Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 261, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351, 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 559, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 666, 2024-жылдын 5-февралындагы № 51, 2024-жылдын 28-майындагы № 274, 2024-жылдын 27-августундагы №518, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 750, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 30-январындагы № 42, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Министрлик) ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана жазык-аткаруу иштери, ошондой эле медиация жаатында, арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн карамагында турган уюмдар жана мекемелер түзөт.
4. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган мөөрү бар.
5. Министрликтин толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги”;
–.расмий тилде: “Министерство юстиции Кыргызской Республики”.
Министрликтин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Юстмин”;
– расмий тилде: “Минюст”.
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 32.
2. Министрликтин милдеттери
7. Министрликтин милдеттери:
1) белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттин ишин ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу;
2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин өз ыйгарым укугунун чегинде камсыз кылуу;
3) аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоону камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын эсебинен жүзөгө ашырылуучу;
4) тапшырылган ыйгарым укуктардын чегинде каттоону камсыз кылуу;
5) кылмыш жазаларынын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын, пробациялык көзөмөлдү, шарттуу соттолгондорду, жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды, ошондой эле пробациялык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пробациялык баяндаманы түзүү боюнча функциялардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жана контролдоону камсыз кылуу;
6) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
8) жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык камакта адамдарды (мындан ары - камактагылар) кармоону камсыз кылуу;
9) пенитенциардык мекемелерди, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын (мындан ары - ЖАС) башка бөлүмдөрүн жана мекемелерин кайтарууну камсыз кылуу;
10) соттолгондорду жана камактагыларды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүүнү камсыз кылуу;
11) коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына көмөктөшүү;
12) ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана пенсионерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу;
13) соттолгондордун ден соолугун коргоону камсыз кылуу;
14) ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашыруу, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууда жана алдын алууда аны жүзөгө ашыруучу органдарга көмөктөшүү;
15) арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
16) мамлекеттик органдардын ишинде ырааттуу жана бир түрдүү укук колдонуу практикасын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
17) мамлекеттик органдардын жана уюмдардын юридикалык кызматтарынын ишин координациялоо, контролдоо жана методикалык көмөк көрсөтүү;
18) мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугуна талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
19) административдик жол-жоболор чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
20) юридикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, юриспруденция жаатында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 5-февралындагы № 51 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтин функциялары
8. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) ченем жаратуу жана экспертиза жүргүзүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу жана кодификациялоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын түзөт жана жалпылайт, аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында мыйзамдарды инвентаризациялайт;
- белгиленген иш чөйрөдө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- юстиция органдарын каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизаларды жүргүзөт;
- укуктук агартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген экспертизанын түрлөрү (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялайт;
- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча эл аралык байланыштарды белгиленген тартипте өнүктүрөт, эл аралык келишимдердин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкештигине баа берет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- элдик мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруунун алкагында демилгеленүүчү Мыйзамдын долбоорун жана демилгечи топту каттайт;
2) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- белгиленген тартипте соттук-эксперттик ишти жүргүзөт;
- кылмыш жазаларынын жана жазык-укуктук таасир этүү чараларынын аткарылышын камсыз кылат;
- соттолгондор менен социалдык-укуктук ишти жүргүзөт жана пенитенциардык мекемелерде жазаларды өтөөнүн шарттарын камсыз кылат;
- жазык-процесстик мыйзамдар менен ЖАС органдарынын компетенциясына киргизилген пенитенциардык мекемелерде ыкчам-издөө жана режимдик ишти, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча ЖАСты материалдык-тиричиликтик, азык-түлүк жана башка ресурстук камсыздоону уюштурат;
- соттолгондорду жана камактагыларды кармоону, кайтарууну жана конвой менен коштоп жүрүүнү камсыз кылат;
- жазык, жарандык жана административдик иштер боюнча соттук экспертизалардын өндүрүшүн камсыз кылат;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын Министрликтин ыйгарым укуктарынын алкагында коргоону камсыз кылат;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тараптарынын бири катары катышкан иштер боюнча соттук жана укук колдонуу практикасын жалпылайт;
3) координациялоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун кабыл алууну камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү менен өз ара аракеттенүү жүргүзөт;
- аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо иштерин координациялайт;
- Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана техникалык жактан камсыздайт;
- мамлекеттик органдардын укуктук агартуу боюнча иштерин координациялайт;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча ишти координациялайт;
- пробациялык ишти координациялайт;
- ЖАСтын ишин координациялайт;
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча ишти координациялайт;
- соттук-эксперттик ишти координациялайт;
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын юридикалык кызматтарынын ишин координациялайт жана методикалык көмөк көрсөтөт;
- соттук эксперттин ведомстволук караштуулугуна карабастан эксперттик изилдөөлөрдүн сапатына бирдиктүү методикалык контролдоо жүргүзөт;
4) жөнгө салуу функциялары:
- жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиялоону жүзөгө ашырат;
- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиялоону жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте соттук эксперттердин компетенттүүлүк сертификаттарын берет;
5) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтөт;
- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоону жүзөгө ашырат;
- Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- нотариалдык иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ведомстволук нотариалдык архивди жүргүзөт;
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- сот жана укук коргоо органдарынан тышкары Кыргыз Республикасынан чыккан документтерди апостилдештирет;
- кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкынан маалыматтарды берет;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын жана чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын аты-жөнү, кол тамгасы жана бекитип берилген мөөрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар банкын түзөт;
6) камсыздоо функциялары:
- юстиция органдарынын кадрларын квалификациясын жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарынын системасында кадрдык иштерди жүргүзөт;
