Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2023-жылдын 15-августундагы № 3-Б
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын “06”августу №3ДП буйругу менен бекитилди |
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобо
Жалпы жоболор
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо тартибин жөнгө салат.
Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
апелляциялык комиссия - квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын апелляциялоо жөнүндө талапкердин (талапкерлердин) арызын (арыздарын) кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) буйругу менен түзүлгөн комиссия;
квалификациялык экзамен - ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин билим деңгээлин баалоо үчүн өткөрүлгɵн экзамен;
талапкер - квалификациялык экзаменге катышууну каалаган жана ички аудитордун сертификатын алуу укугуна талапкер Кыргыз Республикасынын жараны;
квалификациялык экзамендин программасы - ички аудитордун сертификатын алууга талапкерлердин билим деңгээлин ырастоо үчүн талап кылынган темаларынын бөлүмдөргө топтоштурулган жыйындысы;
сертификациялоо - талапкерлерди даярдоо, ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин билим деңгээлин баалоо жана ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу процесси;
ички аудитордун квалификациялык сертификаты - Финансы министрлиги тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ;
экзамендик комиссия - талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүү үчүн Финансы министрлигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия.
Талапкерлерди даярдоону уюштуруу
Талапкерлердин квалификациялык экзаменден өтүүсү үчүн, Финансы министрлиги квалификациялык экзамендин программасы (мындан ары - Программа) боюнча алар окууну өтүүсүн уюштурат.
Программа 100 академиялык саат көлөмүндөгү окутуу курсун камтыйт, ал Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Программа ички аудит, ички контролдоо, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүлөрүнө ылайык кайра каралат.
Программа төмөнкү элементтерди камтыйт:
ички аудит, ички контролдоо, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы темалардын аталышы;
лекциялык жана практикалык сааттарга бөлүү менен темалар боюнча окутууну ɵткɵрүүгɵ зарыл болгон убакыт көлөмү;
ченемдик укуктук актылардын жана сунушталган адабияттын тизмеси.
Талапкерлерди программа боюнча окутуу билим берүү ишине лицензиясы бар жеке жак (жактар) же/жана юридикалык жак (жактар) (мындан ары – окутуучулар) тарабынан жүргүзүлөт.
Квалификациялык экзаменди өткөрүүнү уюштуруу
Талапкерлерден документтерди кабыл алуу экзамендик комиссия тарабынан календардык жыл ичинде жүргүзүлөт. Документтер он бештен кем эмес талапкерден келип тушкɵндɵ, алардын соттуулугунун жоктугун күбөлөндүргөн документтерди алгандан кийин экзамендик комиссия тарабынан каралат.
Талапкердин ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келүүсүн жана ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык берилген документтерди карап чыгып, экзамендик комиссия квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүү, же квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүүдɵн баш тартуу жɵнүндɵ чечим кабыл алат.
Квалификациялык экзаменге ондон кем эмес талапкерди киргизүүгɵ уруксаат берүү жɵнүндɵ чечим кабыл алынса, экзамендик комиссия квалификациялык экзаменди өткөрүү датасын жана убактысын аныктайт. Квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы жана убактысы жɵнүндɵ маалымат, квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берилген талапкерлердин тизмеси Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат. Мындан тышкары, квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берилген талапкерлер квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө арызында (ушул Жобонун 1-тиркемеси) кɵрсɵтүлгɵн телефон же электрондук почта аркылуу квалификациялык экзамен башталганга чейин беш жумуш күнүнөн кечиктирилбестен эскертилишет.
Квалификациялык экзамен ушул Жобонун 7-бөлүмүнө ылайык экзамендик комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө экзамендик комиссиянын чечими ушул Жобонун 36-пунктусуна ылайык таризделет. Талапкерлер протокол кол коюлган күндɵн тартып беш жумуш күнүнɵн кечиктирилбестен экзамендик комиссиянын протоколунун кɵчүрмɵсүн электрондук почтага жиберүү менен квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жɵнүндɵ маалымданат.
Талапкерлерге ички аудитордун квалификациялык сертификаты ушул Жобонун 39-пунктусуна ылайык берилет.
4.Талапкерлерге карата талаптар
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү үчүн талапкерлер төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
жогорку экономикалык билими жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысы же башка (экономикалык эмес) жогорку билими жана экономикалык адистик боюнча үч жылдык иш стажысы болушу;
соттуулугу жок, белгиленген мыйзам тартипте соттуулугу алынып салынган же жоюлган.
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү тартиби
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди Финансы министрлигине беришет:
квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө арыз;
паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы квалификациялык экзаменди тапшыруунун алдында кɵрсɵтүлɵт);
жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемеси менен (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
3x4 өлчөмүндөгү эки фото сүрөт.
Баардык документтер папкага көктөлүшү керек жана анын алгачкы бетинде талапкердин аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш.
Финансы министрлигине берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик талапкерлерге жүктөлөт.
Талапкердин соттуулугунун жоктугун күбөлөндүргөн документ мыйзамдарда белгиленген тартипте Финансы министрлиги тарабынан суралат.
Калификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берилген талапкерлердин тизмеси Финансы министри тарабынан бекитилет.
Квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүүдɵн баш тартуу үчүн негиз
Квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүүдɵн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат:
талапкер берген документтерден жалган жана чындыкка туура келбеген маалыматтар табылса;
ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык документтердин толук пакети берилбесе;
мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып ташталбаган атайын жасаган кылмышы үчүн соттуулугу болсо.
Квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби
Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө формасында экзамендик тапшырмаларды аткаруудан турат. Квалификациялык экзамен, тестирлөө өткөрүү үчүн бөлүнгөн, атайын жабдылган Финансы министрлигинин Окуу борборунун кабинетинде өткөрүлөт.
Талапкерлер квалификациялык экзаменге паспортту көрсөткөн учурда гана киргизилет.
Экзамендик тапшырмалар Программага ылайык иштелип чыгат жана Финансы министрлиги тарабынан бекитилет. Ченемдик укуктук актылардын жана Программанын темалары боюнча сунушталган адабияттын тизмеси Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
Экзамендик тапшырмалар ар бир талапкер үчүн кокусунан тандоо методу менен компьютердик программа аркылуу тандалат.
Экзамендик тапшырмалар 100 суроодон турат жана төмөндɵгү модулдардын суроолорун камтыйт:
1-модуль: ички контролдоо жана ички аудит боюнча ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүн камтыйт (экзамендик тапшырмалардын 70 %);
2-модуль: бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүн камтыйт (экзамендик тапшырмалардын 30%).
Экзамендик тапшырмалар алардын татаалдык деӊгээлдери боюнча бөлүнөт жана жооптордун бир нече варианттарын камтыйт, алардын ичинен бир гана варианты туура болот.
Квалификациялык экзамендин узактыгы 3 сааттан ашпайт. Кечиккен талапкерлер квалификациялык экзаменге киргизилбейт.
Квалификациялык экзаменди жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыздоо максатында видеобайкоо жүргүзүлөт.
Квалификациялык экзаменге келбей калуусу документ менен негизделген себептери бар (ооруп калуу, кызматтык иш сапар) талапкерлер, квалификациялык экзамен башталга бир жумуш күнүнɵн кечиктирилбестен бул жөнүндө экзамендик комиссиянын жооптуу катчысына билдирүүгө тийиш. Экзамендик комиссиянын чечими боюнча мындай учурда талапкердин квалификациялык экзамен ɵтүүсү анын жазуу жүзүндө арызынын негизинде башка мөөнөткө жылдырылат.
Квалификациялык экзаменге келбеген учурда квалификациялык экзаменге кайрадан киргизүүгɵ уруксаат берүү жөнүндө чечим талапкердин арызы боюнча экзамендик комиссия тарабынан кабыл алынат.
Квалификациялык экзамен башталардан алдында экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы:
талапкерлерди каттайт жана квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берилген талапкерлердин тизмесинде көрсөтүлгөн маалыматтар менен паспорттогу маалыматтарды салыштырат;
талапкерлерге квалификациялык экзаменди өтүү эрежелери жөнүндө эскертмени берет;
компьютердик программага кирүү үчүн талапкерлерге жеке паролдорду берет;
квалификациялык экзамендин башталганын жарыялайт.
Квалификациялык экзаменди тапшыруу учурунда талапкерлерге тыюу салынат:
ченемдик укуктук актыларды, маалыматтык жана атайын адабияттарды, ошондой эле уюлдук байланыш каражаттарын (мобилдик телефондор өчүрүлүүгө тийиш) жана башка байланыш каражаттарын пайдаланууга;
экзамендик тапшырманы жана анын жоопторунун варианттарын компьютердин мониторунан көчүрүп жазууга, көчүрмөлөрүн алууга, сүрөткө тартууга;
ордунан турууга, орун алмаштырууга, жайдан чыгууга, үн чыгарып окууга, башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө, буюмдарды алмашууга тыюу салынат.
Талапкер ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда, ал квалификациялык экзаменди ɵтүүдɵн, экзамендик комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлган четтетүү жөнүндө протокол түзүү менен четтетилет.
Экзамендик тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн убакыт аяктаганда компьютердик программа өзү токтоп, монитордун экранына жооптордун жыйынтыгын чыгарат жана квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчетту (ушул Жобонун 2-тиркемеси) чыгарат.
Эгерде квалификациялык экзаменди ɵткɵрүүдɵ талапкерлердин тестирлөөнү аяктоосуна тоскоолдук жараткан компьютердик техниканын иши техникалык үзгүлтүккө учураса же башка кырдаал (форс-мажор) пайда болсо, анда экзамендик комиссия квалификациялык экзаменди өткөрүү датасын башка датага, бирок мурда белгиленген датадан кийинки беш жумуш күнүнɵн кеч эмес, датага жылдырууга укуктуу.
Квалификациялык экзамен аяктаганда талапкерлер квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчетко кол коюга жана экзамендик комиссиянын жооптуу катчысына берүүгө тийиш. Экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы экзамендик комиссияга талапкердин квалификациялык экзамен өткөндүгү жөнүндө отчетун берет.
Квалификациялык экзамендин натыйжалары
Квалификациялык экзамен 100 баалдан 75 жана андан жогору балл алганда ийгиликтүү өттү деп эсептелет.
Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары экзамендик комиссиянын жыйынынын квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган, квалификациялык экзаменди тапшыра албай калган жана квалификациялык экзаменге келбеген талапкерлер жөнүндө маалыматты камтыган протоколу менен таризделет.
Экзамендик комиссиянын жыйынынын протоколунун негизинде, ага кол коюлган күндɵн тартып беш жумуш күнүнɵн кечиктирилбестен, ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө Финансы министрлигинин буйругу чыгарылат. Ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйрук Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
Квалификациялык экзаменге катышуу үчүн Финансы министрлигине берилген документтер, талапкерлерге кайра кайтарылбайт. Аталган документтер, квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчет, экзамендик комиссиянын жыйынынын квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө протоколу жана экзамендик тапшырмалар Финансы министрлигинде үч жылга чейин сакталат, бул мɵɵнɵт ɵткɵндɵн кийин белгиленген тартипте жок кылынат.
Ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, жарактуулук мөөнөтү, жокко чыгаруу жана токтотуу
Ички аудитордун квалификациялык сертификаты Финансы министрлигинин ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйругу кабыл алынган жана ички аудитордун берилген сертификаттарынын реестрине жазуулар (ушул Жобонун 3-тиркемеси) киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде берилет. Финансы министрлиги өзүнүн сайтында берилген, жокко чыгарылган жана токтотулган ички аудитордун квалификациялык сертификаттары жөнүндө маалыматты жарыялайт жана жаӊылайт.
Финансы министрлиги тарабынан бекитилген ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу программасы (мындан ары - квалификацияны жогорулатуу Программасы) боюнча окууну жыл сайын өтүп туруу шартында, ички аудитордун квалификациялык сертификаттын жарактуулук мөөнөтү чектелбейт.
Ички аудитордун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруунун негизи болуп саналат:
квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүү үчүн берилген жалган документтерди пайдалануу фактысы аныкталышы;
ушул Жобонун 46-пунктунун талаптарын сакталбашы.
Ички аудитордун квалификациялык сертификаттын токтотуунун негизи болуп соттуулугу жоюлган же алынып салынган учурга чейин соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши саналат.
Ички аудитордун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруу жана токтотуу чечими экзамендик комиссия тарабынан кабыл алынат, Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилет жана анын сайтына жайгаштырылат.
Квалификациялык сертификаты жокко чыгарылган ички аудитор ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келсе, квалификациялык экзаменди кайрадан тапшыруу укугуна ээ болот.
Жеке маалыматтарды (аты-жөнүн) өзгөрткөн, ички аудитордун квалификациялык сертификаты жоголуп кеткен, жарактан чыгып калган учурларда ички аудитордун суроо-талабы жана экзамендик комиссиянын чечими боюнча Финансы министрлиги ички аудитордун квалификациялык сертификатынын дубликатын берет.
Ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу
Ички аудитордун квалификациялык сертификаты бар ар бир ички аудитор ички аудитордун квалификациялык сертификатын алган жылдан кийинки жылдан тартып ар бир календардык жылдын ичинде квалификацияны жогорулатуу Программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
Квалификацияны жогорулатуу Программасы жылына 40 академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү окуу курсун камтыйт.
Квалификацияны жогорулатуу Программасы төмөнкү элементтерди камтыйт:
темалардын аталышын жана ар бир тема боюнча каралган суроолордун тизмеси;
лекциялык жана практикалык сааттарга бөлүү менен темалар боюнча окутууну ɵткɵрүүгɵ зарыл болгон убакыт көлөмү;
ченемдик укуктук актылардын жана сунушталган адабияттын тизмеси.
Квалификацияны жогорулатуу Программасы ички аудит, ички контролдоо, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жыл сайын кайра каралат.
Кийинки жылга квалификацияны жогорулатуу Программасы кийинки жылдын 1-январынан кечиктирилбестен бекитилет жана Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
Квалификацияны жогорулатуу Программасы боюнча ички аудиторлорду окутуу окутуучулар тарабынан жүргүзүлөт.
Квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгүн тастыктоочу документ ички аудитор тарабынан кийинки жылдын 1-февралынан кеч эмес Финансы министрлигине берилет.
Ички аудитор тарабынан Финансы министрлигине берилген документтердин негизинде, ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатууну эсепке алуу журналына жазуу жүргүзүлɵт (ушул Жобонун 4-тиркемеси)
Экзамендик комиссия
Финансы министрлиги тарабынан экзамендик комиссия бир жылга түзүлөт жана анын жеке курамы бекитилет, ал өз ишин ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
Экзамендик комиссия жети мүчөдөн турат. Экзамендик комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары жана анын жооптуу катчысы Финансы министрлигинин кызмат адамдарынын ичинен дайындалат. Экзамендик комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча билими бар адамдар болууга тийиш.
Экзамендик комиссиянын ишин жетектөөнү экзамендик комиссиянын төрагасы ишке ашырат, ал эми төрага жок учурда анын милдетин аткаруу төраганын орун басарына жүктөлөт.
Экзамендик комиссиянын жыйыны, анда экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышкан учурда, ыйгарым укуктуу болуп саналат. Чечимдер экзамендик комиссиянын жыйынында катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда экзамендик комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Экзамендик комиссиянын жыйыны жана анда кабыл алынган чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөр кол койгон протоколдор менен таризделет. Протокол экзамендик комиссиянын жыйыны ɵткɵрүлгɵн күндɵн тартып беш жумуш күнүнɵн кечиктирилбестен түзүлɵт.
Экзамендик комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтери кабыл алат, карап чыгат;
квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүү, же квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берүүдɵн баш тартуу жɵнүндɵ чечим кабыл алат;
экзамендик тапшырмаларды жактырат;
квалификациялык экзаменди өткөрүү датасын жана убактысын аныктайт;
квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берилген талапкерлерди квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы жана убактысы жɵнүндɵ эскертет;
квалификациялык экзаменди өткөрɵт;
квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын карап чыгат;
талапкерлердин квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшыргандыгы же квалификациялык экзаменди тапшыра албай калгандыгы тууралуу чечим кабыл алат;
квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жɵнүндɵ талапкерлерге маалымдайт;
талапкерлердин документтеринин жана экзамендик документтердин эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат;
берилген ички аудиторлордун квалификациялык сертификатынын реестрин жүргүзɵт;
Ички аудиторлодун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруу жана токтотуу тууралуу чечим кабыл алат.
Экзамендик комиссиянын мүчɵлɵрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Программанын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгɵ;
2) экзамендик тапшырмаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгɵ;
3) квалификациялык экзаменге катышууга.
Экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө арызды ушул Жобонун 14-пунктунда кɵрсɵтүлгɵн документтер менен талапкерлерден кабыл алат жана каттоо жүргүзɵт;
квалификациялык экзаменден өтүү үчүн документтерди берген талапкерлердин тизмесин түзөт;
квалификациялык экзамендин жыйынын протоколун түзөт;
квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берилген талапкердин тизмесин түзөт;
квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксаат берилген талапкерлерди квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы жана убактысы жɵнүндɵ эскертет;
квалификациялык экзаменге катышат;
квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жɵнүндɵ талапкерлерге маалымдайт;
талапкерлердин документтеринин жана экзамендик документтердин эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат;
берилген ички аудиторлордун квалификациялык сертификатынын реестрин жүргүзɵт;
квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берилген талапкердин тизмесин, квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы жана убактысы, квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын, берилген, жокко чыгарылган жана токтотулган ички аудитордун квалификациялык сертификаттары жөнүндө маалыматты Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырат.
Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү өз функцияларын аткарууда жашырындуулукту сактоого тийиш. Экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгууга, кароого жана бекитүүгө байланышкан маалыматтардын жашырындуулугу бул процесттин бардык катышуучулары тарабынан камсыздалууга тийиш.
12.Апелляциялык комиссия
Талапкер экзамендик комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда квалификациялык экзамендин жыйнтыктары жарыяланган күндɵн тартып он жумуш күнүнүн ичинде квалификациялык экзамендин жыйынтыктары боюнча апелляция жөнүндө арызды берүүгɵ укуктуу. Апелляция жөнүндө арыз далилдүү жана негизделген болушу керек.
Апелляция жөнүндө арызды (арыздарды) кароо үчүн Финансы министрлигинин буйругу менен апелляциялык комиссия бир календардык жылга түзүлөт жана анын жеке курамы бекитилет. Апелляциялык комиссия төраганы жана жооптуу катчыны кошкондо беш мүчөдөн кем болбошу керек. Апелляциялык комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы Финансы министрлигинин кызматтык адамдарынын ичинен дайындалат. Апелляциялык комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын маселелери боюнча билими бар адамдар болушу керек.
Апелляциялык комиссиянын ишин жетектөөнү апелляциялык комиссиянын төрагасы ишке ашырат.
Аппеляциялык комиссиянын жыйыны анын жарымынан кем эмес мүчөсүнүн жана аппеляция жөнүндө арыз берген талапкердин катышуусунда өтөт. Аппеляциялык комиссиянын жыйыны өтүүчү күнү жана убактысы, жыйын ɵтүүчү күнгɵ чейин үч жумуш күнүнөн кечиктирилбестен аппеляция жөнүндө арызды берген талапкерге, квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө арызында кɵрсɵтүлгɵн телефон же электрондук почта аркылуу эскертилет. Алдыда боло турган аппеляциялык комиссиянын жыйыны жөнүндө тийиштүү түрдө кабарланган талапкер келбесе, чечим ал жок учурда кабыл алынышы мүмкүн.
Даттанууларды кароонун жыйынтыктары боюнча аппеляциялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде мындай даттанууда көрсөтүлгөн бузуулар аныкталбаган учурда, аны негизсиз деп таануу менен даттанууну канааттандыруудан баш тартууга;
2) эгерде мындай даттанууда көрсөтүлгөн бардык бузуулар аныкталган учурда экзамендик комиссияга алар тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу/кайра кароо жөнүндө билдирүүнү жиберүү менен даттанууну канааттандырууга.
Аппеляциялык комиссиянын чечими ага катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Апелляциялык комиссия апелляция жөнүндө арызды бир айдын ичинде кароого милдеттүү. Аппеляциялык комиссиянын жыйыны жана анда кабыл алынган чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөр кол койгон протоколдор менен таризделет. Протокол аппеляциялык комиссиянын жыйыны ɵткɵрүлгɵн күндɵн тартып беш жумуш күнүнɵн кечиктирилбестен түзүлɵт. Апелляцияны кароонун жыйынтыктары талапкерге беш жумуш күнүнүн ичинде, квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө арызында кɵрсɵтүлгɵн телефон же электрондук почта аркылуу маалымдалат. Экзамендик комиссиянын чечимин кайрадан аппеляциялоо жаңы ачылган кырдаалдар боюнча каралалат.
Окутуучулардын ишин уюштуруу
Окутууну жүргүзүү максатында окутуучулар Финансы министрлигине ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык маалыматты билим берүү ишине лицензиясынын көчүрмөсүн тиркөө менен беришет. Окутуучулардын тизмеси Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
Окутуучулар талапкерлерди жана ички аудиторлорду окутууну Программага жана квалификацияны жогорулатуу Программасына ылайык аудиториялык жана/же дистанциялык формада уюштурууга тийиш.
