Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 504
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- Пландын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын 15ине чейин берип турушсун;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Планды ишке ашырууга байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын белгиленген жылдарга каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган булактардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугунун системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруунун формасы/жыйынтыгы | Ишке ашыруунун мөөнөтү | Жооптуу органдар |
1-блок. Укуктук-ченемдик мүнөздөгү чаралар | ||||
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген жол кыймылынын эрежелерине (мындан ары - ЖКЭ) төмөнкүлөрдү караштырган ченемдерди киргизүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө: | Токтом кабыл алынды | 2018-жылдын 30-ноябры | ИИМ, Финкөзөмөл, МСК, ЮМ |
- жол кыймылынын коопсуздугуна мүнөздүү эмес, ага тиешеси жок ченемдерди, тактап айтканда, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан ошол транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишкердикти жүргүзгөн учурда жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүн, же ыктыярдуу патентти, же алардын нотариус аркылуу күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн текшерүүнү ЖКЭден алып салуу; | Тиешеси жок функциялар алынып салынды | |||
- транспорт каражатында 7 жашка чейинки балдарды ташыганда балдардын автомобилдик отургучтарынын милдеттүү болушу, ошондой эле 7 жаштан 12 жашка чейинки балдардын кармануу түзүлүштөрүнүн милдеттүү түрдө болушу, балдарды анысы жок ташып жүрүүгө жоопкерчиликти белгилөө менен; | Балдардын травматизми азайтылды | |||
- айдоочулук стажы эки жылдан кем болгон айдоочулар үчүн белгиленген үлгүдөгү (кара түстөгү илеп белгиси тартылган сары түстөгү квадрат түрүндө) "Үйрөнчүк айдоочу" айырмалоочу белгини автомобилдин арткы айнегине жайгаштыруу, айырмалоочу белгинин жоктугу үчүн жоопкерчиликти караштыруу; | Эки жылга жетпеген тажрыйбасы бар айдоочулар учураган жол транспорт кырсыгынын саны кыскартылды | |||
- айдоочуларга караңгыда жарыкты чагылдыруучу жилет/куртка алып жүрүүсүн милдеттендирүү; - жашы жете электерге жарык чагылдыруучу шаймандарды (мектеп формасында, портфелинде) милдеттүү түрдө колдонуу. | Транспорт каражаттарын оңдогон же текшерген айдоочулардын жол транспорт кырсыктарына кабылуу саны азайды. Балдар катышкан жол транспорт кырсыктарынын саны кыскартылды | |||
2 | Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жана кооптуу жүк ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин бекитүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө. | Токтом кабыл алынды Камсыздандыруу келишимдеринин саны көбөйтүлдү | 2018-жылдын 30-ноябры | Финкөзөмөл, ТЖМ, ИИМ |
3 | Транспорт каражаттарынын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүү тартибин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды Транспорт каражаттарынын бузулгандыгынан улам болгон жол транспорт кырсыктарынын саны азайды | 2018-жылдын 30-ноябры | ЭМ, ИИМ |
4 | Айдоочуларды сапаттуу жана натыйжалуу окутууну камсыздоо бөлүгүндө автомектептерге лицензиялык талаптарды белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Окуу жайларынын жоопкерчилиги күчөтүлдү жана окутуунун сапаты жакшыртылды | 2018-жылдын 15-декабры | БИМ |
5 | Ташуучулардын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча милдеттүү түрдө жүргүнчүлөргө инструктаж өткөрүүсүн караштырган "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды | 2018-жылдын 15-декабры | ТЖМ |
6 | Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген уюмдарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инженердин кызмат ордун милдеттүү түрдө караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды. Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген уюмдардын транспорт каражаттары кабылган жол-транспорт кырсыктары кыскартылды | 2019-жылдын 1-февралы | ТЖМ |
7 | "Автомобилдик транспорт жөнүндө", "Жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы жана тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар, автобустар жана кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген уюмдардын транспорт каражаттары кабылган жол-транспорт кырсыктарынын саны кыскартылды | 2019-жылдын 1-февралы | ТЖМ |
8 | "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө лицензиялык контролдоо маселелери боюнча коллизияларды жоюу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды. Лицензиялык контролдоонун таасирлүү механизмдери түзүлдү | 2019-жылдын 1-марты | ЭМ |
9 | "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жүргүнчүлөр транспортуна коюлган лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн лицензияларды жокко чыгаруу жана лицензиялык контролдоонун таасирлүү механизмдерин ишке ашыруу жаатындагы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды | 2019-жылдын 1-марты | ТЖМ, ЭМ |
10 | "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына такси катары жеңил автотранспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну иштин лицензиялануучу түрүнө кошуу жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды Жүргүнчүлөрдү ташууда аварияларга кабылуунун саны төмөндөдү | 2019-жылдын 1-марты | БИМ, ТЖМ, ЭМ |
11 | ЖТК болгон жерден каза тапкан адамдын сөөгүн жеткирүүнүн тартибин регламенттөөчү ведомстволор аралык нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү | Биргелешкен ведомстволор аралык акт кабыл алынды | 2019-жылдын 1-марты | ИИМ, ӨКМ, ССМ |
12 | Жүргүнчүлөрдү жана кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын айдоочуларын рейстин алдында, рейстен кийин жана учурдагы медициналык кароону караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Жолдордо аварияларга чалдыгуулардын саны төмөндөдү | 2019-жылдын 1-апрели | ССМ, ТЖМ, ИИМ |
13 | Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан айдоочунун мас абалын аныктоого алкотесттерди колдонууну жана канда алкоголдун бар же жоктугу жөнүндө протоколдорду берүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Алкоголдук мас абалында айдоочулар жасаган ЖТК саны азайды | 2019-жылдын 1-апрели | ИИМ, ССМ |
14 | Айдоочулук күбөлүктөрдүн жаңы үлгүсүн бекитүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун демилгелөө | Өкмөттүн чечими кабыл алынды Эл аралык стандарттарга жана коопсуздуктун талаптарына жооп берген айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү бекитилди | 2019-жылдын 1-апрели | Мамкаттоо, ИИМ |
15 | Коомдук жерлерде узак убакытка калтырылган транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоону караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун тартиби бекитилди | 2019-жылдын 1-майы | ИИМ |
16 | Ташуучу тарабынан жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инструктажды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды | 2019-жылдын 1-июну | ТЖМ |
17 | Ташуучу-юридикалык жактардын, ташуучу-айдоочулардын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлеринин жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды Ташуучулардын жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүнүн тартиби бекитилди | 2019-жылдын 1-июну | ТЖМ, ЭМ, ЮМ |
