Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-июну № 174
Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү тартиби тууралуу Нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, автомобиль транспортунда ташууларды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 – жылдын 29 – октябрындагы № 504 – токтому менен бекитилген 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планынын 16 – пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 15 – сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү тартиби тууралуу Нускамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигине:
- Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү тартиби тууралуу Нускаманы Кыргыз Республикасынын жүргүнчү жана жүк ташуучуларына маалдымдасын;
- ташуучулар тарабынан Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү тартиби тууралуу Нускаманын аткарышын көзөмөлгө алсын.
3. Ташуучулар Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү тартиби тууралуу Нускаманын жоболоруна карата нускамалоону өткөрүүнүн көлөмүн жана узактыгын автоишканалар локалдык акт менен бекитип алууга тийиш.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Автомобиль жана темир жол транспорт башкармалыгы Мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын тизмегине киргизүү үчүн бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө автотранспорт тармагын тескөөчү Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Ж.Бейшенов |
Кыргыз Республикасынын
транспорт жана жол министрлигинин
2019-жылдын “___”_______________
№______ буйругу менен “Бекитилди”
Бул Нускама Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23 сентябрындагы № 519 – токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун Эрежесинин» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 – токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы автомобиль жана cуу транспорту чөйрөсүндөгү ишмердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Жобосунун» талаптарына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Нускаманын максаты болуп Кыргыз Республикасынын жол кыймылы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарылышын камсыздоо жана автомобиль транспорту менен ташууларды аткаруунун коопсуздугун камсыз кылуу.
3. Бул Нускама автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган бардык юридикалык жактар үчүн менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү.
4. Жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу жана ташуулардын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү тартиби, ташуу процессин уютурган жана түздөн-түз жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташыган бардык Ташуучуларга милдеттүү.
5. Ташуучулар айдоочулар менен болгон эмгек келишиминин түрүнө карабастан (Ташуучуга жалданып иштеген айдоочулар же өз алдынча ишкердиктин субъектиси болгон айдоочулар, бирок ташуучу менен эмгек келишиминин негизинде иштеген) бул Нускаманын аткарылышын камсыз кылышат.
6. Нускама ташуучулар тарабынан айдоочулар менен жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүүнүн түрлөрүн, аралыгын жана ырааттуулугун аныктайт.
7. Айдоочулар менен жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүүнүн убактысын, ордун жана ошондой эле аны өткөрүүгө милдеттүү адамдардын тизмегин ташуучунун башчысынын буйругу менен аныкталат.
8. Нускамаларды өткөрүүнү уюштуруу, өз убагында өткөндүгүн, ошондой эле анын толук аткарылышын көзөмөлдөө жана эсепке алуу ташуучунун жол кыймылынын коопсуздугу кызматына же бул ишти аткарган кызматкерге жүктөлөт.
9. Айдоочулардын жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу кириш, ар квартал жана атайын нускамалардан өтүүсүн Ташуучунун адиси тарабынан эсепке алуусу, бул Нускаманын тиркемесине ылайык калыптагы тийиштүү журналдарда жүргүзүлөт.
10. Ташуучулар Кыргыз Республикасынны мыйзамдарына жана бул Нускамага каршы келбеген атайын эрежелерди кабыл алып, айдоочуларга кошумча талаптарды орнотууга мүмкүн.
11. Кириш нускама жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын адиси же ал милдеттерди аткарган кызматкер тарабынан жүргүзүлөт. Кириш нускама жумушка алынган бардык айдоочулар менен, аларды өз алдынча жумушка чыгуусунун алдында, эмгек стажысына жана квалификациясына карабастан өткөзүлөт.
