Загрузка документа…
КР Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2021-жылдын 28-январы №4
Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 21-июлундагы № 2 буйругу менен бекитилген электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускамага ылайык, буйрук кылам:
1. Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т.И. Нурбашев |