Загрузка документа…
| 6-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы №1-д буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«ДОКУМЕНТТЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК САКТООГО ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДАЯРДОО»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 14-пункту
Жалпы жоболор
Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин карамагындагы төмөндөгү мекемелер тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- областтык мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүдөй талаптарга жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандартынын негизги параметрлери:
(1) Кезек күтүүнүн жана суроо-талапты кабыл алуунун чектелүү мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу - 14 күндөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү келишимдин шарттарында сүйлөшүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) белгиленген формадагы бланкка жазылган кайрылуу;
б) кайрылуучунун ким экендигин ырастоочу документ (паспорт);
в) кызмат көрсөтүүгө акы төлөгөндүгү жөнүндө эсеп-квитанциясы;
г) юридикалык (жеке) жактын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктоочу документ (ишеним кат) зарылдыгына жараша.
Келишимдин шарттарына ылайык кызмат алуучу иштелип чыгуучу документтерди берүүгө же аларга жетүүнү камсыздоого тийиш.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы алынат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты менен аныкталат (1- бөлүм. Кагаз түрүндөгү документтер менен иштөө. Документтерди мамлекеттик сактоого даярдоо - документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу) ИТИге таандык документтердин көлөмүнө карата.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: аткарылган иштерди жана белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизмектерин кабыл алуу актысын берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 «Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен бекитүү жөнүндө” токтому;
- Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлүүчү башкаруу документтеринин тармактык тизмеги, сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен (министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик кызматтар);
- Архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Архив агенттигинин Илимий-усулдук комиссиясынын 2009-жылдын 18-августундагы чечими менен бекитилген Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен макулдашылган, Архив агенттигинин 2007-жылдын 31-октябрындагы № 51/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде аткарылуучу иштердин негизги түрлөрүнө болгон убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2016-жылдын 13-июнундагы № 66 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты;
- Архив агенттигинин Борбордук эксперттик-текшерүү комиссиясынын (БЭТК) 2013-жылдын 25-апрелиндеги чечими бекитилген Документтерди илимий-техникалык (архивдик) иштеп чыгуу жөнүндө типтүү келишим;
- архив мекемелеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер (архив мекемеси жөнүндө жобо, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө, бөлүм жөнүндө жобо, кызматкерлердин функционалдык милдеттери ж.б.).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кайрылууну кабыл алуу төмөндөгү формаларда жүргүзүлөт: - кат жүзүндө кайрылуу; - электрондук кайрылуу; - оозеки кайрылуу. Каттоо жол-жобосу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бекитилген мөөнөттөрдө аткарылат. |
2 | Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу (ИТИ) боюнча келишим түзүү
| Ушул жол-жобо илимий-техникалык жактан иштелип чыгууга тийиш документтердин көлөмүн жана толуктугун, алардын хронологиялык алкагын алдын ала аныктоого багытталган. ИТИге тийиш документтердин бардык топтому жеринде (тапшырыкчынын архивинде) каралат, ошондуктан документтер негизинен мекемеге баруу менен иштелип чыгат. Ушул жол-жобонун жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен бир катар төмөнкү маселелер макулдашылат: тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, иштердин наркы, эсептешүү тартиби, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруу жана кабыл алуу тартиби. Келишим түзүү боюнча маселелерди так белгилөөдөн кийинки жол-жоболорду аткаруунун сапаты жана мөөнөтү көз каранды |
3 | Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу (ИТИ) | Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу өз ара байланышкан иш-аракеттин эки түрүнөн турат: архивдик документтердин баалуулугунун экспертизасы жана иретке келтирүү. Документтердин баалуулугунун экспертизасы - документтердин баалуулугун иликтөө критерийлердин негизинде алардын сактоо мөөнөттөрүн аныктоо, талдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун (КР УАФ) курамына киргизүү максатын көздөйт. Архив документтерин иретке келтирүү - архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык, архив документтерин сактоо бирдиктерине (көктөмөлөргө) топтоп түзүү боюнча иштердин комплекси. Бул иш-аракеттин негизги максаты КР УАФтын документтерин мамлекеттик сактоого даярдоо болгондуктан, архив мыйзамдарына ылайык тарыхый баалуу документтерди мамлекеттик сактоого такай тапшырып турууга милдеттендирилген (КР УАФ Мыйзамынын 17,18-бер.) мекемелерде жана уюмдарда - мамлекеттик архивдердин топтоо булактарында документтери илимий-техникалык иштеп чыгуу биринчи кезекте жүргүзүлөт. Ошондой эле мамлекеттик эмес менчиктеги юридикалык жактардын документтери, физикалык жактардын жана жеке жактардын өздүк (жеке) архивдик фонддору алардын демилгелери боюнча илимий-техникалык иштетүүгө кабыл алынат. Эскертүү: Эгерде жеке жактардын өздүк (жеке) архивдик документтери мамлекеттик сактоого бекер тапшырыла турган болсо, мындай документтер артыкчылык иретинде акысыз иштелип чыгат. Мекеменин-тапшырыкчынын кайрылуусу боюнча документтерди илимий-техникалык иштеп чыгуу учурунда архив ишинин башка түрлөрү да иштелет жана бул иштердин аткарылышы келишим түзүүдө сүйлөшүлөт. |
