Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2019-жылдын 9-декабры № 136-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-б "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун алкагында, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-б "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу" буйругу менен бекитилген Бюджеттик классификациясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-главада (кирешелердин классификациясы):
- "Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар" 114 тобунда төмөнкүлөр алынып салынсын:
11411200 элементи "ЕАЭСке кошулганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга КНС";
11422 беренеси "ЕАЭСке кошулганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы";
114221 беренечеси "Алкоголдук продукция";
11422110 элементи "Этил спирти";
11422120 элементи "Арак жана ликер-арак ичимдиктери";
11422130 элементи "Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар";
11422140 элементи "Шараптар";
11422150 элементи "Коньяктар";
11422160 элементи "Шампан шарабын кошкондо атылуучу шарап";
11422170 элементи "Идишке куюлган пиво";
11422180 элементи "Идишке куюлбаган пиво";
11422190 элементи "Шарап материалдары";
114222 беренечеси "Тамеки буюмдары";
11422210 элементи "Чыпкалуу тамеки чылымдары";
11422220 элементи "Чыпкасыз тамеки чылымдары";
11422230 элементи "Сигаралар жана сигариллалар";
11422290 элементи "Ферменттелген тамекиден тышкары, тамекиси бар чылымдар";
114223 беренечеси "Мунай продуктулары";
11422310 элементи "Бензин, жеңил жана орточо дистилляттар жана башка бензиндер";
11422320 элементи "Реактивдүү отун";
11422330 элементи "Дизель отуну";
11422340 элементи "Мазут";
11422350 элементи "Май жана газ конденсаты";
11422360 элементи "Битум материалдарынан алынган чийки мунай жана чийки мунай заттары";
114224 беренечеси "Башка акциздик товарлар";
11422410 элементи "Башка акциздик товарлар";
- 11424120 "Арак жана ликер-арак ичимдиктери" элементинде "жана ликер-арак ичимдиктери" деген сөздөр алынып салынсын;
- 11424140 элементтин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Шарап жана шарап материалдары";
- 11424190 элементтин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ликер-арак ичимдиктери";
- "Эл аралык соода жана тышкы операция үчүн салыктар" 115 тобунда:
11511100 элементи "Кыргыз Республикасы ЕАЭСке кошулганга чейин төлөөгө тийиштүү ташып келүүлөргө бажы алымдары" алынып салынсын;
11511300 элементи "Кыргыз Республикасын ЕАЭСке кошулганга чейин төлөөгө тийиш болгон атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар" алынып салынсын;
- "Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери" 133 тобунда:
13332200 "Республикалык бюджеттен 16 жашка чейинки балдардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" элементтин коду 13332210 "Республикалык бюджеттен 16 жашка чейинки балдардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
13332300 "Республикалык бюджеттен пенсионерлердин милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" элементинин коду 13332220 "Республикалык бюджеттен пенсионерлердин милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
13332400 "Республикалык бюджеттен социалдык жөлөкпул алуучулардын жана бала кезинен майып адамдардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" элементинин коду 13332230 "Республикалык бюджеттен социалдык жөлөкпул алуучулардын жана бала кезинен майып адамдардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
13332500 "Республикалык бюджеттен баштапкы кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 21 жаш куракка чыкканга чейин милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" элементинин коду 13332240 "Республикалык бюджеттен баштапкы кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 21 жаш куракка чыкканга чейин милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
13332600 "Республикалык бюджеттен калктын жумуштуулук мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" элементинин коду 13332250 "Республикалык бюджеттен калктын жумуштуулук мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
13332700 "Республикалык бюджеттен мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин, офицерлердин, прапорщиктердин, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, аял-аскер кызматкерлеринин милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" элементинин коду 13332260 "Республикалык бюджеттен мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин, офицерлердин, прапорщиктердин, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, аял-аскер кызматкерлеринин милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катарында алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
13332800 "Республикалык бюджеттен соттун чечимин аткаруу боюнча компенсацияларды төлөө үчүн алынган каражаттар" элементинин коду 13332300 "Республикалык бюджеттен соттун чечимин аткаруу боюнча компенсацияларды төлөө үчүн алынган каражаттар" кодуна алмаштырылсын;
