Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 7-июлу № 177-Б
Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу
Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыздоо жана коргоо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди курууда жана пайдаланууда пайда болгон кооптуу жана зыяндуу факторлордон коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-мартындагы № 115 токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобо № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө жөнүндө жобо № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына көчүрмөсү маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 29-майындагы № 01-7/253 жана 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 01-7/202 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 7-июлунда mnr.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу |
Т.С. Салыков |