18 | Республиканын бүткүл аймагында көчөлөр-жолдор тармагынын Бирдиктүү ачык маалымат базасын (паспорттоштуруу менен) ишке киргизүүнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Көчөлөр-жолдор тармагынын бирдиктүү ачык маалымат базасы түзүлдү | 2019-жылдын 1-июну 2019-жылдын 1-декабры | ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ |
19 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды алуу жана аларды колдонуу укугун камсыздоону, маалыматтарды электрондук түрдө алмашууну камсыздоо менен караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Кылмыштарды, жоруктарды жасаганда жана мыйзам бузганда колдонулган транспорт каражаттары жөнүндө, ошондой эле уурдалган транспорт каражаттары тууралуу маалымат базасы түзүлдү | 2019-жылдын 1-июлу | УКМК, Чек ара кызматы, Мамкаттоо, ИИМ |
20 | Каттам боюнча жүрүүнү жана айдоочулардын иштөө режимин сактоосун контролдоо үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын видеорегистраторлор, GPS-навигаторлор менен милдеттүү жабдууну караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Жолдордо аварияларга чалдыгуулар азайды | 2019-жылдын 1-июлу | ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
21 | Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн мөөнөтүн сактабагандыгы жана/же жабырлануучуга камсыздандыруу төлөмүн берүүдөн жүйөлүү баш тартууну жиберүү мөөнөтүн аткарбагандыгы үчүн, камсыздандыруучуга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн камсыздандыруучунун жоопкерчилигин аныктоо жаатында "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды Сапаттуу камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу | 2019-жылдын 1-августу | Финкөзөмөл, ТЖМ, ИИМ |
22 | Такси катарында кызмат көрсөтүүгө лицензия алуу үчүн окуудан өтүү, даярдануу, кайра даярдоо жана квалификациялык экзамен тапшыруу боюнча, анын ичинде транспорт каражатынын жүргүнчүлөрдү жана багажды жеңил такси менен ташуу боюнча кызмат көрсөтүү же коопсуздук талаптарына жана жеңил такси айдоочуларынын үзгүлтүксүз айдоочулук стажы үч жылдан кем эмес болушу керек деген талапка шайкеш келүү зарылдыгын эске алуу менен милдеттүү лицензиялык талаптарды белгилөө жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Жүргүнчүлөрдү ташууда авариялардын саны азайды | 2019-жылдын 1-августу | ТЖМ |
23 | Ар бир төмөнкүдөй стадияларда: - автомобиль жолдорун алдын ала долбоорлоодо; - жумушчу долбоорлоодо; - баланска кабыл алууда; - жүрүү үчүн жолду ачуудан кийин жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча милдеттүү көз карандысыз аудитти өткөрүүнү милдеттендирген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | Токтом кабыл алынды Коопсуздуктун талаптарына жооп берген жолдорду куруу камсыз кылынды | 2019-жылдын 1-сентябры | ТЖМ, Курулуш агенттиги |
24 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ортосунда автомобилдик жолдордо жол белгилерин орнотуу жана жол сызыктарын белгилөө үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү | Ченемдик укуктук акт кабыл алынды. Жол белгилерин орнотуунун жол сызыктарын белгилөөнүн тартиби бекитилди, жолдун таандыгына жараша кызмат адамдарынын жоопкерчилиги аныкталды | 2019-жылдын 30-сентябры | ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
2-блок. Жол коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү материалдык-техникалык камсыздоону жана башкарууну автоматташтыруу | ||||
25 | Төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган бирдиктүү маалымат базасын түзүү: - ЖТКны кошуп, ЖКЭни бузуунун катталган фактылары жөнүндө; - ЖТКнын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жөнүндө; | Мамкаттоонун, ССМдин, МСКнын, ИИМдин колдонуудагы АМСти интеграциялоо менен маалымат базасы түзүлдү | 2019-жылдын 30-июну | ИИМ, ЭМ, БИМ, МТБМК, Мамкаттоо, ССМ, МСК |
- бүтүрүүчүлөрү ЖТКга учураган автомектептер жөнүндө; | Базаны тесттик режимде иштетүү. | |||
- техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттары жөнүндө; | Маалымат базасында камтылган маалыматты | |||
Базаларды интеграциялоо менен: - берилген айдоочулук күбөлүктөрү жөнүндө, курсанттар окуган автомектептерди белгилөө менен - Мамкаттоо; - ЖТКга катышкан транспорт каражаттары жөнүндө - ИИМ; - аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар жөнүндө (наркологиялык/психиатриялык эсепте турган адамдар), ушул бөлүмдөгү маалыматты ыйгарым укуктуу адамдарга берүү менен - ССМ. - ТК боюнча IV топтогу мүлккө салыкты төлөгөндүгү тууралуу - МСК; | талдоонун негизинде аварияларга чалдыгууну азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Дайыма | ||
26 | Приоритеттүү тартипте ЖКЭ бузууларды аныктоого фото жана видео фиксациялоо системасын орнотуу керек болгон Бишкек жана Ош шаарларында, анда кийин бүт республика боюнча автомобилдик жолдордун авариялык-кооптуу участокторун аныктоо | Аналитикалык маалымат берилди Авариялык жактан кооптуу автомобиль жолдорунун участокторунда ЖТК азайтуу максатында фото-видео фиксация системасын орнотуу боюнча сунуштар иштелип чыкты | 2018-жылдын 30-декабры (1 этап) 2019-жылдын 30-июну (2 этап) | ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
27 | ЖКЭ бузууларды фото жана видеофиксациялоо системасын Бишкек жана Ош шаарларында орнотуу. Ал ЖКЭ бузуу фактыларын (ылдамдык режими, светофорлордун талаптары, жол белгилери, сызыктары, ашып өтүү эрежелери, жол кесилиштеринен өтүү жана жөө жүрүүчү өтмөктөн өтүү ж.б.) жана автомототранспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилери боюнча тартип бузуучуларды идентификациялоо максатында сапаттуу жана күнү-түнү фиксациялоо максатында орнотулат | 20 көчө кесилиштерин жабдуу Авариялардын санын азайтуу | 2019-жылдын 1-апрели | МТБМК, Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, Кыргызтелеком (макулдашуу боюнча), ИИМ |
28 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын автомашиналарын керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу: | 1 этапта - 50дөн кем эмес автомашиналар; | 2019-жылдын 30-июну | ИИМ, ФМ |
- эреже бузууларды фото жана видео фиксациялоо үчүн; | 2 этапта - 100 кем эмес автомашиналар; | 2019-жылдын 30-сентябры | ||
- автомототранспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилери боюнча эреже бузгандарды аныктоо үчүн; | 3 этапта - 120 кем эмес автомашиналар; | 2019-жылдын 30-декабры | ||
- автомототранспорт каражаттарынын жана айдоочулардын маалымат базасына жетүүнү камсыздоочу | Ыйгарым укуктуу органдын автомашиналарынын мобилдүүлүгү жана натыйжалуулугу камсыздалды |
| ||
29 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан транспорт каражаттары, айдоочулук курам жана эреже бузуулар боюнча маалымат базасына корголгон алыстан жетүүнү камсыз кылуучу программаны түзүү | Программа иштеп жатат Маалымат базасына тоскоолдуксуз жетүү камсыздалды | 2019-жылдын 30-июну | ИИМ, Мамкаттоо, МТБМК |
30 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин борбордук маалымат базасына кирүүгө жана эреже бузуу фактыларын автоматтык түрдө Программага (серверге) жиберүүгө мүмкүндүк берген программасы менен электрондук планшеттерди камсыз кылуу | 1 этап- 300 планшет сатып алынды; 2 этап - 400дөн кем эмес планшет сатып алынды; 3 этап - бардык кызматкерлер планшет менен камсыз болушту Маалымат базасына кирүү (уурдалган транспорт, айып төлөөдөн качуу ж.б.) жана материалдарды толтуруу мөөнөтүн минималдаштыруу | 2019-жылдын 30-июну 2019-жылдын 30-сентябры 2019-жылдын 30-декабры | ИИМ, МТБМК |
31 | ЖКЭ бузууларын фиксациялоо жана айдоочуларга чара көрүүгө карата жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органды маалымдоого мүмкүндүк берүүчү мобилдик түзүлүш үчүн тиркемени колдонуу менен "Элдик инспектор" долбоорун ишке киргизүү | Программа түзүлдү (тиркеме) ЖКЭ бузууларынын саны төмөндөдү | 2019-жылдын 1-декабры | ИИМ, МТБМК |
32 | Эл аралык маанидеги жолдордогу кемтиктер боюнча жооп кайтарууну ыкчамдатуу жана аларды өз убагында жоюу, жол пайдалануучуларды кабарлоого жол органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында "Жолдор.kg" мобилдик тиркемени пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо | Мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Коомчулук менен өз ара аракеттенүү камсыздалды | 2019-жылдын 1-январы | ТЖМ |
33 | Кыргыз Республикасынын аймагына келген мезгилде ЖКЭ бузган жана республиканын аймагынан чыгып кетүүгө ниеттенип жаткан адамдар тарабынан айыптардын төлөнүшүн камсыздоо бөлүгүндө ЖКЭ бузуулары жөнүндө маалымат базасы менен тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | Маалымат алмашуу системасынын иштеши камсыздалды. ЖКЭ бузууда айыптарды өндүрүү механизми ишке киргизилди (жазанын шексиздиги) | 2019-жылдын 30-марты | ИИМ, МТБМК, УКМК, Мамкаттоо |
34 | ЖТК жана алардын болуусуна түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты чагылдыруу мүмкүнчүлүгү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтын түзүү | Сайттын техникалык тапшырмасы бекитилди | 2018-жылдын 30-декабры | ИИМ |
Конкурс өткөрүлдү | 2019-жылдын 30-марты | |||
Сайттын толук кандуу иштеши камсыздалды | 2019-жылдын 30-июну | |||
Кызыкдар уюмдар (коомчулук) маалымат менен камсыз болушту. Ыйгарым укуктуу орган ачык айкындуулук принциби боюнча иш жүргүзүүдө |
| |||
35 | Каза болгон жана жабыркаган адамдардын саны жөнүндө маалыматты жайгаштыруу менен өлкөдөгү болгон ЖТК тууралуу маалыматты камтыган интерактивдүү картаны түзүү | Сайттын техникалык тапшырмасы бекитилди | 2018-жылдын 30-декабры | ИИМ |
Конкурс өткөрүлдү | 2019-жылдын 30-марты | |||
Сайттын толук кандуу иштеши камсыздалды | 2019-жылдын 30-июну | |||
Жол транспорт кырсыктарына деталдаштырылган талдоо жүргүзүлүүдө, жолдогу кырсыктардын төмөндөшү |
| |||
3-блок. Башкаруу чаралары | ||||
36 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын системасында мыйзам бузуулардын аныкталган саны жөнүндө маалыматтарды ЖМКга берүү жана ИИМдин сайтынын маалымат базасына жайгаштыруу | Тиешелүү маалыматтар сайтка жайгаштырылды Кызыкдар уюмдар (коомчулук) маалымат менен камсыз болушту Ыйгарым укуктуу орган ачык айкындуулук принциби боюнча иш жүргүзүүдө | Дайыма | ИИМ |
37 | Республикалык жана жергиликтүү деӊгээлде тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жол инфратүзүмүнүн объекттерин куруу жана орнотуу боюнча иш-чараларды уюштуруу | Жол инфратүзүмүнүн объекттерин куруу жана орнотуу аяктады (сандык көрсөткүчтөр) ЖТКнын жана авариялык кооптуу участоктордун саны төмөндөдү | Дайыма | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) ТЖМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
38 | Республикалык жана региондук деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жол инфратүзүмүн жакшыртуу жана ЖККнын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды киргизүүнү караштыруу | Жол инфратүзүмү жакшыртылды Авариялардын саны төмөндөдү | Дайыма | ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор |
39 | Менчиктин түрүнө карабастан туруктуу каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн сапатына мамлекеттик контролду күчөтүү | Үзгүлтүксүз комплекстүү текшерүүлөр/рейддер өткөрүлүүдө Транспорт каражаттарынын бузулган себеби боюнча ЖТКнын саны төмөндөдү | Дайыма | ЭМ (аккредитацияланган ТТСтердин жоопкерчилик бөлүгүндө), ТЖМ, ИИМ |
40 | Узак мөөнөткө (5 жыл) Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу | ЖКК боюнча стратегия кабыл алынды | 2019-жылдын 30-июну | ИИМ, ТЖМ, БИМ, Мамкаттоо, ССМ, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор |
41 | Айдоочунун окуган уюмун көрсөтүп, 3 жылга чейинки стажы бар айдоочу жасаган ЖТКнын талдоосун БИМдин расмий сайтына жайгаштыруу | Сайтка тиешелүү маалыматтар жайгаштырылды. Кызыкдар уюмдар (коомчулук) маалымат менен камсыз болушту. Ыйгарым укуктуу органдын иши ачык- айкындуулук принциби боюнча ишке ашырылат | Дайыма | БИМ, Мамкаттоо, ИИМ |
42 | Эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бардык аймактык башкармалыктарында автотехникалык, трасологиялык жана соттук экспертизаларды жүргүзүүнү камсыздоо |
| Дайыма | МСЭК |
4-блок. Инфратүзүмдүк багыттагы иш-чаралар | ||||
43 | Республиканын бүткүл аймагында көчө-жол түйүнүн (жол сызыктарын, жол белгилерин ж.б. көрсөтүү менен) этаптуу паспорттоштурууга киришүү | этап - 1000 чакырымдан кем эмес этап - 2000 чакырымдан кем эмес | I этап - 2018-жылдын 1-декабрына чейин II этап - 2019-жылдын 1-октябрына чейин | ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ |
44 | Жол белгилерин, сигналдарын жана жол сызыктарын текшерүү жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы тарабынан 1968-жылы ратификацияланган "Жол кыймылы жөнүндө" жана "Жол белгилери жана сигналдары жөнүндө" БУУнун Конвенцияларына шайкеш келтирүү | Бардык жол белгилери жана сызыктары шайкеш келтирилди 90%нан кем эмес жол белгилери | Дайыма, акча каражаттарынын бөлүнүшүнө жараша | ТЖМ |
45 | Билим берүү мекемелерине жакын жайгашкан көчө-жол түйүнүн жана жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын текшерүү | Текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланды Балдардын катышуусу менен болгон ЖТКнын саны төмөндөдү | Жыл сайын 1 жана 2- жарым жылдыкта | ИИМ, ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
46 | Жарандык коомдун өкүлдөрүн талкууга катыштырып, жол белгилерин орнотууну каржылаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын интернет-сайтына башкы тизменин долбоорун коюу менен светофорлорду жана жол белгилерин орнотуу системасын иштеп чыгуу | Талкуу үчүн ЖӨБО же ТЖМ сайтына долбоорлордун тизмесин жайгаштыруу (жол белгилерин орнотуу) камсыздалды. Ыйгарым укуктуу органдын иши ачык- айкындуулук принциби боюнча ишке ашырылат. Кызыкдар уюмдар (коомчулук) маалымат менен камсыз болушту | 2019-жылдын 1-январы | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, ТЖМ |
47 | Биринчи жана экинчи категориядагы автомобиль жолдорун курууда жана реконструкциялоодо (4 тилке болгондо) долбоорлорго бөлүштүрүүчү тосмолорду орнотуу жөнүндө талаптарды милдеттүү түрдө киргизүү | Стандарттар бекитилди | Дайыма | ТЖМ, Мамстандарт |
48 | Артыкчылыктуу тартипте Бишкек-Нарын-Торугарт, Ысык-Көл айлампасы, Бишкек-Ош трассаларында жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунда ченемдер жол берген жерлерде ок тилкеси боюнча бөлүштүрүүчү тосмолорду орнотуу | Барьердик тосмолор орнотулду (чакырым менен). Жолдун каршы тилкесине чыгып кетүү себебинен болгон ЖТКнын саны төмөндөдү | Дайыма, акча каражаттарынын бөлүнүшүнө жараша | ТЖМ, ИИМ |
49 | Жалпы билим берүү окуу жайларына жана мектепке чейинки мекемелерге жакын жайгашкан жолдордо жана көчөлөрдө транспорт каражатынын ылдамдыгын мажбурлап азайтуу үчүн стандартташтырылган жасалма тоскоолдуктарды орнотуу | Жасалма тоскоолдуктар орнотулду. Балдардын катышуусу менен (жөө жүрүүчүнү коюп кетүү, ылдамдыкты ашыруу) ЖТК төмөндөдү | 2019-жылдын 30-июлу | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), БИМ, ИИМ |