- нотариустар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин жана соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- юстиция органдарын материалдык-техникалык камсыздоо жана каржылоо, анын ичинде алардын имараттарын куруу жана оңдоо боюнча иштерди уюштурат, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту уюштурууну камсыз кылат, юстиция органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, ошондой эле юстиция органдарынын ишин уюштуруу боюнча башка чараларды көрөт;
- ички контролдоо системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана аныктыгына, иштин жана башкаруунун үнөмдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна, активдердин сакталышына жана юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзөт;
- Министрликтин архивдик документтерин, ведомстволук нотариалдык архивдин документтерин комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана координациялык камсыздоону ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышат;
- юридикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- юриспруденция жаатындагы фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылат;
- жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында нотариалдык жана адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын, ошондой эле адвокаттардын жана нотариустардын жеке маалыматтарын чогултууну, сактоону, иштетүүнү, пайдаланууну жана жок кылууну жүзөгө ашырат;
- электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын алкагында айыпталуучунун турган жерин контролдойт жана мониторинг жүргүзөт;
- электрондук көзөмөл түрүндөгү жазаларды аткаруунун алкагында соттолгондун турган жерин контролдойт жана мониторинг жүргүзөт.
– Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 5-февралындагы № 51, 2024-жылдын 28-майындагы № 274, 2024-жылдын 27-августундагы №518 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9..Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашырат.
4. Министрликтин укуктары
10..Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
–.аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо иштерин пландоо жана пландарды аткаруу маселелерин контролдоого;
– аткаруу бийлигинин органдарынан ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү талап кылууга;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана окуу жайларынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга;
– берилген ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу бийлигинин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
– ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык, донордук жана коомдук уюмдардын финансылык каражаттарын тартууга;
– белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга;
– мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
– Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды жайгаштыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын белгиленген тартипте уюштурууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Министрликтин ишин уюштуруу
11. Министрликти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын юстиция министри (мындан ары – министр) башкарат.
12. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана жүктөлгөн милдеттеринин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашылган министрдин сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Министр:
–.жеке башкаруучулук негизде Министрликтин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
–.Кыргыз Республикасынын, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
–.министрдин биринчи орун басары менен министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Министрликтин системасындагы башка кызмат адамдарынын уюштуруу, кадрдык, финансылык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүүсү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
–.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген адамдарды кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
–.пробация, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам, арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын, ошондой эле юстиция органдарынын системасындагы мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик жарандык кызмат жаатындагы мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– укук коргоо жана аскердик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын дайындайт;
– Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери менен функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн.
Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
–.мыйзамдарда белгиленген эмгек акы фондунун жана Министрликтин кызматкерлеринин санынын чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
– борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун долбоорлорун киргизет;
– ЖАСтын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына белгиленген тартипте атайын класстык чендерди, класстык чендерди, ошондой эле атайын жана аскердик наамдарды ыйгарат жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жогорку атайын класстык чендерди, класстык чендерди, атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
– Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана аларга ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
– мамлекеттик сыйлыктар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адвокаттык иш, жеке юридикалык практика жана жеке нотариалдык иш жүргүзгөн адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
– Министрликтин системасынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
– мыйзамдарга ылайык Министрликтин системасында аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
– юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Министрликтин милдеттерин аткарууда көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо үчүн Министрликтин сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурат, бул сыйлыктар жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды Министрликтин төш белгилери, ардак грамоталары менен сыйлайт жана аларга карата сыйлоонун мыйзамдарда каралган башка түрлөрүн колдонот;
- Министрликтин, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн мыйзамда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн болгон мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Министрликтин жана аймактык бөлүмдөрдүн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат, алар чечим тапшырылган күндөн же Министрлик жана аймактык бөлүмдөр тарабынан аракеттер жасалган күндөн тартып отуз жумуш күндүн ичинде административдик даттануу берилген учурда бир жолудан көп эмес жокко чыгарылышы мүмкүн;
– Министрликтин, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат, буга юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечимдер кирбейт, алар мыйзамдарда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
– Министрликтин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Министр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө:
– министрдин биринчи орун басарына же министрдин орун басарларына жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине ЖАСтын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча;
– министрдин биринчи орун басарына, министрдин орун басарларына, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине юстиция органдарынын системасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик таасир этүү чараларын көрүү боюнча;
– ЖАСтын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына атайын класстык чендерди, класстык чендерди, ошондой эле атайын жана аскердик наамдарды белгиленген тартипте ыйгаруу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аларды он төрт күнгө милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жана ошол эле мезгилде ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту белгиленген тартипте жиберүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 666, 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Юстиция органдарынын системасындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мамлекеттик жарандык кызматчыларды кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
15. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилүүчү коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
16. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)