Загрузка документа…
| 27-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“ID-card жана жалпы жарандык паспорттор түрүндөгү паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын шашылыш документтештирүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 51
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары текст боюнча – ЖААККПК бөлүмдөрү) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборлорунун (мындан ары текст боюнча - КТБ) операторлору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
а) арызды кабыл алуу жеке кайрылганда 10-20 мүнөт, кезек күтүүнү эске албаганда;
б) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте даярдоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- 8 жумуш күнү - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 4 жумуш күнү - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 2 жумуш күнү - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 3 жумуш сааты - "үч жумуш саат" мөөнөттүүлүк даражасында.
Идентификациялык картаны - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортту шашылыш тартипте даярдоого документтерди кабыл алуучу аймактык бөлүнүштөрдүн жана/же КТБлардын тизмегин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
в) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту жалпы же шашылыш тартипте алууга (алмаштырууга) документтерди берүүдө арыз ээси 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтүн акы төлөнүүчү негизде кыскартуу тарабына өзгөртүүгө укуктуу.
Мында 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш даярдоо үчүн төлөм мурда төлөнгөн сумманы чыгарып салуу менен алынат.
Бул учурда арыз ээси аймактык бөлүнүшкө төмөнкү документтерди берет:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоону жана берүүнү тездетүү жөнүндө жеке арызын;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөгөнү тууралуу квитанцияны.
(2) Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана жалпы жарандык паспортту шашылыш тартипте тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, ЖААККПК бөлүмдөрүнүн жана/же КТБнын кызматкери тариздейт;
- идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана жалпы жарандык паспортту шашылыш тартипте тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жашка толгондо:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же арыз ээсинини жарандыгын аныктоо үчүн күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү (паспорттордун)(паспорттун аныктыгы УПМРде текшерилет) же жалпы жарандык паспорт (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн.
б) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
в) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
г) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда:
- паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча - алмаштырылып жаткан паспорт;
- жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу - алмаштырылып жаткан паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк, никелешүү/никени бузуу тууралуу күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк- КБМРде маалымат болбогондо;
д) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
е) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:
- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.
ж) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы;
з) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;
к) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРда маалымат болбосо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк- КБМРде маалымат болбогондо;
- никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо.
л) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту.
(4) Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз;
Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү учурларда төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо;
- 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда, көрсөтүлгөн учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору.
Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгышы зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн.
2) 16 жашка толгон адам кайрылганда:
- идентификациялык картасы - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРда маалыматтар жок болсо;
3) төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) аты-жөнү өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк, никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- жалпы жарандык паспорт бузулган учурда - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет.
Текшерүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
(а) жоголгон паспортту мурда берген аймактык бөлүнүштөн сканерленген №1 форманы алуу үчүн 4-тиркемеге ылайык суроо-талап таризделет жана корпоративдик почта аркылуу жөнөтүлөт;
б) паспортту мурда берген аймактык бөлүнүш №1 форманы сканерлеп, билдирүүнү 5-тиркемеге ылайык корпоративдик почта аркылуу жөнөтөт;
Ким экендиги ырасталган жана паспорт берүү фактысы аныкталган учурда, арыз ээси белгиленген таптипте документтештирилет.
4) арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:
- жалпы жарандык паспорт;
5) жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткенде:
- 2004-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту – жаран жөнүндө маалыматтар жана мурда алынган паспорттор жөнүндө КБМРда маалыматтар жок болсо;
- аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү же нике бузуу жөнүндө күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – КМБРде маалыматтар болбогондо.
КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары текст боюнча – Жобо”);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 03.04.2017-ж. №196 токтому);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 03.04.2017-ж. №196 токт
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (мындан ары текст боюнча - идентификацифлык карта) жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү
| - паспортту тариздөөгө документтер ЖААККПК бөлүмдөрүнүн жана КТБнын кызматкерлери тарабынан кабыл алынат; - документтер мыйзамдарга ылайык толуктугуна, оңдоолордун жана жасалмалоонун белгилеринин болуусуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздемелер аныкталган учурда ЖААККПК бөлүмүнүн жана КТБнын жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ЖААККПК бөлүмүндө жана/же КТБда калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет. - фотосүрөт арыз ээсинин тышкы келбети менен салыштырылып текшерилет, фотосүрөттүн сапатына баа берилет, тышкы өңү-түсү өзгөрсө медициналык маалымкаттын болуусу.
