Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ
ЧАРБАСЫ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 18-февралы № 1
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жөнүндө Жобосун жана Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук Эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 23, 24, 75, 78-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана токой чарбасынын чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жакшыртуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жөнүндө Жобосу ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук Эрежелери ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Мамагенттик) баардык бөлүмдөрү ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышсын.
3. Мамагенттик пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык милдеттүү түрдө расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Мамагенттиктин ченемдик-укуктук камсыздоо бөлүмү:
расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн, алар күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо токой чарба жана өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактарынын маселелерин тейлеген Мамагенттиктин орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Директор | А.А.Рустамов |
Тиркеме 1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө
ЖОБОСУ
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, токой чарбасынын республикалык мамлекеттик башкаруучу органы (мындан ары – курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы) болуп саналат, ал мамлекеттик токой фондусунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарынын коргоосун камсыздайт жана агенттиктин системасында уюштурулган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо (мындан ары – мамлекеттик токой коргоо) аркылуу ага жүктөлгөн мамлекеттик токой фондусунда жайгашкан токойлордун (мындан ары – токойлор) абалын көзөмөлдөө милдетин аткарат.
Мамлекеттик токой коргоо курамына кирген кызматкерлердин тизмеси курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
2. Мамлекеттик токой коргоосу өзүнүн иш аркеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Токой Кодексин, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын өзүнүн иш-аракеттеринде жетекчиликке алат.
II.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо
органдарынын милдеттери, укуктары жана милдеттенмелери
3. Мамлекеттик токой коргоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) токойлордун коргоосун жана сактоосун камсыздоо;
б) токой фондунун абалына, пайдалануусуна, коруусуна, коргоосуна жана сактоосуна жана токойлорду калыбына келтирүүсүнө, ошондой эле токой фондунун пайдалануусун уюштуруусуна карата контролду камсыздоо;
в) мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан пайдаланбаган жаратылыш ресурстарынын (пайдалуу кен-байлыктары ж.б.) коргоосун камсыздоо.
4. Мамлекеттик токой коргоо ага жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык:
а) токойлордун коргоосунда, сактоосунда, токойлорду калыбына келтирүүсүндө, ошондой эле токой фондунун пайдалануусунда укук бузууларды четтетүү жана болтурбоо;
б) өзүнүн компетенттик ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык иш алып баруу;
в) өзүнүн компетенттик ыйгарым укуктарынын чегинде токой фондунун аймагында укук тартибин камсыздоо;
г) тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик, администрациялык жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;
д) өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандарга жана юридикалык жактарга аныкталган укук бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берүүгө;
е) өзүнүн компетенциясынын чегинде чарбалык жана башка иш-аракеттерге чек коюу жөнүндө, аларды токтото туруу жана аларга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
5. Мамлекеттик токой коргоосуна, коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктар берилет:
а) юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандардын токой фондусунун участокторун пайдаланууну ишке ашырууга уруксат берүүчү документтерин текшерүү;
б) токой фондусун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды түзүү;
в) укук бузууларга жол берген же мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган адамдарды кармоо;
г) токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү пайдалануу жагында кылмыш кылгандарды жана администрациялык укук бузууларды жасагандарды кармоо жана укук коргоо органдарына жеткирүү;
д) белгиленген тартипте транспорт каражаттарын, башка объекттерди жана жерлерди карап чыгуу, зарыл болгондо кармалган адамдардын өздөрүн карап чыгуу;
е) мыйзамсыз алынган токой ресурстарын, аларды алууга керек болгон курал-жабдыктарын, ошондой эле транспорт каражаттарын алып коюу жана алардын андан аркы тиешелүүлүгү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечүү укугу.
III. Кыргыз Республикасынын мамлекттик токой коргоосунун уюштурулушу
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосунун курамына Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын системасынын уюмдарынын, мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлери ушул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен кызмат ордулардын тизмесине ылайык кирет.
7. Токойдогу өрт кооптуулук мезгилинде токой коргоо кызматы токой чарбаларында өрт өчүрүү командалары жана убактылуу өрт сакчылары менен күчөтүлөт.
8. Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын территориалдык жана ведомствого караштуу түзүмдөрү аркылуу мамлекеттик токой коргоонун жалпы башкаруусу жүзөгө ашырылат.
Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү токойлорду коргоо иш-чараларын иштеп чыгарат жана ушул иш-чаралардын ишке ашыруусу менен мамлекеттик токой коргоо ишмердигин контролдойт.
9. Ведомствого караштуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө токойлорду коргоо токой чарбасынын директоруна жана анын жетекчилиги астында башкы токойчусуна, токойду коргоо жана сактоо инженерине жана токойчулуктарда – токойчулуктун башчылары менен алардын жардамчыларына, токой чеберлерине жана токой сакчыларына жүктөлөт.
10. Токойлордун натыйжалуу башкаруусун уюштуруу атап айтканда токойлорду коргоо максатында токой чарбалары токойчулуктарга, токойчулуктар болсо участокторго жана/же кыдырма аянттарга бөлүнөт. Ар бир токойчунун карамагына берилген кыдырма аянттарынын чегинде токой сакчылары токойчулуктун башчыларынын, алардын жардамчыларынын жана токой чеберлеринин контролу астында түздөн-түз токой коргоосун жүзөгө ашырат.
11. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ыктыярдуу өрт өчүрүү топторду жана күзөттөрдү уюштуруу жолу менен мамлекеттик токой коргоо кызматы юридикалык жана жеке жактарды токойлорду коргоо иштерине тартат.
IV. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо кызматкерлеринин милдеттенмелери
12. Токой сакчылары токойду жана алардын карамагына берилген кыдырма аянттарындагы мүлктү түздөн-түз коргойт жана токой чеберлеринин (участоктук токой адистери), токойчулуктун башчыларынын жана алардын жардамчыларынын алдында ишин алып барат.
Токой сакчылары кыдырма аянттын жана алардын карамагына берилген мүлктүн сакталышына жеке жоопкерчиликтүү болот жана төмөнкүгө милдеттүү:
а) өзүнүн кыдырма аянтын жана анын чек араларын жакшы билүү, аянттын ичинде жолдорду, көлмөлөрдү, көлдөрдү, кудуктарды, кыюу жерлерин, токой чарба чеберлердин (участоктук токой адистеринин) жашаган жерлерин, кошуна токой сакчыларды жана жакынкы калктуу конуштарды, токой чарбалардын жана токойчулуктардын кеңселерин, ошондой эле токойдогу өрт коопсуздук Эрежелерин жана токой өрттөрдү өчүрүү практикалык ыкмаларын жакшы билүүсү;
б) токой фондун пайдалануу укуктарын тастыктоо документтерин текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелидеги № 192 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин” сактоосун байкоо жана аныкталган мыйзамсыз токой пайдаланууга карата токтотуу чараларын көрүүгө;
в) токой коргоо мыйзамдарын бузууга карата протоколдорду (актыларды) түзүүгө;
г) токойдо өрт болгон учурда өрттү өчүрүү үчүн бардык чараларды көрүү жана ошону менен бирге токой чеберине, токойчулуктун башчыларысына жана/же анын жардамчысына кабарлоо, бекитилген алдын алуу жана күчтөрдү мобилизациялоо пландарына ылайык юридикалык жактардын унаа каражаттары менен калкты токой өрттөрдү өчүрүүгө тартуу жана өчүрүүдө тиешелүү өрт өчүрүү каражаттарын колдонууга;
д) токойлордо өрт коопсуздук Эрежелердин аткаруусун байкоо жана ушул Эрежелер бузууларын дароо тыюу: эгер юридикалык жактар бузууларды кылса, анда токой чеберине (участоктун токой адиси), токойчулуктун башчысына же анын жардамчысына кабарлоо жана бузуу жөнүндө протоколду (актыны) түзүү, эгер жеке жактар бузууларды кылса, анда бузууну тыюудан кийин дароо протоколун (актыны) түзүүгө;
е) токойдо өрттөрдү пайда кылган адамдарды кармап, тиешелүү бийлик органдарына жеткизүүгө;
ж) кыдырма аянтында болгон көпүрөлөрдүн, күзөт мунаралардын, телефон тармагын ж.б. бүтүн болгондугун байкоого;
з) кыдырма аянтында аныкталган токой чарбасына жана айлана чөйрөгө зыян келтире турган зыянкечтер, илдеттер, шамалдан кулаган дарактар, куураган дарактар жана башка өзгөрүүлөр жөнүндө токой чарба чеберине же токой чарбасына токтоосуз кабарлоого;
Ар бир токой сакчысына кыдырма аянтынын паспорту берилет, ал паспортто токой сакчысынын карамагына сактоо үчүн берилген мүлктүн тизмеси камтылат.
13. Токой чеберлери токойчулуктун башчысынын жана анын жардамчысынын алдында түздөн-түз ишин алып барат, бекитилген участокто иштин абалына жеке жоопкерчиликти тартып төмөнкүгө милдеттүү:
а) участогунун жана анын курамына кирген кыдырма аянттарынын чек араларын жакшы билүү жана ошондой эле бардык өрткө каршы курулмалардын, көлмөлөрдүн, дарыялардын, көлдөрдүн, арыктардын, байланыш түйүмдөрдүн абалын жана чек аралаш токой чарба чеберлердин, токой сакчылардын жашаган жерлерин билүүгө;
б) участокторунун токой сакчыларына нускама берүү менен алардын ишин башкаруу жана ошондой эле өзүнүн милдеттенмелерин аткарууда ведомстволук контролду жүргүзүүгө;
в) кыдырма аянттарына текшерүүлөрдү курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен Нускамага ылайык жүргүзүү, турак (кордон) жайларды, куралды жана карамагына берилген мүлктүн тиешелүү түрдө токойчулар тарабынан сактап туруусуна байкоо кылууга;
г) бузууларга протоколдорду (аткыларды) түзүүгө;
д) токойдо өрт болгон учурда өрттү өчүрүүгө чараларды көрүү жана ошону менен бирге токойчулуктун башчысына жана/же анын жардамчысына кабарлоо, бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо жана токой өрттөрдү өчүрүү пландарына ылайык бардык чараларды көрүүгө;
е) токой коргоо мыйзамдарынын тартибин бузуулар жөнүндө түзүлгөн протоколдорду (актыларды) токойчулукка бир күндүк мөөнөттөн кечикпей жөнөтүүгө;
ж) кыюу, дайындалган материалдардын жана участоктогу токой кыюу иштери аткарылган жерлердин тастыктоосуна катышуу менен айрым учурларда токойчулуктун башчысынын же анын жардамчысынын тапшырмасы боюнча тиешелүү актыны түзүү менен ушул тастыктоону өз алдынча өткөзүүгө;
з) участоктогу убактылуу өрт сакчылары менен өрт өчүрүүчү командаларынын ишин башкарууга;
и) токойчулуктун башчысынын же анын жардамчысынын тапшырмасы боюнча токойлордун, алардын ичинде шаар жана карамагындагы токойлордун коргоо абалын текшерүүгө.
14. Ар бир токой чеберине бекитилген үлгүдөгү эн тамгалар берилет: уруксат берүүчү эн тамга дарактарга, даярдалган жыгач материалдарына жана токойду мыйзамдуу кыюудан кийин калган дүмүрлөргө салынат жана кыюу эн тамгасы токой бузуучулардан тартылып алынган материалдарга, ошондой эле уруксатсыз кыюудан кийин калган дүмүрлөргө салынат.
Мамлекеттик курчап турган чөйрөнү сактоо органы эн тамгаларын салуу жана жогоруда көрсөтүлгөн сактоо тартибин бекитет.
15. Токой тартибин бузуучу мыйзамсыз өндүргөн материалды токой чеберлери жана токой сакчылары токойдон же жолдон токтотууга милдеттүү жана ошондой эле эгерде токой тартибин бузуучунун артынан түшүп токойдон алып чыгарылган мыйзамсыз өндүрүлгөн материалды пайдалануу жерине чейин алып чыгуусу такталып жана материалдын бар болгондугу мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын өкүлүнүн катышуусу менен аныкталса анда ошол материалга дагы арест салууга милдеттүү.
Ушундай жагдайда тыюу салынган материалды алып чыгууга мүмкүн эмес болсо анда ал материал токой сакчысына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын өкүлүнө же бузуучуга тил каттын негизинде өткөрүлүп берилет.
16. Токой коргоо милдеттенмелерден сырткары токой чеберлерине жана токой сакчыларына өзүлөрүнүн участокторунун жана кыдырма аянттарынын чегинде төмөнкү иштер жүктөлөт:
а) токой өстүрүү, токой чарбачылык жана башка тармактык иштерин жетектөө жана аларды жүзөгө ашыруу;
б) токой жайгаштыруу иштерин аткарууда токойду жайгаштыруу партияларга чектерди, чек белгилерин, токойдогу квартал жолдорун, визирлерди ж.б. натуралай көрсөтүү жана аларды жасоо менен орнотуу;
в) Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 48 - беренесиндеги токой пайдалануу түрлөрүнө ылайык кыюу үчүн, чабындылар, жайыт жерлери жана башка пайдалануу максаттар үчүн берилген токой аянттарын бөлүп берүүсүнө катышуу.
17. Токой чеберлерине жана токой сакчыларына ушул Жобонун 16-чы пунктунда көрсөтүлгөн иштерди аткарууда, келишимдердин бекитилген формасына ылайык ишти аткаруу таризденип, токой чарбасында бар болгон баалар боюнча төлөнөт.
18. Токойчулуктун башчыларынын жардамчылары өзүлөрүнүн токойчулуктарында болгон токойлордун коргоосуна жана токойчулуктун башчысы берген тармактык иш-чараларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартып төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) токой чеберлерине, токой сакчыларына, убактылуу өрт сакчыларына жана өрт өчүрүү командаларына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын байкоого жана аларга нускама берүүгө;
б) кыдырма аянттар менен участоктордо текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
в) токойчулуктун аймагында иштеген бардык юридикалык жана жеке жактардын өсүп турган жеринде жыгачты өткөрүп берүү эрежелерин жана токой өрт коопсуздук Эрежелерин аткаруусун контролдоо жана эрежелердин бузулушу аныкталган учурларда тиешелүү протоколдорду (актыларды) түзүүгө;
г) токойчулуктун аймагында өрткө каршы чаралардын аткаруусун түздөн-түз башкаруу жана токой өрттөрү болгон учурларда – жогору турган мамлекеттик токой коргоо кызматкери келгенге чейин өрт өчүрүүнү башкаруу жана бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо жана токой өрттөрдү өчүрүү пландарына ылайык бардык чараларды көрүүгө;
д) токойчулукка түшкөн токой тартибин бузуулар жөнүндө протоколдордун (актылардын) туура түзүлгөндүгүн текшерүү жана уруксатсыз кыйылган же токойго зыян келтирилген материалдык-акчалай баалоосун жүргүзүүгө;
е) токойчулуктун башчысынын тапшырмасы боюнча токойлордун, алардын ичинде шаар жана карамагындагы токойлордун коргоо абалын текшерүүгө;
19. Токойчулуктун башчысы токойчулуктарга жылына бекитилген тармактык иш-чараларын аткарууга жана токой коргоо, сактоо иштерине жеке жоопкерчиликтүү жана төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) токойчулук аймагында токойлордун өрткө жана токой тартибин бузууларга каршы коргоосуна жана бекитилген тармактык иш-чаралардын аткаруусуна жана башкарууга;
б) токой чеберлеринин жана токой сакчыларынын техникалык билимдерин жогорулатуу иш-чараларын өткөзүүгө;
в) эл арасында түшүндүрүү ишин уюштуруу менен жүзөгө ашыруу жана токойлорду коргоого элди тартууга;
г) токойдо иштеп жаткан бардык юридикалык жана жеке жактардын өсүп турган жеринде жыгачты өткөрүүгө бекитилген эрежелерин жана токойлордо өрт коопсуздук Эрежелерин аткаруусун ар дайым контролдоого;
д) токой тартибин бузуу жөнүндө протоколдорду (аткыларды) түзүүгө; токой тартибин бузуулар жана токой өрттөрү жөнүндө протоколдордун (актылардын) туура жана өз маалында түзүлүшүнө байкоо жүргүзүүгө, протоколдорду (актыларды) өз маалында каттоого жана бир күндүн ичинде аларды токой чарбасына жөнөтүүгө;
е) өзүнүн токойчулугуна тийиштүү токой чарбасынын өрткө каршы иш-чаралардын ыкчам пландарын иштетип чыгуусуна катышууга;
ж) бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо жана токой өрттөрүн өчүрүү пландарына ылайык токойчулук аймагында өрткө каршы бардык иш-чараларын жүзөгө ашырууну жана өрттү өчүрүүнү жетектөөгө;
з) соттордо жана башка органдарында токой тартибин бузуулар жана токой өрттөрү боюнча каралган иштерде токой чарбасы берген ишеним кат боюнча өкүлчүлүк кылууга;
и) юридикалык жана жеке жактарга бекитилген токойдун коргоосун уюштуруусуна техникалык жардамды көрсөтүүгө, токойчулуктардын тегерегиндеги, анын ичинде шаар жана карамагында болгон токой фондунун туура пайдалануусун байкоого, жана бузууларды аныктоодон кийин тиешелүү протоколдорду (актыларды) түзүүгө.
Токой чарбасында токой чеберлери жана/же токойчулуктун башчыларынын жардамчылары жок болгон учурларда алардын милдеттенмелери токойчулуктардын башчыларына жүктөлөт.
20. Токойду коргоо жана сактоо инженерлери токой чарбаларынын директорлордун кол астында иштейт жана алар менен чогуу токой чарбасында токойлорду коргоо абалына жоопту болуп төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) токойлорду өрттөн жана токой тартибин бузуулардан коргоосуна тийиштүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын, токтомдорун, жетекчиликтин буйрутмаларын жана нускамаларын жакшы билүүгө;
б) токойчулуктарда, участоктордо жана кыдырма аянттарда болгон токойлордун абалын ар дайым контролдоого; планда болгон жана пландан сырткары кыдырма аянттарында текшерүүлөрүн жүргүзүүгө;
в) токой чеберлеринин, токой сакчыларынын, убактылуу өрт сакчыларынын жана өрт өчүрүүчү командалардын өздүк курамына техникалык билимдерин жогорулатуу окууларын уюштурууга;
г) токой чарбадагы токойлорун коргоо иш-чараларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
д) өрт-химиялык станциялардын иштерин уюштуруусун жана иштөөсүн, күзөт мунараларынын курулушун жана оңдоо иштерин жана баштапкы өрт өчүрүү каражаттарын толуктоо боюнча жетектөөгө;
е) токой өрттөрүнүн алдын алуунун жана күрөшүүнүн жаңы ыкмалары менен жөндөмдөрүн токой чарбасында жүзөгө ашырууну түздөн-түз башкарууга;
ж) токой чарбасында токойлорду өрттөрдөн жер үстүндөгү коргоо иштерин кайгулдоо менен токой өрттөрү менен түздөн түз күрөшүү жагынан иштерди координациялоого;
з) бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо жана токой өрттөрүн өчүрүү пландарына ылайык токой өрттөрдүн өчүрүүсүн түздөн-түз башкарууга;
и) токой чарба аймагында иштеген бардык юридикалык жана жеке жактардын өсүп турган жеринде жыгачты өткөрүп берүү эрежелерин жана токой өрт коопсуздук Эрежелерин аткаруусун контролдоого;
к) укук коргоо органдарында жана соттордо болгон токой тартибин бузуулар менен өрттөр жөнүндөгү иштердин жүрүшүн жана жаза-чара чечимдердин аткарылышын байкоого, токой чарбасы берген ишеним каттын негизинде соттордо жана токой тартибин бузуулар менен токой өрттөр иштери боюнча башка органдарында өкүлчүлүк кылууга;
л) токой тартибин бузуулар жана токой өрттөрү жөнүндө протоколдордун (актылардын) туура жана өз маалында түзүлүшүнө байкоо жүргүзүүгө жана алардын каттоосун жүргүзүүгө;
м) токой турак (кордон) жайлары менен башка курулуштардын жана токой коргоо имараттарынын жакшы абалда сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоо менен колдонуусун көзөмөлдөөгө;
н) токой чарба директорунун тапшырмасы боюнча токой чарбасынын аймагында жайгашкан токойлордун, алардын ичинде шаар жана карамагындагы токойлордун коргоо абалын текшерүүгө.
21. Башкы токойчу токой өстүрүү, токой чарбалык, токой коргоочу, өрткө каршы жана токой чарбасындагы башка тармактык иш-чаралары үчүн жеке жоопкерчиликти алат жана төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) токойлорду өрттөн сактап калуу жаатында жаңы ыкмалар менен көнүмдөрдү жүзөгө ашырууга жана токойлорду өрттөрдөн, токой тартибин бузуулардан коргоосуна байланыштуу өндүрүштүк-чарбачылык жана техникалык бардык иш-чараларын уюштуруу жана иш жүзүнө ашырууну башкарууга;
б) ведомствого караштуу токойчулуктардын токой коргоосуна байланыштуу бардык иш-чаралар боюнча пландарын иштетип чыгуусун башкарууга жана алардын ишке ашыруусун контролдоого;
в) токойлорду коргоо жаатындагы техникалык нускамалардын, эрежелердин жана башка ченемдердин сактоосу менен аткаруусун контролдоого;
г) токой чарбалары менен токойчулуктардын мамлекеттик токой коргоо кызматкерлеринин техникалык билимдерин жогорулатуу иш-аракеттерин уюштуруусун башкарууга;
д) токой коргоосун уюштуруусуна юридикалык жана жеке жактарга техникалык жардамды көрсөтүүгө, токой фондунун коргоосуна жана туура пайдалануусуна байкоо салууга, ушул токойлорго токой чарба аймагындагы шаар жана карамагындагы токойлору дагы кирет.
