Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2018-жылдын 31-декабры № 33-нпа
Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу”бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоодо жана ал жерлерде курууда имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Бекитилсин:
- тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери;
- 2018-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту (мындар ары – КР УИА СИ) тарабынан иштелип чыккан Ысык-Ата жер жаракасынын тилкесиндеги калдык өзгүрүүлөрдүн пайда болушунун натыйжасында эң бийик ылдамдануулардын (PGA) картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Ысык-Ата активдүү жер жаракасынын чегиндеги жер бетинин селкинүү күчтөрдүн (интенсивдүүлүк) балл менен көрсөтүлгөн тилкелердин картасы.
2. КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери 2019-жылдын 1-мартынан тартып ишке киргизилип, КР КЧ 31-02:2008 “Бишкектеги Ысыката жер жаракасынын аймагында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери менен катар жарыш түрдө иштээри аныкталсын.
3. 2020-жылдын 2-мартынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
- КР КЧ 31-02:2008 “Бишкектеги Ысыката жер жаракасынын аймагында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери;
- 2018-жылга чейин күчүндө болгон Ысыката жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын аймагынын бөлүмдөрүнүн карта-схемасы.
4. 2020-жылдын 2-мартына чейин жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары – ЖТТКжИДМИ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мында ары- Мамкурулуш) алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти менен биргеликте курулуш конструкцияларын эсептөө үчүн КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдеринин эсептик жоболорун Кыргыз Республикасында актуалдуу болгон программалык комплекстерге киргизүү боюнча иш алып барсын.
5. Мамкурулуштун алдындагы ЖТТКжИДМИ тарабынан:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чаралар көрүлсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук акттар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул буйрук 2019-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Статс-катчы | С. Борубаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
_________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик иш кагаздарынын системасы
ЫСЫК-АТА ЖЕР ЖАРАКАСЫНА ЧЕКТЕШ БИШКЕК ШААРЫНЫН
ЖАНА АЙЫЛДАРДЫН АЙМАГЫНДА КУРУЛУШТАРДЫ ДОЛБООРЛОО ЖАНА КУРУУ
ПРОЕКТИРОВАНИЕ И ЗАСТРОЙКА ТЕРРИТОРИЙ ГОРОДА БИШКЕК И СЕЛ, ПРИМЫКАЮЩИХ К ЫСЫК-АТИНСКОМУ РАЗЛОМУ
The design and building of territories of the bishkek and villages, adjoining to
Ysyk-Ata fault
_________________________________________________________________
Киришүү датасы – 2019-03-01
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Бул курулуш ченемдерин Ысык-Ата жер жаракасына туура келген Бишкек шаарынын, Жал, Жогорку Орок, Ылдыйкы Орок, Орто-Сай жана Көк-Жар айылдарынын аймагында тургузулган жана жайгашкан курулуш куруу, реконструкциялоо, тургузулган имараттарды жана курулуштарды бекемдөө жана калыбына келтирүү долбоорлорун иштеп чыгууда сактоо керек.
1.2 Бул ченемдер сейсмикалык таасирден кээ бир элементтери бузулушу мүмкүн болуп, имараттарды, курулуштарды ылайыктуу эксплуатациялоодо же адамдарды коркунучсуз жерге көчүрүүдө убактынча токтотуп турууда кыйындык жараткан имараттар менен курулуштарга талаптарды коёт.
1.3 Бул ченемдердин негизги максаттары:
- жер титирөөдө адамдардын өмүрүн сактоо;
- жер титирөөдөн келген зыянды чектөө;
- жер титирөөдөн кийин калкты жарандык коргоо үчүн зарыл болгон имараттар менен курулуштардын эксплуатациялык сапатын сактоо.
1.4 Бул ченемдер объектилерди долбоорлоого жана курууга жарабайт:
- ушул ченемдин талабына жооп бербеген жалпы өлчөмдөрү, көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдери;
- жаңы конструктивдик системалар, чечимдер, материалдар жана сейсмикалык коргоонунун атайын системалары бар;
- Ысык-Ата жер жаракасы таасир эткен тилкенин түштүк бөлүгү кирген 5-тилкеде (6-бөлүмдү кара).
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
1.5 Бул ченемдин 1.4 пунктунда санап өтүлгөн объектилерди долбоорлоону жана курууну тийиштүү ченемдик иш кагаздарын иштеп чыкканга чейин архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган сейсмотуруктуу курулуш боюнча адистештирилген илимий-изилдөөчү уюмдар тарабынан иштелип чыккан долбоорлоонун техникалык шарттары менен ишке ашыруу зарыл.
1.6 Бул ченемдердин (эрежелер топтому, колдонмолор, стандарттар, техникалык шарттар, сунуштар, ж.б.дын) өнүгүшү үчүн түзүлгөн иш кагаздарынын жоболору ушул ченемдердин негизги талаптарына карама-каршы келбеши керек.
1.7 Бул ченемдерде каралган эсептик жүктүн жана конструктивдик иш чаранын деңгээли минималдуу болуп эсептелет жана буйрутмачынын көз карашы боюнча жогорулашы мүмкүн.
1.8 Имараттар менен курулуштардын жаңы конструктивдик системасы, ошондой эле жаңы материалдар жана конструкциялар, курулушта колдонуудан мурун, тийиштүү эксперименттик текшерүүдөн өтүшү зарыл.
2 Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш ченемдерде төмөнкү ченемдик иш кагаздарына шилтемелер колдонулат:
№6-нпа Эрежелер жыйнагы Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелер жыйнагы;
Кыргыз Республикасында кыймылсыз объектилерди долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү иш кагаздарын берүү тартиби жана курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу тартиби жөнүндөгү Жобо;
КР КЧ 20-02:2018 Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери.
Э с к е р т ү ү – Бул курулуш ченемдерин колдонууда Кыргыз Республикасынын аймагында шилтеме ченемдик иш кагаздарынын иштешин ушул жылы басылып чыккан Улуттук органдын тийиштүү маалыматтык көрсөткүчү боюнча, укуктуу мамлекеттик органдын стандартталышы боюнча, архитектуралык-курулуш иштеринин чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча текшерип коюу максатка ылайыктуу болот. Эгер шилтеме иш кагазга өзгөрүү киргизилген (өзгөртүлгөн) болсо, бул курулуш ченемдерин колдонууда өзгөртүлгөн ченемдик иш кагазын жетекчиликке алуу зарыл. Эгер иш кагаздагы шилтеме өзгөртүлбөстөн алып салынган болсо, анда шилтеме келтирилген жобо бул шилтемеге тиешеси болбогон бөлүгү колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесине ылайык кабыл алынган терминдер пайдаланылды.
4 Символдор, алардын кыскартылышы жана шарттуу белгилер
Ушул курулуш ченемдеринде Б тиркемесине ылайык кабыл алынган символдор, алардын кыскартылышы жана шарттуу белгилер пайдаланылды.
5 Жалпы жоболор
5.1 Ушул курулуш ченемдеринде Ысык-Ата жер жаракасына туура келген Бишкек шаарынын, Жал, Жогорку Орок, Ылдыйкы Орок, Орто-Сай жана Көк-Жар айылдарынын аймагында имараттарды жана курулуштарды долбоорлоодо сакталышы зарыл болгон гана жоболор камтылган. Бул жактан ушул иш кагаз Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген башка курулуш ченемдерин жана эрежелерин толуктайт.
5.2 Ысык-Ата жер жаракасынын таасириндеги аймакта имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону төмөнкүлөрдү эсепке алуу менен ишке ашыруу зарыл:
- учурдагы «Ар кандай функционалдык милдеттеги имараттарды жайгаштыруу боюнча чектөө» ченемдеринын бөлүмүнүн жоболорун;
- курулуш аянтында инженердик-геологиялык иликтөөнүн натыйжасын;
- учурдагы ченемдеринин «Имараттардын көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдери» аттуу бөлүмдө берилген имараттар менен курулуштардын көлөмдүк-пландалган жана конструктивдүү схемаларын;
- учурдагы ченемдеринин «Эсептик сейсмикалык жүктөр» атуу бөлүмүндөгү талаптарга ылайык аткарылган имараттар менен курулуштардын конструкцияларынын сейсмикалык таасирге карата эсебинин жыйынтыгын.
5.3 Жер жаракага чектеш аймакта имарат тургузууга учурдагы ченемдеринин талаптарына ылайык иштелип чыккан долбоору бар болгондо жол берилет.
5.4 Ысык-Ата жер жаракасына чектеш аймакта имараттарды жана курулуштарды курууну бекитилген тартип менен жүргүзүү зарыл (кара: Кыргыз Республикасында кыймылсыз объектилерди долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү иш кагаздарын берүү тартиби жана курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу тартиби жөнүндөгү Жобо).
5.5 Ысык-Ата жер жаракасынын таасириндеги аймактарда долбоорлорго жана курууга уруксат берилбейт:
- бузулганда оор экологиялык, экономикалык жана социалдык зыяндарга алып келүүчү имараттарды жана курулуштарды;
- өнөр жай (өндүрүш) имараттарын жана курулуштарын;
- өрт өчүрүү депосунун имаратын;
- райондун энерго жана суу камсыздоо системаларынын имараттарын жана курулуштарын;
- өкмөттүк байланыш системаларынын имараттарын жана курулуштарын;
- посёлоктук жана участкалык бөлүмдөрдүн имараттарынан тышкары ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын административдик имараттарын;
- өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча атайын курулуштарды жана имараттарды;
- травматологиялык жана хирургиялык бөлүмү бар госпиталдарды жана ооруканаларды, медициналык тез жардам станцияларынын имараттарын;
- жер титирөөнүн кесепетин жоюуда катышуучу авариялык, медициналык жана башка кызматардын гараждарынын имараттарын;
- жалпы сыйымдуулугу 200 кишиден ашкан театрлардын, кинотеатрлардын, концерттик залдардын, үстү жабык стадиондордун жана башка маданий-эс алуучу имараттарды;
- музейлердин имараттарын, улуттук жана маданий баалуулуктар сакталган имараттарды, мамлекеттик архивдердин имараттарын;
- 18 метрден ашуун аралыгы бар имараттарды жана курулуштарды;
- жогорку көркөм жана тарыхый баалуулукка ээ эстеликтерди.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
5.6 Эгер башка талаптар ушул ченемдерде айтылбаган болсо, учурдагы ченемдеринин жобосуна ылайык долбоорлонуп жаткан имараттар жана курулуштар, ошондой эле алардын бөлөк элементтери башка иштеп жаткан ченемдик иш кагаздарынын талаптарын канааттандырышы шарт.
6 Ысык–Ата жер жаракасынын таасир этүү тилкелери
6.1 Ысык-Ата жер жаракасынын таасири этүү тилкелери катары жалпы туурасы 3000 м Ысык-Ата жер жаракасына чектеш, эки тарабынан (1500 м түндүк жана түштүк тарабынан) Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгына чектеш Бишкек шаарынын аймагын түшүнөбүз.
Ысык-Ата жер жаракасынына чектеш Бишкек шаарынын аймагында Аламүдүн жана Сокулук райондоруна караган Көк-Жар, Беш-Күнгөй, Кара-Жыгач, Орто-Сай, Чоң-Арык, Ылдыйкы Орок, Жогорку Орок, Жал айылдары жайгашкан.
6.2 Ысык-Ата жер жаракасы, курулуш куруу үчүн жарамдуулук даражасы боюнча Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгынын жайгашышы картада көрсөтүлгөн 5 тилкеге бөлүнөт (В Тиркемени кара):
1-тилке – жер жаракасынын магистралдык сызыгынан 100 метр түндүк жана 200 метр түштүк аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
2-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түндүктө 100 метрден 300 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
3-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түндүктө 300 метрден 500 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
4-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түндүктө 500 метрден 1500 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
5-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түштүктө 200 метрден 1500 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт.
7 Курулуш аянтынын сейсмикалык коркунучтуулугу
7.1 Курулуш аянттарынын сейсмикалык коркунучтуулугун Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картаны пайдаланып аныктоо керек.
Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картасы В-тиркемеде берилген.
7.2 Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картада жер жаракасына чектеш потенциалдуу коркунучтуу аймак 290, 350, 392,4 и 490,5 см/с2 горизонталдык эӊ бийик ылдамдануунун амплитудасынын изосызыктары менен мүнөздөлөт.
Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картада көрсөтүлгөн agR сейсмикалык интенсивдүүлүк көрсөткүчү асканын кыртышына кирет (кыртыштык шарттын түрү IА КР КЧ 20-02 боюнча) жана тектоникалык бузуулардан келип чыккан геомеханикалык эффекттерди, ошондой эле жердин рельефин эсепке албайт.
Г тиркемесиндеги таблицада аймактын сейсмикалык коптуулугунун көрсөткүчтөрү балл жана эң жогорку тездөө менен келтирилген.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
7.3 Курулуш аянтынын кыртыш шартынын түрүн инженердик-геологиялык илитөөлөрдүн жыйынтыгынан келип чыккан, учурдагы ченемдик иш кагаздарынын жобосуна ылайык жана имараттын же курулуштун жоопкерчилик классына байланыштуу атайын талаптарды жана курулуштун өзүнүн шарттарын эсепке алуу менен аткарылган КР КЧ 20-02 маалыматтарына ылайык аныкталышы керек.
7.4 Сейсмикалык касиети боюнча курулуш аянтынын кыртыш шартынын тибине жана agR эӊ бийик ылдамдануунун чоңдугуна байланыштуу S(agR) коэффициентинин маанисин КР КЧ 20-02 келтирилген туюнтманын жардамы менен аныкталышы керек.
4-тилкемеде жайгашкан курулуш аянты үчүн S(agR) коэффициентинин маанисин Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгына чейинки аралыкты эске алган kgF, коэффициентине көбөйтүү керек. kgF коэффициентинин маанисин төмөнкү туюнтманын жардамы менен аныктоо керек:1,0≤ kgF =1,25‒0,0002·R≤1,15 (7.1)
мында R – курулуш аянтынан Ысык-Ата жаракасынын магистралдык сызыгына чейинки аралык метр менен.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
7.5 Курулуш аянтынын балл менен көрсөтүлгөн эсептик сейсмикалуулугун планда жана бийиктиги боюнча долбоорлонуп жаткан имараттар менен курулушттардын жол берилген көлөмүн аныктоодо, ошондой эле учурдагы ченемдерде көрсөтүлгөн конструктивдик ой менен колдонуучу жер титирөөгө каршы иш чаралар учурунда эске алуу зарыл.
8 Ар кандай функционалдык милдеттеги имараттарды жайгаштыруу боюнча чектөөлөр
8.1 Жер жаракасынын аймагында курулуш курууну Бишкек шаарынын генералдык планына ылайык жана 6.2. пунктунда келтирилген жобону эске алуу менен ишке ашыруу зарыл.
8.2 Жер жаракасынын аймагында жаңы конуштарды жана сейсмикалык жактан ылайык келбеген өзүнчө имараттардын жана курулуштардын аянттарын жайгаштырууга болбойт.
8.3 Сейсмикалык жактан ылайык келбеген аянттарга төмөнкүлөр кирет:
а) кыртыштык шартынын III түрүндөгү 9 баллдан жогорку сейсмикалуулукка ээ аянттар;
б) тоо кендери ачык казылган, физико-геологиялык процесс менен өтө бузулган тектери бар, чөгүү касиетине ээ болгон кыртыштарда;
в) эңкейиштин тиги 15° ашкан, структурасы өтө бузулган толтурулган тектер;
г) эшилип түшүү, жер көчүү, кулоо жана сел жүрүү коркунучу бар тилкелерде жайгашкан.
8.4 8.3 пунктта көрсөтүлгөн курулуш үчүн аянттарда имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо ушул ченемдердин 1.5 пунктуна ылайык жүргүзүү зарыл.
8.5 Эңкейишинин тиги 15° ашкан (кара: 8.3 в) курулуш аянттарында имараттардын жана курулуштун чөйрөсызыгы жылмышуу тегиздигинин чегинен сыртта болушу шарт, анын абалы эңкейиштин сейсмикалык таасирге туруктуулугун эске алуу менен аныкталат.
8.6 Имараттар менен курулуштарды 8.3 г) пунктунда көрсөтүлгөн аянттарда курууга эшилип түшүү, жер көчүү, кулоо жана сел жүрүү коркунучунан коргоо боюнча атайын иш чарасыз жол берилбейт.
8.7. 2,3,4-жана 5-тилкемелерде жайгашкан аянттарда төмөнкүлөрдү долбоорлоого жана курууга уруксат берилет:
- эс алуу тилкемелери, жашыл конуштар, ачык спорт аянттары, скалддык имараттар, гараждар;
- 5.5 пунктта санап өтүлгөндөрдөн башка имараттар жана курулуштар.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
8.8. 1-тилкемеде жайгашкан аянттарда эс алуу зоналарынан, жашыл конуштардан, ачык спорт аянттарынан башка имараттарды жана курулуштарды долбоорлоого жана курууга жол берилбейт.
9 Эсептик сейсмикалык жүктөр
9.1 Имараттарга жана курулуштарга эсептик сейсмикалык жүктү курулуш аянтынын сейсмикалык касиети боюнча кыртыштын шартынын түрүнө, курулуш аянтынын сейсмикалуугуна, курулуш аянтында горизонталдык сейсмикалык таасирди күчөткөн топографиялык эффектин эсепке алган коэффициентине байланыштырып, ошондой эле конструктивдик схеманын өзгөчөлүгүнө жана имараттардын жана курулуштардын жоопкерчилигене карап аныктоо зарыл.
9.2 Сейсмикалык таасирдин Sd(T) горизонталдык курамын мүнөздөөчү эсептик реакциянын спектрин КР КЧ 20-02 талабына жараша аныктоо талап кылынат.
Курулуш аянтынын кыртыштык шартынын түрүнө байланыштуу реакциянын спектринин формасын аныктоочу TC мезгилинин маанисинин эсептик серпилгич реакциянын спектрин түзүүдө 9.1 таблицасынын маалыматтарына ылайык кабыл алуу керек.
9.1 Т а б л и ц а с ы – ТС мааниси
Сейсмикалык касиет боюнча кыртыш шартынын түрү | ТС, с |
IA | 0,48 |
IБ и II | 0,72 |
III | 0,96 |
9.3 Рельефи татаал аянттарда КР КЧ 20-02 ылайык горизонталдык сейсмикалык таасирди күчөтүүнүн топографиялык эффектин эске алуу зарыл.
9.4 Имараттардын жана курулуштардын эсебин горизонталдык жана вертикалдык сейсмикалык жүккө аткаруу зарыл.
Имараттардын жана курулуштардын эсебин чыгарууда бир эле учурда горизонталдык жана вертикалдык сейсмикалык жүктүн аракетин эске алуу зарыл.
9.5 Бир эле учурдагы горизонталдык жана вертикалдык сейсмикалык таасирдин эффектинин эсебин алуу КР КЧ 20-02 жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
9.6 Имараттар менен курулуштардын эсеби аңтарылууга жана жылмышууга каршы туруктуулугуна аткаруу зарыл. Ошол эле учурда сейсмикалык жүктүн вертикалдык курамын эсепке албоого болот.
9.7 Имараттар менен курулуштардын конструкцияларынын күчтөрүн өз термелүүсүнүн жогорку формасын эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Сейсмикалык таасирдин натыйжасын КР КЧ КР 20-02:2018* 7.8 бөлүмүнө ылайык аныктоо керек.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10 Имараттардын көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдери
10.1 Долбоорлоонун негизги принциптери
10.1.1 Ушул ченемдердин 10 главасында көрсөтүлгөн имараттардын жана курулуштардын көлөмдүү-пландалган жана конструктивдүү чечими жүктүн негизги жана өзгөчө айкалышынын эсебинин жыйынтыгына карабастан сакталышы зарыл.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.2. Ысык-Ата жер жаракасынын таасириндеги тилкелерде имараттарды жана курулушту долбоорлоодо жана курууда төмөнкү конструктивдүү системаны тандоо зарыл:
- байланыштыруучу жана алкактык - байланыштыруучу;
- рамалуу
- монолиттүү дубалдар;
- чоң панелдүү дубалдар.