- "Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери" 133 тобунда толукталсын:
1336 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар" топчосу;
13361 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар" беренеси;
13361100 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар" элементи;
- "Менчиктен жана пайыздардан кирешелер" 141 тобунда:
14121100 элементинин аталышында "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын;
14122200 элементинин аталышында "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
1415 топчонун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ресурстарды пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара акы жана жыйымдар";
14151 беренесинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Пайдалуу кен чыккан жерлерди жана казып алынуучу отунду издөө, чалгындоо жана/же иштетүү укугу үчүн жыйымдар";
14151100 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштетүү укугу үчүн жыйым";
14151200 элементинин аталышында "акы" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14152 беренесинин аталышында "акы" деген сөз "жыйымдар жана акылар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14152200 элементинин аталышында "акы" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14152300 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана чыгымдардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм";
14152600 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы";
14152700 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн, козу карындар жана мамлекеттик токой фондунун жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдар";
14153 беренесинин аталышында "акы" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14153100 элементинин аталышында "акы" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14153200 "Сымап камтыган калдыктарды кайра иштеп чыгууга утилдештирүү жыйымы" элементи толукталсын;
- "Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер" 142 тобунда төмөнкүлөр алынып салынсын:
14221100 элементи "Лицензиялар үчүн төлөм";
14221200 элементи "Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү акысы";
14224400 элементи "Этил спирти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзүү үчүн жыйымдар";
- "Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер" 142 тобунда толукталсын:
14222600 "Миграциялык кызматтын органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым" элементи;
14222700 "Лицензияларды берүү үчүн мамлекеттик алым" элементи менен;
14222800 "Сертификаттарды жана башка уруксаат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым" элементи;
14224410 "Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спирттин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым" элементи;
14224420 "Алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүгө лицензия алган субъекттерден этил спирттин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым" элементи;
14224600 " Апостиль коюу үчүн жыйым" элементи;
14224700 "Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым" элементи;
14224800 "Бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жөнүндө күбөлүк берүү үчүн жыйым" элементи;
14239700 "Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр" элементи
- 14211200 элементинин аталышында "имараттардын жана курулмалардын" деген сөздөр "имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1422 топчосунун аталышында "Административдик" деген сөз алынып салынсын;
- 14221500 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Аскердик милдетке байланышкан жыйымдар";
- 14221700 элементинин аталышында "төлөм" деген сөз "жыйымдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 14221800 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробирлөө, анализдөө жана эн тамгалоо үчүн жыйым";
- 14222400 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар";
- 14224200 элементинин аталышында "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14224500 элементинин аталышында "тартуу" деген сөздүн алдында "Транспорт каражаттарын таразага" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14234700 элементинин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Апостиль коюу боюнча көрсөтүлгөн тейлөө үчүн төлөм";
- "Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар" 143 тобунда:
1431110 "Айыптар" элементинин коду 14311110 "Айыптар" кодуна алмаштырылсын;
1431120 "Туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар" элементинин коду 14311120 "Туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар" кодуна алмаштырылсын;
14311300 элементинин аталышында "Конфискацияланган" деген сөздөн кийин ", ээси жок жана ээсиз" деген сөздөр менен толукталсын;
14311500 элементинин аталышында "акысы" деген сөз алынып салынсын;
- 1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу боюнча көрсөтмө):
- 11 "Салык кирешелери" категориясынын көрсөтмөнүн сыпатталышындагы абзац Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине ылайык салынган айып акылар "Административдик айып акылар" беренеси боюнча "Салыктык эмес кирешелер" деген 14-категорияда (14311100) эсепке алынат." төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык салынган айыптар "Айыптар" элементи боюнча "Салыктык эмес кирешелер" деген 14-категорияда (14311110) эсепке алынат.";
- "Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар" 114 тобунда:
11411200 элементинин сыпатталышынын коду 11411400 кодуна алмаштырылсын;
11411400 элементинин сыпатталышы "ЕАЭСке кошулганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга КНС" алынып салынсын;
11412 беренесинин сыпатталышында "Эсепке алуу үчүн" сөздөрүнөн кийин "114121 беренечеси" деген сөздөр "11412100 элементи" деген сөзгө алмаштырылсын;
11422 беренесинин сыпатталышы "ЕАЭСке кошулганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы" алынып салынсын;
1144 "Жер казынасын пайдалануу үчүн салык" топчосунун сыпатталышынын коду 1146 "Жер казынасын пайдалануу үчүн салык" кодуна алмаштырылсын;
- "Эл аралык соода жана тышкы операция үчүн салыктар" 115 тобунда:
11511100 элементинин сыпатталышы "Кыргыз Республикасы ЕАЭСке кошулганга чейинки төлөмгө тийиштүү ташып келүү бажылык алымдары, бул элементте ТЭИнин катышуучуларынын акча каражаттарынын (карыздарынын) эсеби жүргүзүлөт" алынып салынсын;
11511300 элементинин сыпатталышы "Кыргыз Республикасы ЕАЭСке кошулганга чейинки төлөөгө тийиштүү атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар ТЭИнин катышуучуларынан бул элементке акча каражаттары ЕАЭСке кошулганга чейин жүргүзүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар боюнча түшөт" алынып салынсын;
- "Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери" 133 тобунда толукталсын:
1336 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар" топчосунун сыпатталышы;
13361 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар" беренесинин сыпатталышы;
13361100 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
- "Менчиктен кирешелер жана пайыздар" 141 тобунда:
14112100 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар, аны менен бирге жергиликтүү бюджеттерден алынган кредиттер боюнча пайыздар эске алынат";
14121100 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик, муниципалдык акциялардын пакетине кошуп эсептелген, дивиденддер түрүндө алынган кирешелер эске алынат";
14122200 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасы эске алынат";
1415 топчонун сыпатталышында төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ижара акы жана ресурстарды колдонуу жана иштетүү үчүн жыйымдар";
14151 беренесинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Пайдалуу кен чыккан жерлерди же/жана казып алынуучу отунду издөө чалгындоо, колдонуу жана иштетүү укугу үчүн жыйымдар, аны менен бирге пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду издөө, чалгындоо жана иштетүү үчүн которулган акча каражаттары, оң жагынан издеп баалануучу иштердин натыйжасында, иштердин жана изилдөөлөрдүн жыйындысына, пайдалуу кен чыккан жерлердин өнөр-жайлык маанисин аныктоо максатын ишке ашыруу жыйымдар эске алынат.";
14151100 элементи төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
"Пайдалуу кен чыккан жерлерди же/жана казып алынуучу отунду иштетүү укугу үчүн, анын ичинде аукциондук жана конкурстук кен пайдалануу объекттерин, ошондой эле кенди пайдалануу укугуна конкурс жана/же аукционго катышуу үчүн катышуучу (төлөөчү) тарабынан төлөөгө тиешелүү жыйымдар эске алынат.";
14151200 элементин сыпатталышында "(төлөөчү) ээси төлөөгө тиешелүү төлөмдөр" деген сөздөр "кармоо үчүн жыйымдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14152 беренесинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Табигый ресурстарды пайдалангандык үчүн жыйымдар жана төлөмдөр эске алынат - жер, токой, суу фондуларын колдонуу үчүн ижарага берүүдөн кирешелерди камтыйт.";
14152200 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Жайыт жерлерине малды жайуу үчүн жыйымдар эске алынат";
14152300 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана чыгымдардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм эске алынат";
14152600 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин колдонуу үчүн ижара акы эске алынат";
14152700 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый обьекттерин, мамлекеттик токой фондунун жана козу карындарды колдонуу үчүн жыйымдар эске алынат";
14153 беренесинин сыпатталышында "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14153100 элементинин сыпатталышында "төлөм" деген сөз "жыйымдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
14153200 элементинин сыпатталышы менен толукталсын "Керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тиешелүү сымап камтыган заттарды импортер өндүрүүчүлөрдөн түшүүлөр эске алынат";
