Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 6 пунктуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 21-майындагы № 303 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| КР ИИМдин "28.04. 2020-ж. " № 306 буйругуна 1 тиркеме |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
"Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 8-главасынын 11-пункту)
1. Жалпы жобо
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөндөгүчө жүзөгө ашырылат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы тарабынан.
"Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенти (мындан ары – администрациялык регламент) бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча администрациялык-башкаруучулук процесстерди оптимизациялоо, ошондой эле аны көрсөтүү процессине тартылган кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 8-главасынын 11-пункту).
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына ылайык келет;
3. Кызмат көрсөтүүнүн сандартында көрсөтүлгөн негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: мамлекеттик кызмат көрсөтүү табыштамада көрсөтүлгөн мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кооптуу жүктүн келүү жана кетүү датасын, убактысын, ордун көрсөтүү менен уюмдун/мекеменин бланкында толтурулган кат же электрондук табыштаманы берүү зарыл.
б) тез күйүүчү, күчтүү таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттар жана жарылуучу материалдар бар жүктөрдү (кооптуу жүктөрдү) ташууга уруксат.
(3) кызмат көрсөтүүнүн өз наркы: мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде берилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы маалыматтык стенддерде жана расмий сайтта (mvd.kg) жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын сайтында (guobdd.kg) жайгаштырылган, Монополияга каршы орган тарабынан бекитилген (“Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ тарабынан тез күйүүчү, күчтүү таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жарылуучу материалдарды коштолгондугу үчүн баалардын прейскурантын макулдашуу жөнүндө” 2018-жылдын 5-июлундагы № 19 буйрук).
Кызмат көрсөтүүнүн наркы авто унаа каражатынын факт жүзүндө жүргөндүгүнө (км/с), корогон убакытка жана коштоп барган адамдардын санына жараша аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын авто жолдору жана калктуу пункттардын көчөлөрү боюнча тоскоолдуксуз жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, жыйынтыгы боюнча аткарылган кымат көрсөтүүнүн актысы түзүлөт.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарыла турган жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүүнүн өндүрүшү төмөндөгү жол-жоболорду камтыйт:
| 1-таблица |
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | № 1-жол-жобо Арыз ээсинин документтерин Бирдиктүү Терезе аркылуу кабыл алуу жана каттоо. | электрондук форматта табыштаманы берүү этабында, аны byhggybdd@mail.ru электрондук почтага жөнөтүү аркылуу |
2 | № 2-жол-жобо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын жетекчилигинин резолюциясын алуу.
|
|
3 | № 3-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнү ортомчусуз аткарууну дайындоо |
|
4 | № 4-жол-жобо. Керектөөчү көрсөткөн мөөнөттө кызмат көрсөтүү. |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүүнүн өндүрүшүндө аткарыла турган жол-жоболордун логикалык тартиби төмөндөгү блок-схемада чагылдырылган.
Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөсү
| 2-таблица |
Жол-жоболрдун и жана аракеттердин аталыштары | Аткаруучу, кызмат адамы | Узактыгы | Аракеттердин жыйынтыгы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |||||||
№ 1 жол-жобо Арыз ээсинин документтерин кабыл алуу жана алдын ала карап чыгуу. | |||||||||||
1. Кабыл алуу 2. Арыз ээсинин документтерин катоо | Кеңсенин адиси | 10 мин | А. Каттоо журналы | 1.Иш-милдеттери 2. Иш кагаздар боюнча нускама | |||||||
2 аракет | 1 адам | 10 мин |
| 2 ЧУА | |||||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Арызды кабыл алуу жана арыз ээсинин документтерин каттоо | |||||||||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук жол-жобо | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номуру: 2 | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн бул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: резолюция алуу үчүн арызды өткөрүп берүү
| |||||||||||
№ 2 жол-жобо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын жетекчилигинин резолюциясын алуу.
| |||||||||||
Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун дайындоо жөнүндө КР ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигинин резолюциясын алуу
| КР ИИМдин ЖКККББнын башчысы
| 10 мин | А. Кат-табыштаманы аткаруу үчүн резолюция салуу Б. себебин көрсөтүү менен келип түшкөн табыштаманы аткаруудан баш тартуу жөнүндө резолюция салуу | суроо-талап кылынган кызмат көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестрде көрсөтүлгөн тизмеге ылайык келүүсү (КРӨнүн 10.02.2012-ж. №85 токтому). берилген документтердин КРӨнүн 03.06.2014-ж. № 303 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык келүүсү | |||||||
1 аракет | 1 адам | 10 мин |
| 2 ЧУА | |||||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Аткаруучуну дайындоо | |||||||||||
Жол-жобонун тиби: Администрациялык жол-жобо | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номуру: 3 | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн бул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: арызды аткаруучуга өткөрүп берүү | |||||||||||
№ 3 жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн түздөн-түз аткаруучусун дайындоо | |||||||||||
1. Кат-табыштаманы карап чыгуу 2. Көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык коштоп баруу үчүн экипажды дайындоо | ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын саркери | 15 мин | А. Коштоп баруучу адамдардын санын аныктоо Б. Эгерде талаптарга ылайык келбесе баш тартуу | 1. “Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” КРӨнүн 11.04.2016-ж. № 198 токтому 2. Иш-милдеттери | |||||||
2 аракет | 1 адам | 15 мин |
| 2 ЧУА | |||||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Коштоп баруучу адамдардын санын аныктоо | |||||||||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук жол-жобо | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номуру: 4 | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн бул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Кызмат көрсөтүү. | |||||||||||
№ 4 жол-жобо. Керектөөчү көрсөткөн мөөнөттө кызмат көрсөтүү. | |||||||||||
Кызмат көрсөтүү | ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын саркери | Табыштамада көрсөтүлгөн мөөнөт | Аткарылган иштердин актысы | Аткарылган иштердин актысы | |||||||
1 аракет | экипаж |
|
|
| |||||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Аткарылган иштердин актысына кол коюу | |||||||||||
Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо | |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми) төмөндө көрсөтүлгөн
№ 1 Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 2 Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 3 Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 4 Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
Жол-жоболорду аткаруу (жалпылоо) схемасы (алгоритми)
6. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күнүмдүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын УКТ жана ЖККБнын башчысы жана КР ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын саркери жүргүзөт.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан администрациялык регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үзгүлтүксүз ар дайым жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламентинин талаптарынын табылган бузууларын жок кылуу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалым кат түрүндө таризделет, ага администрациялык регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка код коюлган кезден тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде ал бул кызматты көрсөткөн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын УКТ жана ЖККБга жөнөтүлөт.
Маалым кат келип түшкөн кезден тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бузууга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик таасир этүү чаралары кабыл алынышы керек.
Зарыл болгон учурда администрациялык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү дагы белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Администрациялык регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Администрациялык регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн КР ИИМдин ЖКККББнын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү аутсорсингге жеке же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчилик кызмат көрсөтүүгө жооптуу болгон мекемеде сакталып калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент тейлөөлөрдүн Стандартын кайра кароо менен зарылчылыкка жараша бир эле убакта кайра кароого жатат.
9. Регламентти иштеп чыккандар
1 | КР ИИМдин ЖКККББнын УКТ жана ЖККБнын начальниги |
___________________ |
Досов Т.М. |
2 | КР ИИМдин ЖКККББнын ТКБнүн начальниги |
___________________ |
Кубатбеков К.А. |
3 | КР ИИМдин ЖКККББнын ФЧБнын начальнигинин орун басары
|
___________________ |
Яншанло С.А. |
4 | КР ИИМдин ЖКККББнын ЖКБнүн начальниги
|
_________________ |
Ибраев Т.Ж. |
5 | КР ИИМдин ЖКККББнын Адистештирилген ротасынын саркери |
___________________ |
Назаралиев Т.Ш. |