4 | Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү - акыркы иш-аракет, анын жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысына келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык бардык аткарылган иштер комплекси тапшырылат. Документтерди илимий-техникалык иштеп чыгуу аткарылган иштерди жана белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизмектерин кабыл алуу актысын берүү менен аяктайт |
3. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫНЫН БЛОК-СХЕМАСЫ
«ДОКУМЕНТТЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК САКТООГО ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДАЯРДОО»
4. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ СЫПАТТОО ЖАНА АЛАРДЫН МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-иш-аракет Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу
| - УАФ документтерин топтоочу бөлүмдүн начальниги; -мамлекеттик архивдин топтоо булактарынын тизмесинде турган мекемелер менен иш алып баруучу кызматкер ж.б. | оозеки – кезек күтүүнү кошкондо 10 мүн. ашпайт; кат жүзүндө – почта менен келип түшкөн күнү
| а) кароого кабыл алынган кайрылуу (кат жүзүндө); б) маселесинин маңызы боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки) | - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы; - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.2-иш-аракет Кайрылууну каттоо
| документтерди (кайрылууларды) каттоого жоопкер кызматкер | кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашпайт
| кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына жазуу | - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.3-иш-аракет Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү
| документтерди (кайрылууларды) каттоого жоопкер кызматкер | кайрылуунун жетекчи тарабынан каралышы - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашпайт
| кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы | - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.4-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн алуучусуна баруу менен иштин көлөмүн жана шарттарын аныктоо
| мамлекеттик архивдин кызмат адамы, бөлүмдүн башчысы, административдик иш-аракетке жоопкер адис | 2 сааттан ашпайт. (кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысынын жайгашкан жеринин алыстыгын кошпогондо)
| а) тапшырыкчынын архивин текшерүү оң натыйжа берсе -документтерди ИТИге келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу; б) терс натыйжа берсе - төмөнкү учурларда тапшырыкчыга кабарлоо менен кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алуу: - кызмат алуучунун документтер менен иштөөгө ылайыкталган жай менен камсыздай албагандыгы; - иштелип чыгууга таандык документтердин толук эместигин аныктоо; - ИТИге таандык документтер эң аз көлөмдө болсо; - кызмат акысын төлөөгө (алдын ала төлөөгө) каржылык мүмкүнчүлүгү жок болсо ж.б. |
|
1.5-иш-аракет Документтерди иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алуу | административдик иш-аракетке жооптуу кызмат адамы
| 1 сааттан ашпайт
| а) чыгымдарды алдын ала эсептөө сметасын чыгаруу, келишимдин текстин түзүү; б) арыз ээсине кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо | - Мыйзам;- Прейскурант;- Типтүү келишим |
1-жол-жобонун жыйынтыгы. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгууга келишимин түзүү боюнча чечим кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 2 сааттан ашпайт | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгууга келишим түзүү | ||||
2.1-иш-аракет Келишимге кол коюу | административдик иш-аракетке жооптуу кызмат адамы
| 10 мүн.ашпайт. | эки тарап жактан кол коюлган келишим
| - Прейскурант;- Типтүү келишим |
2.2-иш-аракет Иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө эсебин берүү (алдын ала төлөм) | административдик иш-аракетке жооптуу кызматкерлер
| 10 мүн. ашпайт (алыс жайгашкан мекемеге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо) | төлөнгөн счет-фактура | - Прейскурант;- Типтүү келишим |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган келишим | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашпайт | ||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
3-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу | ||||
3.1-иш-аракет Документтердин баалуулугун экспертизалоо | документтерди иретке келтирүүгө жана тизмелөөгө адистештирилген кызматкерлер (эксперттер)
| документтердин көлөмүнө жараша (документтердин түрлөрүнө жана абалына жараша бир күндө 8ден 35ке чейин көктөмө)
| экспертизадан өткөрүлүп, сактоо мөөнөттөрү боюнча иретке келтирүүгө иргелип алынган документтер: - туруктуу сакталууга; - узак сакталууга (75ж.); - убактылуу сакталууга (10ж. ашык); - убактылуу сакталууга (10ж. чейин)
| -Типтүү нускама; -Типтүү тизмек; - Негизги эрежелер; - Усулдук сунуштамалар; - Тармактык тизмектер; - Иштер номенклатуралары ж.б.