12. Кириш нускама өткөрүү убагында айдоочуга төмөндөгү маалыматтар жеткизилүүсү милдеттүү:
- ташуучунун жана анын тармактык бөлүктөрүнүн айырмачылыгы жана иш өзгөчөлүктөрү, ташуучунун иштөөсүнүн ички тартиби, айдоочуларды өз алдынча ишке уруксат берүү тартиби, тийиштүү документтерди алуу жана көрсөтүү тартиби, автомобиль транспорт каражаттарынын техникалык абалын кароо жана текшерүү, айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин сактоо;
- жол-транспорт кырсыгы болгон учурда айдоочунун жоопкерчилиги, ташуучунун каттамдарында кыймылды уюштуруу өзгөчөлүктөрү, техникалык жардам көрсөтүү;
- айдоочулар тарабынан рейске чыгуу алдында медициналык кароодон жана транспорт каражаттарынын техникалык кароодон өтүүсү;
- жолдо жүрүү Эрежелеринде, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежелеринде жана автотранспорт каражаттары менен жүктөрдү ташууну уюштуруу Эрежелеринде орнотулган айдоочулардын укуктары жана милдеттерин, анын ичинен өзгөчө көңүл жумушка мас абалында же алкоголдун калдыгы менен чыгууга, наркотикалык, токсикалык же психотроптук заттардын таасири менен чыгууга болбостугун, ошондой эле рейс алдындагы медициналык көзөмөлү жок чыгууга болбостугун, айдоочунун каттамдан четтөөсүндө жоопкерчилиги, жумуш эс алуу режимин сакбагандыгы, же уруксат документтеринде көрсөтүлбөгөн транспорт каражаттарын жүргүнчү жана жүк ташууда колдонууга тыюу салынары;
- айдоочунун жол-транспорт кырсыгында жана ЖЖЭ бузгандыгы үчүн бузуулар жөнүндө Кодексине, жарандык Кодексине жана жаза Кодексине ылайык жоопкерчилиги;
- ЖЖЭ бузган кемчиликтерин жана көзөмөлдөөчүлөр тарабынан аныкталган башка бузууларды ташуучунун кызматкерлерине жеткизүү тартиби;
- жол-транспорт кырсыктары же башка өзгөчө кырдаалдар болгон учурда мекеменин кызматкерлерине тез арада билдирүү үчүн телефон номерлери.
13. Жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу кириш нускама өткөрүлгөндүгүнүн далилдөөчү факт катары тиркемеге ылайык кириш нускама журналында чагылдырылат.
14. Ар квартал сайын нускамалоо Ташуучунун эксплуатациялоо кызматынын кызматкери тарабынан өткөрүлөт.
15. Ар квартал сайын нускамалоодо айдоочуга эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жөнүндө, туристтик-экскурсиялык ташуулар жөнүндө, балдарды ташуу, окуучулар тобун ташуу, кооптуу жүктөрдү ташуу, чоң көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу жана уюшулган транспорттук колоннада жүрүү жөнүндө төмөндөгү маалыматтар жеткизилүүсү зарыл:
- каттамдын узундугу жана жалпы мүнөздөмөсү, жолдун абалы, жолдо жүрүү шарттары, каттамдагы кооптуу жерлердин болуусу, жол-климат шарттарынын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрү;
- айдоочулардын эс алуу жана алмашуу жайлары, автомобиль каражаттарын сактоо тартиби;
- айдоочунун жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу боюнча милдеттери, эл топтолгон жерлерден өтүү тартиби, токтоо, токтоп туруу, коопсуз аралыкты сактоо жана жүрүү ылдамдыгы;
- жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана аны коопсуз ташуу үчүн талаптар;
- жүктүн жайгаштырылгандыгын жана бекитилгендигин текшерүү тартиби, керектүү жабдуулардын жана аспаптардын тизмеги;
- айдоочулардын автомобиль транспорт кажараттарынын техникалык оң абалда болуусун камыз кылуу боюнча жоопкерчилиги;
- айдоочулардын өз алдынча каттамдан четтөө, тапшырманы аткарбоо же ташуучунун автомобиль транспорт каражатын жеке кызыкчылыгында колдонуудагы жоопкерчилиги;
- жагымдуу эмес шарттарда жол коопсуздугун камсыздоого көрүлүүчү чаралар;
- калктуу пункттарда жана шаар четиндеги жолдордо ар бир автотранспорт каражаттарынын түрүнүн мүмкүн болуп уруксат берилген ылдамдыктары;
- озуп кетүү эрежеси жана кыймылдын ылдамдыгы жана шарттарына жараша коопсуз аралыкты сактоо, жүрүү бөлүгүнүн абалы жана көрүнүүсү;
- жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбоочу кесилиштерди өтүү эрежесин, жөө жүрүүчү өтмөктөрдү, каттамдагы автомобиль транспорт каражаттарынын токтоочу пункттарын жана башка жөө жүрүүчүлөр топтолгон жерлерди өтүүдөгү коопсуздук чаралары;
- автомобиль транспорт каражаттарын толтуруу нормаларын жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коопсуз ташуу талаптарын аткаруу;
- темир жол өтмөктөрүн өтүүдөгү өзгөчөлүктөр жана өтмөктө аргасыз токтоп калган учурда айдоочунун иш-аракеттери;
- автомобиль транспорт каражаттарын жөө жүрүүчүлөр агымы жана транспорт кыймылынын жыштыгы көбөйгөн маалда эксплуатациялоо өзгөчөлүктөрү;
- жол-транспорт кырсыгы болгон учурда жана ооруп же эси оогон учурда айдоочунун иш-аракети.
16. Ташуунун түрүнө жараша нускамалоо учурунда айдоочуга төмөндөгү маалымат жеткизилүүсү мүмкүн:
1) шаар аралык ташууларды аткарган учурда:
- жүргүнчүлөрдү отургузуу жана жол жүктү жүктөө нормасы;
- жүктү жайгаштыруу, орнотуу жана бекитүү тартиби.
2) туристтик-экскурсиялык ташууларды аткарууда:
- айдоочулардын жүрүм-турумунун нормалары жана жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты;
- автобусту берүү жана жөнөтүү тартиби;
- автобустун жана атайын жабдууларынын техникалык абалы;
- каттамдын кыймылынын чийини, эс алуу жана тамактануу жерлер, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү тартиби, токтоо жана токтоп туруу жерлер.
3) балдардын тобун ташууда:
- балдардын тобун ташуу өзгөчөлүктөрү;
- балдардын тобун ташууга арналган автобустун техникалык абалы, жабдуусу ;
- кыймылдын каттамы, тартиби жана ылдамдыгы;
- балдардын тобун отургузуу жана түшүрүү эрежеси.
4) эл аралык ташууларды аткарууда:
- айдоочулардын иш, эс алуу режими жана алмашуу тартиби;
- автомобиль транспорт каражаттарын оңдоочу жана техникалык камсыздоочу пункттар;
- автомобиль ташуулары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттердин аймактарындагы жолдо жүрүү эрежесинин негизги өзгөчөлүтөрү жана айырмачылыктары.
17. Ар квартал сайын нускамалоо өткөрүүдө Ташуучунун жана айдоочунун жазгы-жайкы жана күзгү-кышкы аралыгында мезгил сайын даярдыктарынын төмөнкү өзгөчөлүктөрү эске алынат:
- автомобиль транспорт каражаттарын жазгы-жайкы же күзгү-кышкы аралыкта эксплуатациялоо өзгөчөлүктөрү, катаал аба-ырайында (кар, тайгак, туман жана башка) жүрүүдө коопсуздук чараларын көрүү;
- татаал аба-ырайынын же жолдун абалынын шарттарына байланыштуу ташууларда кыймыл коопсуздугун сактоо;
- карангы убакта жана жетиштүү эмес көрүнүүдө кыймылдын өзгөчөлүктөрү;
- автомобиль транспорт каражаттарын кышкы шарттарда эксплуатациялоого даярдоо шарттары, өзгөчө көңүлдү дөңгөлөктөрдү алмаштырууга, отун системасын жана муздатуу системасын иштөөсүнө, электржабдууларына көңүл буруу керек;
- автомобиль транспорт каражтын башкаруунун ыкмалары жана тайгакта, катуу жааган карда, бороондо жана жаанда жүрүү өзгөчөлүктөрү;
- окуучулардын жана студенттердин жайкы жана кышкы эс алуу учурунда кыймыл коопсуздугун сактоо өзгөчөлүктөрү;
- узак ылдыйыштардан жана чукул көтөрүлүүдө, кабинанын айнектери тоңуп жана бубактанган учурда алдын ала коопсуздукту сактоо;
- кышкы эксплуатациялоо учурунда айдоочулар тарабынан кетирилген жол кыймылын бузуулар жана жол-транспорт кырсыктары.
18. Жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу ар квартал сайын нускама өткөрүлгөндүгүнүн далилдөөчү факт катары журналда нускамалоо өткөргөн ададын колу жана датсы менен чагылдырылат.
19. Атайын нускамалоо дайыма иштеп жүргөн жеринен башка жакка командировкага жөнөтүлүп жаткан айдоочулар менен, биринчи жолу өз алдынча каттамга чыгып жаткан айдоочулар менен, жаңы үлгүдөгү автомобиль транспорту менен ишке чыгып жаткан айдоочулар менен, жүргүнчү жана жүк ташуучу транспортунун катышуусу менен жол транспорт кырсыгы болуп анын натыйжасында адам өлүмү жана жараат алган учурда, атайын жүктөрдү (кооптуу, чоң көлөмдүү жана башка) ташуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө.
20. Атайын нускамалоо ташуучунун эксплуатациялоо кызматынын кызматкери же жол кыймылынын коопсуздук кызматкери тарабынан өткөрүлөт.
Жаңы үлгүдөгү автомобиль транспорт каражаттарын эксплуатациялоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө атайын нускамалоо, анын конструкциялык жана эксплуатациялык негиздеринин жол кыймылына тийгизген таасири тууралуу атайын нускамалоо ташуучунун техникалык кызматкери тарабынан өткөрүлөт.
21. Атайын нускамалоо учурунда айдоочуга төмөндөгү маалыматтар жеткизилиши керек:
- дайыма токтоо жеринен үзгүлтүккө учуратуу менен ташуулардын жаңы түрлөрүн аткаруу;
- командировка учурунда айдоочунун иш жана эс алуу режими;
- ташуучунун автомобиль транспорт каражаттарынын токтоо жеринин жана техникалык тейлөө жеринин жайгашышы;
- колоннада жүрүүнүн каттамы, жол абалынын өзгөчөлүктөрү жана кыймыл ылдамдыгы;
- айдоочунун ооруп калгандыгынын белгилери болгон учурда анын иш аракеттери;
- ташуучунун айдоочусу тарабынан жасалган жол-транспорт кырсыгынын себебин жана кесепеттерин анализдөө.
1) кооптуу жүктөрдү ташууда – кооптуу жүктөрдү ташуу Эрежесинин айрым талаптары;
2) чоң көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууда:
- чоң көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу автомобиль транспорт каражаттарынын техникалык абалы, жабдууларынын жана кошумча каражаттарынын абалына болгон талаптар;
- чоң көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу автомобиль транспорт каражаттарынын мүмкүн болгон кыймыл ылдамдыгы;
- чоң көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу автомобиль транспорт каражаттарын кыймылынын тартиби, озуп өтүү, токтоо жана жолдоп жүрүү тартиби.
22. Атайын нускамалоо өткөрүлгөндүгү тийиштүү журналда чагылдырылат.
Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу нускамаларды өткөрүү
тартиби тууралуу Нускамасына тиркеме
Жол кыймылынын коопсуздугунун кириш нускамалоону эсепке алуу
Журналы
Дата | Айдоочунун аты-жөнү | Нускамалоо өткөргөн адамдын аты-жөнү | Айдоочунун колу | Нускамалоо өткөргөн адамдын колу |
|
|
|
|
|
Жол кыймылынын коопсуздугунун ар квартал сайын нускамалоону эсепка алуу
Журналы
Дата | Айдоочунун аты-жөнү | ТК маркасы, модели, каттоо белгиси | Ташуу каттамы. Ташуу түрү | Нускамалоо өткөргөн адамдын аты-жөнү | Айдоочунун колу | Нускамалоо өткөргөн адамдын колу |
|
|
|
|
|
|
|
Жол кыймылынын коопсуздугунун атайын нускамалоону эсепке алуу
Журналы
Дата | Айдоочунун аты-жөнү | Нускамалоонун түрү | Нускамалоо өткөргөн адамдын аты-жөнү | Айдоочунун колу | Нускамалоо өткөргөн адамдын колу |
|
|
|
|
|
|