22. Токой чарба директорлору токой чарбалардагы иштеринин абалы үчүн жеке жоопкерчиликти тартат жана төмөнкүлөргө жооптуу:
а) токойлорду өрттөрдөн жана токой тартибин бузуулардан бардык коргоо иш-чаралардын ишке ашыруусуна жалпы жетектөөнү жана контролду алып барууга;
б) токой тартибин бузуулар менен өрттөр жөнүндө материалдарды укук коргоочу органдарына же сотторго жөнөтүүгө жана сотко доо-арыздарын берүүгө;
в) токой фондун, анын ичинде токой чарбасы жайгашкан жердеги шаар жана карамагындагы токойлордун туура пайдалануусуна жана коргоосуна карата контролду уюштурууга жана аныкталган бузууларды жоюу үчүн тиешелүү иш-чараларын көрүүгө;
23. Убактылуу өрт сакчылары төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) токойлорду өрттөрдөн коргоо боюнча токой сакчылары жана токой чебери берген буйрутмалары менен көрсөтмөлөрдү аткарууга;
б) коргоо участогунда токойлордо өрт коопсуздук Эрежелерин толугу менен сакталышына байкоо салууга;
в) жер үстүндө кайгулдоо менен күзөт мунарасында нөөмөттөрдү уюштуруу жана өрттү аныктоо учурунда токтоосуз эң жакынкы токой сакчысына же токой чеберине же болбосо башка алдын ала белгиленген жайларга өрттүн пайда болуусу жөнүндо кабардоого жана бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоого жана токой өрттөрүн өчүрүү пландарына ылайык бардык чараларды көрүүгө.
24. Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндөгү кызмат нускамаларына жана жоболоруна ылайык өзүлөрүнүн ишин алып барат.
25. Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери юридикалык жана жеке жактарга токойлорду өрттөрдөн жана токой тартибин бузуулардан коргоо иштерин уюштурууда техникалык жардамды берет жана ушул токойлордун кароолчу-токой сакчыларына токой бузуулар менен токой өрттөр жөнүндө протоколдорду (актыларды) толтуруу боюнча инструктажды өткөзөт.
V. Мамлекеттик токой коргоосун куралдандыруу жана куралды колдонуу
26. Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине ылайык Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары күч колдонууга, атайын каражаттарды жана атылуучу куралдарды колдонууга укуктуу.
27. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамында белгиленген тартипте куралдарды алып жүрүүгө уруксат берилет.
28. Кыргыз Республикасынын “Жазык” кодексинин 49-беренесине ылайык кол салган адамга, эгерде коргонуучу же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен бул кол салуу коштолсо, коргонуучу же башка адамдардын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомго коркунуч келтирген кол салуудан коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголуучу кызыкчылыктарын коргоодо, башкача айтканда, зарыл коргонуу абалда келтирилген зыян кылмыш деп саналбайт.
VI. Мамлекеттик токой коргоодо кызмат кылуу
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелинде бекиткен № 201 сандуу токтомундагы “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” талаптарына жооп берген адамдар мамлекеттик токой коргоо кызмат ордуларына кабыл алынат.
30. Кыдырма аянттын (участокту) токой сакчылары менен токой чеберлерин алмаштырууда бекитилген формадагы өткөзүп берүү – кабыл алуу актысы токой чеберинин, токойчулуктун башчысынын же анын жардамчысынын катышуусу менен толтурулат.
31. Токойчулукту өткөзүп берүүдө 5 адамдан кем эмес комиссия түзүлөт, комиссияда токой чарбасынын токойду коргоо жана сактоо инженеринин жана токойчулуктун башчысынын катышуусу сөзсүз түрдө керек.
32. Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана ички эмгек тартибине ылайык сыйлоо жана тартипке чакыруу жаза чаралары колдонулат.
33. Мамлекеттик токой коргоодо 10 жана андан көп жыл кемчиликсиз кызмат кылган адамдар белгиленген үлгүдөгү төш белги менен 10, 20, 30, 40 жана андан көп иштеген жылдар үчүн мамлекеттик курчап турган чөйрөнү коргоо органы аныктаган тартипте сыйланат.
34. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 сандуу токтому менен бекиген Кыргыз “Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими жөнүндө” токтомуна ылайык формалуу кийимдерди кийишет.
35. Токой чеберлери жана токой сакчылары кызматтык максаттар үчүн унаа анын ичинде дагы көлүк унаа менен камсыздалат.
36. Токой коргоодо кызмат кылуу мезгилинде токой сакчылары турак жана короо жайлары токойдо (кордон) акысыз берилет жана турак жайларын жылытуу үчүн отун менен камсыздалат.
Тиркеме 2
Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук Эрежелери (мындан ары – Эрежелер) токойлорду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу аракеттерин жүргүзүүдө жана токойлордо башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда токойлордо өрт коопсуздугунун чараларына талаптарды белгилеп бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Токой кодекси, Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” Мыйзамы, ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыздоо маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылары токойлордо өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укуктук негизи болуп саналат.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкү аталмалар менен тиешелүү аныктамалар колдонулган:
токой фондусунун жерлери - токой каптаган, ошондой эле токой каптабаган, бирок токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн берилген жерлер токой фондусунун жерлери катары таанылат;
токойлордун өрт кооптуулук классы - аба ырайы, жайгашкан жердин өзгөчөлүктөрү жана өрт чыгуу коркунучунун мезгили (жаз, жай, күз) менен шартталган токой өрт кооптуулук даражасына салыштырмалуу берилген баа. Өрт кооптуулук класстары өрт кооптуулук даражасы жогорулаган сайын өзгөрүп турат: I - өтө төмөн, II - төмөн, III - орточо, IV - жогорку, V - өрт кооптуулуктун өзгөчө даражасы;
токой өртү – токой фондусунун жерлеринде пайда болгон жана тарап жаткан өрт;
токой жайгаштыруу - токойду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбачылыгын жүргүзүү маданиятын жогорулатуусуна багытталган чаралардын тутумун иштеп чыгууну камсыз кылган токой чарбалык ишинин адистештирилген түрү;
токой өртүн жок кылуу – токой өрттүн күйүүсүн токтотуу;
минералдаштырылган тилке - минералдык жер кыртышын ачуу жолу менен пайда болгон өрткө каршы жасалма бөгөт;
токойлорду коргоо – токой өрттөрүн, уруксатсыз токой кыюуларын жана башка токой коргоо мыйзамдарынын бузууларын алдын алуу жана каршы күрөшүү иш-чаралардын жыйындысы;
өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары - өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн алып жүрмө же көчмө каражаттары;
токойдогу өрт кооптуулук мезгили (мындан ары өрт кооптуулук мезгили) - жылдын токой өрттөрү чыгып кетүүсү мүмкүн болгон календардык бөлүгү, адатта токойдо кар катмары жок болгон күндөн тартып туруктуу жаанчыл аба-ырайы же кар катмары пайда болгонго чейинки токой өртү мүмкүн боло турган убакыт;
токой өрттөрүн болжолдоо – токой өрттөрүн каттоо маалыматтарын иликтөөсүнүн негизинде убакыт менен мейкиндик боюнча токой өрттөрүнүн болуп жана жайылып кетүү ыктымалдыгын аныктоо;
өрткө каршы иш-чаралары – өрттүн пайда болуусуна жана жайылуусуна жол бербөөгө жана аны жок кылуусуна багытталган уюштуруу чаралар жана / же техникалык каражаттар.
