Загрузка документа…
КР Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 9-апрели № 1
«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү Тартибин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017 жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу
Нотариат маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, ошондой эле, «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 12-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү Тартибин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогорудагы көрсөтүлгөн буйруктун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Нотариалдык иш чөйрөсүндө лицензиялоого байланышкан маселелер жөнүндө»;
2) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жободо:
- 3-пункттагы «Нотариалдык палата» коомдук бирикмесинин төрагасы» деген сөздөр «нотариалдык палатанын өкүлү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун биринчи абзацы «компьютердеги тесттин» деген сөздөрдөн кийин «, практикалык тапшырманын жана баарлашуунун» деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктта:
биринчи абзацтагы «Квалификациялык комиссия» деген сөздөр «Юстиция министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктчасы менен толукталсын:
«9) арыз ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Арыз ээсинин макулдук бланкы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылат.»;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Документтер кабыл алынгандан кийин нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштөө мезгилдери жөнүндөгү маалыматтарды алуу үчүн) суроо-талап жиберет, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу кайрылууга укуктуу. Суроо-талаптардын натыйжалары талапкердин өздүк ишине тиркелет.»;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Төмөнкү адамдарга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилбейт:
1) такшалуу аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде такшалуудан өтүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундуну сунуштабагандар;
2) такшалуудан белгиленген тартипте өтпөгөндөр жана «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген учурларда.
Ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттү олуттуу себептер менен өткөрүп жиберген учурда, талапкер өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн Квалификациялык комиссияга арызы менен кайрыла алат.
Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат албаган жакка мурда берилген документтер кайтарылып берилет. Квалификациялык экзаменге кирүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү өздүк ишине тиркелет.»;
- 18-пунктта:
1-пунктчанын биринчи абзацында «үч» деген сөз «бир нече» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Ар бир талапкер үчүн тестирлөө суроолору Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген суроолордун жалпы санынан автоматтык түрдө электрондук компьютердик тестирлөө тутуму аркылуу генерацияланат.»;
2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлерди паспорту боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документ боюнча өздүгүн аныктайт;»;
2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлерди Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган тестирлөө эрежелери менен тааныштырат;»;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу маселелер боюнча атайын билимдерди жана жөндөмдөрдү аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан практикалык тапшырмалар иштелип чыгат. Практикалык тапшырмалар практикалык маселени чечүүдөн жана кагаз жүзүндө түзүлгөн нотариалдык документтердин долбоорлорун же үлгүлөрүн түзүүдөн же алар менен иштөөдөн турат. Практикалык тапшырмалар Квалификациялык комиссия тарабынан ар бир экзамендин алдында бекитилет. Практикалык тапшырмалар компьютерде жүргүзүлүп, ал эми, нотариалдык документтердин долбоорлору же үлгүлөрү менен иштөөдө жооп түздөн-түз көрсөтүлгөн документтерде аткарылат.»;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин отурумдун протоколу түзүлөт, ага Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
Квалификациялык комиссиянын отуруму мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда толук укуктуу болуп эсептелет.
Квалификациялык комиссиянын протоколуна экзамендин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Юстиция министрлиги тарабынан бир айдын ичинде квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамдарга жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө буйрук чыгарылат.
Квалификациялык комиссиянын чечимине карата нааразычылыкты билдирүү административдик ишмердүүлүк тууралуу мыйзам тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.»;
- 29-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Бул учурда, мурун берилген документтер арыз ээсине кайтарылып берилет.».
3) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү Тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2.Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн нотариалдык аракеттерди жасоо жана нотариалдык иш жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө практикалык көндүмдөрүн алуу, ошондой эле кесиптик билимин жогорулатуу такшалуудан өтүүнүн максаты болуп саналат.»;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары - такшалуучу) такшалуудан өтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (мындан ары - Юстиция министрлиги) кайрылууга тийиш. Такшалуудан өтүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
1) арыз;
2) акыркы иштеген жери же нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
3) нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
4) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
5) өмүр баян;
6) паспортунун көчүрмөсү;
7) жеке нотариуста такшалуудан өткөн учурда нотариус менен такшалуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
8) арыз ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Арыз ээсинин макулдук бланкы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган.
Документтер кабыл алынгандан кийин нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштөө мезгилдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) суроо-талап жиберет, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу кайрылууга укуктуу. Суроо-талаптардын натыйжалары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия (мындан ары - Квалификациялык комиссия) жогорку юридикалык билимди, юридикалык адистик боюнча эмгек стажын талап кылган кызматтардагы ишти (кызматты) тактоо зарыл болсо, талапкерлер тарабынан берилген документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ушул себептен тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга сунушталган документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу кайрылууга укуктуу.
Документтерди текшерип аяктагандан кийин, Квалификациялык комиссия адамдын такшалуудан өтүүсү үчүн жөнөтүү же аны өткөрүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.»;
- төмөнкү мазмундагы 31- пункту менен толукталсын:
«31. Квалификациялык экзамен тапшырууга «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде коюлган талаптарына жооп бербеген адамдарга такшалуудан өтүшүнө жол берилбейт.»;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Такшалууга уруксат берилген адамдарга мамлекеттик же жеке нотариустан өтүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
Такшалуучунун ишин мамлекеттик же жеке нотариустун түздөн-түз жетекчилик жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен ушул милдет жүктөлгөн нотариус тарабынан ишке ашырылат.
Жеке нотариуста такшалуудан өтүүнү каалаган адам аны менен нотариустун ортосунда түзүлгөн келишимди берет.
Такшалуучуну нотариус катары беш жылдык тажрыйбасы бар жеке нотариуска такшалууну өтүүгө жиберсе болот.
Такшалуучу такшалууну дайындоо жөнүндө Юстиция министрлигинин буйругу чыккандан кийин эки айдан кечиктирбестен, түздөн-түз такшалууга киришиши керек.»;
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Такшалуудан өтүү түздөн-түз квалификациялык экзамен тапшыруунун алдында жүргүзүлөт, бул учурда такшалуу аяктаган учурдан тартып квалификациялык экзамен тапшырганга чейинки убакыт алты айдан ашпоого тийиш.
Такшалуудан өтүү мөөнөтү алты айдан кем эмес убакытты түзөт жана кыскартылбоого тийиш.
Такшалуунун жетекчиси графикке ылайык, такшалуучунун иш жүзүндө иштеген убактысын эсепке алат. Такшалуучунун олуттуу себептер менен жок болгон убактысы, ооруп жаткан учурда же такшалуучунун толук эмес жумуш убактысы учурунда, иштелбеген убакыт такшалуу мезгили болуп саналбайт.
Бул учурда, такшалуунун мөөнөтү такшалуунун жетекчиси тарабынан узартылышы мүмкүн, мында такшалуунун жетекчиси Юстиция министрлигине билдирүүсү керек.»;
- 8-пунктун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Нотариустар өздөрүндө такшалууда өтүп жаткан адам жөнүндө маалыматты «Электрондук нотариат» маалымат системасында такшалуу башталган күндөн тартып Юстиция министрлигине берүүгө милдеттүү.»;
- 10-пунктун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Такшалуу программасынын негизинде такшалуудан өткөрүүнүн жетекчиси үч күндүн ичинде такшалуудан өткөрүүнүн жеке планын жана графигин бекитет. Жетекчи тарабынан бекитилген такшалуудан өткөрүүнүн жеке планы жана графиги нотариус тарабынан үч күндүн ичинде такшалуучунун өздүк ишине тиркөө үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлөт. Такшалуудан өткөрүүнүн графиги өзгөргөн учурда, жетекчи аны Юстиция министрлигине жөнөтүшү керек.»;
- 11-пунктун биринчи абзацы «анда» деген сөздөн кийин «Юстиция министрлиги бекиткен форма боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Мамлекеттик нотариус же жеке нотариус катары үч жылдан ашык иштеген адамдарга нотариалдык иш токтотулган учурдан тартып үч жылдан ашпаса иштин көрсөтүлгөн мөөнөтү такшалуудан өтүү мөөнөтү катары эсептелет.».
- жогоруда аталган Тартиптин «Такшалуудан өтүүчү адам жөнүндө
маалыматтар» тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы бул буйруктун ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилишин жана анын расмий жарыялануусун камсыздасын.
3. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчү күндүн ичинде маалымат үчүн көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо нотариат маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.
Министр | А.Р. Чынбаева |