|
2 | Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | - анкета-арыз ЖААККПК бөлүмүнүн/КТБнын кызматкери тарабынан толтурулат; - идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн анкета-арыз электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы боюнча берилет. Анкета-арыз корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу Мамлекеттик жекелештирүү борборуна электрондук түрдө жиберилет, анкета-арызга тиркелген документтер сканерленип, анкета-арыз менен бирге жөнөтүлөт. |
3 | Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү | идентификациялык карта жана жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өз колуна берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | ||||||||
1.2. Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн кайрылган арыз ээсин кабыл алат; Документтердин ушул Административдик регламент менен белгиленген тизмекке шайкештигине жана оңдоолордун жана жасалмалоонун болуусуна карата текшерет;. - берилген документтер бардык талаптарга шайкеш келген учурда анкета-арызды “Паспорт” АМСте тариздейт; - эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке шайкеш келбесе, документтер тизмекке ылайык берилүүсү сунушталат. - берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган учурда документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот, 3 нускада акт түзөт жана укук коргоо органдарынын же жетекчиликтин акыркы чечимине чейин документтерди кабыл алууну токтотуп турат; - керектүү документтер болбогон же белгиленген талаптарга шайкеш келбеген табылган фактылар жоюлбаган учурда идентификациялык картаны алууга документтерди тариздөөдөн баш тартат; - эгерде жаран баш тартуунун жазуу түрүндө таризделишин өтүнсө, жарандын арызын берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө кабыл алат, арызды кириш кат-кабарлар каттоо журналында каттайт, жетекчинин кароосуна киргизет; - жетекчинин резолюциясы алынгандан кийин суроо-талапты жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө карайт; - тиешелүү жооптун долбоорун жазуу түрүндө даярдайт жана жетекчиге кол коюуга киргизет; - жоопко жетекчинин колу коюлгандан кийин, аны чыгыш кат-кабарлар каттоо журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча жөнөтөт. | ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкери | документтер талапка шайкеш келген учурда 5-10 мүнөт;
| документтерди кабыл алуу же документтерди кабыл алууда баш тартуу жөнүндо чечим.
| -Нускама; - Жобо; - КРӨнүн 03.04.2017-ж. №196 токтому; - КРӨнүн 03.04.2017-ж. №197 токтому; | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арыз-анкетаны тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | ||||||||
2.1. Анкета – арызды ЖААККПК бөлүмүнүн же КТБ кызматкери өзү толтурат; 2.2. Анкета – арызды толтурууда төмөнкүлөр жүргүзүлөт: - КМБРде жеке идентификациялык номердин негизинде жаранды идентификациялоо; - туруктуу жашаган жеринин болушун “АСБ” АМС аркылуу текшерүү; - КР жарандыгынын болушу текшерилет; - жарандын күзөт картасынын болушу текшерилет. Эгер жаран күзөт картасында издөөдө жүргөн катары көрсөтүлсө, укук коргоо органдарына билдирүү керек; - “Паспорт” АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түпнускаларынын сканерленет, документтердин түпнускалары арыз ээсине кайтарылып берилет; - кызматкер арыз ээсинен анкета-арызга киргизилип жаткан маалыматтардын тууралыгын тактайт жана арыз ээсинин колун койдуруу менен күбөлөндүрөт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анкета-арызга арыз ээси өз колу менен коюлган электрондук кол тамга алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коёт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өз колу менен коюлуучу колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өз колун коё албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өз колу менен коюлуучу колунун ордун ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБ кызматкери чийип коёт; - биометриялык маалыматтардын базасы боюнча салыштырып текшерүү үчүн эки колунун сөөмөйлөрүнүн папиллярдык издери сканерленет. Арыз ээсинин колдорунда сөөмөй манжалары (манжасы) жок болсо колдорунда болгон манжаларынын тактарын сканерлөө Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдорунун манжаларынын тактарын топтоо жүргүзүлөт. Биометриялык маалыматтардын базасы боюнча салыштырып текшерүү 16 жашка толо элек адамдарга жүргүзүлбөйт; - эгерде жаран мурда биометрикалык каттоодон өтпөсө, анда биометрикалык маалыматтарды анкета-арызды тариздөө учурунда тапшырат; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алууга арыз-анкетаны толтурууда арыз ээсин аты-жөндүн транслитерация эрежелери менен тааныштыруу; - арыз ээсинин бетин фотосүрөткө тартуу. Фотосүрөткө тартуу КТБга караштуу фотосалондо “Инфоком” МИ ыйгарым укуктуу фотосүрөтчүсү же КПКБ бөлүмүнүн кызматкери (“Инфоком” оператору болбосо) тарабынан жүргүзүлөт. 