Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 15-августу № 3-Б
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда ички аудит боюнча ченемдик укуктук базаны жана ички аудиторлорду квалификациялык сертификациялоо системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүн, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-августундагы №3-ЫУ “Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-августундагы № 66 (3515) саны менен жарыяланды
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.О.Даникеевге жүктөлсүн.
Министри | А.К.Бакетаев |