- "Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер" 142 тобунда төмөнкүлөр алынып салынсын:
14221100 элементинин сыпатталышы "Лицензия берүү үчүн төлөм, ишкердик ишти жүргүзүүнү каалаган, лицензиялоого тийиш болгон бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жарандар тарабынан менчигинин түрүнө карабастан төлөнгөн лицензия берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат";
14221200 элементинин сыпатталышы "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан берилген уруксат берүү документтерине ылайык инвестициялык башка документацияларды милдеттүү макулдашуудан, ишкердик ишинин жана анын натыйжаларынын милдеттүү мамлекеттик талаптарга шайкештиги жөнүндө ар түрдүү мамлекеттик уруксатты, сертификаттарды, маалымат кагаздарды, документтерди берүүдөн түшкөн кирешелер көрсөтүлөт";
14224400 элементинин сыпатталышы "Этил спирти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзүү үчүн жыйымдар эске алынат";
- "Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер" 142 тобунда толукталсын:
14222600 "Чарба жүргүзүүчү бир субъектте чет өлкөлүк жумушчулар үчүн белгиленген лимиттин чегинде жана белгиленген лимиттен ашык, чет өлкөлүк адиске, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жумушка орноштурууга байланыштуу ишке укук үчүн, чет өлкөлүк жеке ишкерлерге, жогорку квалификациялуу жогорку билимдүү адистерге жумушка уруксат үчүн мамлекеттик алым эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14222700 "Лицензиялоого тийиштүү болгон ишкердик иш менен алектенүүнү каалаган жарандар жана жеке менчиктин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү бардык субъекттер тарабынан лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14222800 "Ишкердик иштин жана анын натыйжаларынын милдеттүү түрдө мамлекеттик талаптарга шайкештиги, инвестициялык жана башка документтерди милдеттүү түрдө макулдашуу жөнүндө ар кандай документтерди, маалымкаттарды, сертификаттарды, уруксааттарды берүүдөн түшкөн мамлекеттик алымдар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14224410 "Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатууну ишке ашырууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйымдар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14224420 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашырууга жыйымдар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14224600 "Апостиль коюу үчүн жыйымдар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14224700 "Баалуу кагаздардын рыногу жөнүндө мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу үчүн жыйымдар эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14224800 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жаатындагы мыйзамдарга ылайык, товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берүү үчүн жыйым эске алынат" элементинин сыпатталышы;
14239700 "Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн түшүүлөр эске алынат" элементинин сыпатталышы;
- 14211200 элементинин сыпатталышында "имараттардын жана курулуштардын" деген сөздөр "имараттардын, курулуштардын, жабдуулардын жана техникалардын жана ж.б." деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1422 топчонун сыпатталышында "Администрациялык" деген сөз алынып салынсын;
- 14221500 элементинин сыпатталышында "төлөмдөр" деген сөз "жыйымдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 14221700 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу, номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн алынуучу жыйымдар эске алынат";
14221800 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Зергер жана тиричилик буюмдарын пробирлөө, анализ жана эн тамгалоо үчүн жыйымдар эске алынат";
14222400 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Интеллектуалдык менчик объекттери, салттуу билимдери, аттестация жана патентке ишеним берилгендерди каттоого укук берүү үчүн патенттик жана башка алымдар, жыйымдар эске алынат. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жайлык үлгүлөр, селекциялык жетишкендиктер, товардык белгилерди каттоо, тейлөө белгилери, товардын чыккан жеринин аталышын пайдалангандык үчүн патенттөөдөн түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жүргүзүлөт.";
14224100 элементинин сыпатталышында "жыйымдар эске алынат." деген сөздөрдөн кийин "Аны менен бирге баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым эске алынат." деген сөздөр менен толукталсын";
14224200 элементинин сыпатталышында "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
14234700 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Апостиль коюу боюнча көрсөтүлгөн тейлөө үчүн төлөм эске алынат";
- "Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар" 143 тобунда:
элементинин сыпатталышында 1431110 коду 14311110 кодуна алмаштырылсын;
элементинин сыпатталышында 1431120 коду 14311120 кодуна алмаштырылсын;
14311300 элементинин сыпатталышында "конфискацияланган" деген сөздөн кийин ", ээси жок жана ээсиз" деген сөздөр менен толукталсын;
14311400 элементинин сыпатталышында "Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусу, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан макулдашуулар, келишимдер же дагы башка мамлекеттик милдеттенмелер бузулган учурда, ошондой эле" деген сөздөр "макулдашуулар, келишимдер же дагы башка мамлекеттик милдеттенмелер бузулган учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өндүрүлүп алынуучу айыптык санкциялар, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарынан четтөө суммаларынан түшүүлөр жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14311600 элементинин сыпатталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, мамлекеттик токой фондунун жана козу карындар объектилерине келтирилген, аны менен бирге булганган чөйрөнүн натыйжасында, жаратылыш жана суу ресурстарынын түгөнүшү, бузулушу, жаратылыш экологиялык системасынын кыйрашы, адамдардын ден соолуктарына жана жашоосуна, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө чыныгы коркунуч жаратууларга келтирилген зыяндын ордун толуктоого кеткен төлөмдөр эсепке алынат.";
- 2-главада (чыгашалардын экономикалык классификациясы):
- 22153400 "Шайлоо системасын өнүктүрүүгө байланыштуу чыгымдар" элементи толукталсын;
- 22231200 "Ченем боюнча берилүүгө тийиш болгон буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация" элементи толукталсын;
- 26316 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар" беренеси толукталсын;
- 26316100 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар" элементи толукталсын;
- 27212400 "Убактылуу турак жайды жалдоо үчүн аскер кызматчыларына компенсациялык төлөмдөр" элементи толукталсын;
- 27215200 "Ар дайым багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага жеке ассистентке чыгымдар" элементи толукталсын;
- 28217 "Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар" беренеси толукталсын;
- 28217100 "Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар" элементи толукталсын;
- 2-главада (чыгашалардын экономикалык классификациясын колдонуу боюнча көрсөтмө):
- 21111300 элементинин сыпатталышында "көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн" сөздөрдөн кийин "бир гана жолу берилүүчү пособие, иштен чыкканда бериле турган пособие, жаңы жерге отурукташууга кеткен чыгымдар кирет." сөздөрүн "бир гана жолу берилүүчү жөлөкпул, иштен чыкканда бериле турган жөлөкпул, жаңы жерге отурукташууга кеткен чыгымдар кирет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22153400 "Шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, каражаттарды киргизүүгө, шайлоонун жана референдумдардын катышуучуларын, аппараттын кызматкерлерин жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн укуктук окутууларга байланыштуу чыгымдар" элементинин сыпатталышын толуктоо;
- 22154100 элементинин сыпатталышында "ардагерлерди" деген сөздөн кийин "чет өлкөлүк мекемелер тарабынан өкүлчүлүк иш-чараларын өткөрүү боюнча" деген сөздөр толукталсын;
- 22154900 элементинин сыпатталышында:
"чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлерине медициналык жардам берүү боюнча чыгымдар" абзацында, "чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлерине" деген сөздөрдөн кийин "жана чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлерине медициналык жардам берүү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
"ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жолдомосунун наркынын жеңилдетилген бөлүгүн төлөө боюнча чыгымдар" абзацында, "ички иштер органдарынын кызматкерлеринин" деген сөздөрдөн кийин "Куралдуу күчтөрдүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22155 "Адистерди окутууга чыгымдар. Чыгымдардын бул беренеси боюнча (2215) жаштар саясатынын алкагында иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар, мамлекеттик кызматкерлерди жана калкты окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, ошондой эле кызматкерлер жана ардагерлер үчүн майрамдык же куттуктоо жолугушуулары боюнча бланкалык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү даярдоо, кыска мөөнөткө берилүүчү (бир жылга чейин) кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдар эске алынат" беренесинин сыпатталышы алынып салынсын;
- 22231200 "Ченем боюнча берилүүгө тийиш болгон буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация" элементинин сыпатталышы толукталсын;
- 26316 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар" беренесинин сыпатталышы толукталсын;
- 26316100 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар" элементинин сыпатталышы толукталсын;
- 27212400 "Убактылуу турак жайды жалдоо үчүн аскер кызматчыларына компенсациялык төлөмдөр" элементинин сыпатталышы толукталсын;
- 27215200 "Ар дайым багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага жеке ассистентке чыгымдар" элементинин сыпатталышы толукталсын;
- 28217 "Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар" беренесинин сыпатталышы толукталсын;
- 28217100 "Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар" элементинин сыпатталышы толукталсын;
- 4-главада (Функционалдык классификация):
- 703-бөлүк "Коомдук тартип жана коопсуздук" толукталсын:
70336 функционалдык классификация "Изоляция менен байланышпаган кылмыш жазаларды аткарууну камсыздоо боюнча иш-чаралар";
- 708-бөлүктүн аталышы "Эс алуу," сөзүнөн кийин "спорт" сөзү менен толукталсын;
- 4-главада (Функционалдык классификациянын колдонуу боюнча көрсөтмө):
- 703 "Коомдук тартип жана коопсуздук" бөлүгү толукталсын:
70336 "Изоляция менен байланышпаган жазыктык жазаларды аткарууну камсыздоо боюнча иш-чаралар" функционалдык классификациянын сыпатталышы
- пробациялык жана жазык-аткаруу иш жаатында мыйзамдар менен белгиленген тартипте жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын жана коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазаларды аткаруу маселеси менен байланыштуу ишти башкаруу жана жетектөө;
- белгилүү мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарды көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;
- пробациялоонун кардарларына карата социалдык жана реабилитациялык программаларды ишке ашырууну координациялоо жана методологияны иштеп чыгуу;
- 707 "Саламаттык сактоо" бөлүгү төмөнкүлөр менен толукталсын
70769 "Саламаттык сактоо жаатындагы башка кызмат көрсөтүүлөр" функционалдык классификациясынын сыпатталышы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен:
"Эл аралык уюмдар жана финансылык институттардын колдоосу менен ишке ашырылуучу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана саламаттык сактоо жаатында программаларды/долбоорлорду жетектөө жана башкаруу";
- 708-бөлүктүн сыпатталышынын аталышы "Эс алуу," сөзүнөн кийин "спорт" сөзү менен толукталсын;
- 70841 функционалдык классификациясынын сыпатталышында "көрсөтүүлөр," сөзүнөн кийин "дагы башка" сөздөрү менен толукталсын;
- 5-главада (ведомстволук классификация) алынып салынсын:
41210 коду "Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча департаменти айыл чарба жана мелиорация министрлиги (аппарат)";
41221 коду "Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча департаменти айыл чарба жана мелиорация министрлиги (ведомстволук мекемелер)";
41420 коду "Кыргыз Республикасынын "Кыргызгипрозем" жерди уюштуруу боюнча мамлекеттик долбоордук институту";
55420 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Картография-геодезия мамлекеттик кызматы";
- 5-главада (ведомстволук классификация) толукталсын:
22210 коду "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (аппарат)";
22220 коду "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (аймактык органдар)";
28520 коду "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту";
28720 коду "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору";
29110 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик (аппарат)";
29220 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси";
29320 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы";
29420 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат";
36911 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (кош каржылоо)";
36921 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (грант)";
36931 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (кредит)";
42110 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (аппарат)";
42120 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (ведомстволук мекемелер)";
42910 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (кош каржылоо)";
42920 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (грант)";
42930 коду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги (кредит)";
88120 коду "Манас" жана "Чыңгыз Айтматов" улуттук академиясы";
- 26660 кодунун аталышы "Финансы министрлиги (Түркия кредитинин долбоорлорун ишке ашыруу)" төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Финансы министрлиги (Япония Өкмөтүнүн Утурлама фонддорунун кайтарылма каражаттары)";
- 45151 кодунун аталышы "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Атайын фонддор)" төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Атайын эсептер)".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына:
1) ушул буйрукту каттаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий веб-сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин;
3) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана документтерди электрондук жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнө жана аймактык башкармалыктарына билдирсин.
4. Бул буйрук 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 10-декабрындагы № 102 жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Финансы министринин орун басары Борбордук казыналыктын директору М.Л.Амандыковго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын финансы министри |
Б.Жеенбаева
|