Окутуучуларга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит кызматтарынын адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстары үчүн акы бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөнөт. Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит кызматтарынын адистери эмес талапкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстары үчүн акы алардын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Окутуучулар курс аяктаганда окуудан өткөндүгүн тастыктаган документти берүүгө тийиш. Окутуу аяктагандан кийин окутуучулар, беш жумуш күнүнөн кечикитирилбестен, ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөндүгү жөнүндө маалыматты (ушул Жобонун 6-тиркемеси) Финансы министрлигине бериши керек.
Финансы министрлиги ички аудитордун квалификациясын жогорулатуу курсун өткөндүгү жөнүндө маалыматтардын туура эместиги аныкталган учурда, ички аудитордун квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти берүү жөнүндө окутуучунун чечимин жокко чыгарууга укугу бар.
Финансы министрлиги окутуучулар тарабынан окутуунун сапатын сурамжылоо методу (анкета толтуруу, оозеки суроо, окутуу курсуна катышуу) аркылуу баалайт. Окутууну өткөрүүдө кемчиликтер бар болсо, окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн кɵрсɵтүү менен берилет. Окутуунун сапатын баалоонун жыйынтыктары жана берилген сунуштар окутуучу менен талкууланат. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча баалоону аяктаган күндɵн тартып беш жумушчу күнүнɵн кечиктирилбестен протокол түзүлɵт. Белгиленген мөөнөттө сунуштар аткарбаган учурда, окутуучунун атын көрсөтүү менен окутууну ɵткɵрүүдөгү кемчиликтер жөнүндө маалымат сунуштарды ишке ашыруунун мɵɵнɵтү аяктагандан кийин Финансы министрлигинин сайтында жайгаштырылат.
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобого 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ____________________________ __________________________ден (талапкердин аты-жөнү, иштеген жери, ээлеген кызматы) |
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксаат берүү жөнүндө
АРЫЗ
Сизден ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна ээ болуу үчүн квалификациялык экзаменге кирүүгɵ уруксат берүүӊүздү өтүнөм.
Бул арызга тиркелет:
паспорттун көчүрмөсү;
жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемелери менен (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
3x4 өлчөмүндөгү эки фотокарточка .
Менин байланыш маалыматтарым: тел. _____________;
электрондук почта _____________________ .
|
|
Колу: |
|
|
|
|
| Датасы: |
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобого 2-тиркеме |
Квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчет
Аты-жөнү
| Туура жооптордун саны | Туура эмес жооптордун саны | Датасы | Колдонулган убакыт | Өткөн тапшырмалар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Талапкердин колу _______________
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобого 3-тиркеме |
Берилген ички аудитордун квалификациялык сертификаттарынын реестри
Каттоо № | Аты-жөнү
| Паспорттун маалыматтары | Финансы министрлигинин буйругунун номери жана датасы
| Ички аудитордун квалификациялык сертификатынын сериясынын аталышы жана типографиялык номери | Алган датасы | Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алган адамдын колу | Квалификациялык сертификатын жокко чыгаруу жана токтотуу жөнүндө маалымат | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобого 4-тиркеме |
Ички аудитордун квалификациясын жогорулатууну эсепке алуу журналы
№ | Аты-жөнү
| Берилген документтин номери | Академиялык сааттардын саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобого 5-тиркеме |
Окутуучу адам жөнүндө маалымат
Юридикалык жактын аталышы ____________________________________________
Юридикалык жактын дареги ______________________________________________
Окутууну өткөрүү орду___________________________________________________
Телефон:_________________________________________________________________
Факс:____________________________________________________________________
Эл. почта: _______________________________________________________________
Вебсайт__________________________________________________________________
Байланышуучу адамдын аты-жөнү ___________________________________________
Байланышуучу адамдын телефондору ______________________________________
Билим берүү ишине лицензиянын номери жана датасы ________________________
Билим берүү ишине лицензиясынын көчүрмөсүн тиркелет
Жетекчинин колу
Мөөрү
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобого 6-тиркеме |
Ички аудитордун квалификцияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө маалымат
№ | Аты-жөнү
| Берилген документтин номери | Окуудан өткөн мезгили | Академиялык сааттардын саны | ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
Дата Окутуучу жетекчинин колу Мөөрү
|
|
|
| |||