2.3. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибиндеги ЭСК болгондугу тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - “Инфоком” МИ) www.infokom.kg сайтында “Күбөлөндүрүүчү борбор”/”Инфоком МИ КБ регламенти” бөлүмүндө жарыялануучу Күбөлөндүрүү борборунун регламентин сактоонун зарылчылыгы жөнүндө маалымат берет. 2.4. Арыз ээсине “Инфоком” МИ Күбөлөндүрүү борборунун регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуунун бланкын кол коюу үчүн берет, бул учурда бул макулдашууга кол коюудан баш тартуу адамды паспорт менен документтештирүү үчүн тоскоолдук жаратпайт. 2.5. Документтерди кабыл алгандыгы тууралуу тил кат берилет. 2.6. Анкета-арыз КТБ кызматкери тарабынан кабыл алынганда жана текшерилгенде анкета-арыз ЭСК аркылуу кол коюлат жана корголгон байланыш каналдары аркылуу ЖААККПК бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерине тариздөө жана чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт. 2.7. Анкета-арыз КПКБнын кызматкери тарабынан ЭСК аркылуу таризделген учурда, сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу, документтери кабыл алуу жөнүндө тил кат берилген учурдан тартып 2 жумуш күндөн кеч эмес даярдоочу-мекемеге жөнөтүлөт (“Инфоком” МИ алдындагы Мамлекеттик жекелештирүү борбору). | ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБ кызматкери | 5 мүнөт | Толтурулган анкета-арыз |
| ||||
Жол-жобо 2.1. Паспортту алмаштырууда анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | ||||||||
2.1.1. Паспортту алмаштырууда ушул Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер берилет. 2.1.2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту бузулгандыгына байланыштуу кайрылууда: - арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун маалымдаректерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРде маалыматтар болбогондо) кызматкер бузулган паспорттун берүү фактысын мурда берилген паспорттун №1 форманын негизинде текшерет. - текшерүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт: 1) белгиленген тартипте суроо-талап таризделет жана бузулган паспортту мурда берген аймактык бөлүнүштөн сканерленген № 1 форманы жана ырастама алуу үчүн корпоративдик почта аркылуу жөнөтүлөт; 2) паспортту мурда берген КПКБ №1 форманы сканерлеп, белгиленген тартипте корпоративдик почта аркылуу ырастама же төгүнгө чыгаруу жөнөтөт; 3) ким экендиги ырасталган жана паспорт берүү фактысы аныкталган учурда, арыз ээси белгиленген таптипте документтештирилет; 4) арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун маалымдаректерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда, жарандар кошумча төмөнкү документтерди беришет: - бузулгандыгына байланыштуу 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту алууга арыз, анда кайда, качан жана кандай жагдайларда паспорт бузулгандыгы көрсөтүлөт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү же нике бузуу жөнүндө күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралуу күбөлүк – КМБРде маалыматтар болбогондо. 5) берилген документтердин жана текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде аймактык бөлүнүштүн жетекчиси бөлүмдүн эки кызматкеринин катышуусунда адамды документтештирүү жөнүндө акт түзөт, акт белгиленген үлгүдөгү журналда катталат. 6) эгер кошумча текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда, бузулган паспортту идентификациялоо мүмкүн болбосо жана КПКБ кызматкерлери берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгынан күмөн болушса, чогултулган документтер коштомо кат менен адамды документтештирүү боюнча акыркы чечим кабыл алуу үчүн Департаментке жөнөтүлөт. 2.1.3. паспорт жоголгонуна байланыштуу кайрылуу 1) 1994-2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жоголгон учурда КПКБ төмөнкү тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жоголгондугу жөнүндө дело түзөт: - паспорттун жоголгон жагдайлары көрсөтүлгөн жоголгондугуна байланыштуу паспорт берүү жөнүндө арызды кабыл алат (арыз жоголгон паспорттун ордуна паспорт берүү арыздарын каттоо журналында катталат); - жоголгон паспорттун ордуна паспорт берүү жөнүндө жарандардын арызындагы маалыматтарды текшерүү төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт: - 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жоготкон жарандарга №1 форманын фотографиялык карточкадагы сүрөттү арыз ээсинин тышкы келбети, паспорттун сериясы, номери жана берүү датасы менен салыштыруу менен, №1 форманын көчүрмөсү алынат, №1 форманын “кызматтык белгилер” бөлүмүндө “паспорт жоголгон” деген жазуу, паспорттун жоголгондугу жөнүндө делонун датасы жана номери киргизилет, бул арыздар архивдик картотекага жайгаштырылат; - 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жоготкон жарандарга адамдардын окшоштугу арыз ээсинин тууганынын катышуусунда таануу актысын түзүү жолу менен, арыз ээсинин тууганы болбосо жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана коңшулардын катышуусу, анын паспорт маалыматтарын таануу актысында белгиленген формада көрсөтүү менен аныкталат, ошондой эле бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн паспорт маалыматтары көрсөтүлгөн №2 форманын көчүрмөсү тиркелет. Башка аймактык бөлүнүштө паспортту берген учурда, архивден №1 форманын сканерленген көчүрмөсүн алуу үчүн корпоративдик почта аркылуу суроо-талап жөнөтүлөт. №1 форма болбосо, № 2 форманын негизинде адамды таануу протоколу түзүлөт. -бардык талап кылынган документтер берилгенде адамды документтештирүү боюнча чечим жөнүндө акт бир жумуш күндүн ичинде чыгарылат. Талап кылынган документтер болбогон жана суроо-талаптарды жөнөтүү зарылчылыгы чыккан учурларда адамды документтештирүү боюнча чечим жөнүндө акт беш жумуш күндүн ичинде чыгарылат. Кошумча материалдарды талап кылынган учурларда мөөнөт маалымат алуу мезгилине жараша узартылат. 2) фотографиялык карточканы салыштырууда сүрөттөлгөн адамдын окшоштугу аныкталбаса же суроо-талапта көрсөтүлгөн маалыматтардын №1 формада көрсөтүлгөн паспорттун ээси жөнүндө маалыматтар менен дал келбегендиги байкалса, арыз ээсин аныктоого жана айырмачылыктардын себептерин аныктоого кошумча чараларды көрүү үчүн аймактык бөлүнүш суроо-талаптын демилгечисине бул жөнүндө билдирет. 3) жоголгон паспорттун арыз ээсине берүү тастыкталганда жана ким экендиги аныкталганда, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүнүштүн жетекчиси жана бөлүмдүн эки кызматкери тарабынан арыз ээсин документтештирүү чечимин кабыл алуу жөнүндө акт түзүлөт. 4) жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин арыз ээсине жоголгон паспорттун ордуна паспорт алууга документтер таризделет. Эгерде паспортун жоголгондугу жөнүндө арыз менен кайрылган жаран, жоголгон паспортун таап алса, паспорт ээсинин жазуу түрүндөгү арызынын негизинде жоголгондугу жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулат, эгер табылган паспортко №1 форма да болсо, анда ал “паспорт табылган” деген белги менен колдонуудагы картотекага жайгаштырылат. Эгерде жоголгон паспорт жаңы паспорт алынгандан кийин табылып калса, жаран табылган паспортту аймактык бөлүнүшкө жок кылуу үчүн тапшырат. Эгерде 3 айдын ичинде арыз ээси келбесе, жоголгондугу тууралуу иш токтотулат, иш архивге алынат, каттоо журналдарында тиешелүү белгилер жүргүзүлөт. Арыз ээси 3 айдан кийин кайра кайрыл, жоголгондугу тууралуу иш жалпы тартипте түзүлөт. |
|
|
|
| ||||
Жол-жобо 2.2. Жеке маалыматтар өзгөргөнүнө байланыштуу паспорт алуу үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | ||||||||
2.2.1. Аты-жөнү өзгөргөндө ИЖН алмашпайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары. 2.2.2. Үй-бүлөлүк абал жана жашаган жер боюнча каттоо өзгөргөн учурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибиндеги маалыматтарды өзгөртүү (жаңылоо) зарыл. Жогоруда аталган өзгөртүүлөр жол-жобосун жүргузүү үчүн арыз ээси ЖААККПК бөлүмүнө жана/же КТБга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кайрылуусу керек: - дарек өзгөргөндө (“АСБ” АМСте тиешелүү каттоо болгон учурда) чипте даректик маалыматтарды жаңылоо жүргүзүлөт; - үй-бүлөлүк абал өзгөргөндө (ЖААККПК бөлүмдөрү тарабынан “ЖААЖ” АМСте жарандык абалды каттоо жүргүзүлгөн учурда) чипте үй-бүлөлүк абал жөнүндө маалыматтарды жаңылоо жүргүзүлөт. 2.2.3. Жыныстык таандыгы өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууда төмөнкүлөрдү берүү керек: - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алууга арыз; - алмаштырылып жаткан паспорт; - өзгөрүлгөн гендердик маркер менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк, КБМРде маалыматтар болбогондо. 2.2.4. Бетте жасалган пластикалык операцияга байланыштуу (калдарды, тырыктарды алдыруу ж.б.) паспорт алмаштырууда жаран төмөнкүлөрдү берүүсү керек: -2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алууга арыз; - алмаштырылып жаткан паспорт; - ушул жагдайларды ырастаган тийиштүү медициналык документ. 2.2.5.Жарандын улуту тууралуу жазуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алып жаткан жарандын каалоосу боюнча жүргүзүлөт жана ата-энесинин улутуна ылайык жазылат. Эгер паспортту биринчи жолу алып жаткан жарандын ата-энеси ар башка улуттан болсо, паспорт алууга документтерди кабыл алуу учурунда ата-энесинин биринин улутун тандоо укугу түшүндүрүлөт жана анкета-арызда белги коюлат. Улут жарандын каалоосу боюнча ата-энесинин биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнун негизинде өзгөрүшү мүмкүн. Бул учурда жаран бул жагдайларды ырастаган документтерди берет: - аймактык бөлүнүштүн наамына эркин формада жазылган арыз; -ким экендигин ырастаган документ; -туулгандыгы тууралуу күбөлүк. |
|
|
|
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Паспортту даярдоого документтерди кабыл алуу боюнча тил кат берүү | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Даярдалган идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү | ||||||||
3.1. Арыз ээсин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн паспорт даярдоо мөөнөтү ичинде ушул Регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасына ылайык кабыл алуу; Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда ал ким экендигин ырастаган документин, өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтөт. Ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөлөрү жана өкүлдүн ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүнүштө үч жыл бою сакталат. 3.2. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жаранга берүү учурунда аймактык бөлүнүштүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - кимдин наамына идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт жасалса, алуучу ошол адам экендигине көзү жетүүсү керек; - идентификациялык картага жана/же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү алуучуга сунуштоосу; - алмаштырылууга тийиш паспортту алып, аны ушул Регламентте белгиленген тартипте жараксыз абалга келтирүүсү керек, жалпы жарандык паспортту экинчи жолу берүү учурунан тышкары; - паспорттун чибин активдештирүүсү. 3.3. Арыз ээсинин жоголгондугуна байланыштуу алмаштырылууга жана алып салынууга тийиш паспортун алууга мүмкүн болбосо, даярдалган идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө арыз ээсинин КПК бөлүмүнүн жетекчисине идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорттун берилиши жөнүндө жазуу түрүндө арыз бергенден кийин берилет, арызда паспорт качан жана кайсы жагдайларда жоголгондугу баяндалат. Паспорттун жоголгондугу тууралуу арыз кириш кат-кабарлар каттоо журналында катталат. 3.4. Идентификациялык картада жана/же жалпы жарандык паспортто өндүрүштүк жараксыздык (механикалык бузук, анын ичинде чип окулбаса) аныкталганда 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт менен бирге анкета-арыз менен кайра даярдоочу-ишканага кайрадан даярдоо үчүн жөнөтүлөт. Экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча аймактык бөлүнүштө калат, үчүнчү нуска арыз ээсине берилет. Идентификациялык картаны жана/же жалпы жарандык паспортту кайра даярдоо 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Кайра даярдалган идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин, аймактык бөлүнүштө калган актылар белгиленген тартипте жок кылынат. 3.5. Үй-бүлөлүк абал, жашаган жер боюнча каттоо өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын жарандары идентификациялык картанын чибиндеги маалыматтарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү. 3.6. Идентификациялык картанын чибине өзгөртүүлөр жарандын катышуусунда КМБРде камтылган маалыматтардын негизинде киргизилет. 3.7. КМБРде тийиштүү маалыматтар болбогондо жаран ырастоочу документтерди берет, алардын негизинде аймактык бөлүнүштүн кызматкери КБМРге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет, андан кийин алар идентификациялык картанын чибине киргизилет.
|
| 10 минут | Выдача паспорта образца 2017 года |
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: идентификациялык картаны жана/же жалпы жарандык паспортту берүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№1 жол-жобо
№2 жол-жобо
№3 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Атанаева Г.Е. - КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Турдубаева Г.Т. – ЖААКД ККМБнүн башкы адиси
3. Таманбаев Р.К.– ЖААКД ЧУКБнын адисинин м.а.