Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 28-октябры № 52
Тышкы соода иш аракетин жүргүзсүн ишке ашыруу үчүн “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндөгү Нускаманы жана “бирдиктүү терезе” маалымат тутумунун алкагында иштөөнүн “Типтүү регламенттин” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 16 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартибинин Нускамасы жана “бирдиктүү терезе” маалымат тутумунун алкагында иштөөнүн “Типтүү регламентти” ушул буйруктун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук жана анын тиркемелери бир жумалык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин ченемдик укуктук актыларын каттоо боюнча журналына кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында жана ыйгарым укук өткөрүлүп берилген ченемдик укуктук актынынын түрүн жана аталышынын, кабыл алынган күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен электрондук маалыматтар базасында катталсын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына, “Эркин Тоо” гезитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин сайтына (www.mineconom.gov.kg) жарыялансын;
3) Берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жарыяланган булагын көрсөтүү менен, кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында, мамлекеттик жана расмий тилдерде, эки нускада жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат катары жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Нускаманын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар ушул буйрук бекитилген күндөн тартып, эки айдын ичинде, типтүү жобонун негизинде “бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын алкагындагы иштөөнүн ички регламенттин бекитсин.
5. Ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Нускаманын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана продукцияларды сертификатоо боюнча аккредитацияланган органдар ушул буйрук бекитилген күндөн тартып, эки айдын ичинде, типтүү жобонун негизинде “бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын алкагында иштөөнүн ички регламенттин бекитүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасыны экономика жана финасы министрлигинин алдыдагы “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы тышкы соода чөйрөсүндөгү “бирдиктүү терезе” маалымат системасын техникалык коштоону жана ишке жөндөмдүүлүгүн кармап турууну, келип түшкөн маалыматтарды коргоону, сактоону жана купуялуулугун камсыз кылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышы министридин орун басары Э.Т.Алишеровго жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарыялаган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Д.Д.Амангельдиев |