Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУК
2019-жылдын 1-июлу № 4
2016-жылдын 27-январындагы №1 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен бекитилген “КРАЭ-20. Аба аркылуу ташуулардын эрежелери” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 11-январындагы №3 “Кыргыз Республикасынын Аба Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “КРАЭ-20. Аба аркылуу ташуулардын эрежелери” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- Аныктамалар главасындагы “Учуу купону” деген аныктамадан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы кырк алтынчы абзац менен толукталсын:
- “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугу - үзгүлтүксүз абада ташууларга карата укук, ага ылайык чет өлкөлүк аба кемелери Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны түшүрүү жана бортуна кабыл алуу укугуна ээ;
“Жалпы жоболор” 2-главанын, “Ырааттама” 2.11. пунктунун “2.11.1.” подпункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- “2.11.1. Үзгүлтүксүз каттамдар анын ичинде “аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугун пайдалануу менен аба аркылуу ташуучулар тариздеген жана жарандык авиацияны жөнгө салуу органы бекиткен аба кемелеринин кыймылынын ырааттамасына ылайык аткарылат. Чартердик каттамдар чартердик каттамдардын планына (графикке) ылайык аткарылат.
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевге жүктөлсүн.
Министр | Ж. Бейшенов |