Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 119
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын З-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасыиын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасыиын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган көндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 (3102) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 86-бап менен толукталсын:
86. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 63-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук санариптик колтамга, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телеберүүлөр жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоону ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитета (мындан ары - МТБМК); электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жыштык спектрин жана номерлештирүү ресурсун пайдалануу жаатында жөнгө салуучу МТБМКнын ведомстволук бөлүнүшү -МТБМКнын алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - МБА). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жеке жана юридикалык жактар; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасыиын мыйзамдары: - «Электр жана почта байланышы жөнүндө»; - «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому менен бекитилген МБА жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен күтүүнүн төмөнкү шарттары каралган: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына жооп берген жайларда; бардык керектөөчүлөрдүн санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканага, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кире алышы, алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүй пандустар жана кармагычтар менен да жабдылган; - имараттарда күтүү жайлары, жылытуу, телефон байланышы жана Интернет тармагы бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезектүүлүк принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА), кош бойлуу аялдар кезексиз тейленишет, эгерде имаратта өз алдынча көтөрүлүүгө мүмкүн болбосо өтүнмөлөрдү жана башка документтерди кабыл алуу үчүн кызматкер аларга өзү түшүп келет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн (угуу жана көрүү жана таяныч-кыймылдоо системасы боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат тактачаларда, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалыматтар (үлгүлөр) жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Төмөнкүлөргө чектелген убакыт: - керектөөчүдөн өтүнмөнү кабыл алууга - 30 мүнөт; - келишимди тариздөөгө - 30 мүнөт; - келишимге кол коюлгандан кийин кызмат көрсөтүү - 90 календарлык күндүн ичинде (анын ичинде электрондук форматта); - жыйынтыгын берүү - 2 иш күнү (электрондук форматта 10 мүнөттөн ашык эмес) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - МБАнын коомдук кабылдамасынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттарынан (ict.gov.kg жана nas.gov.kg), ошондой эле ( nta@infotel.ke электрондук почтасы аркылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынан (порталдын электрондук дареги МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттарында жайгаштырылган); - МТБМКга жана МБАга жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Өтүнмөлөрдүн формасын толтуруу үлгүлөрүн: - МБАнын расмий сайтынан; - МБАнын имаратындагы такталардан алууга болот. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты маалымат такталарында, МБАнын расмий сайтында (nas.gov.kg) жайгаштырылган Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты берүү кайрылган ар бир адамга акысыз негизде кепилдик кылынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, телекөрсөт, маалымат сайттары; -гезиттер; - МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттары (ict.gov.kg жана nas.gov.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - МТБМКнын жана МБАнын коомдук кабылдамалары; - оозеки түрдө (телефон аркылуу байланышууда же видео байкоо камералары менен жабдылган атайын бөлүнгөн жайда адис менен жеке байланышкан учурда). Даректери, телефон номерлери жана иштөө режимдери кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттарында, маалымат тактасында жайгаштырылат МТБМКнын жана МБАнын иш графиги: дүйшөмбү-жума, 9.00 ден 18.00 ге чейин. түшкү тыныгуу, 12.30 дан 13.30 ге чейин. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулганына байланыштуу ДМЧА) үчүн баарлашуу аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш: - белгиленген форма боюнча толтурулган өтүнмө; - жеке жак үчүн - өздүгүн ырастаган документгин көчүрмөсү; - юридикалык жана/же жеке ишкер үчүн -мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - белгиленген тартипте толтурулган өтүнмө Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү тарабынан берилет. Керектөөчү тарабынан берилген документтер топтому толук берилгендиги текшерилгенден кийин кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлат. Келишимге кол коюлгандан кийин керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасын толук төлөөгө тийиш. Келишимдин формасы, өтүнмөлөрдүн бардык түрлөру жана аларды толтуруу боюнча талаптар мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн жерде, МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттарында (ict.gov.kg жана nas.gov.kg) жана маалымат такталарында жайгаштырылган. |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттарында (ict.gov.kg жана nas.gov.kg), ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча МТБМКнын жана МБАнын буйругу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун банк мекемесине накталай эмес же мекеменин кассасында накталай эсеп менен төлөнөт. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартында аныкталган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү, толуктугу жана өз убагында берилиши; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүлөрдөн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарга ылайык келүүсү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү; жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтер ошондой эле электрондук почта аркылуу да кабыл алынат. Бул үчүн өтүнмөлөрдүн сканерленген формаларын жана PDF форматындагы керектөөчү кол койгон келишимди nta(@infotel.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Жооптуу кызматкер кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнү алгандан кийин керектөөчүгө документтер кабыл алынгандыгы жана кызмат көрсөтүүнү берүүге даярдык көрүлө баштагандыгы, же болбосо кызмат көрсөтүүдөн негиздүү баш тартуу жөнүндө билдирүү жиберет. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Электрондук почтанын мамлекеттик порталы аркылуу берилет. Келишимдин формасы, өтүнмөнүн бардык түрү жана толтуруу боюнча талаптар МТБМКнын жана МБАнын расмий сайттарына (ict.gov.kg жана nas.gov.kg), ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталына жайгаштырылат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтерди бербеген учурда. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы толук төлөнбөгөн учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү тийиштүү түрдө көрсөтүлбөсө керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын (МБА) жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда тейленүүчү белгиленген тартипте жогору турган органга (МТБМК) кайрылууга укугу бар. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуүчүнун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана өтүнмө ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуүчүнун колун жана датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу Кыргыз Республикасынын административдик иш-аракеттер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге өтүнмө ээси канааттанбаса, чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |