Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2023-жылдын 15-августундагы № 3-Б
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 06-августу № 3-ДП
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Ички аудит боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда ички аудиторлорду квалификациялык сертификациялоо системасын ишке киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүн, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 157-Б “Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясынын башкармалыгы:
1) бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жɵнɵтсүн;
3) бул буйрукту күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жɵнɵтсүн.
4. Коомчулук менен байланышуу сектору бул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.
Министр | А. Касымалиев |