|
3.2-иш-аракет Документтерди иретке келтирүү: - туруктуу сакталууга; - узак сакталууга (75 ж.); - убактылуу сакталууга (10 ж. ашык). Тизимдерди даярдоо | документтерди иретке келтирүүгө жана тизмелөөгө адистештирилген кызматкерлер (эксперттер)
| - документтердин көлөмүнө жараша (1 күндүк иш ченеми 4төн 40 көктөмөгө чейин)
| түрлөрү жана сактоо мөөнөттөрү боюнча таризделип мукабаланган көктөмөлөр. Даярдалган көктөмөлөрдүн тизимдери | -Типтүү нускама; -Типтүү тизмек; - Негизги эрежелер; - Усулдук сунуштамалар; - Тармактык тизмектер; - Иштер номенклатуралары ж.б.
|
3.3-иш-аракет Иретке келтирилген көктөмөлөрдүн сапаттык жагын көзөмөлдөө. Көктөмөлөрдүн тизимдерин макулдашууга, бекитүүгө берүү | Эксперттер (ЭК, ЭТУК мүчөлөрү, мекеме кураторлору)
| - 2 саатка чейин (көктөмөлөрдүн 10% дан 20% га чейинкисин текшерүү менен); - 10 мүн. чейин (кызмат алуучу мекемеге чейинки жол аралыгын кошпогондо)
| Документтердин сапаттык жагын камсыздоо.
Белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдери
| - Типтүү нускама; - ЭК,ЭТУК жөнүндө жоболор; - Негизги иш эрежелери
|
3.4-иш-аракет Көктөмөлөрдүн шифрлөө жана кутучалоо |
| көктөмөлөрдүн көлөмүнө жараша (1 күндүк иш ченеми 400 көктөмөгө чейин)
| бекитилген тизимдер боюнча шифрленген жана кутучаланган көктөмөлөр | Типтүү ченемдер |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кызмат алуучунун документтерин илимий-техникалык иштеп чыгууну аяктоо. Көктөмөлөрдүн тизимдерин бекитүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: Жол-жоболук иш-аракеттер – 2 саатка чейин. Өндүрүштүк иш-аракеттер иретке келтирилүүгө тийиш көктөмөлөрдүн көлөмүнө көз каранды (келишимдин шарттарында белгиленет) | ||||
3-жол-жобонун тиби: Атайын | ||||
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | ||||
4.1-иш-аракет Аткарылган иштерди жана кызматтарды тапшырыкчынын кабыл алуусу жөнүндө актыга кол коюу | архив мекемелеринин жооптуу кызматкерлери, кызматты аткаруучулар | 30 мүн. чейин (кызмат алуучу мекемеге чейинки жол аралыгын кошпогондо) | аткарылган иштердин көлөмүн салыштырып текшергенден кийин аткарылган иштерди жана кызматтарды кабыл алуу актысы (кол коюлган)
| Типтүү келишим |
4.2-иш-аракет Акыркы эсептешүү | документтерди иретке келтирүүгө жана тизмелөөгө адистештирилген мекемелердин кызмат адамдары (жооптуу) | аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча акты жана төлөм счет-фактурасы тапшырылгандан кийин 10 календардык күнгө чеййин | төлөнгөн счет-фактура | Типтүү келишим
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Аткарылган иштер жөнүндө актыны берүү. Белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдерин берүү | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 календардык күн | ||||
4-жол-жобонун тиби: Административдик | ||||
5. ЖОЛ-ЖОБОНУ АТКАРУУ СХЕМАСЫ (АЛГОРИТМДЕР)
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу
2-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык иштеп чыгууга (ИТИ) келишим түзүү
3-жол-жобо. Документтерди илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызмат адамдары тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү ар чейректе бир жолудан жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузуулар боюнча аныкталган фактыларды жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып, 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдүн киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдарынын иш-аракетине же иш-аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдерге арыз ээси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте даттана алат.
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8. Корутунду жоболор
Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты кайра каралган учурда жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Бектурова Асия Тобокеловна - КРӨ караштуу МКК алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иш алып баруу жана көзөмөлдөө секторунун башкы адиси;
2. Ирисова Асель Пайзылдаевна – Кыргыз Республикасынын Документтер борборунун директорунун орун басары.