токой фондунун өрткө каршы жабдуулосун жакшыртуу – токой фондунун аймагында өрттөрдүн пайда болуусун алдын алган жана жайылуусун чектеген, аларды өз убагында аныктоого жана жок кылууга өбөлгө түзүүчү иш-чаралардын тутуму;
токой өртүн профилактикалоо – токой өрттүн пайда болуусуна жана/же жайылуусуна жол бербөөгө багытталган иш-чаралардын топтому;
токойдун санитардык абалы - токойдун булгануу мүнөздөмөсү, кургап бараткан жана куурап калган дарактардын саны жөнүндөгү маалыматтарды камтыган токойдун мүнөздөмөсү.
өрт өчүрүү – өрттү жок кылууга багытталган ыкмалар менен формаларын пайдалануу жана каражаттар менен күчтөрдүн таасир этүү процесси.
2. Өрт коопсуздугун камсыздоо
4. Кыргыз Республикасынын өрткө каршы мыйзамдарынын талаптарына жооп берүү жана негизги өрт коопсуздугун камсыздоо формалары менен ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) токой өртүнө каршы профилактикалоо;
б) өндүрүштүк контроль.
5. Токой өртүнө каршы профилактикалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) токойлордогу өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жана токойлор менен токойлордогу чарбачылык объекттеринин өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуу (өрт кооптуулук класстарынын классификациялоонун негизинде токой өрттөрүн болжолдоо, токой өрттөрүн алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо, өчүрүү жана башка өрткө каршы иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу менен бекитүү);
б) өрттөрдүн пайда болуу себептерин жок кылуусуна багытталган алдын алуу чараларын жана токой өрттөрүн профилактикалоосун жүзөгө ашыруу (токой жайгаштыруу маалымдарынын негизинде токойлордун өрткө каршы жабдуулосун жакшыртуу, кызматкерлерди токой өрттөрүн өз убагында аныктоо, кабардоо жана өчүрүү жабдуулар менен камсыздоо, окуу сабактарды жана тактикалык машыгууларды өткөзүү, өрт коопсуздугу жаатында үгүттөө жүргүзүү үчүн окуу колдонмолорун, плакаттарды, буклеттерди, брошюраларды, видео тасмаларды жана фильмдерди иштеп чыгуу менен жарыкка чыгаруу);
6. Юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга берилген/бекитилген токой фондусунун жерлеринде токойлорду коргоо, продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана кызматтарды көрсөтүү мезгилинде өрт коопсуздугун сактоо боюнча өндүрүштүк контролду пайдалануучулар өз алдынча жүзөгө ашырат .
7. Гидрометеорология тармагында атайын ыйгарым укуктуу органы курчап турган чөйрөнүн азыркы жана күтүлүүчү абалы, токой фондунда өрт коркунучтарын болжолдоо жөнүндө маалымдары менен маалыматтык продукцияны коомдук ресурстарына ар дайым чыгарат, ошол маалыматтардын негизинде токойлордогу өрт коопсуздук классына жана аба ырай шарттарына жараша токой өрттөрүн профилактикалоо жана өчүрүү аракеттеринин тактикасы аныкталат.
8. Ушул Эрежелеринин 4-чү пунктунда көрсөтүлгөн токойлордогу өрт коопсуздугунун ыкмаларын жүзөгө ашыруусу мамлекеттик курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба органы - Мамлекеттик токой фондунун (мындан ары - МТФ) жерлеринде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында (мындан ары – ӨКЖА) жайгашкан токойлордо;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик администрациялары бирдикте – МТФнан жана ӨКЖАдан сырткары жана/же пайдаланууга бекитилген тийиштүү административдик-территориялык бөлүмдөрдүн жерлеринде жайгашкан токойлордо.
9. Юридикалык жана жеке жактар токой өрттөрүн өчүрүү үчүн бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо жана токой өрттөрүн өчүрүү пландарына ылайык тартылат же өрт коопсуздук чараларын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жана ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашылган өз ара аракеттенүү пландарына ылайык тартылат; башка тийиштүү иш-чаралар Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт.
3.Токойлордогу өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
10. Өрт кооптуу мезгилде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) жаш токойлордо, эски өрт чыккан жерлерде, токой талкаланган участокторунда (шамалдан сынган дарактар), чым көң жерлерде, кыйылган калдыктары менен даярдалган жыгачтары бар жерлерде, кургап калган чөптүү жерлерде жана дарактардын мажарасынын астына отту жагуу.
Башка жерлерде туурасы 0,5 метрден кем болбогон, минералдаштырылган (башкача айтканда топурактын минералдык катмарына чейин тазаланган) тилкеси бар аянттарына от жагууга мүмкүнчүлүк берилет. Кажети жок болгондон кийин отту топурак менен тийиштүү түрдө көмүү же чок толугу менен өчүп калганга чейин суу менен өчүрүү керек.
б) токойдо өчүрүлбөгөн затты же чок булактарын калтыруу/таштоо (күйүп жаткан ширеңке, чылым калдыктары, ысык күл ж.б.);
в) токойдо аңчылык кылууда оңой күйүүчү же түтөөчү материалдарынан кездемелерден жасалган дүрмөттөрдү колдонуу;
г) майга, бензинге, дизель майына же башка күйүүчү заттарга сиңирген сүргү кездемелерди атайын каралган жерлерден сырткары, токойдо таштоо;
д) ичинен күймө кыймылдаткычы иштеп турган кезде токойдон күйүүчү май челегине майды толтуруу, кыймылдаткычтын майды берүү тутуму иштебеген унааны колдонуу жана ошондой эле май толтурулуп жаткан унаалардын жанынан чылым чегүү же ачык от менен колдонуу.
11. МТФ, ӨКЖАнын жерлеринде, токойлорго, коргоо жана жашылдандыруу бактары отургузулган жерлерге кошулуп турган токой аянттарында, чабындыларда, ачык аянттарында чөптү жана талааларда маяны өрттөөгө тыюу салынат.
12. Токойду химиялык жана радиоактивдүү заттар, өндүрүштүк агын суулар, өндүрүштүк жана керектөө калдыктары менен булгоого тыюу салынат жана ошондой эле токойдун начарлашына, кургап бараткан жана тамыры менен кургап калган дарактардын санын көбөйүүсүнө алып келген жана токойдун санитардык абалына терс таасир эткен таштандылар менен курулуш таштандылары менен токойду булгоого тыюу салынат.
13. Юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын толугу менен аткарып токойлордун өрт коопсуздугун камсыздоо;
б) токойлордо жолдорду, курулмаларды, газ түтүктөрдү, электр өткөрүү, байланыш чубалгыларын жана башка коммуникацияларын курууда калып калган жыгачтарды жана башка тез күйүүчү материалдарды токой чарба башкаруу органдары бекиткен тартипте жана мөөнөттө тазалоо;
в) токойлордо иштерди аткарууда күйүүчү-майлоочу материалдарды тиешелүү стандартка дал келген идиште сактоо, өрт чыгуусуна кооптуу мезгилде сактоо жайларын өсүмдүк катмарынан, жыгач калдыктарынан жана башка тез күйүүчү материалдардан тазалоо жана туурасы 1,5 метрден кем болбогон минералдаштырылган тилке менен курчоо; |
г) токой фондусунун жерлеринде жардыруучу заттар менен иштерди аткарууда токой чарба башкаруу органдарын иштердин аткара турган жери жана мөөнөтү тууралуу алдын ала кабарлоо;
д) токойлордо иштерди алып барууда жана объекттер жайгашкан жерлерде же маданий-массалык жана башка иш-чараларын аткарууда Кыргыз Республикасынын өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормаларына ылайык токой өрттөрүн өчүрүүчү жабдуулар менен каражаттар бар болууга тийиш жана өрт чыгуу кооптуу мезгилде аталган жабдуу менен каражаттарды токтоосуз колдонууга толугу менен даяр болгон абалда кармап турууга тийиш.
Өрткө каршы жабдуулар жана токой өрттөрүн өчүрүү каражаттары менен камсыз болуу нормалары бекитилбеген юридикалык жана жеке жактардын ишти алып баруу жерлеринде жана объектилери жайгашкан жайларда өрттү өчүрүү баштапкы каражаттарга (суусу бар идиштер, кум толтурулган ящиктер, өрт өчүргүчтөр, чакалары, күрөк, чоң шыпыргылары ж.б.) ээ болууга тийиш.
14. Пайдалануучулар жана токойдо иштерди алып барган же объекттери бар чарбалык субъекттер өрт чыгуу кооптуу мезгилдин алдында жана маданий-массалык же башка иш-чараларын аткаруусуна жооптуу адамдар токойго баруунун же кирүүнүн алдында жумушчулар же маданий-массалык жана башка иш-чаралардын катышуучулары менен тиешелүү инструктажды өткөрүүгө милдеттүү.
3. Токойдо иштерди алып барган же объекттери бар чарбалык субъекттерге коюлган талаптар
15. Токой фондунун жерлери аркылуу өткөн жана карамагында темир же автомобиль жолдору бар чарбалык субъекттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) темир жана шоссе жолдорунун узунунан жайгашкан чектеп берүү тилкелерин токойдо жаткан бутактардан, жыгач таштандыдан жана башка тез күйүүчү материалдарынан бош абалда кармоо;
б) ушул пунктун “а” пунктчасында көрсөтүлгөн чек ара боюнча тигилген бак-дарактардын ичинде тилкелерди орнотуу жана өрт чыгуу кооптуу мезгилде тазаланган жана туурасы 1,5 метр болгон минералдаштырылган тилкени кармоо.
16. Мунай-газ чалгындоо жана мунай-газ өндүрүүчү чарбалык субъекттери токойдо же мамлекеттик токой фондунун аймагында иштерин алып барууда төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) өрт чыгуу кооптуу мезгилдин убагында бургулоо скважиналары жана башка курулмаларды салуу үчүн бөлүп берилген жерлерди жыгач таштандыдан жана башка тез күйүүчү материалдарынан бош абалда кармоо жана ушул жерлердин чек аралары боюнча туурасы 1,4 метрден кем болбогон минералдаштырылган тилкелерин орнотуу менен аларды өрт чыгуу кооптуу мезгил боюу тазаланган абалда кармоо;
б) бургуланып жана колдонуп жаткан скважиналардан радиусу 50 метр болгон жерди дарактар жана бадалдардан толугу менен тазалоо (мунай жана газ скважиналарын жабык система менен пайдаланылган кезде – 25 метр радиуста тазалоо);
в) мунайды ачык идиштер менен казылган чуңкурларда сактоого жана ошондой эле тегерек жерди күйүүчү заттар (мунай, мазут ж.б) менен булгоого мүмкүндүк бербөө;
17. Карамагында электр өткөрүү, байланыш жана коммуникация чубалгылары бар чарбалык субъекттери өрт чыгуу кооптуу мезгилдин аралыгында ушул чубалгылар өткөн токой жолдорун өрт жагынан коопсуз абалда кармоого жана кургак жерлерде жайгашкан жыгач бийик мамылардын жана зым карагайлардын түптөрүн тегерете казып жумшартканга милдеттүү.
18. Карамагында өткөрмө түтүктөрү бар чарбалык субъекттери токой тутумунан өткөн өткөрмө түтүктөрдүн чектеп берүү тилкелерин жана узунунан жайгашкан коргоо жерлерин өрт чыгуу кооптуу мезгилдин аралыгында коопсуз абалда кармоого жана чубалгыларды көзөмөлдү аткарган адамдардын үйлөрүнүн жана өткөрмө түтүктөрдүн тегерегинде туурасы 2-2,5 метр болгон минералдаштырылган тилкелерин салууга милдеттүү.
19. Чалгындоо, геофизикалык, геологиялык, токой жайгаштыруу жана башка экспедициялары, партиялары жана топтору токой чабарлардын карамагында болгон аймактарында иштерди баштоого чейин негизги базаларын, токойго баруу багыттарын жана иштерди аткара турган жерлерин токой чарбаларынан каттоого милдеттүү.
20. Токойлордо токой күтүү иштерин жүргүзүүдө табигый өрт кооптуулугун баалоосу ушул Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
21. Ушул Эрежелеринин 9-пунктунда көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун ыкмаларын жүзөгө ашырууну камсыздоого жооптуу адамдар токойлордо өрт кооптуулугунун даражасын баалайт, баалоо ушул Эрежелеринин 2-тиркемесине ылайык аба-ырай шарттарына жараша жана метеорологиялык болжолдоонун негизинде өткөрүлөт. Токойлордо өрт кооптуулугунун даражасын баалоо негизинде токой өрттөрүнүн алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо, өчүрүү жана башка өрткө каршы иш-аракеттердин пландарына өзгөртүүлөр киргизилет. Өрт кооптуулугунун классы өзгөрүүсү мүмкүн экендигин эске алуу керек, ал туруктуу жана ысык аба-ырай мезгилдеринде жогорулап, ушул Эрежелеринин 3-тиркемесине ылайык токойду коргоо жана өрткө каршы иш-чараларын күчөтүүсүнө алып келет.
Ушул Эрежелеринин 4-пунктунда көрсөтүлгөн токой өрт коопсуздугунун методдору бардык токойлордо өрт коопсуздугунун кандай классы болбосун аткарууга тийиш.