50 | Транспорт агымын, ЖТК болуу коркунучун бир кыйла төмөндөтүү максатында ири калктуу конуштарда жүргүнчүлөр автопаркын: кичи автобустарды сыйымдуулугу жогору транспорт каражаттарына (автобустарга, троллейбустарга) этаптуу алмаштырууну караштырган план (программа) даярдоо | Жалпы санынын 10%ынан кем эмес автопарк алмаштырылды. Транспорт агымы, ЖТК болуу коркунучу төмөндөдү | 2019-жылдын 1-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
51 | Чүй пр. - Ибраимов көч. - Бөкөнбаев көч. - Жаш Гвардия пр. менен чектелген квадрат боюнча жеңил транспортко жана коомдук муниципалдык транспортко гана уруксат берүү менен Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн бошотуу | Тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Транспорт агымы, ЖТК болуу коркунучу төмөндөдү | 2019-жылдын 30-июну | Бишкек ш. мэриясы |
52 | Калктуу конуштардын көчө-жол түйүнүн жасалма жарык берүү, тротуарлар, жөө жүрүүчүлөрдүн жолу менен жабдуу | Жолдор жана көчөлөр жабдылды. ЖТКнын болуу (жөө жүрүүчүнү коюп кетүү) коркунучу төмөндөдү | Дайыма | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ |
53 | Ири шаарларда, эң оболу Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорттун тыгынын кыскартуу жана коопсуз жүрүүнү камсыздоо максатында аялдамаларды жолдун негизги жүрүүчү бөлүгүнөн чыгарып, жабдуу (өз алдынча жүрүү тилкесин же кошумча кирүүлөрдү/чыгууларды орнотуу аркылуу) | Аялдамалар жабдылды. Жол тыгындары жана ЖТК болуу коркунучу төмөндөдү | 2018-жылдын 30-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ, Курулуш агенттиги |
54 | Республиканын автомобиль жолдорунда жана ЖТК болуу коркунучу бар жерлерде ЖТКга талдоо жүргүзүү, айдоочулардын уктап калуу коркунучун төмөндөтүү үчүн добуш чыгаруучу тилкелерди орнотуу | Добуш чыгаруучу тилкелер орнотулду. Айдоочулардын уктап калуу коркунучу төмөндөдү | Дайыма | ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
5-блок. Маалыматтык компанияларды жана алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү | ||||
55 | Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун катышуусу менен болгон ЖТКнын алдын алуу максатында ЖМКны тартуу менен, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери менен бирдикте жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча ведомстволор аралык рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүү | Рейддик иш-чаралар бир жолудан кем эмес өткөрүлүүдө. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун катышуусу менен болгон ЖТКнын саны төмөндөдү | Ай сайын | ИИМ, ТЖМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
56 | Ички иштер органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте автомобиль жолдорун жана көчөлөрдү тилемчилерден жана ЖККга коркунуч келтирүүчү адамдардан тазалоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте рейддик иш-чараларды жүргүзүү | Рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Автомобиль жолдору тилемчилерден тазаланды. ЖТКнын болуу (жөө жүрүүчүнү коюп кетүү) коркунучу төмөндөдү | Ай сайын | ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
57 | Жашы жете электердин жарык чагылдыруучу шаймандарды (кийимдин бөлүктөрүндө же портфелинде) колдонуусу тууралуу окуучуларды жана алардын ата-энелерин маалымдоо. Бул иш-чараларды ишке киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун түшүндүрүү максатында калк арасында маалыматтык компанияларды жүргүзүү | Алдын алуу маектери, жыйналыштар, көрсөтмө демонстрациялар өткөрүлдү. 90%дан кем эмес окуучу окутулду | Ар дайым | БИМ |
