Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-п буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2021-жылдын 2-февралы № 1-ДП
Ички берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартибин регламенттештирген ченемдик-укуктук актыларды 2020-жылдын 20-апрелиндеги №48 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун 1 жана 13-пункттарына шайкеш келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ички берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы №175-Б “Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” буйругунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана документтерди электрондук жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бардык түзүмдүк ведомстволук бөлүмдөрүнө жана аймактык башкармалыктарына билдирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык каттоодон кийинки үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бул буйругу расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.а. | К.Б. Мукашев |