Башка конструктивдүү системаны колдонуу ушул ченемдеринин 1.8 пунктунун талабынын негизинде ишке ашат.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.3 Имараттын конструктивдик-пландашкан чечимдерин төмөнкү критерийлерге таянып ишке ашыруу зарыл:
а) Катуулук ядросу, жүк көтөргөн дубалдар жана колонналар сыяктуу горизонталдык жүк түшкөн бардык вертикалдык конструкциялар фундаменттен имараттын башына чейин же, эгер узундугу боюнча кээ бир жерлерде кашаттар болсо, анда кийинки кашаттын башына чейин үзгүлтүксүз болушу шарт;
б) Кабаттардын горизонталдык катуулугу жана массасы бийиктиги боюнча болжол менен туруктуу калышы керек;
в) 2, 3 жана 5 жарака аймагы үчүн пландагы имараттын конфигурациясы үзгүлтүксүз болушу жана ушул ченемдин 10.2.1 жана 10.2.2 пункттарынын талаптарына ылайык келиши керек.
Жараканын 4-аймагы үчүн ушул ченемдин 10.2.3, 10.2.4, 10.2.5 пункттарынын талаптарын сактоо менен имараттын орточо-үзгүлтүксүз эмес конфигурациясын колдонууга жол берилет. Ошондой эле жогорулатуучу fvk и fek коэффициенттерин КР КЧ 20-02:2018* 7.6 жана 7.7 бөлүмдөрүнө ылайык колдонуу жана аныктоо керек.
Эскертүү – Эгерде жер төлө же цоколдук кабаттын дубалы бар болуп, анын бийиктиги жер төлөнүн же цоколдук кабаттын бийиктиги менен чектеш болгон учурда бул дубалдарды имараттын пайдубал конструкциясынын бөлүгү катары кароо керек жана аларды бийиктиги боюнча имараттын биринчи кырчасына чейин жеткирбей коюуга жол берилет
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.4 Имараттын пландагы жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлеринин арасындагы отсектердин өлчөмү 10.1. таблицада көрсөтүлгөн мааниден ашпашы керек.
10.1.5 Имараттын бийиктиги жана кабаттуулугу 10.2. таблицада көрсөтүлгөн мааниден ашпашы керек.
10.1. Таблицасы - Имараттын планында отсектердин өлчөмүнүн маанисинин чеги
Ыск-Ата жаракасынын таасириндеги аймактар | Узундугу (кеңдиги) боюнча өлчөмү, м | ||
Сейсмикалык касиет боюнча кыртыштык шарттын түрү | |||
IА | IБ жана II | III | |
4 - Тилке | 72 | 72 | 60 |
2, 3 жана 5 - Тилкелер | 45 | 35 | 25 |
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.2.- Таблицасы – Имараттын бийиктигинин жогорку чеги
Имараттын жүк көтөрүүчү конструкциялары | Бийиктиги, м (кабаттардын саны), Ысык-Ата жер жаракасынын таасириндеги тилкеде | ||
2, 5 Тилкелер | 3 Тилке | 4 Тилке | |
1 Темирбетон жана металл байланыштыргыч каркастар жана алкактык-байланыштыргыч б) рамалык | 4 (1) | 7 (2) | 42 (12) 7 (2) |
2 темир бетон дубалдар а) монолит б) чоң панель |
8 (2) 8 (2) |
16 (4) 16 (4) |
42 (12) 32 (9) |
Э с к е р т ү ү – Имараттын бийиктиги үчүн тышкы дубалдардын башы (жогорку техникалык жана мансардалык кабаттарды эсепке албаганда) менен имаратка чектешкен жер бетинин орточо пландаштырылган деңгээлдеринин белгилеринин айрымасы же стропил конструкциясынын асты колдонулат. | |||
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.6. 4-тилкедеги курулуш аймактарда мектептердин жана ооруканалардын бийиктиги үч кабат менен, мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги эки кабат менен чектелет.
3-тилкедеги курулуш аймактарда мектептердин, ооруканалардын, жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги бир кабат менен чектелет.
2 жана 5 аймагынын курулуш аянттарында мектеп, оорукана жана мектепке чейинки мекемелердин курулушуна жол берилбейт.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.7 Имараттардын жана курулуштардын пайдубалдарын негизин жана фундаментин долбоорлоо ченемдеринин талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
2, 3 жана 5-тилекелердеги курула турган имараттардын пайдубалы бүтүн бетон плиталар түрүндө болушу керек. 4 аймагында курулуп жаткан имараттардын пайдубалдарын тегиз темир бетон плиталар же монолит темир бетон кайчылаш тасма түрүндө кабыл алуу керек.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.8 Имараттардын жана курулуштардын же алардын отсегинин негиздери бирдей денгээлде болушу керек.
10.1.9 Имараттарды жана курулуштарды долбоорлоодо жана курууда жер төлөлөрдү курууну эске алуу сунуш кылынат. Жер төлөнү бүт имараттын (отсектин) астына жайгаштыруу зарыл.
10.1.10 Имараттардын жана курулуштардын жер төлөсүнүн дубалдары монолит темир бетондон болушу шарт.
10.1.11 Имараттардын жана курулуштардын жүк көтөрүүчү конструкциялары имараттын негизги огуна карата симметриялык түрдө жайгаштырылууга тийиш.
10.1.12 Жүк көтөрүүчү дубалдарды, эреже катары, планда өтмө кылып кабыл алуу керек.
10.1.13. 2, 3 5 аймактарда монолит жана ири панелдүү конструкциялык схемадагы имараттын ар бир багытында экиден кем эмес ички көтөрүүчү дубалдары болушу керек, жана алардын кадамы 6,0м ашпоого тийиш
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.14 Имараттардын жабуусу жана каптоосу, эреже катары, горизонталдык тегиздикте катуу болушу шарт жана сейсмикалык таасир этүүдө вертикалдык конструкциялар менен кошо иштөөнү камсыз кылышы керек.
10.1.15 Конструктивдүү чечимдерди тандоодо төрт тарабында таянычы бар монолиттүү темир бетон жабууларын тандоо зарыл.
Заводдо жасалган топтолуучу темир бетон жабууларын колдонууга жол берилет. Заводдо жасалган топтолуучу темир бетон жабууларынын катуулугун катуулуктун горизонталдык диафрагмасын түзүү шартында камсыз кылууга тийиш.
10.1.16. Заводдо жасалган топтолуучу темир бетон жабууларынын катуулугу төмөнкү конструктивдик иш чаралар менен камсыз болот:
а) плиталар жер титирөөгө каршы курлар же темир бетон курчагычтар менен анкерленет. Көп боштуктуу панелди тик бурчтуу кесилиш ригелине таянтуу деңгээлинде жалпак каркаска, ал эми четки каптал катары – мейкиндик каркастары менен армиленген темир бетон курчоо орнотулат. Ригелдерде арматурадан 14 мм кем эмес 300 мм кадамдан ашпаган вертикалдуу кашаттар каралышы зарыл.
б) жабуу плиталары 120 мм ге жылышы менен жабылат жана алардын аралыгына төрт өзөктүү узатасынан кеткен A400S жана A500S классындагы диаметри 12 мм кем эмес арматура каркастары жана туурасынан кеткен А240 классындагы диаметри 6 мм ден кем эмес 200 мм кадамдан ашык эмес коюлган арматура орнотулат. Узатасынан кеткен арматура каркастары жер титирөөгө каршы курга же темир бетон курчагычка анкерлениши шарт. Плиталар аралыгындагы монолит жерлеринин бетону аз бүртүктүү В15 кем эмес классында болушу шарт.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.1.17 Оор оңдоп-түзөп бүтүрүүчү, каптоочу материалдардга жол берилбейт.
10.1.18 Жер жаракасынын аймагында жайгашкан имараттардын функционалдык милдеттерин өзгөртүү учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо боюнча талаптардын негизинде жүргүзүлүшү зарыл.
10.1.19 Инженердик системаларды долбоорлоодо инженердик тармак боюнча учурдагы ченемдердин жана эрежелердин талаптары жана ушул ченемдердин 10.1.20 ¸ 10.1.25 пунктардагы жоболору эсепке алынышы шарт.
10.1.20 Жылуулук, суу жана газ менен камсыз кылуу системаларында болот түтүктөрү колодонуулушу шарт.
10.1.21 Түтүк жүргүзүүчү инженердик системаларды фундаменттин таманынан төмөн төшөөгө жол берилбейт.
10.1.22 Фундамент аркылуу түтүк жүргүзүү үчүн фундементте 300 мм кем эмес түтүк менен конструкциянын аралыгында көңдөй болгондой тешик калтыруу зарыл. Көңдөйдү калың эластик жана суу өткөрбөөчү материал менен толтуруу керек. Түтүктөрдү имараттардын дубалдарына жана пайдубалдарына катуу бекитүүгө жол берилбейт.
10.1.23 Газ менен камсыз кылуу системаларында түтүктөрдү жердин үстү менен гана орнотууга жол берилет. Түтүктөрдү тирөөчтөргө, имараттардын дубалдарына жана жабдууларга катуу бекитүүгө жол берилбейт.
10.1.24 Газ түтүктөрдө Ысык-Ата жер жаракасынын аймагынын сыртында туруп өчүрүүгө мүмкүн болгон газды өчүрүү авариялык системасы каралышы керек.
10.1.25 Магистралдык жер жаракасы сызыгын кесип өтүүчү жер астындагы магистралдык түтүк жүргүзүү иштери атайын иш чаралар менен коштолушу зарыл.
10.2 Имараттын бийиктиги боюнча жана пландагы регулярдуулугунун критерийлери
10.2.1 Имарат бийиктиги боюнча регулярдуу катары квалификацияланат, эгер (10.1) жана (10.2) шарттары сакталса:
; (10.1)
(10.2)
анда:
de,k жана de,k+1 – сейсмикалык жүктүн эсебине жооп берген k кабаттын k+1 кабатынын жогорку жана ылдыйкы жабуусунун ортоңку горизонталдык өтүшүнүн ар түрдүүлүгү; кокустан бурап алуу dre,k жана dre,k+1 аныктоодо эсепке алынбайт;
hk жана hk+1 – k жана k+1 кабаттарынын бийиктиги.
mj жана cj – көп кабаттуу имараттын акыркы (j-го) кабатынын же эки кабаттуу имараттын экинчи кабатынын массасы жана горизонталдык катуулугу;
mj-1 и cj-1 – көп кабаттуу имараттын эң ылдыйкы (j-1) кабатынын же эки кабаттуу имараттын биричи кабатынын массасы жана горизонталдык катуулугу.
10.2.2 Имарат пландагы регулярдуу катары квалификацияланат, эгер ал төмөнкү шарттарга ылайык келсе:
а) имараттын өзүнүн теңселүүсүнүн биричи жана экинчи формасы планда вертикалдык огуна карата айлануучу болуп эсептелбейт;
Э с к е р т ү ү – Имараттын өзүнүн теңселүүсүнүн биричи жана экинчи формасы планда (ылдыйкы формалары) анын башкы ортогоналдык огунун багытында илгери жогорулаган теңселүү болуп эсептелет.
б) имараттын өзүнүн теңселүүсүнүн негизги тону боюнча ар бир кабаттын жабуусунун горизонталдык жылышынын максималдуу жана орточо мааниси өз ара 10 % дан ашпай айырмаланат;
в) имараттын жабуусу вертикалдуу жүк көтөргөн конструкциялары менен эффективдүү байланышка ээ, ал эми жабуунун өз тегиздигинде жылышын эсепке алуу менен аныкталган ар бир точкасынан горизонталдык жылышынын эсептелген мааниси жабуунун абсолюттук катуулугу болжолдолгон ушул эле точкалардагы жылышынын эсептик мааниси 10 %дан ашпайт;
г) имараттын ортогоналдык кыска жагына (Lmin) узун жагынын (Lmax) катышы 4 маанисинен ашпайт (λ=Lmax/Lmin≤4);
д) имараттын пландагы конфигурациясы компакттуу болуп эсептелет, башкача айтканда имараттын ар бир кабаты томпок көпбурчтууну түзүүчү полигоналдык сызык менен чектелген болушу мүмкүн, жана ошол эле учурда:
- (имараттын) кабатынын планындагы чыгып турган жана кирип турган кашаты жабуунун катуулугуна таасир этпейт жана вертикалдык конструкциялар арасындагы эффективдүү байланышка күч келтибейт;
- ар бир ичине кирип турган кашаттын аянты жабуунун жалпы аянтынын 5 % нан ашпайт (10.1-сүрөт);
- ар бир кирип турган кашаттын тереңдиги (кирүүчү бурчтун чокусунан полигоналдык сызыкка чейинки эң кыска аралык) каралып жаткан багыт боюнча кабаттардын ушул багыттагы өлчөмүнөн 15 %дан ашпайт;
- планда ар бир чыгып турган кашаттын чоңдугу анын кеңдигинен ашпайт;
- жабуунун чөйрөсызыгы менен жабууну курчап турган полигоналдык сызыктын арасындагы суммардык аянт жабуунун жалпы аянтынын 20 % нан ашпайт;
- жабуудагы тешиктер вертикалдуу конструкцияларга сейсмикалык жүктү өткөрүп берүүдө кыйындык жаратпайт.
10.2.2 пунктуна ылайык имараттын пландагы тышкы конфигурациясынын мисалдары Д тиркемесинде келтирилди.
