Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 2-сентябры № 3
Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери - 14. 1-бөлүк "Аэродромдор" бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери - 14. 1-бөлүк "Аэродромдор" бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
1) ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери - 14. 1-бөлүк "Аэродромдор" талаптарын аткаруу боюнча аэродромдордун колдонуучуларына көзөмөлдү камсыз кылсын;
2) ушул буйрук "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Жарандык авиация жана суу транспорт бөлүмүнө:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, анын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругунун 1-пунктунун 15-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин жарандык авиация тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Э.А. Осоев |