Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу
2021-жылдын 17-сентябры № 47-нпа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы №33-чуа буйругу менен бекитилген «Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу» КР КЧ 31-02:2018 Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Курулуштагы ченемдик базаны «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2018-жылдын 31-декабрындагы № 33-чуа буйругу менен бекитилген «Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу» КР КЧ 31-02:2018 Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине» 1- тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүнүн баардык жетекчилери ушул буйрукту жетекчиликке алышсын.
3. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №177 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Директор | Сатышов Т.С. |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 33-чуа буйругу менен бекитилген «Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында долбоорлоо жана куруу» Кыргыз Республикасынын КЧ 31-02:2018 Курулуш ченемдери» буйругуна №1 өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 33-чуа буйругу менен бекитилген «Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында долбоорлоо жана куруу» Кыргыз Республикасынын КЧ 31-02:2018 Курулуш ченемдерине төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1.4 пунктунун төртүнчү абзацында «5-бөлүмдү кара» сөздөрү жана саны «6-бөлүмдү кара» деген сөздөр жана сан менен алмаштырылсын;
- 5.5. пунктта:
- бешинчи абзацта «энерго»деген сөздүн астына «райондун» деген сөз менен толукталсын;
- жетинчи абзацта «ички иштер» деген сөздөрдүн астына «посёлоктук жана участкалык бөлүмдөрдүн имараттарынан тышкары» деген сөздөр менен толукталсын;
- 7.2. пункту төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын: «Г тиркемесиндеги таблицада аймактын сейсмикалык коптуулугунун көрсөткүчтөрү балл жана эң жогорку тездөө менен келтирилген»;
- 7.4. пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «4-тилкемеде жайгашкан курулуш аянты үчүн S(agR) коэффициентинин маанисин Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгына чейинки аралыкты эске алган kgF, коэффициентине көбөйтүү керек. kgF коэффициентинин маанисин төмөнкү туюнтманын жардамы менен аныктоо керек:1,0≤ kgF =1,25‒0,0002·R≤1,15 (7.1)»;
- үчүнчү абзацта «3-тилкеменин сызыгынын чөйрө сызыгына» деген сөздөр жана сан «Ысык-Ата жаракасынын магистралдык сызыгына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8.7. пунктунун биринчи абзацында «2» деген сандан кийин «3, 4» деген сандар менен толукталсын;
- 9.7. пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Сейсмикалык таасирдин натыйжасын КР КЧ КР 20-02:2018* 7.8 бөлүмүнө ылайык аныктоо керек»;
- 10.1.1 пунктунда «10, 11 жана 12 главаларында көрсөтүлгөн 3 жана 4 – тилкелер үчүн» деген сөздөр жана сандар «10 главасында көрсөтүлгөн» деген сөздөр жана сан мененалмаштырылсын;
- 10.1.2 пунктта экинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы жаңы адбзац менен толукталсын: «- рамалуу»;
- 10.1.3 пунктта:
- «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «в) 2, 3 жана 5 жарака аймагы үчүн пландагы имараттын конфигурациясы үзгүлтүксүз болушу жана ушул ченемдин 10.2.1 жана 10.2.2 пункттарынын талаптарына ылайык келиши керек»;
- «в» пунктчасынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын: «Жараканын 4-аймагы үчүн ушул ченемдин 10.2.3, 10.2.4, 10.2.5 пункттарынын талаптарын сактоо менен имараттын орточо-үзгүлтүксүз эмес конфигурациясын колдонууга жол берилет. Ошондой эле жогорулатуучу fvk и fek коэффициенттерин КР КЧ 20-02:2018* 7.6 жана 7.7 бөлүмдөрүнө ылайык колдонуу жана аныктоо керек»;
- пункттун аягы төмөнкүдөй эскертүү менен толукталсын: «Эскертүү – Эгерде жер төлө же цоколдук кабаттын дубалы бар болуп, анын бийиктиги жер төлөнүн же цоколдук кабаттын бийиктиги менен чектеш болгон учурда бул дубалдарды имараттын пайдубал конструкциясынын бөлүгү катары кароо керек жана аларды бийиктиги боюнча имараттын биринчи кырчасына чейин жеткирбей коюуга жол берилет»;
- 10.1 таблицада мамычанын аталышы «Курулуш аянттарынын сейсмикалуулугу, балл» -«Ыск-Ата жаракасынын таасириндеги аймактар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.2 таблицанын биринчи мамычасында 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын: «б) рамалуу», төртүнчү мамычанын б) пунктчасы «7 (2)» сандары менен толукталсын;
- 10.1.6 пунктунда:
- биринчи абзацтагы «3-жана 4-тилкелердеги» деген сөздөр жана сандар«4-тилкедеги», «эки кабат» деген сөздөр «үч кабат», «бир кабат» деген сөздөр «эки кабат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчиабзацта«2-жана 5- тилкелердеги» деген сөздөр жана сандар «3-тилкедеги» деген сөз жана сан менен алмаштырылсын;
- 10.1.6 пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: «2 жана 5 аймагынын курулуш аянттарында мектеп, оорукана жана мектепке чейинки мекемелердин курулушуна жол берилбейт»;
- 10.1.1 пунктунун экинчи абзацында «4 – тилкедеги курула турган имараттардын пайдубалы CH КР 20-02 ылайык кабыл алынышы керек» деген сөздөр «4 аймагында курулуп жаткан имараттардын пайдубалдарын тегиз темир бетон плиталар же монолит темир бетон кайчылаш тасма түрүндө кабыл алуу керек»;
- 10.1.13 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2, 3 5 аймактарда монолит жана ири панелдүү конструкциялык схемадагы имараттын ар бир багытында экиден кем эмес ички көтөрүүчү дубалдары болушу керек, жана алардын кадамы 6,0м ашпоого тийиш»;
- 10.1.16 пунктунун б) пунктчасында «бүртүктүү В15» деген сөздөрдөрдөн кийин «кем эмес» деген сөз менен толукталсын;
- 10.2.2 пункттун аягы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: «10.2.2 пунктуна ылайык имараттын пландагы тышкы конфигурациясынын мисалдары Д тиркемесинде келтирилди»;
- 10.2 бөлүм
- төмөнкүдөй мазмундагы жаңы пункт менен толукталсын: «10.2.3 Эгерде (10.3) жана (10.4) шарттары сакталса, имарат планда бийиктиги боюнча орточо үзгүлтүксүз катары классифицияланышы мүмкүн:
(10.3)(10.4)»;
- төмөнкүдөй мазмундагы жаңы пункт менен толукталсын: «10.2.4 Эгерде ал төмөнкү бардык критерийлерге ылайык келсе, имарат планда орточо үзгүлтүксүз эмес катары классификацияланышы мүмкүн:
а) Имараттын пландагы жеке термелүүсүнүн биринчи формасы пландагы буроочу болуп эсептелбейт;
б) Курулманын жеке термелүүсүнүн негизги тону боюнча ар бир тосмонун горизонталдык биригүүсүнүн эң жогорку жана орточо мааниси өз ара 25% көп эмес айырмаланат;
в) Имараттын тосмосу жана чатыр жабуусу вертикалдык көтөрүүчү конструкциялар менен натыйжалуу байланышта болот, ал эми өзүнүн тегиздигиндеги деформациялануусун эске алуу менен аныкталган тосмолордун горизонталдык жылышуусунун эсептелген маанилери тосмолордун толук катуулугун болжолдоо менен аныкталган жылышуу маанилеринен 20% көп ашпайт;
г) Имараттын узун тарабынын (Lmax) ортогоналдык кыска тарабына (Lmin) карата 6 (λ=Lmax/Lmin≤6) мааниден ашпайт;
д) 10.2.2 д пункту төмөнкүдөй өзгөртүүлөр менен колдонулат:
‒ ар бир кирүү кырчасынын аянты жалпы тосмо аянтынын 10 % ашпайт (10.1 Сүрөт);
‒ ар бир кирүү кырчасынын тереңдиги (кирүү бурчунун чокусунан полигондук сызыкка чейинки эң кыска аралык) каралып жаткан багыт боюнча ошол багыттагы кабаттын көлөмүнөн 25 % ашпайт;
‒ пландагы ар бир кырчанын чоңдугу анын кеңдигинен ашпайт;
‒ тосмонун контуру менен тосмону курчап турган полигоналдык сызыктын ортосундагы жалпы аянт тосмонун жалпы аянтынын 30 % ашпайт;
‒ тосмодогу оюктар сейсмикалык жүктү вертикалдык конструкцияларга берүүнү оорлотпойт»;
- төмөнкүдөй мазмундагы жаңы пункт менен толукталсын: «10.2.5 10.2.2 пунктта келтирилген критерийлердин бир же бир нечесине ылайык келбеген, бирок 10.2.4 пунктта келтирилген бардык критерийлерге ылайык келген имараттарды планда орточо үзгүлтүксүз эмес катары классификациялоого болот.