22. Токойлордун бардык (арча, карагай, жаңгак-мөмө жана жайылма) түрлөрүндө өсүү жана жайылуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкү өрткө каршы иш-чаралардын түрлөрү аткарылат:
а) минералдаштырылган тилкелерди, арыктарды, көлмөлөрдү токойлордо уюштуруу, токойдун санитардык абалын жакшыртуу, токойду таштандыдан, кургап калган дарактардан жана башка тез күйүүчү материалдардан тазалоо жана токойлордун өрт коопсуздугун жогорулаткан башка токой чарбалык иштерди аткаруу;
б) отту этияттуу түрдө колдонуу жана токой өрттөрүн өчүрүү маселелери боюнча элдин, мектеп окуучулардын, пайдалануучулардын жумушчуларынын, башка чарбалык субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
в) эл эң көп барган токой фондусунун жерлерине жана жолдордун боюна токойдо отту этияттуу колдонуу жана өрт коопсуздугунун Эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө жарнама тактайларды жана плакаттарды орнотуу;
г) токой фондусунун жерлеринде жолдордун боюнда эс алуу жайларын орнотуу;
д) токой фондусунун жерлерине пайда боло турган өрттөрдү өз убагында аныктоо жана жок кылуу үчүн жетиштүү көлөмдө чараларын камсыздоо;
е) токой фондусунун жерлерине маданий-массалык чараларды өткөрүү үчүн атайын жайларды аныктоо жана отту жагуу менен таштандыны чогултуучу жерлерди от/өрт өчүрүүчү жабдыктары менен камсыздоо.
23. Мамлекеттик жаратылыш коруктарында жайгашкан токойлор менен шаар токойлорунда чырпыктарды, токой төшөлгөнү, кургак чөптү жана башка токой күйүүчү материалдарын контролдун астында өрттөгөнгө болбойт.
24. Мамлекеттик жаратылыш коруктарда жайгашкан жана табигый процесстерге (ядролук аймак) адам баласынын кандай болбосун кийлигишүүсүнө тыюу салынган токойлордо жана токой участокторунда токой өрттөрүнүн алдын алуу чаралары мүмкүн эмес.
6.Токой өрттөрүн өчүрүү боюнча юридикалык жана жеке жактарга болгон талаптар
25. Токойлордо иштерин жүргүзүп жаткан же конуштары, жолдору, кампалары, курулмалары жана башка объекттери бар юридикалык жана жеке жактар иштерин аткаруучу жерлерде, конуштардын, кампалардын же башка объекттердин жанынан токой өрттөрү пайда болгон учурларда өрттөрдү өчүрүү үчүн токтоосуз чараларды өз күчү жана каражаттары менен көрүүгө жана өрт жөнүндө кабарды токой чарбасынын тиешелүү башкаруу органына же жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жеткизүүгө милдеттүү.
26. Токой өртүн жарандар көргөн кезде токой чарбасын башкаруу, мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана өрт коопсуздугу тармагында көзөмөл менен контролду аткарган органдардын кызматкерлерине токтоосуз түрдө маалымат берүүгө милдеттүү.
27. Мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын чечими боюнча юридикалык жактардын жетекчилери жумушчулары менен техникалык каражаттарын токой өрттөрүн өчүрүүгө мамлекеттик токой коргоо кызматкерлеринин талабы боюнча күттүрбөстөн жөнөтүүгө милдеттүү.
Токой өрттөрүн өчүрүү үчүн бекитилген алдын алуу, күчтөрдү мобилизациялоо токой өрттөрүн өчүрүү пландарына ылайык тартылат же өрт коопсуздук чараларын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жана ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашылган өз ара аракеттенүү пландарына ылайык тартылат;
28. Жарандар өрт өчүрүүгө ар жыл сайын бекитилген күчтөрдү мобилизациялоого токой өрттөрүн өчүрүү пландарына ылайык тартылат же өрт коопсуздук чараларын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жана ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашылган өз ара аракеттенүү пландарына ылайык тартылат,ушул иштерди токой чарбанын мамлекеттик токой коргоо кызматкерлеринин же башка компетенттүү органдардын жетекчилиги астында аткарышат.
29. Кыргыз Республикасынын өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана өрт коопсуздугу тармагында көзөмөл менен контролду аткарган органдарына каттоо жана мамлекеттик эсебин жүргүзүү максатында пайда болгон токой өрттөрү менен алардын токойлордогу жана объекттерде болгон кесепеттери жөнүндөгү жалпыланган маалыматтары ар бир квартал сайын берилет.
7.Токойлордо өрт коопсуздук Эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
30. Ушул Эрежелерин бузгандыгы үчүн айрым участоктордо же объекттерде иштерди түздөн-түз башкарган кызмат адамдары же токойдо маданий-массалык жана башка чараларды өткөрүүнү жетектеген адамдар жана ошондой эле тиешелүү чарбалык субъекттердин жетекчилери жоопкерчиликке тартылат.
31. Токойлордо өрт коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн айыптардын ченин жана ошол айыптарды салуу укугуна ээ болгон кызмат адамдардын тизмеси жана алардын компетенцияларынын чектери Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодекси жана Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндөгү Кодекси жөнгө салышат.
32. Токойлордо өрт коопсуздук Эрежелерин бузуулар үчүн айыптардын салынышы же административдик таасир этүү чаралардын колдонуусу юридикалык жана жеке жактарды токой чарба башкаруу органдары бекиткен мөөнөттө бузууларды жоюу жоопкерчилигинен бошотпойт.
33. Токой өртүн пайда болуусуна күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар токой фондуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мүлк жоопкерчилигине тартылат.
Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коопсуздук Эрежелерине
1-Тиркеме
Токойлордогу жаратылыш өрт кооптуулугунун классификациясы
Токойлордун жаратылыш өрт кооптуулугунун классы | Өрттөнүү объектиси (токойдун, кыйылган жерлердин, токойдо отургузулган дарактардын мүнөздүү түрлөрү) | Кыйла мүмкүн болуучу өрттөрдүн түрлөрү, шарттары жана алардын мүмкүн пайда болуусунун жана таралуусунун мезгил узактыгы. |
I (жаратылыш өрт кооптуулугу - жогору) | Ийне жалбырактуу жаш токойлору, бадал сымал жайылган арча токойлору. Кургак өрөөндөрдө токой кыюулары (айрыкча жыгылгандарга жана кыйрагандарга толгондор). Зыянга учураган, куурап жаткан жана өтө бузулган дарактардын топтомдору (тамыры менен куураган дарактар, бороон - чапкындан талкаланган жыгачтар, дарактар), күйгөн, жыгылган жыгачка толгон өрттөлгөн токой жерлери. | Өрт кооптуу мезгил бою төмөнтөн күйгөн өрттөр жана дарактары бар тилкелерде жогортон күйгөн өрттөр болушу мүмкүн. Кургак өрөөндөгү чөптүү түрдөгү токой кыюуларынын өрт коркунучу жайында жана күзүндө өзгөчө жогору болот. |
II (жаратылыш өрт кооптуулугу - орто) | Биринчи класска кирбеген ийне жалбырактуулардын бардык бак-дарактары жана бири-бири менен чогуу турбаган ийне жалбырактуулары. | Төмөнтөн күйгөн өрттөр өрт кооптуу мезгил бою мүмкүн; жогортон күйгөн өрттөр - өрт жогорку чектеринин мезгилдеринде мүмкүн (ушул өрөөндүн көп жылдык орточо маанилеринен өрттөнгөн аянты же токой өрттөрдүн саны жогору болгон мезгили). |
III (жаратылыш өрт кооптуулугу – төмөн) | Бак-дарактар жана бири-бири менен чогуу турбаган жалбырактуулары, бадал сымал (жайылган арчасыз) сейрек дарактуу токойлору. | Төмөнтөн күйгөн өрттөр менен жогортон күйгөн өрттөр жайкы жана өзгөчө күзгү мезгилинде болушу мүмкүн. |
Эскертүү:
Өрт кооптуулугу төмөнкү участокторунда бир класска жогору болуп аныкталат: төмөнкүлүк өрттүн жогоркулук өрткө айланууга түрткү берүүчү ийне жалбырактуу токой дарактардын түзүлүшү же башка өзгөчөлүктөрү (ийне жыгачтуу породалардын бийик болгон жаш дарактары, дарактардын жана бадалдардын баштарынын вертикалдуу тыгыз болуусу, жыгылган дарактар кыйла толуу); жаратылыш өрт кооптуулугу жогору болгон токой дарактары менен курчалган кургак өрөөндөрдөгү чоң эмес токой участоктору үчүн; калктуу конуштарга, эл көп бара турган жерлерге, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жана темир жолдоруна жанаша жайгашкан токой участоктору үчүн.
Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коопсуздук Эрежелерине
2-тиркеме.
Токойлордо өрт кооптуулугун аба ырай шарттарына жараша классификациялоо
1. Аба-ырай шарттарына жараша токойлордогу өрт кооптуулугунун классификациясы тиешелүү аймакта токойдогу өрт кооптуулугуна таасир этүүчү метеорологиялык шарттарга жараша токой өрттөрүнүн пайда болуу жана таралуу мүмкүндүгүн (мүмкүн болуусун) аныктайт.
2. Классификациялоо (баалоо) максаттары үчүн метеорологиялык (аба-ырайынын) шарттарын комплекстүү мүнөздөгөн көрсөткүчү колдонулат.
3. Комплекстүү көрсөткүчтүн чоңдугуна жараша токойлордогу өрт кооптуулугунун классы аба ырайы шарттарына жараша аныкталат. Комплекстүү көрсөткүчү күн сайын саат 12-14-гү абалына карата аныкталат.
4. Аба ырайдын шарттарына жараша токойдогу өрт кооптуулугун классын эсептөө формуласы аба температурасын (t°) аба жана жамгырсыз n күндүн шүүдүрүм чекиттин температурасынын (эта) айырмасына көбөйтүндү суммасы катары аныкталат (3-ммден ашык жаан-чачын жааган күндү жамгырсыз мезгилдин биринчи (1) күнү болуп эсептейт):
1
КП = SUM Σ (t° × (t° - эта))
n
Аба ырай шарттарына жараша токойлордогу өрт кооптуулугун класстары
Токойлордогу өрт кооптуулугунун классы | Комплекстүү көрсөткүчтүн чоңдугу (t°) | Өрт кооптуулугунун даражасы |
I | 0 – 300 | Өтө төмөн |
II | 301 - 1000 | Төмөн |
III | 1001 - 4000 | Орточо |
IV | 4001 - 10000 | Жогору |
V | 10000 жогору | Өзгөчө |
Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коопсуздук Эрежелерине
3-тиркеме
Аба ырайдын шарттарына жараша токойлордогу өрткө каршы алдын алуу иш-чаралары
Токойдогу өрт кооптуулугун классы | Комплекстүү көрсөткүчүнүн чоңдугу | Өрт кооптуулугунун даражасы | Өрткө каршы алдын алуу иш-чаралары |
I | 0 - 300 | Өтө төмөн | Өрт жагынан кооптуу иштерди аткара турган жерлеринде өрт коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн токой фондунун жер үстүндө кайгуулдоо жүргүзүлөт. |
II | 301-1000 | Төмөн | Өрт коопсуздугунун I жана II класстарына кирген участоктордо жана ошондой эле токойлордогу эл эс алуу жайларында жер үстүндө каттам боюнча кайгуулдоо саат 11ден саат 17ге чейин жүргүзүлөт. |
III | 1001 - 4000 | Орточо | Өрт коопсуздугунун I, II жана III класстарына кирген токой участокторунда жер үстүндө каттам боюнча кайгуулдоо саат 10дон саат 19га чейин жүргүзүлүп, токой жумуштары жүргөн жана эл айрыкча бара турган жерлерде, күчөтүлөт. Мамлекеттик токой коргоо иш-милдеттери жүктөлгөн кызмат адамдары кабарлоо жайларда болушат. Өрт өчүрүүчү каражаттар текшерилип даярдык абалына келтирилиши керек. Токойлордо өрт коопсуздугун бузуу үчүн жоопкерчилиги, от менен этияттык менен мамиле кылуу, токойлорго аёо мамиле кылуу жөнүндө агитациялык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. |
IV | 4001 - 10000 | Жогору | Өрт коопсуздугунун класстарына карабастан токой иштери жүргөн участокторунда жана ошондой эле эл бара турган жерлерде жер үстүндө каттам боюнча кайгуулдоо саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Токой өрттөрүнө байкоону жарык күндүн аралыгындагы орунду алат, нөөмөт белгиленген жерлерде саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой коргоо иш-милдеттери жүктөлгөн кызмат адамдары, башка түзүмдөрү менен өрт өчүрүүчү каражаттар жогорулатылган пайдаланууга даяр абалда болушат. Жергиликтүү өз алдынча аткаруу жана башкаруу органдары токой фондунда жагдайсыз аба ырай шарттардын кесепетинен өзгөчө кырдалдардын пайда болуусун алдын алуу максатында токойлорго барууга жана аларга унаалардын кирүүсүнө чектөөлөрдү же тыюуларды киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө элди кабарлайт. |
V | 10000 жогору | Өзгөчө | Токой чарбасы менен алектенген бардык юридикалык жактардын, башка уюмдардын көңүлү токойлорду өрттөн коргоого багытталууга тийиш. Токойлордо каттамдар менен кайгуулдоо жарык күн бою жүргүзүлөт, ал эми өрт болуунун мүмкүндүгү жогору болгон жерлерде күнү-түнү жүргүзүлөт. Токой фондунда жер үстүнөн каттамдар менен кайгуулдоону күчөтүү үчүн токой чарбасы менен алектенген юридикалык жактардын жумушчулары жана кызматчылары тартылат. IV-класстагы өрт кооптуулугу учурундагыдай эле токойлорго байкоо менен белгиленген жерлерде нөөмөт жүргүзүлөт. Өндүрүштүк жумуштардан кошумча техникасы жер менен кайгулдоону камсыз кылуу үчүн тартылат. Мамлекеттик токой коргоо иш-милдеттери жүктөлгөн кызмат адамдары, штаттан сырткары түзүмдөрү менен өрт өчүрүүчү каражаттар пайдаланууга жогорулатылган даяр абалда болушат. Жергиликтүү өз алдынча аткаруу жана башкаруу органдары токой фондунда жагдайсыз аба ырай шарттарынын кесепетинен өзгөчө кырдалдардын пайда болуусун алдын алуу максатында токойлорго барууга жана аларга унаалардын кирүүсүнө чектөөлөрдү же тыюуларды киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө элди кабарлайт. |