Загрузка документа…
| 9-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы №1-д буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«МЕКЕМЕЛЕР, УЮМДАР, ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ТАРМАКТЫК ЖАНА ЖЕКЕ ИШТЕРДИН НОМЕНКЛАТУРАСЫН ДАЯРДОО»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 16-пункту
Жалпы жоболор
Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин карамагындагы төмөндөгү мекемелер тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- областтык мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн Административдик регламенти төмөнкү талаптарга жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому.
3.Кызмат көрсөтүүнүн стандартынын негизги параметрлери:
(1) Кезек күтүүгө жана суроо-талапты кабыл алуунун чектелүү мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашпайт; кызмат көрсөтүү жыйынтыгын алуу - 14 күндөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү келишимдин шарттарында сүйлөшүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) юридикалык жактын кайрылуусу (жазуу түрүндө);
б) өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктоочу документ (ишеним кат) зарылдыгына жараша;
в) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар прейскуранты менен аныкталат (1-бөлүгү, 5-бөлүм, 5.1.-5.4-пункттар).
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө белгиленген тартипте жактырылган (макулдашылган), бекитилген тармактык (тизмек), жеке иштер номенклатурасын берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 «Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө» токтому;
- Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлүүчү башкаруу документтеринин тармактык тизмеги, сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен (министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик кызматтар);
- Архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Архив агенттигинин Илимий-усулдук комиссиясынын 2009-жылдын 18-августундагы чечими менен бекитилген Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен макулдашылган, Архив агенттигинин 2007-жылдын 31-октябрындагы № 51/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде аткарылуучу иштердин негизги түрлөрүнө болгон убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери;
- архив мекемелеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер (архив мекемеси жөнүндө жобо, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө, бөлүм жөнүндө жобо, кызматкерлердин функционалдык милдеттери ж.б.).
2. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ПРОЦЕССИНДЕ АТКАРЫЛУУЧУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ТИЗМЕГИ
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кызмат алуу жөнүндө кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кайрылууну кабыл алуу төмөндөгү формаларда жүргүзүлөт: - кат жүзүндө кайрылуу; - электрондук кайрылуу; - оозеки кайрылуу. Каттоо жол-жобосу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бекитилген мөөнөттөрдө аткарылат. Ушул жол-жобонун маанилүү иш-аракети болуп кызмат көрсөтүүнүн аткаруучулары тарабынан кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысынын иши, анын уюштуруу түзүмү, кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн документтеринин түрүнүн курамы ж.б. жөнүндөгү ченемдик укуктук документтерин кароосу саналат |
2 | Тармактык документтерди (тизмекти), жеке иштер номенклатурасын иштеп чыгууга келишим түзүү
| Ушул жол-жобонун жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен бир катар төмөнкү маселелер макулдашылат: тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, иштердин наркы, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруу жана кабыл алуу тартиби |
3 | Мекемелер (уюмдар) үчүн тармактык документтердин (тизмектин) долбоорун, жеке иштер номенклатурасынын долбоорун эксперттик комиссиялардын кароосу | Комиссиялардын (БЭК, кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн ЭКсы, БЭТК, мамархивдердин ЭТУКу) эксперттик корутундулары жана ченемдик документтердин долбоорлорун (тармактык тизмекти, иштер номенклатурасын) жактыруу (макулдашуу) жөнүндө чечимдер чыгарылгандан кийин кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү жөнүндө чечим кабыл алынат |
4 | Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | Тапшырыкчы мекеменин, уюмдун жетекчилери тарабынан ченемдик документтер бекитилгенден кийин кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы берилет |
3. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫНЫН БЛОК-СХЕМАСЫ
«МЕКЕМЕЛЕР ЖАНА УЮМДАР ҮЧҮН ТАРМАКТЫК (ТИЗМЕК) ЖАНА ЖЕКЕ ИШТЕРДИН НОМЕНКЛАТУРАСЫН ДАЯРДОО»
4. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ СЫПАТТОО ЖАНА АЛАРДЫН МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-иш-аракет Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу
| КР УАФ документтерин топтоо бөлүмүнүн начальниги;
топтоо булактары (мекемелер) менен иштөөгө ж.б. жоопкер кызматкер | оозеки – кезек күтүүнү кошкондо 10 мүн. ашпайт; кат жүзүндө – почта менен келип түшкөн күнү | а) кароого кабыл алынган кайрылуу (кат жүзүндө); б) маселесинин маңызы боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки) | - «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы; - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.2-иш-аракет Кайрылууну каттоо | документтерди каттоого жоопкер кызматкер
| кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашпайт
| кайрылууну кириш документтерди каттоо журналына жазуу | КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.3-иш-аракет Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү | документтерди каттоого жоопкер кызматкер
| кайрылуунун жетекчи тарабынан каралышы - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашпайт
| кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы | КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.4-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн ишин, анын уюштуруу түзүмүн, документтердин түрүнүн курамын кароо | административдик иш-аракетке жоопкер кызматкер | 2 сааттан ашпайт
| кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана толуктугун камсыздоо | - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; - Мамлекеттик архивдеринин негизги эрежелери |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Мамлекеттик архивдин жетекчилигинин кызмат көрсөтүү боюнча чечими | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 2 сааттан ашпайт | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Тармактык документтерди (тизмекти), жеке иштердин номенклатурасын даярдоого келишим түзүү | ||||
2.1-иш-аракет Келишимдин долбоорун даярдоо жана кол койдуруу | административдик иш-аракетке жоопкер кызмат адамы | 20 мүн. ашпайт | кол коюлган эки тараптык келишим
| - Прейскурант;- Типтүү келишим |
2.2-иш-аракет Иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө эсебин берүү | административдик иш-аракетке жоопкер кызматкер | 10 мүн. ашпайт (алыс жайгашкан мекемеге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо) | төлөнгөн счет-фактура | - Прейскурант;- Типтүү келишим
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган документ | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 30 мүн. ашпайт | ||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
3-жол-жобо. Тармактык документтердин (тизмектин) долбоорун, жеке номенклатуранын долбоорун кароо | ||||
3.1-иш-аракет Документтердин тармактык тизмегинин, жеке номенклатуранын долбоорун даярдоо | административдик иш-аракетке жоопкер кызматкер | Иш-аракеттин узактыгы иштин көлөмүнө көз каранды, төмөнкүлөр эске алынат: - 25 берене (тизмек үчүн); - 60 берене (иштер ном. үчүн) | белгиленген тартипте даярдалган документтин долбоору
| Убакыттын жана көлөмдүн типтүү ченемдери |
3.2-иш-аракет Документтин долбоорун эксперттик-текшерүү комиссияларынын жактыруусу (макулдашуу) | ЭК, БЭК, ЭТУК, БЭТК | иш-аракеттин узактыгы комиссиялардын иш регламенти менен аныкталат
| толуктугу жана сапаты жагынан экспертизадан өткөрүлгөн документ
| - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;- ЭК, БЭК, ЭПК, БЭТК жөнүндө жоболор |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Жактырылган (макулдашылган) ченемдик документ (тармактык тизмек, иштердин номенклатурасы) | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: Иштин көлөмүнө көз каранды | ||||
3-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук, бөлүгү өзгөчөлүү | ||||
4-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | ||||
4.1-иш-аракет Жактырылган (макулдашылган) документти бекитүү | ЭК, БЭК, ЭТУК, БЭТК | 5 мүн. ашпайт (алыскы мекемеге чейинки жол убактысын эсепке албаганда) | бекитүү жол-жобосунан өткөрүлгөн документ
| - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;- Мамлекеттик жана ведомстволук архивдердин негизги эрежелери ж.б. |
4.2-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | административдик иш-аракетке жоопкер кызматкер | 5 мүн. ашпайт
| бекитилген документ | |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү (бекитилген тармактык тизмекти, иштердин номенклатурасын) | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 мүн. ашпайт | ||||
4-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
5. ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ АТКАРУУ СХЕМАСЫ (АЛГОРИТМДЕР)
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууну кабыл алуу жана каттоо
2-жол-жобо. Тармактык документтерди (тизмекти), жеке иштердин номенклатурасын иштеп чыгууга келишим түзүү
3-жол-жобо. Мекемелер (уюмдар) үчүн тармактык (тизмек) документтердин долбоорун, жеке иштердин номенклатурасынын долбоорун эксперттик комиссиялардын кароосу
4-жол-жобо. Жактырылган (макулдашылган)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызмат адамдары тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү ар чейректе бир жолудан жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузуулар боюнча аныкталган фактыларды жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып, 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдүн киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдарынын иш-аракетине же иш-аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдерге арыз ээси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте даттана алат.
Мамлекеттик архивдердин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8. Корутунду жоболор
Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты кайра каралган учурда жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Бектурова Асия Тобокеловна - КРӨ караштуу МКК алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иш алып баруу жана көзөмөлдөө секторунун башкы адиси;
2. Романова Елена Анатольевна - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти.