Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2022-жылдын 25-февралы № 2
Эсеп-фактураны тариздөөнүн жана колдонуунун тартибин, эсеп-фактуранын формасын, накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыны, социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө кабарламаны жана социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабарламаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 178 жана 295-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 33-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) эсеп-фактураны тариздөөнүн жана колдонуунун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын (BLANK STI-007) формасы, 2-тиркемеге ылайык;
3) жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын (BLANK STI-008) формасы, 3-тиркемеге ылайык;
4) товарларга кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын (BLANK STI-009) формасы, 4-тиркемеге ылайык;
5) жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын (BLANK STI-010) формасы, 5-тиркемеге ылайык;
6) социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын (UVEDOMLENIE STI-001) формасы, 6-тиркемеге ылайык;
7) социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабарламанын (UVEDOMLENIE STI-002) формасы 7-тиркемеге ылайык;
8) накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актынын формасы, 8-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иш кагаздары менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо үчүн ушул буйрукту белгиленген тартипте журналга каттасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар башкармалыгы:
1) ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.К. Абдувапов |
|
| Долбоор |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 1-тиркеме |
Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө жана кагаз жүзүндө колдонуучу салык төлөөчүлөрдүн электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларын тариздөө жана колдонуу жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) виртуалдык кампа - товарларды жана электрондук документтерди эсепке алууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын компоненти;
2) электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы - салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын (мындан ары - ЭЭФ МС) модулу;
3) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жагдайлар болгон учурда салыктарды төлөө жана эсеп-фактураны тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
4) эсеп-фактура - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан таризделген салыктык документ.
3. Ушул Тартипте колдонулган терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши ушул Тартипте берилбеген учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актылары аныктаган мааниде чечмеленет.
4. Эсеп-фактуралардын түрлөрү:
1) электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура (мындан ары - ЭЭФ);
2) кагаз жүзүндөгү эсеп-фактура (мындан ары - кагаз жүзүндөгү ЭЭФ).
2-глава. Эсеп-фактураларды тариздөөгө карата жалпы талаптар
5. Эсеп-фактурада нарктык көрсөткүчтөр, анын ичинде товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн баалары, ошондой эле салыктардын суммалары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында - сом жана тыйын менен көрсөтүлөт.
6. Товарларды, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодо (жеткирүүдө) нарктык көрсөткүчтөр (товардын, жумуштун/кызмат көрсөтүүнүн баасы, наркы, салыктардын суммасы, ошондой эле жалпы наркы) эсеп-фактурада улуттук валютада көрсөтүлөт:
Мында экинчи жыйынтыктоочу сапта нарктык көрсөткүчтөр (наркы жана жалпы наркы) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык валютада көрсөтүлөт.
7. Эсеп-фактура салык төлөөчү бекиткен салык саясатына ылайык топтолгон бир айлык эсепке алуу документтеринин негизинде бирдиктүү эсеп-фактура менен өткөн айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен таризделет:
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 178-беренесинде каралган учурларда;
2) жарнамалык акциялардын жүрүшүндө товарларды, жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү калкка акысыз берүү (жеткирүү) учурунда;
3) калкка банк аркылуу акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдө же электрондук терминал жана банкоматтар аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө.
8. Ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган учурларда таризделген эсеп-фактурада сатып алуучунун талабы боюнча өзүнчө эсеп-фактуралар таризделген эсепке алуу документтери эсепке алынбайт.
9. ЭЭФ ушул Тартипте белгиленген милдеттүү реквизиттерден тышкары кошумча маалыматты камтышы мүмкүн.
10. Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен бекитиле турган Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында байкоого алынууга тийиш болгон товарлардын жана/же маркалануучу товарлардын тизмегине кирген товарды жеткирүүдө өзүнчө эсеп-фактура таризделет.
11. Эсеп-фактура кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчү катары каттоону жокко чыгарууда салык салынуучу жеткирүүлөргө киргизилген товардык материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктарына, ошондой эле келип түшкөн алдын ала төлөмгө таризделбейт.
3-глава. Товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасын толтуруунун тартиби
§ 1. "Жеткирүүчүнүн жана сатып алуучунун реквизиттери" 1-бөлүмүн толтуруу
12. 102 жана 103-уячалар ЭЭФ МСнын автоматтык режиминде толтурулат.
13. "Статус" 101-уяча ЭЭФ МСте автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн: баштапкы (кабыл алынды/четке кагылды), кайтарылды, оңдолду (кабыл алынды/четке кагылды).
"Жаңы" жана "жөнөтүлгөн" аралыктагы статустар болуп саналат жана төмөнкүлөрдү билдирет: "жаңы" - ЭЭФ жеткирүүчү тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган эмес, "жөнөтүлгөн" - ЭЭФ жеткирүүчү тарабынан түзүлгөн, кол коюлган жана жиберилген, сатып алуучу тарабынан карала элек.
14. 201-уячада товар жеткирүүчүнүн, башкача айтканда уюмдун же жеке ишкердин (мындан ары - ЖИ) идентификациялык салык төлөөчүнүн номери (мындан ары - ИСН) көрсөтүлөт.
15. 202-уячада жеткирүүчүнүн төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлөт:
1) эгерде жеткирүүчү болуп уюм эсептелсе, келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы;
2) эгерде жеткирүүчү болуп жеке ишкер эсептелсе, ЖИнин аты-жөнү толук көрсөтүлөт.
Эгерде сатуу (жеткирүү) жеткирүүчүнүн филиалы тарабынан ишке ашырылып жатса, бул уяча да толтурулушу керек.
16. Эгерде сатуу (жеткирүү) жеткирүүчүнүн филиалы тарабынан ишке ашырылып жатса, 203 жана 204-уячаларда жеткирүүчүнүн филиалынын аталышы жана ИСНи көрсөтүлөт.
Мында, филиал Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган өзүнчө электрондук кол тамганы колдонууга укуктуу.
Эгерде жеткирүүчү товарды өзү сатса (жеткирсе), бул уячалар толтурулбайт.
17. 205-уячада товарды жеткирүүчүнүн юридикалык дареги же иш жүзүндөгү жайгашкан жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
18. 206-уячада товарды жеткирүүчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
19. 207-уячада жеткирүүчүнүн эсеби бар банктын аталышы, банктык идентификациялык коду (мындан ары - БИК) көрсөтүлөт.
Эгерде жеткирүүчү жеткирүүгө акы төлөө үчүн банктагы эсебин пайдаланбаса, анда уяча толтурулбайт.
20. 208-уячада жеткирүүчүнүн банктагы эсебинин номери көрсөтүлөт. Эгерде 207-уяча толтурулбаса, бул уяча толтурулбайт.
21. 301-уячада товарды сатып алуучунун, башкача айтканда уюмдун, ЖИнин же жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилерден турса, алгачкы 14 (он төрт) белги гана көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 (он төрт) сандык белгиден ашпаган цифралык белгилерден турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи жок болсо, же сатууну контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) аркылуу тариздөөдө, "9" деген цифра он төрт жолу көрсөтүлөт.
22. 302-уячада сатып алуучунун төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) эгерде сатып алуучу уюм болсо, келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы;
2) эгерде сатып алуучу жеке ишкер же жеке жак болсо, ЖИнин же жеке жактын аты-жөнү.
ЭЭФ тариздөөдө ККМ аркылуу сатууну чагылдыруу үчүн "ККМ" жазуусу көрсөтүлөт.
23. Эгерде сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун филиалынын дарегине ишке ашырылып жатса, 303 жана 304-уячаларда сатып алуучунун филиалынын ИСНи жана аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде товарды сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун өз дарегине ишке ашырылып жатса, анда бул уячалар толтурулбайт.
24. 305-уячада товар сатып алуучунун юридикалык дареги же иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде сатып алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, анда өлкөнүн аталышы көрсөтүлөт.
25. 306-уячада товарды сатып алуучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
Сатып алуучунун - жеке жактын салыктык каттоосу болбогон учурда - "555" цифралары көрсөтүлөт.
Эгерде ЭЭФ Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучуга таризделген учурда 306-уячада өлкөнүн аталышы жана коду көрсөтүлөт.
26. 307-уячада сатып алуучунун эсеби бар банктын аталышы жана БИК көрсөтүлөт.
Эгерде жеткирүүгө акы төлөө үчүн сатып алуучунун банктагы эсеби пайдаланылбаса, анда уяча толтурулбайт.
27. 308-уячада банктагы эсептин номери көрсөтүлөт. Эгерде 307-уяча толтурулбаса, бул уяча да толтурулбайт.
§ 2. "Сатуу тууралуу маалымат" 2-бөлүмүн толтуруу
28. 401-уячада товардын иш жүзүндөгү сатылган (жеткирилген) күнү көрсөтүлөт.
Оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда жеткирүүнүн оңдолгон датасы көрсөтүлөт.
Мисалы: салык төлөөчү ЭЭФте иш жүзүндө жеткирүүнүн датасын 20-август деп көрсөтүү менен жеткирген, ага 15-сентябрда оңдоо киргизет. Мындай учурда оңдолуучу ЭЭФтин 401-уячасында жеткирүүнүн оңдолгон датасы болуп 15-сентябрь көрсөтүлөт.
29. 402-уячада товарды сатуунун (жеткирүүнүн) түрү көрсөтүлөт:
1) экспорт;
2) 12% ставка боюнча салык салынуучу;
3) "0" ставка боюнча салык салынуучу;
4) бошотулган;
5) салык салынбаган.
30. 403-уячада төлөө формасы көрсөтүлөт:
а) накталай эмес: банктык төлөм, товар алмашуу;
б) накталай;
в) акысыз.
31. 404-уячада салык төлөөчүнүн эсептик бухгалтердик системасындагы номер же ЭЭФ менен ыңгайлуу иштөө үчүн салык төлөөчүгө зарыл болгон башка маалымат көрсөтүлөт, эгерде мындай маалымат болбогон учурда уяча толтурулбайт.
32. 405-уячада болгон учурда келишимдин (контракттын) датасы жана номери көрсөтүлөт, анын негизинде ушул товарды сатуу (берүү) жүзөгө ашырылганда, эгерде келишим (контракт) болбогон учурда уяча толтурулбайт.
33. 406 жана 407-уячалар бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө жеткирүүнүн наркын түзөтүү үчүн оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФти тариздөө учурунда толтурулат, башкача айтканда:
1) товарды толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүүдө;
2) баалар өзгөрүлгөндө;
3) товар үчүн акыны кайтарып берүүдө.
34. Ушул Тартиптин 33-пунктунда көрсөтүлгөн учурда ЭЭФти тариздөөдө, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) түзөтүлүүчү ЭЭФ таризделген ЭЭФтин тариздөө номери, ошондой эле түзөтүүнүн себептери;
2) жеткирүүлөр түзөтүлүп жаткан товарлардын аталышы;
3) жеткирүүнүн өлчөмүн түзөтүүнүн себептерине жараша ЭЭФте каралган сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдү түзөтүү өлчөмү.
Эгерде жеткирүүлөрдү түзөтүүнү төмөндөө жагына жүргүзсө, анда сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт, ал эми көбөйүү жагына "-" белгиси жок көрсөтүлөт.
Товарларды толук же жарым-жартылай кайтарып берүүдө же товарлар үчүн төлөнгөн акы кайтарылган учурда сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт.
Оңдолуучу ЭЭФ жеткирүү учурунда таризделген баштапкы ЭЭФке карата гана таризделет. Оңдолуучу ЭЭФтин көрсөткүчтөрү оңдолбойт.
§ 3. "Товар тууралуу маалымат" 3-бөлүмүн толтуруу
35. ЭЭФтин 3-бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) товарларды экспортко чыгарууда ЭЭФ таризделген күнгө карата валюта коду жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий валюта курсу;
2) ЕАЭБ укуктарына жана/же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык байкоого алынууга тийиш болгон товарды сатууда (жеткирүүдө) "байкоого алынууга тийиш болгон товар" уячасындагы белги;
3) "№" графасында - саптын катар номери;
4) "Товардын коду" графада - белгилердин саны ондон кем эмес болгон, ЭЭФ МСтеги товарлардын маалымдамасына ылайык товардык позициянын боштук коюлбаган коду;
5) "Товардын аталышы" графасында - жеткирилүүчү товардын аталышы;
6) "Өлчөө бирдиги" графасында - товарды өлчөө бирдиги. Өлчөө бирдиги ЭЭФ МСтеги товарлардын маалымдамасына ылайык көрсөтүлөт;
7) "Бирдик наркы" графасында - товар бирдигинин баасы;
8) "Саны (көлөмү)" графасында - товардын саны же көлөмү;
9) "Товардын сатуу салыгысыз жана КНСсиз наркы" графасында - сатуу салыгын жана КНСти эсепке албагандагы товардын наркы;
10) "КНС" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө КНС суммасынын жана ставкасынын өлчөмү. Эгерде товарга КНС салыгы салынууга тийиш болсо, "Сумма" графачасы боюнча жыйынтык суммасы толтурулат.
Товарларды бир сатып алуучуга КНСтин түрдүү ставкаларын колдонуу менен жеткирүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти КНСтин ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;
11) "Сатуу салыгы" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө сатуу салыгынын ставкасы жана сатуу салыгынын суммасынын өлчөмү. Эгерде товарга сатуу салыгы салынууга тийиш болсо, "Сумма" графачасы боюнча жыйынтык суммасы толтурулат.
Товарларды бир сатып алуучуга сатуу салыгынын түрдүү ставкаларын колдонуу менен жеткирүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти сатуу салыгынын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;
12) "Товардын жалпы наркы" графасында - товардын жалпы наркы.
36. КНСтен жана/же сатуу салыгынан бошотулган же алар салынбаган товарларды сатуу (жеткирүү) учурунда, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Ставка" жана "Сумма" графачаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.
37. "Бажы декларациясынын же ЭЭФтин реквизиттери" графасы ЕАЭБдин жана/же Кыргыз Республикасынын укугуна ылайык байкоого алынууга тийиш болгон товарларды саткан учурда толтурулат. Бул графада милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) же бажы декларациясынын каттоо номери, ага ылайык ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден импорттолгон товар эркин жүгүртүүгө чыгарылган;
2) же ЭЭФтин номери, ага ылайык товар ЕАЭБдин алкагында байкоого алынууга тийиш болгон товарлардын тизмесине кирген товарды жүгүртүп жаткан салык төлөөчү тарабынан сатып алынган;
3) ташылып келинген товар көрсөтүлгөн бажы декларациясындагы саптын номери.
Байкоого алынбаган товарды сатууда бул графа толтурулбайт.
38. Салык мыйзамдарынын талаптарына, электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарга ылайык ЭЭФке уюмдун жетекчиси же жеке ишкер, же бухгалтери, же ишеним каттын негизинде салык төлөөчүнүн кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан электрондук кол тамга коюлушу керек.
39. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин, бухгалтердин же салык өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.
4-глава. Жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасын толтуруунун тартиби
§ 1. "Жеткирүүчүнүн жана сатып алуучунун реквизиттери" 1-бөлүмүн толтуруу
40. 102 жана 103-уячалар ЭЭФ МСтин автоматтык режиминде толтурулат.
41. "Статус" 101-уячасы ЭЭФ МС аркылуу автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтыйт: баштапкы (кабыл алынды/четке кагылды), чакыртып алынган, оңдоп-түзөтүлүүчү (кабыл алынды/четке кагылды).
"Жаңы" жана "жөнөтүлгөн" статустар аралыктык болуп саналат жана төмөнкүлөрдү билдирет: "жаңы" - ЭЭФ жеткирүүчү тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган эмес, "жөнөтүлгөн" - ЭЭФ жеткирүүчү тарабынан түзүлгөн, кол коюлган жана жиберилген, сатып алуучу тарабынан карала элек.
42. 201-уячада жумуш берүүчүнүн жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн, башкача айтканда уюмдун же жеке ишкердин ИСНи көрсөтүлөт.
43. 202-уячада уюштуруу документтерине ылайык уюмдун толук аталышы же ЖИнин аты-жөнү көрсөтүлөт.
44. Эгерде сатуу (жеткирүү) жеткирүүчүнүн филиалы тарабынан ишке ашырылып жатса, 203 жана 204-уячаларда жеткирүүчүнүн филиалынын аталышы жана ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде сатууну (жеткирүүнү) жумуш аткаруучу жана/же кызмат көрсөтүүчү өзү ишке ашырган учурда бул уячалар толтурулбайт.
45. 205-уячада жумушту аткаруучунун жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн юридикалык дареги же иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
46. 206-уячада жумушту аткаруучунун жана/же кызмат көрсөтүүчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
47. 207-уячада жеткирүүчүнүн эсеби бар банктын аталышы, БИК көрсөтүлөт.
Эгерде жеткирүүчү бул жеткирүү боюнча акы төлөө үчүн банктагы эсебин пайдаланбаса, анда уяча толтурулбайт.
48. 208-уячада жеткирүүчүнүн банктагы эсебинин номери көрсөтүлөт. Эгерде 2017-уяча толтурулбаса, бул уяча толтурулбайт.
49. 301-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун, башкача айтканда уюмдун, ЖИнин же жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилерден турса, алгачкы 14 белги гана көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашпаган цифралык белгилерден турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучунун ИСНи жок болсо, же ККМ аркылуу сатып өткөрүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө ЭЭФти тариздөөдө "9" деген цифра он төрт жолу көрсөтүлөт.
50. 302-уячада сатып алуучунун төмөнкү реквизиттери көрсөтүлөт:
1) келишимге (контрактка) ылайык уюмдун толук аталышы, эгерде уюм сатып алуучу болуп эсептелсе;
2) ЖИнин же жеке жактын аты-жөнү, эгерде ЖИ же жеке жак сатып алуучу болуп эсептелсе;
3) ККМ аркылуу сатып өткөрүүнү чагылдыруу үчүн ЭЭФти тариздөөдө "ККМ" жазуусу көрсөтүлөт.
51. Эгерде сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун филиалынын дарегине ишке ашырылып жатса, 303 жана 304-уячада сатып алуучунун филиалынын ИСНи жана аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (жеткирүү) сатып алуучунун өз дарегине ишке ашырылып жатса, анда бул уячалар толтурулбайт.
52. 305-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун юридикалык дареги жана иш жүзүндөгү жашаган жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде сатып алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, анда өлкөнүн аталышы кошумча көрсөтүлөт.
53. 306-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алуучунун салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
Сатып алуучунун - жеке жактын салыктык каттоосу болбогон учурда - "555" цифралары көрсөтүлөт.
Эгерде ЭЭФ Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - сатып алуучуга таризделип жатса, 306-уячада өлкөнүн аталышы жана коду көрсөтүлөт.
54. 307-уячада сатып алуучунун эсеби бар банктын аталышы жана БИК көрсөтүлөт.
Эгерде бул жеткирүү боюнча акы төлөө үчүн сатып алуучунун банктагы эсеби пайдаланылбаса, анда уяча толтурулбайт.
55. 308-уячада банктагы эсептин номери көрсөтүлөт. Эгерде 307-уяча толтурулбаса, бул уяча да толтурулбайт.
§ 2. "Сатуу тууралуу маалымат" 2-бөлүмүн толтуруу
56. 401-уячада келишимге (контрактка) ылайык жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (жеткирүү) күнү көрсөтүлөт.
Оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда жеткирүүнүн оңдолгон датасы көрсөтүлөт.
Мисалы: салык төлөөчү ЭЭФте жеткирүүнүн датасын 20-август деп көрсөтүү менен жеткирген, ага 15-сентябрда оңдоо киргизет. Мындай учурда оңдолуучу ЭЭФ 401-уячада жеткирүүнүн оңдолгон датасы деп 15-сентябрь көрсөтүлөт.
57. 402-уячада жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуунун (жеткирүүнүн) түрү көрсөтүлөт:
1) экспорт;
2) салык салынуучу 12%;
3) салык салынуучу "0" ставкасы боюнча;
4) бошотулган;
5) салык салынбоочу.
58. 403-уячада төлөөнүн формасы көрсөтүлөт:
1) накталай эмес: банктык төлөм, товар алмашуу;
2) накталай;
3) акысыз.
59. 404-уячада болгон учурда келишимдин (контракттын) датасы жана номери көрсөтүлөт, анын негизинде ушул жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуу (берүү) жүзөгө ашырылганда, эгерде келишим (контракт) болбогон учурда уяча толтурулбайт.
60. 405 жана 406-уячалар бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө, башкача айтканда төмөнкүдөй учурларда жеткирүүнүн наркын оңдоо үчүн оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда толтурулат:
1) баа өзгөргөндө;
2) аткарылган жумуштардан жана/же көрсөтүлгөн кызматтардан баш тартылганда;
3) жумуш жана/же кызмат көрсөтүү үчүн акыны кайтарып берүүдө.
61. Ушул Тартиптин 60-пунктунда аталган учурда ЭЭФти тариздөөдө милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) оңдоп түзөтүүчү ЭЭФ таризделип жаткан ЭЭФти тариздөө номери жана күнү, ошондой эле оңдоп-түзөтүүнүн себептери;
2) жеткирүү оңдоп-түзөтүлүп жаткан жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары;
3) жеткирүүнүн өлчөмүн оңдоп-түзөтүүнүн себептерине жараша, ЭЭФтин каралган сандык жана нарктык көрсөткүчтөрүн оңдоп-түзөтүүнүн өлчөмү.
Эгерде жеткирүүлөрдү түзөтүү азаюу жагына жүргүзүлсө, анда сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен, эгерде көбөйүү жагына болсо "-" белгиси жок көрсөтүлөт.
Жумуштан жана/же кызмат көрсөтүүдөн баш тартылганда жана/же жумуш жана/же кызмат көрсөтүү үчүн акыны кайтарып берүүдө, сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт.
Оңдолуучу ЭЭФ жеткирүү учурунда таризделген баштапкы ЭЭФке карата гана таризделет. Оңдолуучу ЭЭФтин көрсөткүчтөрү оңдолбойт.
62. 407-уячада салык төлөөчүнүн эсептик бухгалтердик системасындагы номери же ЭЭФ менен иштөө ыңгайлуу болушу үчүн салык төлөөчүгө зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт, эгерде мындай маалымат болбогон учурда уяча толтурулбайт.
§ 3. "Жумуш жана/же кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат" 3-бөлүмүн толтуруу
63. ЭЭФтин 3-бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ЭЭФке таризделген күнгө карата валютанын коду жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий валюта курсу, экспортко жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө;
2) "№" графасында - саптын катар номери;
3) "жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн коду" графасында - ЭЭФ МСтеги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымдамасына ылайык төрт белгинин деңгээлиндеги жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн коду;
4) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн аталышы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
5) "Өлчөө бирдиги" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн өлчөө бирдиги. Өлчөө бирдиги ЭЭФ МСтеги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымдамасына ылайык көрсөтүлөт;
6) "Бирдик үчүн баасы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн бирдиги үчүн баасы;
7) "Саны (көлөмү)" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн саны жана/же көлөмү;
8) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн сатуу салыгысыз жана КНСсиз наркы" графасында - сатуу салыгын жана КНСти эсепке алуусуз жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн наркы;
9) "КНС" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө КНСтин ставкасы жана суммасынын өлчөмү. Эгерде жумушка жана/же кызмат көрсөтүүгө КНС салыгы салынса, "Сумма" графачасы боюнча жыйынтык сумма толтурулат.
Жумуштарды жана/же кызматтарды бир сатып алуучуга КНСтин түрдүү ставкаларын колдонуу менен көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти КНСтин ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;
10) "Сатуу салыгы" графасынын "Ставка", "Сумма" графачасында - тийиштүү түрдө сатуу салыгынын ставкасы жана суммасынын өлчөмү. Эгерде жумушка жана/же кызмат көрсөтүүгө сатуу салыгы салынса, "Сумма" графачасы боюнча жыйынтык сумма толтурулат.
Жумуштарды жана/же кызматтарды бир сатып алуучуга сатуу салыгынын түрдүү ставкаларын колдонуу менен көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти сатуу салыгынын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;
11) "Жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн жалпы наркы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн жалпы наркы.
64. КНСтен жана/же сатуу салыгынан бошотулган же алар салынбаган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу (жеткирүү) учурунда, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Ставка" жана "Сумма" графачаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.
65. Салык мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарына ылайык ЭЭФке уюмдун жетекчиси же жеке ишкер, же бухгалтери, же ишеним каттын негизинде салык төлөөчүнүн кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан электрондук кол тамга коюлушу керек.
66. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин, бухгалтердин же салык өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.
5-глава. Товарларга, ошондой эле жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасын толтуруунун тартиби
67. 102-уячада белгиленген тартипте салык органы тарабынан берилген кагаз жүзүндөгү ЭЭФ номери көрсөтүлөт.
68. 103-уячада кагаз жүзүндөгү ЭЭФти тариздөө күнү көрсөтүлөт.
69. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин калган бөлүмдөрү ушул Тартиптин 3 жана 4-главаларына ылайык толтурулат.
70. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке уюмдун жетекчиси, же жеке ишкер, же бухгалтер, же ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.
71. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФ уюмдун, бар болгон учурда жеке ишкердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
72. Электр байланышы, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен жабдуу, канализация кызматтарын көрсөткөн салык салынуучу субъекттер, ошондой эле ар ай сайын 5000ден ашык эсеп-фактура тариздеген (жазып берген) башка субъекттер кагаз жүзүндөгү ЭЭФке факсимиле коё алышат.
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 2-тиркеме |
BLANK STI-007
Товарларга электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 3-тиркеме |
BLANK STI-008
Жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 4-тиркеме |
BLANK STI-009
Товарларга кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 5-тиркеме |
BLANK STI-010
Жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 6-тиркеме |
UVEDOMLENIE STI-001
Cоциалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу КАБАРЛАМА
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 7-тиркеме |
UVEDOMLENIE STI-002
Cоциалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө КАБАРЛАМА
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы № 2 буйругуна 8-тиркеме |
Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө АКТЫ