Загрузка документа…
| 31-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасы, 86-пункт
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү каттоо бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүлөрдүн талаптарына жооп берет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 20 мүнөт.
Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн чектелген жалпы мөөнөтү, сынактарды (практикалык жана теоретиялык) жана айдоочулук күбөлүктү даярдоо убактысын кошкондо - 1 саат 40 мүнөт.
Кезек күтүүнү эске алганда жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
- белгиленген үлгүдөгү арыз (жеринде толтурулат);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
- тракторист-машинисттерди даярдоо боюнча окуу уюмдары тарабынан берилген курсту бүткөндүгүн тууралуу күбөлүк;
- жалтырабаган фотокагаздагы, 3х4 см өлчөмүндөгү түстүү фотосүрөт - 2 даана;
- сынак тапшырып жаткан адамдын транспорт каражаттарынын тийиштүү категорияларын башкарууга жарагандыгы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү медициналык маалымкат (№ 083 форма),
- окуу уюмдары тарабынан берилген өздүк карточка;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – барган жери боюнча каттоосу жана алты айдан кем эмес мөөнөткө визасы же жашап турууга уруксаты болгондо ким экендигин ырастоочу документ, качкындын күбөлүгү;
- тракторист-машинисттин күбөлүгү, эгер мурда берилсе (жоголгондо кайра берилбейт);
- айдоочулук күбөлүк (болсо);
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Тракторист-машинисттин күбөлүгү жоголгондо, көрсөтүлгөн документтерден тышкары, кошумча берилет:
- Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалымкаты.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн талапкерлер квалификациялык сынак тапшырышат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат:
- акы төлөө негизинде айдоочулук курам боюнча маалыматтар базасын түзүү;
- акы төлөө негизинде тракторист-машинисттин күбөлүгүн каттоо жана берүү.
Ошондой эле бланктык продукциянын наркы төлөнөт.
(4) ) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: жарандарга өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик укуктук документтер:
- “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” ;
- 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө”.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу | |
2. | Ырааты менен квалификациялык сынактарды кабыл алуу (зарылдыгына карата): 1) теориялык сынак; 2) практикалык сынак. Теориялык сынак тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Экинчи сынак биринчи сынак тапшырылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин белгиленет. Теориялык сынакта алынган баа үч айга чейин жарактуу деп саналат. Үч жолу катары менен теориялык же практикалык сынакты тапшыра албаган талапкер тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна окуу уюмунан кайрадан өткөндөн кийин гана кайрадан окуудан өткөндүгү жөнүндө тийиштүү документти берүү менен кайрадан сынак тапшырууга киргизилет. Теориялык сынак архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген сынак билеттери боюнча кабыл алынат. Практикалык сынак талапкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдары тарабынан берилүүчү тракторлордо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарда кабыл алынат. | Тракторист-машинисттин күбөлүгү жоголгондо же алмаштырылганда сынак тапшырылбайт, фотосүрөткө түшкөндөн кийин күбөлүк берилет. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү бар адамдар теориялык сынак тапшыруудан бошотулат. |
3. | Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү. |
|
Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
2-таблица
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу | ||||
1.1. Эгер айдоочу тракторист-машинисттин күбөлүгүн жоготсо же алмаштырып жатса, анда жаңы күбөлүк сынак тапшырбастан берилет | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Документтерди тариздөө | - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
1.2. АМС системасында тракторист-машинисттерди даярдоо боюнча окууга талапкердин катталышын текшерүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис |
5 мүнөт
| Каттоонун болушу же жоктугу | |
1.3. Арыз берген адамдын берилген паспортко шайкештигин текшерүү жана берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Уруксат берүү же баш тартуу | |
Зарыл документтер болбогон же алардын мыйзамдардын талаптарына жооп бербегендиги боюнча фактылар аныкталган учурда, жүйөлүү себеп менен документтерди кабыл алуудан баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Документтерди кабыл алуудан баш тартуу |
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерди кабыл алуу. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес. | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу | ||||
Эгер документтер белгиленген талаптарга жооп берсе: 2.1. “Айдоочулук курамды тестирлөө” автоматташтырылган маалыматтык системасында жол кыймылынын эрежелери боюнча реалдуу убакыт режиминде теориялык сынак тапшырууга төмөнкү учурларда жол берилет: - тракторист-машинисттин күбөлүгүн биринчи алууда; - жогоруда турган категорияны алууда; - сот органдары аркылуу мурда күбөлүктөн ажыраган жарандарга аны кайтарып берүүдө. | Сынак кабыл алуу боюнча адис | 30 мүнөт
| Сынакты тапшыруу же тапшырбоо | - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
2.2. Теориялык сынак тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Экинчи сынак биринчи сынак тапшырылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин белгиленет. | Сынак кабыл алуу боюнча адис |
| АМСте каттоонун болушу же жоктугу | |
2.3. Үч жолу катары менен теориялык же практикалык сынакты тапшыра албаган талапкер кайрадан окуу курсуна жиберилет. |
|
|
| |
2.4. Курстан кайрадан өткөндөн кийин талапкер кайрадан теориялык жана практикалык сынак тапшырат. |
|
| Сынак тапшырууга киргизүү (окуу уюмунан документтин болушу) | |
2.5. Теориялык сынакты тапшырган учурда, талапкер тийиштүү категориялардагы жана категориячалардагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынакка киргизилет. |
| 60 мүнөт
| Практикалык сынакка киргизүү | |
2.6. Сынактарды ийгиликтүү тапшырганда, талапкер арызды басып чыгаруу үчүн операторго жана белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн кассага жиберилет. |
| 10 мүнөт
| Жыйынтыгы менен сынак баракчасын берүү | |
Жол-жобонун жыйынтыгы: 1) Тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн жыйынтыгы менен сынак баракчасын берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 1 саат 40 мүнөт |
| |||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| |||
Кийинки жол-жобонун номери: № 3 |
| |||
3-жол-жобо. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү | ||||
3.1. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн даярдоо | Документтерди берүү боюнча адис |
30 мүнөт | Жаранда тракторист-машинисттин күбөлүгүнүн болушу |
|
3.2. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн колго берүү |
| |||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Тракторист-машинисттин күбөлүгүн жарандын колуна берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
5. Окуу уюмунда окугандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
Тракторист-машинисттин күбөлүгү жоголгондон кийин жана алмаштыргандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Исираилова Бурул Дуйшонбековна, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин финансы-экономикалык иштер, сатып алуулар жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2. Убышев Эркинбек Джумакадырович, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аналитикалык иштер, контролдоо, мониторинг, маалымат жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмү.