Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин 2025-жылдын 16-июлундагы
№ 206 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык
өнүгүү министрлигинин
2019 ж.“28-” ноябры
№ 145 буйругуна 9-тиркеме
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул берүү тартиби жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1-бөлүм. Жалпы жоболор
Ушул “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул берүү тартиби жөнүндө” Усулдук көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:
- 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”;
- 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” (мындан ары – Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо) токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул (мындан ары – расымдык жөлөкпул) Кыргыз Республикасынын “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 434-токтому менен бекитилген Расымдык жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жобого жана ушул Усулдук көрсөтмөлөргө ылайык берилет.
3. Усулдук көрсөтмөлөр аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары – ЭСӨБ) жана менчигинин формасына карабастан ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иште колдонуу үчүн практикалык колдонмо болуп эсептелет.
4. Расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма) эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери өлүмдү мамлекеттик каттоо жүргүзөт жана өлгөндүгү тууралу күбөлүк берет.
Мында расымдык жөлөкпул алуу үчүн каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан берилет.
ЭСӨБ жоопкерчиликтүү адистери тарабынан чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жарандарды маалымдоо боюнча ар дайым иш жүргүзүлүп туруш керек.
Эгерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранына Өлгөндүк тууралу күбөлүк чет өлкөлүк мамлекет тарабынан берилсе, ошондой эле Кыргыз Республиканын жаранынын сөөгү башка мамлекеттин аймагында коюлган болсо, анда расымдык жөлөкпул дайындалбайт.
5. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү Макулдашууларга кол коюлуп жана күчүнө киргенден кийин расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат.
Эгерде мамлекеттик органдар менен Макулдашууга кол коюлган болсо, анан ичинде Эмгек рыногунун маалымат тутуму аркылуу ички ведомстволук электрондук маалымат алмашуу, бирок кээ бир маалыматтар оцифровка болбосо, анда расымдык жөлөкпулду дайындоо кагаз жүзүндө берилген, анын ичинде сканерден өткөрүлгөн жана ведомстволук электрондук почта аркылуу алынган документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Эгерде мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу тузүлгөн эмес болсо, анда расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн тастыктаган документтер кагаз жүзүндө талап кылынат жана Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутуму (мындан ары – СЖКМТ) маалымат базасына киргизилет. Мында, документтер СЖКМТ басылып чыгат жана делого тиркелет.
СЖКМТ техникалык үзгүлтүккө учураганда дело кийинки маалыматты СЖКМТга киргизүү жана каттоо журналын түзүү менен кагаз түрүндө ишке ашат.
2-бөлүм. Расымдык жөлөкпулга укук
6. Кыргыз Республикасында жашап жана иштеген, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашуулардын катышуучулары болгон өлкөлөрдүн жарандары:
- кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- социалдык жөлөкпулду алуучу же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учуру боюнча дайындалат.
7. “Кайрылман” статусун далилдеген күбөлүгү бар этностук кыргыздардын каза болгондугу боюнча расымдык жөлөкпулду алуу үчүн арыз ээси кайрылган учурда расымдык жөлөкпул жалпы негизде дайындалат.
8. Жобого ылайык:
- коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар системасынын аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, финансылык полициянын, бажы органдарынын кызматкерлерине колдонулбайт, буга ушул аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт;
- кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлерге. Эмгек мыйзамдарына ылайык, жабыркаган адамдын өлүшүнө байланыштуу келтирилген зыян үчүн жооптуу иш берүүчү сөөк коюуга чыгым тарткан адамдын зарыл чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү;
- дайынсыз жоголгон жана сот тарабынан өлдү деп жарыяланган жарандар расымдык жөлөкпулга укугу жок.
3-бөлүм. Расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү документтер
9. Кызматкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалымкатты (№ 8 форма) жана жөнөкөй формада арызды иш берүүчүгө тапшырат.
Иштеген адамдын багуусундагы каза болгон учурда каза болгондугу жөнүндө маалымкатка туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет.
10. Арыз ээси – каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адам (үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар).
11. Жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесине ылайык расымдык жөлөкпул дайындоого арыз менен ЭСӨБ кайрылат.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма);
- каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;
- расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты;
- юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин көчүрмөсү.
Жеке ишкердин багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет.
Патент менен иштеген адамдарга патенттин мөөнөтү жеке ишкердин каза болгон учуруна карата колдонууда болуш керек.
12. Дыйкан чарбанын мүчөсүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесине ылайык расымдык жөлөкпул дайындоого арыз менен ЭСӨБ кайрылат.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма);
- каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;
- расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты;
- жер үлүшүн/участогун пайдаланууга/ижарага алуу укугуна күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер, дыйкан чарба үчүн жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- дыйкан чарбанын башчысынын дыйкан чарбага мүчө экендигин ырастаган маалымкат.
Дыйкан чарбанын мүчөсүнүн багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет.
Дыйкан чарбанын уставынын көчүрмөсү юридикалык жакты түзгөн дыйкан чарбалар үчүн талап кылынат. Эгерде дыйкан чарба юридикалык жакты түзбөгөн (жеке жак) болсо, анда дыйкан чарбанын мүчөсүнүн каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпулду дайындоодо уставдын көчүрмөсү талап кылынбайт.
Дыйкан чарбага мүчө экендигин ырастаган маалымкат дыйкан чарбанын башчысы же айыл өкмөтү тарабынан берилет.
2016-жылдын 1-январына чейин аймактык мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтар (FORM STI-024) бар болсо ал жарактуу болуп саналат.
13. Кыргыз Республикасынын “Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык дыйкан чарбасы юридикалык жак катары тиешелүү каттоо органында, болбосо, эгерде дыйкан чарбасы өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырса, жеке ишкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелер боюнча мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу жер үлүшүн/участогун пайдаланууга/ижарага алуу укугуна күбөлүгү бар, бирок юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн дыйкан чарбасы катары салык органдарында мамлекеттик каттодон өтпөгөн, б.а. жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгү жок жарандар расымдык жөлөкпулга укугу жок.
Мисал: жарандын каза болгон учуруна карата, дыйкан чарба салык органдарынан каттоодон өткөн эмес. Жаран каза болгондон бир айдан кийин дыйкан чарба салык органында каттоодон өттү, б.а. мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү алды.
Бул учурда каза болгон адамга расымдык жөлөкпул жумушсуз адамга катары дайындалат, себеби каза болгон учурга карата ал дыйкан чарбанын мүчөсү эмес болчу.
14. Бир региондон башка регионго көчүп келген дыйкан чарбанын мүчөсү каза болгон учурда расымдык жөлөкпул ЭСӨБ тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча төлөнөт.
Мисал: дыйкан чарбанын мүчөсү Нарында каза болду, сөөгүн койгон арыз ээси Токмок шаарында жашайт.
Расымдык жөлөкпул үчүн арыз ээси керектүү документтер менен өзүнүн жашаган жери боюнча ЭСӨБ кайрылат.
15. Расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесине ылайык расымдык жөлөкпул дайындоого арыз менен ЭСӨБ кайрылат.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма);
- каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;
- расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты;
- расмий жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учуруна карата расмий жумушсуз статусун анытаган аймактык бөлүмдүн маалымкаты.
Расмий жумушсуздун багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет.
Мында аймактык бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган расмий жумушсуздун статусу жөнүндө маалымкат өздүк делосуна тиркелет.
СЖКМТ жана Эмгек рыногунун маалымат тутуму ортосундагы ички ведомстволук электрондук маалымат алмашуу күчүнө киргенден кийин жумушсуздун статусун тастыктаган маалымкат талап кылынбайт. Арыз ээсин жумушсуз катары эсепке алууда, арыз ээсинин өздүк маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилип автоматтык режимде СЖКМТ транспорттоштурулат.
16. Социалдык жөлөкпул алуучунун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесине ылайык расымдык жөлөкпул дайындоого арыз менен ЭСӨБ кайрылат.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма);
- каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;
- расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты;
- социалдык жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат.
Социалдык жөлөкпул алуучунун багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет.
Мында аймактык бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган социалдык жөлөкпул алуучунун статусу жөнүндө маалымкатты өздүк делосуна тиркейт.
17. Жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учуру боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесине ылайык расымдык жөлөкпул дайындоого арыз менен ЭСӨБ кайрылат.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма);
- каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;
- расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты.
Жумушсуз адамдын багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет.
Жумушсуз адамдын каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпул алуу үчүн тастыктоочу документтер талап кылынбайт. Эгерде каза болгон жаран алуучулардын башка категориясына кирбесе жана расмий жумушсуз болбосо, анда жөлөкпул жумушсуз адамга катары төлөнөт.
4-бөлүм. Расымдык жөлөкпулду дайындоо тартиби
18. Расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз (электрондук) 10-тиркемеге ылайык ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтердин толук пакети бар болгондо гана толтурулат.
Арызды (электрондук) толтургандан кийин арыз ээси расымдык жөлөкпулду берүү шарттары менен таанышат жана арызга кол коет. Арыз ээсине каттоо номерин жана датасын көрсөтүү менен арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат-билдирүү берилет.
ЭСӨБ адиси арыз ээсинин СЖКМС маалымат базасына киргизет. Расымдык жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын Өтүнмөсүн (12-тиркеме) каттоо журналын жана расымдык жөлөкпулду төлөө боюнча жеке жактардын Арыздарын (13-тиркеме) каттоо журналын СЖКМС аркылуу толтурат. Журналдарда катталган Өтүнмөлөр жана Арыздар айдын аягында ай сайын басып чыгарылыт жана тиешелүү папкаларга тиркелет.
19. Расымдык жөлөкпулду бир нече негиздер боюнча алууга укугу бар арыз ээлерине алардын тандоосуна жараша бир гана негиз боюнча жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.
20. Иштеген эки адамдын же башка категориялардын (атасы жана энеси) багуусундагы адам каза болгон учурда расымдык жөлөкпул алардын тандоосу боюнча бирөөнүн иштеген жеринен же аймактык бөлүм аркылуу төлөнөт.
21. Расымдык жөлөкпул бийик тоолуу райондор, алыскы жана барууга кыйын аймактар үчүн белгиленген райондук коэффициентти жок дайындалат.
22. Расымдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн киреше салыгы салынбайт жана камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт.
5-бөлүм. Расымдык жөлөкпулдун ордун толтуруу тартиби
23. Кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпул каза болгон адам менен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык эмгек келишимин түзгөн иш берүүчү тарабынан негизги иштеген жери боюнча дайындалат жана төлөнөт.
Төлөнгөн расымдык жөлөкпулдун суммасынын ордун толтуруу үчүн ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 11-тиркемесине ылайык иш берүүчү өтүнмөнү отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен ЭСӨБ эки нускада берет. Өтүнмөгө иш берүүчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн каза болгондугу жөнүндө маалымкаттын түп нускасы тиркелет.
Төлөгөн расымдык жөлөкпулдун ордун толтуруу үчүн акча каражатын ЭСӨБ иш берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которот.
24. Жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз, социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адамдын же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпул ЭСӨБ тарабынан дайындалат.
25. Жалданма жумушчу каза болгон учурда расымдык жөлөкпулдун ордун толтуруу үчүн жалданма жумушчулардын эмгегин пайдаланган юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер ЭСӨБ кайрылганда жеке ишкер Өтүнмөгө жалданма жумушчу менен түзгөн эмгек келишимин, жалданма жумушчуга айлык акысын эсептегендигин жана төлөгөндүгүн тастыктоочу документ, ошондой эле салык ордуна жана/же каттоо эсеби боюнча киреше салыгы жана камсыздандыруу салымы боюнча салык органдарына берген отчеттун көчүрмөсүн тиркеши керек.