Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-февралы № 111
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу органдары кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөр "Комиссияга Кыргыз Республикасынын региондук жана инфраструктуралык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү вице-премьер министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын региондук жана инфраструктуралык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ''Кыргызмамжердолбоорлоо" жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын геодезиялык көзөмөлдөө жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин геология башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".