58 | Бардык жалпы билим берүү уюмдарында "Жол кыймылынын коопсуздугу бурчун" уюштуруу | ЖКЭ бурчтарын орнотуу менен алдын алуу иш-чаралары/конкурстар өткөрүлдү. Бардык мектептерде ЖКЭ бурчтары бар (100%) | 2018-жылдын 31-декабры | БИМ, ИИМ |
59 | Окуучулардын ЖКЭ боюнча билимин жогорулатуу максатында иш-чараларды уюштуруу | Айына 1 жолудан кем эмес алдын алуу маектери/викториналар/иш-чаралар/конкурстар өткөрүлдү. 90%дан кем эмес окуучу камтылды (сандык көрсөткүч) | Дайыма | БИМ, ИИМ |
60 | Окуу мезгилинде жана окуудан тышкаркы мезгилде 1ден 11-класска чейинки мектеп программасында жол кыймылынын эрежелерин милдеттүү түрдө окутууну окуу сааттарынын торчосунун чегинде караштыруу | БИМдин буйругу менен бекитилди 100% окуучу окутулду | 2019-жылдын 30-август | БИМ |
61 | Ыктыярдуу кошуундар (волонтерлор, студенттер, автомектептердин курсанттары, мектептеги коопсуздук кызматынын кызматкерлери) менен бирдикте мектеп жанындагы жолдон өтүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуу мүнөздөгү иш-чараларды уюштуруу | Ай сайын алдын-алуу маектери/викториналар/конкурстар өткөрүлүүдө. Сан/сапаттык көрсөткүчтөр | Дайымы | ИИМ, БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги |
62 | Жарандарды ташуу коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүнчү ташуучуларды текшерүү жана шайкеш келбеген учурда (кармагычтардын, коопсуздук курларынын, отургучтардын болушу, эшиктердин бекем жабылышы) кемчиликтер жоюлганга чейин ташууга уруксат бербөө | Комплекстүү текшерүүлөр өткөрүлдү Сан-сапаттык көрсөткүчтөр | Ай сайын | ТЖМ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
63 | Транспорт каражатын сатуу-сатып алуу бүтүмүн жүргүзүүдө транспорт каражатын милдеттүү кайра каттоо жөнүндө калк арасында маалыматтык компания жүргүзүү | ЖМКда маалымат жайгаштырылды | 2018-жылдын 30-июну, | Мамкаттоо, ЮМ, ИИМ |
Калктын маалымдуулугу (сандык көрсөткүчтөр) | андан ары - дайыма | |||
64 | Коомчулук жана ЖМК менен кызматташтыкта айдоочуларды жана жөө жүрүүчүлөрдү ЖТК коркунучтарынан күн мурунтан эскертүүчү, ошондой эле мас абалда айдоого жол берилбестиги жөнүндө социалдык роликтерди жана башка демонстрациялык долбоорлорду түзүү жана жайылтуу | Видеоролик чыгаруу ЖТКнын болуу (жөө жүрүүчүнү коюп кетүү, ТК мас абалда айдоо) коркунучу төмөндөдү | Дайыма | ИИМ, ММТМ |
65 | Телекөрсөтүү эфиринде телеберүүлөрдүн, анын ичинде жол-транспорт травматизмин алдын алууга, жол кыймылынын катышуучуларынын укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана мыйзамды сактоочу жүрүш-турушун калыптандырууга багытталган балдарга арналган көрсөтүүлөрдүн туруктуу циклин даярдоону жана берүүнү камсыз кылуу | Жол кыймылынын эрежелери боюнча программа ишке киргизилди. Укуктук маданиятты калыптандыруу жана жолдогу коопсуздукту жогорулатуу максатында ЖТКнын болуу коркунучу төмөндөдү | Дайыма | ММТМ, ИИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, "Пирамида" ТРК (макулдашуу боюнча), ИИМ |
66 | Телекөрсөтүүдө "прайм-тайм" убактысында ЖТК боюнча социалдык роликтерди көрсөтүүнү уюштуруу | Видеоролик чыгаруу ЖТКнын болуу коркунучу төмөндөдү | Дайыма | ИИМ, ММТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
67 | ЖКК маселелери боюнча социалдык жарнамаларды даярдоо жана жайгаштыруу | Жарнамалык продукт даярдалды. ЖТКнын болуу коркунучу төмөндөдү/калктын маалымдуулугу | Дайыма | ИИМ, ММТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
Чек ара кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МСЭС | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сот-эксперттик кызматы |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |