Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Жараталыш ресурстары, экология жана
техникалык көзөмөл министрлигинин
2023-жылдын 7-июлундагы № 177-Б
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-майы № 01-7/253
Энер жай коопсуздугу боюнча экспертиза жургузуунун тартиби женунде Жоболорун бекитуу тууралуу
Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттин же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыздоо жана коргоо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди курууда жана пайдаланууда пайда болгон кооптуу жана зыяндуу факторлордон коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" № 530 токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жоболор бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө "салуу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү учун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет. .
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | У.Д.Рыскулов |
Тиркеме
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза (мындан ары – экспертиза) жүргүзүү тартиби, экспертизанын корутундусун тариздөөгө коюлган талаптар, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперттерге коюлган талаптар, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперттерди (мындан ары – эксперттер) аттестациялоо тартиби белгиленген.
2. Ушул Жобо “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган объектилерге (мындан ары – экспертиза объекти) экспертиза жүргүзүүдө колдонулат.
2. Экспертиза жүргүзүү
3. Экспертиза объектисине карата коюлган өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарга шайкештигин аныктоо максатында экспертиза жүргүзүлөт жана ал эксперттерди тандоодо альтернативдик принциптер, (жалпы мамлекеттик маанидеги объекттерден тышкары) объективдүүлүк, заманбап илим жана техникалык жетишкендиктерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн ар тараптуу жана толук иликтөө принциптери менен негизделет.
4. Экспертиза, өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын көндүмдөргө ээ болгон жана ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген аттестацияланган эксперттери бар жана атайын уруксаттык милдеттерге бөлүнгөн ошондой эле, өнөр жай коопсудугу жаатында мамлекеттик саясатын жана ченемдик-укуктук актыларды жөнгө салууну иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) же уюм тарабынан жүргүзүлөт.
5. Экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган же эксперттик уюм тапшырыкчыдан экспертиза жүргүзүү боюнча келишимге ылайык тиешелүү болгон материалдар менен документтердин топтомун алгандан тартып бир айдан ашпашы керек.
6. Долбоордук материалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоордук чечимдер (түшүндүрмө жазуулар, таблицалар, кооптуу чөлкөмдөрдүн эсептери кооптуу өндүрүштүк объектти куруу жана эксплуатациялоодо жумуштардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар жана иш-чаралар, аварияларды алдын алуу жана керектүү негиздеме эсептери менен алардын кесепеттерин чектөөлөр, графикалык материалдар) аткаруучуларынын коюлган колдору коюлган долбоордук чечимдер, бекитилүүчү жана макулдашулуучу долбоордук материалдар;
- илимий-изилдөө иштери жана инженердик-геологиялык иликтөөлөр;
- паспорт жана жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрү;
- колдонулуучу ченемдик-укуктук актылардын жана методикалык адабияттардын тизмеси.
Долбоорлоо документтерине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор кайрадан экспертиза өтүүгө тийиш.
7. Эксперт экспертиза жүргүзүүгө тиешелүү болгон материалдар менен документтердин топтому тапшырыкчы тарабынан берилгенден кийин экспертиза жүргүзүүгө киришет.
8. Тапшырыкчы экспертиза жүргүзүп жаткан эксперттердин талаптары боюнча кооптуу өндүрүштүк объекттерге кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү.
9. Экспертиза жүргүзүп жатканда экспертиза объектисине тиешелүү тапшырыкчы тарабынан берилген документтердин толуктугу жана аныктыгы текшерилет, кооптуу объекттеги техникалык түзүлүштөрдүн, имараттардын, курулуштардын иш жүзүндөгү абалы бааланат.
10. Технологиялык процесстерди, чийки зат, азык же калдыктарды сактоону, адамдарды жана жүктөрдү которууну, авариялардын кесепеттерин чектөө жана жоюуну жүзөгө ашыруу үчүн багышталган кооптуу өндүрүштүк объекттеги имараттарда жана курулмаларды экспертизадан өткөрүүгө тийиш:
- имараттар менен курулуштардын эксплуатация мөөнөтү долбоордук чечимдер менен бекитилген мөөнөттөн өтсө;
- долбоордук документациялар жок болсо, же долбоордук документацияларда имараттын же курулуштардын эксплуатация мөөнөтү туурасында маалыматтар көрсөтүлбөсө;
- кооптуу объектте болгон кырсыктын натыйжасында имараттар менен курулуштардын негизги көтөрмө түзүлмөлөргө зыян келтирилсе;
- экспертизанын корутундусу менен бекитилген коопсуз эксплуатациянын мөөнөтү бүтсө;
- имараттын же курулуштардын ченемдерден ашык деформациясы пайда болсо;
- имаратта жана курулуштарда негизги көтөрмө түзүлмөлөрү менен көлөмдүк-пландуу чечимдер өзгөрүлгөн реконструкция жүргүзүлсө.
11. Кооптуу өндүрүштүк объектте пайдаланылган техникалык түзүлүшкө экспертиза жүргүзүлөт (эгер техникалык регламент боюнча аталган түзүлүш милдеттүү талаптарга жооп берээрин аныктаган башка баалоо таризи бекитилбесе), эгер:
- техникалык түзүлүштүн иштөө мөөнөтү аяктаса же мындай техникалык түзүлүш өндүрүүчүлөр тарабынан бекитилген ченемден ашыкча иштетилсе;
- техникалык түзүлүштүн техникалык документацияларында анын иштөө мөөнөтү туурасында маалымат берилбесе жана ал жыйырма жылдан ашуун иштесе;
- мындай техникалык түзүлүштүн негизги элементтерин алмаштыруу менен конструкциясын өзгөрткөн иштер жүргүзүлсө же, кооптуу өндүрүш аймагында болгон кырсыктан кийин кайра калыбына келтирүү иштери убагында мындай техникалык түзүлүшкө зыян келтирилсе.
12. Техникалык диагностикалоо, бузбоочу контроль же бузуучу контроль жүргүзүү техникалык түзүлүштөрдүн абалын баалоо үчүн төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- техникалык түзүлүштүн иштөө мөөнөтү аяктаганы же мындай техникалык түзүлүш өндүрүүчүлөр тарабынан бекитилген ченемден ашыкча иштегени боюнча же техникалык түзүлүштүн техникалык документтештирүүсүндө анын иштөө мөөнөтү туурасында маалымат берилбесе жана ал жыйырма жылдан ашуун иштегени боюнча экспертиза жүргүзүүдө;
- кооптуу өндүрүш аймагында болгон кырсыктан кийин кайра калыбына келтирүү иштери убагында мындай техникалык түзүлүшкө зыян келген учурда экспертиза жүргүзүүдө;
- техникалык түзүлүштү кароодо эксперттер тарабынан конструкциясынын бышыктыгына күмөн жараткан же себеби белгисиз болгон дефект табылса.
13. Ыйгарым укуктуу орган жа эксперттик уюм техникалык диагностика жүргүзүүдө, техникалык түзүлүштөргө бузбай турган контроль же бузган контроль жүргүзүү учурунда жана имараттар менен курулуштарды изилдөөдө бул иштерди аткарууга зарыл болгон жабдыктары бар уюмдарды же адамдарды тартууга укуктуу. Мындай иштер тапшырыкчынын иш эсебинен жүргүзүлөт.
Эгер тапшырыкчынын штатында техникалык диагностика жүргүзүү, техникалык түзүлүштөргө бузбоочу контроль же бузуучу контролду жүргүзүү жана имараттар менен курулуштарды изилдөө боюнча квалификациясы жетиштүү болгон адистери бар болсо, анда бул иштерди аткарууга ал адистерди тартууга жол берилет жана бул адистер жүргүзгөн иштердин натыйжалары экспертиза корутундуларын чыгарууда эске алынат. Муну менен бирге экспертиза корутундусунда тапшырыкчынын адистери тарабынан аткарылган иштердин түрлөрү көрсөтүлүшү керек.
14. Техникалык диагностика жүргүзүү, техникалык түзүлүштөргө бузбоочу контроль же бузуучу контроль жүргүзүү жана имараттар менен курулуштарды изилдөөнүн жыйынтыгы менен техникалык диагностика жүргүзүү, техникалык түзүлүштөргө бузбай турган контроль же бузган контроль жүргүзүү жана имараттар менен курулуштарды изилдөө боюнча адистер тарабынан акт түзүлөт, бул иштерди аткарган уюмдун жетекчиси тарабынан ага кол коюлуп, экспертиза корутундусуна кошо тиркелет.
Тапшырыкчы эксперттерге имараттар менен курулуштардагы жумушчу чөлкөмдөрдө абадагы зыяндуу заттардын курамы жол берилген ченемге ылайык экенин тастыктаган лабораториялык-инструменталдык метод менен изилдөөнүн корутундусун берүүгө милдеттүү.
3. Экспертиза корутундусун тариздөө
15. Экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп корутунду эсептелет, ага экспертиза жүргүзгөн (катышкан) эксперт (эксперттер) кол коёт.
Экспертиза корутундусу жетекчи тарабынан бекитилет, жетекчинин колу жана эксперттик уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
16. Ыйгарым укуктуу орган же эксперттик уюм берилген эксперттик корутундулары эсептөө жана алардын көчүрмөсүн сактоону камсыздайт.
17. Экспертиза корутундусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) эксперттик уюмдун аталышы жана эксперттик корутунду көрсөтүлгөн титулдук барак;
2) киришүү бөлүгү, анын ичине төмөнкүлөр кирет:
- экспертиза жүргүзүүгө негиз;
- эксперттер жөнүндө маалыматтар (билими, адистиги боюнча иш стажы, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын талаптар боюнча билими туурасында аттестация жөнүндө маалымат, квалификациялык аттестатынын номери жана датасы, анын жарактуу мөөнөтү);
- экспертизанын корутундусу тараган экспертиза объектилеринин тизмеси;
- тапшырыкчы туурасында маалыматтар (уюмдун аталышы, уюмдун укуктук-уюшма формасы, жайгашкан дареги);
- экспертиза максаты;
3) экспертизалык обьъекттин кыскача мүнөздөмөсү жана багыты;
4) экспертиза объектисинин өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берээрин баалоого негиз болуп берген өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктук нормативдик актылардын жоболоруна шилтеме кылуу менен, жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары, экспертиза корутундуларынын жыйынтыктары.
18. Экспертиза корутундулары экспертиза объекттин өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берээри туурасында төмөнкү жыйынтыктардын бирин камтыйт:
- “сунуш кылынат” жыйынтык бөлүгү эксперттер тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюуга жол берет, ал кемчиликтерди жоюп жана ал туурасында өнөр коопсуздугу экспертизасына билдирүү керектиги жазылат;
- эксперт “сунуш кылынбайт” жыйынтыгы, кемчиликтер өндүрүштүк объект кырсыкка, инциденттерге, жаракаттанууларга алып келиши мүмкүн болгон учурларда гана жол берилет.
19. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги техникалык түзүлүштөр, имараттар жана курулуштардын экспертизасынын жыйынтыгы менен экспертиза корутундусунда кошумча экспертиза объектисинин абалын баалоо боюнча кошумча аналитикалык жана эсептөө жол-жоболору келтирилет, анда экспертиза объектисинин иштөө мөөнөтүнүн канча калганы, мындан аркы коопсуз эксплуатация мөөнөтү, коопсуз эксплуатация шарттары көрсөтүлөт.
20. Эксперттик уюм тарабынан экспертиза жүргүзүлүүдө экспертизанын корутундусу жанга долбоордун материалдары ыйгарым укуктуу органга берилет, ал берилген долбоордук документтердеги корутундусунда келтирилген маалыматтардын шайкештигин белгилейт. Маалыматтардын шайкештигин белгилөөдө ыйгарым укуктуу орган, каттоо номурларын жата датасын көрсөтүү менен өнөр жай коопсуздуктун корутундулук реестрине киргизет. Экспертизанын корутундусу өнөр жай коопсуздуктун корутундулук реестрине киргизген датадан тартып күчүндө болот.
Экспертизанын корутундулары жана долбоордун материалдары шайкеш келгенбеген учурда эксперттик уюмга кайра кайтарылат.
4. Экспертке коюлуучу талаптар
21. Эксперт болуп төмөнкүлөргө ээ Кыргыз Республикасынын жарандары болушу мүмкүн:
- экспертиза жүргүзүү объектине тийиштүү болгон аттестациялоо жаатындагы жогорку техникалык билимге жана экспертиза боюнча иш тажрыйбага;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, экспертиза жүргүзүлүүчү объекттер менен байланышкан кооптуу өндүрүш объекттеринде өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча техникалык документтерди билүүгө.
Эксперттерди аттестациялоо менен байланышкан ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери мамлекеттик кызматынан кеткен убакыттан тартып бир жыл эксперттик аттестациясын алуу максатында аттестациядан өтүү үчүн ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрыла алышпайт.
22. Экспертке анын менчиги болгон же башка мыйзамдардын негизинде ал уюм менен эмгек мамилеси бар болсо, ал кооптуу өндүрүш объектисине экспертиза жүргүзүүсүнө катышууга тыюу салынат.
23. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өнөр жай коопсуздугунун экспертиза объектилеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарына жооп берээрин материалдарды талдоо жолу менен аныктоо, техникалык түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулуштардын иш жүзүндөгү абалын аныктоо, өнөр жай коопсуздугу экспертизасынын корутундусун даярдоо, өнөр жай коопсуздугу экспертизасын жүргүзгөн уюмдун жетекчисине аны жиберүү;
- экспертиза корутундусунун калыстыгын жана негиздүүлүгүн камсыздоо;
- экспертизага берилген документтердин коопсуздугун жана жашыруундугун камсыздоо.
5. Экспертти аттестациялоо
24. Экспертти аттестациялоо даярдыгынын, тажрыйбасынын, компетенттүүлүгүнүн теориялык жана практикалык жактан жетиштүү экенин текшерүү максатында өткөрүлөт, б.а. тиешелүү эксперттик иштерди аткарууда зарыл болгон адистик билимдери, чеберчилиги текшерилет.
25. Экспертти аттестациялоо, ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлүүчү аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болушу керек.
Экспертке кандидаттын аттестацияланышы жөнүндө чечим аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
26. Экспертти аттестациялоо жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- арыз берүүчү тарабынан экспертке талапкердин аттестациясына арыз берүү жана ага ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык документтер кошо берилет;
- арыздарды анализдөө, тиркелген документтердин толуктугун жана аныктыгын текшерүү, арыз берүүчүгө аттестация өткөрүү мөөнөтү туурасында билдирүү жөнөтүү;
- квалификациялык экзамен алуу, экзамендин жыйынтыгын баалоо;
- аттестация жүргүзүү мүмкүндүгү боюнча чечим кабыл алуу (аттестациядан баш тартуу) жана экспертке талапкерге тиешелүү квалификацияны ыйгаруу;
- экспертке күбөлүк толтуруу, каттоо жана тапшыруу;
- баш тарткан чечим кабыл алынса, арыз берүүчүгө аттестация өткөрүү мүмкүн эместигинин себебин көрсөтүү менен жазуу түрүндөгү билдирүү жөнөтүү;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына аттестациядан өткөн эксперттер туурасында маалыматты жайгаштыруу.
27. Арыз берүүчү экспертке талапкер туурасындагы маалыматтардын аныктыгын документалдуу түрдө тастыктайт.
Эгер жалган маалымат берсе, экспертке талапкер аттестацияга киргизилбейт.
28. Ыйгарым укуктуу орган арызды каттайт, арыз берүүчүгө электрондук кат аркылуу каттоо туурасында билдирет, ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин талапка ылайыктыгын жана толуктугун текшерет.
29. Арыздарды жана аларга кошо тиркелген документтерди талдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардын толуктугун жана мазмунун текшерүү максатында жүргүзүлөт.
Документтерди кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпашы керек.
30. Квалификациялык экзамен төмөнкүдөй эки бөлүктөн турат:
I бөлүк – жалпы жазма түрүндө;
II бөлүк – атайын жазма түрүндө.
Экзамендин бардык бөлүктөрү бир убакытта өткөрүлөт.
31. Жалпы жазма түрүндөгү экзамен (I бөлүк) өз ичине укуктук ченемдик актылар боюнча билимге талапты, эксперттик кортундунун мазмуну жана курамына карата негизги талаптарды камтыйт.
32. Атайын жазма түрүндөгү экзамен (II бөлүк) аттестациянын арыз берилген тармагына ылайык иштин объекттери жана (же) түрлөрү боюнча техникалык жана методикалык документтери боюнча суроолорду камтыйт.
33. Экзамендин билеттери кеминде 5 жана 10дон көп эмес арыз берилген аттестация тармагына ылайык суроолордон турат.
Экзамендин билеттеринин суроолору экзамендин суроолору боюнча китепчеден атайын эмес негизде тандалып алынат.
Экзамендин суроолору боюнча китепче атайын укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Экзамендин суроолору боюнча китепчелер эксперттердин ишинин спецификасын толук камтышы керек жана экспертке талапкердин компетенттүүлүгүн баалоого мүмкүнчүлүк берген суроолор кириши керек.
34. Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча атайын укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык протокол түзүлөт (экспертке талапкер берген квалификациялык экзамендин жыйынтыгы көрсөтүлөт). Экспертке талапкерлерге экзамендин жыйынтыгы менен кол коюу аркылуу таныштырылат.
35. Талапкер квалификациялык экзаменден өттү деп, экзамендин ар бир бөлүгүнөн кеминде 66% баа алса эсептелет.
36. Экспертке талапкер квалификациялык экзаменден өтпөй калса (66% суроолордон азына жооп берсе) кайра экзамен берүүгө 3 айдан кем эмес убакыттан кийин гана жол берилет.
37. Аттестацияга киргизүү мүмкүнчүлүгү туурасындагы чечим (аттестациялоодон баш тартуу) жана талапкерге тиешелүү квалификация ыйгаруу, атайын укуктуу органдын аттестациялык комиссиясы тарабынан квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын талдоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча эксперттерге коюлган талаптарга ылайык берилген документтерди кароонун негизинде эксперттин квалификациясын баалоого таянуу менен ишке ашат.
38. Аттестациялык комиссиянын жыйындарынын жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык протоколдо көрсөтүлөт.
39. Аттестациялык комиссиянын оң чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аттестациялык комиссиянын отурумунун протолуна кол коюлгандан тартып беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык квалификацияланган аттестатты тариздейт, анда аттестация тармагы көрсөтүлөт жана экспертизалык объект (объекттери) боюнча өнөр жайлык коопсуздук тармагындагы тийиштүү квалификация (эксперт) ыйгарылат.
Квалификациялык аттестат 3 жыл колдонулат.
40. Аттестацияланган эксперттер жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында дайыма жаңыланып турат.
41. Аттестациялык комиссия тарабынан аттестация берүүдөн баш тартуу чечими ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык таризделет.
42. Экспертке талапкерлер квалификациялык аттестаттын иштөө мөөнөтү бүтө электе кошумча тармак боюнча аттестациядан өтсө, аларга жаңы өзүнчө номери бар квалификациялык аттестат берилет.
43. Мөөнөтү бүтө элек квалификациялык аттестатын жоготуп же бузуп алса, ыйгарым укуктуу орган аттестациядан өткөн эксперттин арызы боюнча «Дубликат» деген белгиси менен жаңы аттестат берет.
44. Кайрадан аттестациялоодо (аттестаттын жарактуу мөнөтү бүткөндөн кийин) эксперт ушул главада бекитилген тартипте аттестациядан өтөт.
45. Кайра аттестациядан өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган экспертке 3 жылга чейинки мөөнөт менен жаңы аттестат берет.
46. Квалификациялык аттестат мөөнөтү бүткөндө өз күчүн жоготот. Квалификациялык аттестат мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
- эскперттин аттестация тармагына байланыштуу мыйзам бузуу фактылары бар болсо, өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптар эске алынбай калса же жалган маалымат берилсе;
- квалификациялык аттестаты жайылтылган тармагындагы эксперттин жумушунда маанилүү тыныгуу (бир жылдан ашуун) аныкталган.
47. Квалификациялык аттестатты колдонууну мөөнөтүнөн эрте токтотуу чечими аттестациялык комиссия тарабынан төмөнкү учурларда документтерди карап чыккандан кийин кабыл алынат:
- квалификациялык аттестаттан ыктыярдуу баш тартылса;
- өнөр жай коопсуздугу экспертизасын жүргүзүү боюнча иш алып барууга медициналык жактан тыюу салуулар болсо;
- соттун айыптоо чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;
- эксперт бир жылдан ашуун убакыт бою экспертиза жүргүзүүгө тартылбаса.
48. Квалификациялык аттестатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечим экспертке жөнөтүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жарыяланат.
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
Форма
АРЫЗ
__________________________________________________________
(арыз берүүчүнүн аты-жөнү)
__________________________________________________________
(юридикалык дареги, почта дареги, телефон, факс, е-mail)
Экспертизанын төмөндөгү объекттери боюнча өнөр жай коопсуздугу тармагындагы эксперттик квалификациясын алуу үчүн аттестация өткөрүүнү
________________________________________________________________
(атайын укуктуу органдын аталышы)
өтүнөт.
Туулган күнү ___________жеке жактын ИСН ________________________
________________________________________________________________
(паспорттук маалыматтары: паспорттун № жана сериясы, ким жана качан берген; жашаган жери)
Тиркеме:
- билимин тастыктаган документтердин көчүрмөсү, эгер бар болсо илимий даражасын тастыктаган документтердин көчүрмөсү, аттестаттардын, сертификаттардын, күбөлүктөрдүн, дипломдордун көчүрмөсү;
- арыз берилген аттестация тармагына ылайык адистигин тастыктаган иш тажрыйбасы жөнүндө маалымкат (эмгек китепчесинин көчүрмөсү);
- эки түстүү сүрөт (3х4 см).
