктары менен милдеттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык музей мүлкүнүн булактары жана финансылык, чарбалык жана башка ишмердүүлүгү;
- уюштуруучу документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
- музей кайра түзүлгөн жана жоюлган учурда анын мүлкүн пайдалануу тартиби көрсөтүлөт.
11. Музейдин аянттарына коюлган талаптар:
Музейлер | Фонддун көлөмү (сан менен) | Фонд сакталуучу жайдын аянты | Көргөзмө залдарынын аянты | |
Менчик түрү | Административдик-территориалдык белгиси | |||
Мамлекеттик | Республикалык/областтык | 5000ден жогору | 100 кв.мден жогору | 500 кв.мден жогору |
Райондук | 1000ден 5000ге чейин | 35 кв.мден жогору | 150дөн 500 кв.м чейин | |
Мекемелик (ведомстволук) | 100дөн жогору | 15 кв.мден жогору | 50 кв.мден жогору | |
Муниципалдык | Шаардык | 1000ден жана андан көп даана сактоо | 35 кв.мден жана андан көп | 250 кв.мден жана андан көп |
Айылдык | 100дөн жогору | 20 кв.мден жогору | 150 кв.мден жогору | |