10.2.3 Эгерде (10.3) жана (10.4) шарттары сакталса, имарат планда бийиктиги боюнча орточо үзгүлтүксүз катары классифицияланышы мүмкүн:
(10.3)(10.4)»;
10.2.4 Эгерде ал төмөнкү бардык критерийлерге ылайык келсе, имарат планда орточо үзгүлтүксүз эмес катары классификацияланышы мүмкүн:
а) Имараттын пландагы жеке термелүүсүнүн биринчи формасы пландагы буроочу болуп эсептелбейт;
б) Курулманын жеке термелүүсүнүн негизги тону боюнча ар бир тосмонун горизонталдык биригүүсүнүн эң жогорку жана орточо мааниси өз ара 25% көп эмес айырмаланат;
в) Имараттын тосмосу жана чатыр жабуусу вертикалдык көтөрүүчү конструкциялар менен натыйжалуу байланышта болот, ал эми өзүнүн тегиздигиндеги деформациялануусун эске алуу менен аныкталган тосмолордун горизонталдык жылышуусунун эсептелген маанилери тосмолордун толук катуулугун болжолдоо менен аныкталган жылышуу маанилеринен 20% көп ашпайт;
г) Имараттын узун тарабынын (Lmax) ортогоналдык кыска тарабына (Lmin) карата 6 (λ=Lmax/Lmin≤6) мааниден ашпайт;
д) 10.2.2 д пункту төмөнкүдөй өзгөртүүлөр менен колдонулат:
‒ ар бир кирүү кырчасынын аянты жалпы тосмо аянтынын 10 % ашпайт (10.1 Сүрөт);
‒ ар бир кирүү кырчасынын тереңдиги (кирүү бурчунун чокусунан полигондук сызыкка чейинки эң кыска аралык) каралып жаткан багыт боюнча ошол багыттагы кабаттын көлөмүнөн 25 % ашпайт;
‒ пландагы ар бир кырчанын чоңдугу анын кеңдигинен ашпайт;
‒ тосмонун контуру менен тосмону курчап турган полигоналдык сызыктын ортосундагы жалпы аянт тосмонун жалпы аянтынын 30 % ашпайт;
‒ тосмодогу оюктар сейсмикалык жүктү вертикалдык конструкцияларга берүүнү оорлотпойт
10.2.5. 10.2.2. пунктта келтирилген критерийлердин бир же бир нечесине ылайык келбеген, бирок 10.2.4 пунктта келтирилген бардык критерийлерге ылайык келген имараттарды планда орточо үзгүлтүксүз эмес катары классификациялоого болот.
10.2.4 пунктуна ылайык имараттын пландагы тышкы конфигурациясынын мисалдары Д тиркемесинде келтирилди.
Эскертүү: Эгерде имараттын (блоктун) жер төлө же цоколдук кабаттын дубалы монолит темир бетондон болсо, жана имараттын жалпы тутумуна киргизилип, шагылдын басымын кабыл алса, жер төлө же цоколдук кабаттын үстүндөгү тосмолор үчүн ушул ченемдердин 10.2.2 б) жана в) жана 10.2.4 б) жана в) пунктчаларын аткарбай коюуга жол берилет, мында ошол дубалдар жээктей жайгашканбагыттагы сейсмикалык таасирлер үчүн жогоруда аталган пункттардагы талаптарды аткарбай коюуга жол берилет.
10.1 – сүрөт
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.3 Атайын конструктивдик талаптар
10.3.1 Жүк көтөрүүчү жана жүк көтөрбөөчү конструкцияларды долбоорлоону темир бетон, бетон жана болот конструкцияларын долбоорлоо боюнча тийиштүү жобого ылайык аткаруу зарыл жана КР КЧ 20-02, эгер учурдагы ченемдеринин талаптарында башкасы айтылбаган болсо.
10.3.2 Ысык-Ата жер жаракасынын аймактарындагы курулуш аянттарында жүк көтөрбөөчү тосмо дубалдарды торкретбетон менен кубаттандырылбаган кирпич (таш) кыноого жол берилбейт.
10.3.3 Каркас имараттарда катуулук диафрагмасы бийиктиги боюнча үзүлбөгөн болушу зарыл. Диафрагмаларды имараттын бийиктигине карата катуулугу (диафрагмалардын калыңдыгынын азайышы же жогорку кабаттарда алардын санынын кыскартылышынын эсебинен) азайып баруучу шартта орнотууга жол берилет.
Имараттын ар бир багытында ар башка вертикалдык тегиздикте жайгашкан экиден кем эмес катуулук диафрагмасы орнотулушу шарт. Диафрагмалар, эрежеге жараша, имараттын планында симмметриялык абалда жайгашуусу зарыл. Узунунан жана туурасынан кеткен багыттагы диафрагмаларды мейкиндик элементтеринде бириктирүү керек.
10.3.4 Диафрагмалуу жана ядролуу катуулук менен болгон каркас имараттардын кабаттар аралык жабуулары жана каптоолору монолиттик темир бетон менен кылуу сунушталат. Диафрагмалуу жана ядролуу катуулук менен жабууларды бириктирүү конструктивдүү системанын бардык вертикалдык элементтеринде биргелешкен ишти камсыз кылышы шарт.
10.3.5 Үч жана андан ашуун кабаттуу чогултма каркастарда колонналар менен ригелдерди консалсыз улоону колдонуу сунушталбайт.
10.3.6 Жүк көтөргөн монолиттик темир бетон дубалдар үчүн бетондун В25 тен төмөн эмес классы колдонулат. Сырткы бир катмарлуу дубал үчүн жеңил бетонду колдонгондо бетондун классы В15 тен төмөн болбошу шарт.
10.3.7 (КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
10.3.8 Монолит дубалдардын калыңдыгы имараттар үчүн жылуулук технологиялык талаптарга ылайык колдонулат, бирок 250 мм ден кем эмес.
10.3.9 Чоң панелдүү имараттарда дубалдардын жана жабуулардын панели адатта, бөлмөнүн көлөмүнө жараша алынышы керек. Панелдин каптал жак беттери арматуралары чыгып, шпонкалар үчүн чуңкурчалары болушу шарт.
10.3.10 Ысык-Ата жер жаракасынын аймагындагы курулуш аянттарында панелдерди закладдык деталдарын сваркалоо жолу менен бириктирүүгө жол берилбейт.
10.3.11 Байланыш жана рамалуу-туташ конструктивдик тутумдагы рамалуу көп кабаттуу каркас имараттардын темирбетон колонналарында узунунан кеткен арматуранын туурасынан кесилген аянты эсептин жыйынтыгы менен кабыл алынат, бирок колонналардын туурасынан кесилген аянтынын 1,2 % кем эмес.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
А Тиркемеси
(маалыматтык)
Терминдер жана аныктамалар
Учурдагы ченемдерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулду:
Э с к е р т ү ү ‒ Төмөндө келтирилген кээ бир терминдер жана аныктамалар учурдагы ченемдеринин текстинде колдонулбайт, бирок имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо жана эсебин чыгарууга тиешелүү түшүнүктөрдүн бирдигин камсыз кылат.
