Загрузка документа…
| 11-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Никеге турууну каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 73
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: жеке өзү келгенде кезек күтүүнү эске албаганда - 10-20 мүнөт; никелешүүнү каттоо биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай (30 күн) өткөндөн кийин жүргүзүлөт, өзгөчө кырдаалдар болгондо (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулса) биргелешкен арыз берилген күнү нике катталат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) никеге туруп жаткан адамдардын белгиленген үлгүдөгү биргелешкен арызы;
б) никеге туруп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтери:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
в) эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири мурда катталган никеде турса, никени бузуу тууралуу күбөлүк;
г) эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири жесил/жесир болуп саналса, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
д) эгер никеге туруп жаткан адамдардын бири нике курагына (18 жаш) жете элек болсо, нике курагын азайтуу жөнүндө белгиленген формадагы документ;
е) эгер балдары болсо, биргелешкен балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү/күбөлүктөрү;
ж) жубайы кош бойлуу болсо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген кош бойлуулугу жөнүндө маалымкат;
з) бланктык продукцияга төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
а) чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын ким экендигин далилдөөчү документ:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат.
- кайрылмандын күбөлүгү.
б) ал жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | документтерди кабыл алуу жана КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | - документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, КЖААКДнын жетекчилигине тез арада билдирилет, эки нускада акт түзүлөт, анын бири ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ЖААККПК бөлүмүндө калат; - фотосүрөт арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерилет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугу, арыз ээсинин ким экендиги текшерилет, фотосүрөттүн сапаты бааланат |
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | арыз жарандардан жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн жазуу же электрондук түрдө кабыл алынат |
3 | никелешүүнү каттоо
| никелешүү тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт |
4 | никелешүүнү каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | никелешүү тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Никеге туруп жаткан адамдарды кабыл алуу, алардын экөөсүнүн тең катышуусу милдеттүү; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээлеринин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. “Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча арыз ээлеринин жашаган жерин текшерүү, никелешүүнү каттоо никеге туруп жаткан адамдардын биринин же алардын ата-энелеринин жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээлерин каттоолук эсепке туруу үчүн Департаменттин ведомстволук бөлүмүнө жиберет. 1.5. Ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү; - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына шайкеш келген учурда, никелешүүнү каттоо үчүн арыз жана документтер кабыл алынат; - талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүү мөөнөтү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт. Арыз ээсине документтерди туура эмес тариздеген, аныкталган фактыларды жоюу мүмкүнчүлүгүн берет; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААККПК органынын кызматкери | - документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт; -кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн | - - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому.
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 5 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Адам жеке өзү кайрылганда никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Арыз ээлерине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет; 2.3. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, арыз ээлерине никелешүүнү каттоо мөөнөтү, арыз ээлеринин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү никелешүүнү каттоодо никеге туруп жаткан адамдардын экөөнүн тең катышуу зарылдыгы түшүндүрүлөт; - никеге туруу жөнүндө актылык жазуу түзүлгөнгө чейин никелешүүнү каттоо үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда, арыз ээлери аныкталган тоскоолдуктарды жокко чыгарган тийиштүү документтерди берүүлөрү үчүн каттоо 1 айга (30 күнгө) чейин токтотулат; - нике бекитүүгө тоскоол болгон кырдаалдар аныкталган учурда (никелешүүгө жол берилбейт: адамдардын бири башка катталган никеде турса; жакын туугандар (ата теги жана урпактары боюнча туугандары (ата-энелер менен балдары, чоң ата, чоң эне менен неберелери), ата-энеси бир жана ата-энеси башка (атасы же энеси бир) эркек жана кыз бир туугандар; асырап алуучулар, асырап алынгандар ортосунда; экөөнүн бири психикалык оорунун натыйжасында сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса), арыз ээсине никени каттоодон баш тартылат; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет.
| ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | Никелешүү тууралуу биргелешкен жазуу/электрондук арыз же ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу |
|
2б-жол-жобо. Никелешүүнү каттоо үчүн электрондук түрдөгү арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Электрондук портал аркылуу түшкөн арызды текшерүү жүргүзүлөт; 2.2. Арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү сканерленген документтер текшерилет; 2.3. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын сканерленген документтерге шайкештиги текшерилет; -документтер белгиленген талаптарга жооп берген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу жөнүндө арыз ээсине жооп жиберилет жана никелешүүнү каттоо күнү белгиленет; - никеге туруу жөнүндө актылык жазуу түзүлгөнгө чейин никелешүүнү каттоо үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда, арыз ээлери аныкталган тоскоолдуктарды жокко чыгарган тийиштүү документтерди берүүлөрү үчүн каттоо 1 айга (30 күнгө) чейин токтотулат; - нике бекитүүгө тоскоол болгон кырдаалдар аныкталган учурда (никелешүүгө жол берилбейт: адамдардын бири башка катталган никеде турса; жакын туугандар (ата теги жана урпактары боюнча туугандары (ата-энелер менен балдары, чоң ата, чоң эне менен неберелери), ата-энеси бир жана ата-энеси башка (атасы же энеси бир) эркек жана кыз бир туугандар; асырап алуучулар, асырап алынгандар ортосунда; экөөнүн бири психикалык оорунун натыйжасында сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса), арыз ээсине никени каттоодон баш тартылат; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. |
|
| - никелешүү жөнүндөгү электрондук арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу |
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Никелешүүнү каттоо | ||||
3.1. Никеге туруп жаткан адамдарды кабыл алуу; 3.2. Никеге туруп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт; 3.3 “ЖААК” АМС аркылуу никелешүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана эки нускада басып чыгарылат; 3.4. Никелешүү жөнүндө актылык жазуу бөлүмдүн башчысынын колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.3 Никелешүү жөнүндө актылык жазуунун биринчи нускасы никелешүү жөнүндө актылык жазуулар китебине тиркелет, экинчи нускасы КР Улуттук статистикалык комитетинин райондук бөлүмүнө жиберилет, андан кийин экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин бөлүмүнө жиберилет. | ЖААККПК органынын кызматкери | 3-5 мүнөт | - никелешүү жөнүндөгү актылык жазуу же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу.
|
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүү тууралуу актылык жазууну каттоо | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Никелешүү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
4.1. Никелешүү жөнүндө актылык жазууга ылайык никелешүү тууралуу күбөлүк берилет; 4.2. Никелешүү тууралуу күбөлүк ЖААККПК бөлүмүнүн башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Никелешүү тууралуу күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат; 4.4. Никелешүү тууралуу күбөлүк никеге турган адамдарга берилет. 4.5. Жубайлар никелешүү тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коюшат. | ЖААККПК органынын кызматкери | 2-5 мүнөт | - никелешүүнү каттоо тууралуу күбөлүктү берүү |
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: -административдик жол-жоболор: -уюштуруу-башкаруу жол-жоболору: - көмөкчү жол-жоболор : - атайын жол-жоболор : | 4 2 2
4 - |
2. жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 1 ай (30) күн |
3. электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун жана иш-аракеттердин саны: | 2
|
4. арыз ээлеринен суралуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. кызмат көрсөтүүгө катышуучу бөлөк уюмдардын саны, бардыгы: - ички ведомстволук өз ара аракеттенүүдө: - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө : |
- - - |
6. кызмат көрсөтүүгө катышуучу адамдардын саны | 2 |
7. кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны: | 3 |
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.