________________________
(арыз берүүчүнүн колу)
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Форма
Экзамендик комиссиянын жыйынынын
№ ____________ протоколу
_______________________________________________________________
(атайын укуктуу органдын аталышы)
____________
(дата)
Комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:
Комиссиянын мүчөлөрү:
(тармактык спецификаны көрсөтүү, мисалы: мунай жана газ өнөр жайы)
шайкештикти баалоону (шайкештикти баалоо түрүн көрсөтүү керек) экспертке талапкерлер арасында квалификациялык экзамен өткөрдү.
№ | Экспертке талапкер-дин аты-жөнү | Кыз-маты | Уюму | Аттеста-ция тармагы | Квалификация деңгээли (эксперт/ жогорку квалификация-дагы эксперт) | Экзамен-дин жыйынтыгы (өттү/ өткөн жок) | Жыйын-тыгы менен тааныш-тырыл-ды |
|
|
|
|
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасы _______________________________________
(колу)
Комиссия мүчөлөрү ______________________________________
(колу)
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме
Форма
Аттестациялык комиссиянын жыйынынын
№_______________ протоколу
____________________________________________________________
(атайын укуктуу органдын аталышы)
____________
(дата)
Комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:
Комиссиянын мүчөлөрү:
(тармактык спецификаны көрсөтүү, маселен, мунай же газ өнөр жайы)
шайкештикти баалоочу (шайкештикти баалоо түрүн көрсөтүү керек) экспертке талапкерлердин шайкештигин баалады.
№ | Экспертке талапкердин аты-жөнү | Кызматы | Уюму | Аттестация тармагы | Квалификация деңгээли (эксперт/жогорку квалификациядагы эксперт) | Күбөлү-гүнүн № |
|
|
|
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасы _______________________________________
(колу)
Комиссия мүчөлөрү ______________________________________
(колу)
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме
Форма
(сырткы бети)
Өнөр жай коопсуздугу тармагындагы шайкештикти баалоо
__________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
№ ХХXХ
Эксперттин квалификациялык аттестаты
(жогорку квалификациядагы эксперттин)
№ХХХХ
Сүрөт _______________________________
(фамилиясы)
Голограмма _______________________________
(аты)
_______________________________
(атасынын аты)
_______________________________
эксперттин ИСН
(арткы бети)
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык аттестациядан өткөрүлдү
________________________________________________________________
(шайкештикти баалоо түрү жана тармактык адистиги көрсөтүлөт)
№ _____ квалификациялык аттестаттын колдонуу мөөнөтү (20___-ж. “___” _______ № _______ ) протоколго ылайык 20___-ж. “___” _______ чейин.
Аттестация тармагы: ___________________________________________
(аттестация тармагы көрсөтүлөт)
Аттестациялык комиссиянын төрагасы _________________ ____________
(аты-жөнү) (колу)
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси _________________ ____________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
Форма
Аттестациялоодон баш тартуу чечими
Аттестациялык комиссия _________________________________________
________________________________________________________________,
(аттестация боюнча органдын аталышы)
квалификациялык экзаменден өтүү жыйынтыгына анализ жүргүзүп жана экспертке талапкер тарабынан берилген квалификациялык документтердин курамын жана толуктугун карап чыкты
________________________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
________________________________________________________________,
(уюм, шаар)
________________________________________________________________,
(арыз берилген аттестация тармагы)
бекитилген талаптарга ылайыктыгы боюнча.
Аттестациялык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы:
№ | Экспертке талапкерди аттестациялоодо коюлган талаптар | Шайкештигин баалоо | Эскертүү | |
Ооба | Жок | |||
|
|
|
|
|
Комиссия чечти: жүргүзүлгөн талдоонун негизинде баш тартылат
________________________________________________________________,
(экспертке талапкердин аты-жөнү)
төмөндөгү объекттер боюнча өнөр жай коопсуздугу тармагындагы экспертиза жүргүзүү боюнча тийиштүү квалификацияны алууда__________________________________________________________,
(арыз берилген аттестация тармагы)
Аттестациялык комиссиянын төрагасы ___________________________
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси ____________________________
Дата _________________