10.2.4 пунктуна ылайык имараттын пландагы тышкы конфигурациясынын мисалдары Д тиркемесинде келтирилди.
Эскертүү: Эгерде имараттын (блоктун) жер төлө же цоколдук кабаттын дубалы монолит темир бетондон болсо, жана имараттын жалпы тутумуна киргизилип, шагылдын басымын кабыл алса, жер төлө же цоколдук кабаттын үстүндөгү тосмолор үчүн ушул ченемдердин 10.2.2 б) жана в) жана 10.2.4 б) жана в) пунктчаларын аткарбай коюуга жол берилет, мында ошол дубалдар жээктей жайгашканбагыттагы сейсмикалык таасирлер үчүн жогоруда аталган пункттардагы талаптарды аткарбай коюуга жол берилет»;
- 10.3.7 пункт алып салынсын;
- 10.3.11 пунктта «конструктивдүү системадагы» деген сөздөр «жана рамалуу-туташ конструктивдик тутумдагы рамалуу»деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- А.1 пунктунда «узундугу бир кабаттын бийиктигинен ашпаган» деген сөздөр алып салынсын;
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын «А.17дубал: планда узартылган түрдөгү узундуктун калыңдыкка болгон lw/bw4 төн аз эмес катышы менен башка элементтерди көтөрүп туруучу конструктивдик тутумдун элементи. Дубалдардын тегиздиги эреже боюнча вертикалдык багытка ээ»;
- А тиркемеси жаңы пункту менен толукталсын «А.18 Кырча: негизги сызыктан четтеп турган жана оюкча же тепкич сыяктуу курулманын (дубалдын, тосмонун) бир бөлүгү»;
- Б тиркемесинин жетинчи абзацы төмөнку редакцияда баяндалсын «kgF – курулуш аянтынан Ысык-Ата жаракасынын магистралдык сызыгына чейинки аралыкты эске алган коэффициент»;
- төмөнкү мазмундагы жаңы Г тиркемеси менен толукталсын:
Г тиркемеси
Сейсмикалык коркунуч көрсөткүчүн көрсөтүү менен Ысык-Ата жаракасынын таасириндеги аймактар:
Титирөөнүн күчөшү (IPE) балл менен, g=981 см/сек,2 үлүштөгү сейсмикалык термелүүнүн горизонталдык курамы үчүн топурактагы эң жогорку тездик (PGA1), булл сейсмикалыккасиети боюнча топурак шарттарынын «шагыл» түрүнө кирет
№ жарака аймагы | Жараканын магистралдык сызыгына чейинки аралык, R | IPE | PGA1, agR | Топурак шарттуу түрдөгү курулуш аянтындаagэсептелген тездиктин мааниси | |||||
IA | IБ | II | III | ||||||
|
|
|
| ||||||
1 | R < 100 | >9 | 0.500 | 0.500 | 0.500 | 0.550 |
| 0.650 | |
2 | 100< R < 300 | 9 | 0.400 | 0.400 | 0.400 | 0.440 | 0.520 | ||
3 | 300< R < 500 | 9 | 0.357 | 0.357 | 0.372 | 0.395 | 0.510 | ||
4 | 550 |
8 | 0.337 | 0.337 | 0.358 | 0.390 | 0.502 | ||
600 | 0.334 | 0.334 | 0.356 | 0.389 | 0.500 | ||||
650 | 0.331 | 0.331 | 0.354 | 0.388 | 0.499 | ||||
700 | 0.328 | 0.328 | 0.352 | 0.387 | 0.497 | ||||
750 | 0.325 | 0.325 | 0.349 | 0.386 | 0.496 | ||||
800 | 0.322 | 0.322 | 0.347 | 0.385 | 0.494 | ||||
850 | 0.319 | 0.319 | 0.345 | 0.384 | 0.492 | ||||
900 | 0.316 | 0.316 | 0.343 | 0.382 | 0.490 | ||||
950 | 0.313 | 0.313 | 0.340 | 0.381 | 0.489 | ||||
1000 | 0.310 | 0.310 | 0.338 | 0.380 | 0.487 | ||||
1050 | 0.307 | 0.307 | 0.336 | 0.378 | 0.485 | ||||
1100 | 0.304 | 0.304 | 0.333 | 0.377 | 0.483 | ||||
1150 | 0.302 | 0.302 | 0.332 | 0.376 | 0.481 | ||||
1200 | 0.299 | 0.299 | 0.329 | 0.374 | 0.479 | ||||
1250 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1300 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1350 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1400 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1450 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
1500 | 0.296 | 0.296 | 0.327 | 0.373 | 0.477 | ||||
5 | 200<-R<1500 | 9 | 0.400 | 0.400 | 0.400 | 0.440 | 0.520 | ||
Э с к е р т ү ү | |||||||||
1. 3-графада араб цифрасы менен көрсөтүлгөн сейсмикалык коркунучтун деңгээли 8, 9 жана>97-9 баллдык шкалага ылайык келет | |||||||||
(кара:КР КЧ 20-02:2018* И тиркемеси). | |||||||||
2. 3 жана 4 графадагы сейсмикалык коркунучунун баллдык жана тездик көрсөткүчү шагыл топурактуу шартка кирет | |||||||||
(топурак шарттарынын түрү IА КР КЧ 20-02:2018* 6.1 таблица боюнча). | |||||||||
3.Жарака аймактарынын сейсмикалык коркунучу сейсмикалык таасирлердин топографиялык күчөө натыйжаларысыз аныкталган. | |||||||||
4. Ушул таблицаны колдонууда анда келтирилген аg маанисин текшерип алуу жөндүү. | |||||||||
- төмөнкү маанидеги жаңыД тиркемеси менен толукталсын:
Д тиркемеси
Д.3 Имараттардын бийиктиги боюнча кырчалары менен конфигурациясы
Д.1 10.2.2 пункттарына ылайык пландагы кабаттардын конфигурациясы
FB/FA£ 0,05 h£ 0,15Lmin | FB/FA£ 0,05 b£ 0,15Lmin |
FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 h£ 0,15Lmin | FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 h=b£ 0,15Lmin |
FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 h£ 0,15Lmin | FB/FA£ 0,05; SFB/FA£ 0,2 b£ 0,15Lmin |
Д.2 10.2.4 пункттарына ылайык пландагы кабаттардын конфигурациясы
FB/FA£ 0,1 h£ 0,25Lmin | FB/FA£ 0,1 b£ 0,25Lmin |
FB/FA£ 0,1; SFB/FA£ 0,3 h£ 0,25Lmin | FB/FA£ 0,1; SFB/FA£ 0,3 b£ 0,25Lmin |
FB/FA£ 0,15; SFB/FA£0,3 h£ 0,25Lmin | FB/FA£ 0,1; SFB/FA£ 0,3 h£ 0,25Lmin |