Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-августу № 436
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 643, 2017-жылдын 24-августундагы № 539, 2018-жылдын 31-январындагы № 72 , 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 , 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 11-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти жөнүндөгү жобону жана башкаруу схемасын бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 643, 2017-жылдын 24-августундагы № 539, 2018-жылдын 31-январындагы № 72 . 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомдорунун редакциясына ылайык)