А.1 вертикалдуу катуулук диафрагмасы: эсептөөнүн жыйынтыгы менен долбоорлонгон жана имараттын системасында горизонталдык сейсмикалык жүктү көтөргөн жана аны фундаментке өткөргөн вертикалдык байланыштын системасы же дубалы.
А.2 горизонталдуу катуулук диафрагмасы: эсептөөнүн жыйынтыгы менен долбоорлонгон жана горизонталдык жүктү вертикалдуу элементтерге өткөрүүгө арналган сейсмикалык жүктөрдү көтөргөн горизонталдуу конструкциялар (мисалы, кабаттар арасындагы жабуу).
А.3 монолит дубалдуу имарат: жүк көтөрүүчү конструкциясы монолит темирбетон дубал болгон каркассыз имарат.
А.4 сейсмикалык таасирдин интерсивдүүлүгү: эӊ бийик ылдамдануунун амплитудасы аркылуу же бүтүн сандуу балл аркылуу көрсөтүлгөн сейсмикалык таасирдин чоңдугу.
А.5 конструктивдик система: имараттын же курулуштун бекемдигин, катуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуучу өз ара байланышкан конструкциялардын жыйындысы.
А.6 каркастуу конструктивдик система: негизги вертикалдык жүк көтөргөн конструкциясы жабуунун жүгү түшкөн каркастын колонналары менен ригелдеринен турган система. Каркас имараттардын бекемдиги, туруктуулугу жана мейкиндиктик катуулугу жабуу менен вертикалдык конструкциялардын биргеликте жасаган иши менен камсыздалат. Конструкциялык системанын бекемдигин, туруктуулугун жана катуулугун камсыз кылуу үчүн колдонулган верикалдык конструкциялардын айкалышына байланыштуу төмөнкү каркастык консрукциялык системалар бөлүшөт:
А.6.1 алкактык-байланыштыргыч каркас: алкактык каркас жана катуулуктун вертикалдык диафрагмасы түрүндөгү мейкиндик системасы негизинен вертикалдуу жүктөрдү алат жана алкактык каркастын өзөгүнө өткөрүп берет, ал эми горизонталдык жүктөрдү катуулуктун вертикалдуу диафрагмасы жана каркас алат;
А.6.2 байланыштыргыч каркас: ригелдерди колонналар жана катуулуктун вертикалык ядросу менен байланыштырган катуу эмес жана катуу түйүндүү каркас түрүндөгү мейкиндик система. Анда вертикалык жүктү, негизинен, кабыл алып, каркастын колоннасынын өзөгүнө өкөрүп берет, ал эми горизонталдык жүк – катуулуктун вертикалыдк ядросуна.
А.7 дубалдуу конструктивдик системалар: вертикалдык жана горизоналдык жүктөрдүн бүт жыйындысын алуучу, жабуунун горизонталдуу дисктери биргеликте иштөө үчүн бириккен жүк көтөрүүчү дубалдан турган мейкиндик конструктивдик системалары.
А.7.1 айкашкан дубал: узатасынан жана туурасынан жаткан жүк көтөрүүчү дубалдары менен мейкиндик конструктивдик системалары. Аларга чөйрөсызык боюнча же үч жагынан дубалдар таянат.
А.8 жер жараканын магистралдык сызыгы: Ысык-Ата жер жаракасынын октук тилкесинин борбордук бөлүгү.
А.9 жүк көтөрүүчү конструкциялар: дайыма, убактынча жана бөтөнчө оордук түшкөн жана таасир этилген жана имараттардын, курулуштардын бекемдигин, катуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуучу курулуш конструкциялары.
А.10 активдүү жер жарака: жер кыртышынын же бүтүндөй литосферанын жаракасы. Анда тарыхый мезгилдерде же акыркы 10 миң жыл ичинде ордунан жылган же жер титирөө очоктору пайда болгон.
А.11 сейсмогенерациялоочу жер жарака: жер титирөөнүн мүмкүн болгон очогуна байланышкан тектоникалык жарака.
А.12 тектоникалык жер жарака: тектоникалык кыймылдарда жана тоо тектери деформацияланганда пайда болгон жер кыртышынын жаракасы, ажыраган жерлери.
А.13 сейсмикалык коркунуч: каралган аймакта сейсмикалык таасирлер пайда болуп кетүү коркунучу. Сейсмикалык коркунуч мейкиндикте, убакытта (белгилүү бир убакыт ичиндеги тездиги же божомолу) жана интенсивдүүлүгү боюнча (балл менен же жер кыртышынын кыймылынын кинематикалык параметри аркылуу) аныкталат.
А.14 атайын техникалык шарттар: курулуштун конкреттүү объектиси үчүн иштелип чыккан жана иштеп жаткан ченемдерге кирбей калган техникалык ченемдер же анын коопсуздугуна карата кошумча техникалык талаптар. Бул иш кагаз ошондой эле долбоорлоо учурунда иштеп жаткан ченемдик иш кагаздын кээ бир талаптарын камсыздоо мүмкүн эмес болуп калганда да зарыл болот.
Э с к е р т ү ү
1 Техникалык шарттарды техникалык иш кагаздарын курамында иштеп чыгышат жана иштеп жаткан иш кагаздарга кошумча катары колдонулат.
2 Учурдагы ченемдердин 1.5 пунктунда көрсөтүлгөн объектилерди долбоорлоонун техникалык шарты Буйрутмачы тарабынан бекитилет жана архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын адистештирилген илимий-изилдөө уюмдары менен макулдашылат.
3 Техникалык шарттар төмөнкүлөрдү камтышы шарт:
а) инженердик-геологиялык шарттар жана курулуш аянтынын сейсмикалуулугу жөнүндөгү такталган маалыматтар;
б) учурдагы ченемдердин милдеттү жоболорунан чегинүүнү жаап туруучу конструктивдүү жана эсептеп чыгылган иш чаралар;
в) объектинин сейсмикалуулугун эксперименталдык түрдө текшерүүнүн программасы.
А.15 Ысык-Ата жер жаракасынын аймагы: ортосунда Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы өткөн, кеңдиги 3000 м узун тилимди камтыган тилкеме.
А.16 Катуулук ядросу: горизонталдык сейсмикалык жүктү алууга ылайыкташтырылган вертикалдык жүк көтөрүүчү конструкциянын чегинде пландагы туюк формадагы мейкиндик вертикалдык конструкциясы.
А.17дубал: планда узартылган түрдөгү узундуктун калыңдыкка болгон lw/bw4 төн аз эмес катышы менен башка элементтерди көтөрүп туруучу конструктивдик тутумдун элементи. Дубалдардын тегиздиги эреже боюнча вертикалдык багытка ээ.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
А.18 Кырча: негизги сызыктан четтеп турган жана оюкча же тепкич сыяктуу курулманын (дубалдын, тосмонун) бир бөлүгү.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
Б - тиркемеси
(милдеттүү)
Символдор, алардын кыскартылышы жана шарттуу белгилери
Учурдагы ченемдерде төмөнкү негизги символдор жана кыскартуулар колдонулган.
Э с к е р т ү ү ‒ кээ бир символдордун аныктамалары тексттин алар колдонулган жеринде берилген.
S(agR) – курулуш аянтынын кыртышынын шартынын сейсмикалык таасир этүү тездигинин мүнөздөөчү коэффициенти;
TC – сейсмикалык таасирдин горизонталдык бөлүгүн мүнөздөөчү эсептик реакциянын спектринин графигинин туруктуу участкасындагы мезгилдин максималдуу мааниси;
аg – имаратка же курулушка сейсмикалык таасирдин горизонталдык эсебинин интенсивдүүлүгүн мүнөздөөчү g үлүшүндөгү ылдамдоо;
agR – I сейсмикалык касиети боюнча кыртыш шартынын түрлөрү үчүн эӊ бийик ылдамдануу;
agF – Ысык-Ата жер жаракасынын 3-тилкесинин чөйрөсызыгынан 4-тилкменин чөйрөсызыгына чейинки аралыкты эсепке алган коэффициент;
mik – термелүүнүн i- формасына ылайык келген, k чекитине кирген эффективдүү модалдык масса;
de,k жана de,k+1 – эсептик сейсмикалык жүккө жооп берген k кабаттын жана k+1 кабатынын жогорку жана ылдыйкы жабуусунун орто горизонталдык жылышуусунун айрымасы; кокустан бурап алуу dre,k жана dre,k+1 аныктоодо эсепке алынбайт;
hk жана hk+1 – k жана k+1 кабаттарынын бийиктиги.
mj жана cj – көп кабаттуу имараттын акыркы (j-го) кабатынын же эки кабаттуу имараттын экинчи кабатынын массасы жана горизонталдык катуулугу;
mj-1 жана cj-1 – көп кабаттуу имараттын эң ылдыйкы (j-1) кабатынын же эки кабаттуу имараттын биричи кабатынын массасы жана горизонталдык катуулугу.
Г тиркемеси
Сейсмикалык коркунуч көрсөткүчүн көрсөтүү менен Ысык-Ата жаракасынын таасириндеги аймактар:
Титирөөнүн күчөшү (IPE) балл менен, g=981 см/сек,2 үлүштөгү сейсмикалык термелүүнүн горизонталдык курамы үчүн топурактагы эң жогорку тездик (PGA1), булл сейсмикалыккасиети боюнча топурак шарттарынын «шагыл» түрүнө кирет
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
№ жарака аймагы | Жараканын магистралдык сызыгына чейинки аралык, R | IPE | PGA1, agR | Топурак шарттуу түрдөгү курулуш аянтындаagэсептелген тездиктин мааниси | |||||
IA | IБ | II | III | ||||||
|
|
|
| ||||||
1 | R < 100 | >9 | 0.500 | 0.500 | 0.500 | 0.550 |
| 0.650 | |
2 | 100< R < 300 | 9 | 0.400 | 0.400 | 0.400 | 0.440 | 0.520 | ||
3 | 300< R < 500 | 9 | 0.357 | 0.357 | 0.372 | 0.395 | 0.510 | ||
4 | 550 |
8 | 0.337 | 0.337 | 0.358 | 0.390 | 0.502 | ||
600 | 0.334 | 0.334 | 0.356 | 0.389 | 0.500 | ||||
650 | 0.331 | 0.331 | 0.354 | 0.388 | 0.499 | ||||
700 | 0.328 | 0.328 | 0.352 | 0.387 | 0.497 | ||||
750 | 0.325 | 0.325 | 0.349 | 0.386 | 0.496 | ||||
800 | 0.322 | 0.322 | 0.347 | 0.385 | 0.494 | ||||
850 | 0.319 | 0.319 | 0.345 | 0.384 | 0.492 | ||||
900 | 0.316 | 0.316 | 0.343 | 0.382 | 0.490 | ||||
950 | 0.313 | 0.313 | 0.340 | 0.381 | 0.489 | ||||
1000 | 0.310 | 0.310 | 0.338 | 0.380 | 0.487 | ||||
1050 | 0.307 | 0.307 | 0.336 | 0.378 | 0.485 | ||||
1100 | 0.304 | 0.304 | 0.333 | 0.377 | 0.483 | ||||
1150 | 0.302 | 0.302 | 0.332 | 0.376 | 0.481 | ||||
1200 | 0.299 | 0.299 | 0.329 | 0.374 | 0.479 | ||||
1250 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1300 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1350 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1400 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1450 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1500 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
5 | 200<-R<1500 | 9 | 0.400 | 0.400 | 0.400 | 0.440 | 0.520 | ||
Э с к е р т ү ү | |||||||||
1. 3-графада араб цифрасы менен көрсөтүлгөн сейсмикалык коркунучтун деңгээли 8, 9 жана>97-9 баллдык шкалага ылайык келет | |||||||||
(кара:КР КЧ 20-02:2018* И тиркемеси). | |||||||||
2. 3 жана 4 графадагы сейсмикалык коркунучунун баллдык жана тездик көрсөткүчү шагыл топурактуу шартка кирет | |||||||||
(топурак шарттарынын түрү IА КР КЧ 20-02:2018* 6.1 таблица боюнча). | |||||||||
3.Жарака аймактарынын сейсмикалык коркунучу сейсмикалык таасирлердин топографиялык күчөө натыйжаларысыз аныкталган. | |||||||||
4. Ушул таблицаны колдонууда анда келтирилген аg маанисин текшерип алуу жөндүү. | |||||||||
Д тиркемеси
Д.3 Имараттардын бийиктиги боюнча кырчалары менен конфигурациясы
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
Д.1 10.2.2 пункттарына ылайык пландагы кабаттардын конфигурациясы
FB/FA£ 0,05 h£ 0,15Lmin | FB/FA£ 0,05 b£ 0,15Lmin |
FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 h£ 0,15Lmin | FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 h=b£ 0,15Lmin |
FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 h£ 0,15Lmin | FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 b£ 0,15Lmin |
Д.2 10.2.4 пункттарына ылайык пландагы кабаттардын конфигурациясы
FB/FA£ 0,1 h£ 0,25Lmin | FB/FA£ 0,1 b£ 0,25Lmin |
FB/FA£ 0,1; SFB/FA£ 0,3 h£ 0,25Lmin | FB/FA£ 0,1; SFB/FA£ 0,3 b£ 0,25Lmin |
FB/FA£ 0,15; SFB/FA£0,3 h£ 0,25Lmin | FB/FA£ 0,1; SFB/FA£ 0,3 h£ 0,25Lmin |