Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 28-апрели № 52-нпа
Курулуш жана атайын курулуш, монтаждоо иштеринин бирдиктүү бааларынын улуттук жыйнактарына, Кыргыз Республикасында курулуштун долбоорлоо иштеринин сметалык наркын аныктоо боюнча жалпы көрсөтмөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун негизинде, сметалык ченемдердин системасын базар экономикасынын жаңы талаптарына шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу, курулуштун сметалык наркын аныктоодо бирдиктүү методикалык ыкманы сактоо максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 5-декабрындагы № 9-нпа «Долбоорлоо жана монтаждоо иштерине, машина жана транспорт каражаттарын пайдаланууга кошумча улуттук наркттардын жыйнактарын, оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүшүндө убактылуу имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагын, курулуш-монтаждоо иштеринин кышкы убактагы өндүрүшү учурунда кошумча чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагын, кутуга, таңгактоого жана реквизитке сметалык нарктардын жыйнагын, жабдууларды монтаждоого бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, оңдоо-курулуш иштерине бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, долбоорлоо иштерине нарктардын жыйнагын колдонуу боюнча жалпы көрсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуштун долбоорлоо иштеринин сметалык наркын аныктоо боюнча жалпы көрсөтмөлөрүндө:
- Тиркеме 5 төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Чыгымдардын көлөмү курулуштун сметалык наркына карата пайыздар менен аныкталып, автордук көзөмөл ишке ашырылуучу объектин курулушуна карата жыйынды сметага кошулууга тийиш. Автордук көзөмөлдү ишке ашырууга карата чыгымдардын көлөмү курулуш наркынын жыйынды эсептөөлөрүнүн 1-9 главалары боюнча курулуштун сметалык наркынан 0,4% түзөт.
Эскертүү: Келтирилген чыгымдарда автордук көзөмөлдү ишке ашыруучу долбоорлоо уюмдарынын кызматкерлеринин курулуш объектисине барууга жана кайра кайтып келүүгө кеткен чыгымдары эсепке алынбайт».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 28-мартындагы № 2-нпа «Курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү баалардын улуттук жыйнактарын, долбоорлоо иштерине баалардын жыйнактарын, курулуш материалдарына баалардын жыйнактарын, авто машина менен ташууга баалардын жыйнактарын, курулуш машиналарын эксплуатациялоого баалардын жыйнактарын бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген курулуш иштерине бирдиктүү баа Жыйнактарында (Каталог):
1.1. Жер иштери 1 Жыйнагынын:
- техникалык бөлүгүнүн 1.82-1.86 пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“1.82. ББ колдонуу шарттарын эске алган сметалык ченемдерге болгон коэффициенттер, техникалык бөлүгүнүн 3 бөлүмүнүн 1-таблицасында көрсөтүлгөн.
01-02-095 баштап 01-02-098 чейинки таблицаларынын баалары менен 40 м чейин эңкейиш боюнча бийиктикке жумчуларды көтөрүү жана түшүрүү жана 50 м аралыкка чейин материалдарды жеткирүү, ошондой эле иштерди жүргүзүүдө коопсуздук (үч чекит) уюштуруу эске алынган.
Көтөрүү бийиктиги 10 метрге көбөйгөндө жумушчулардын эмгек акысына 1,11 коэффициентин колдонуу керек.
1.84. 01-02-095 таблицасынын бааларында казык кагуу үчүн тешиктерди бургулоо чыгымдары эске алынган эмес. Бул чыгымдарды кошумча 04-01-059 таблицасынын бааларында эске алуу керек.
1.85. 01-02-095, 01-02-096, 01-02-098 таблицаларынын ченемдеринде кабыл алынган тоолуу эңкейиштеринин түрүн аныктоодо 12-тиркемеде келтирилген классификацияны жетекчиликке алуу менен иштеп чыгуу керек.
1.86. 01-01-053 таблицасынын бааларында тыгыздалган кыртыштын чыгымдары эске алынган”;
- ушул буйруктун 1 тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.2. Скважина 4 Жыйнагына, ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.3. Жер түркүктүк иштер. Түшүрүлүчү кудуктар. Кыртышты бекемдөө 5 Жыйнагынын:
- техникалык бөлүгү 1.75 пункту менен төмөнкү редакцияда толукталсын: “1.75. Токойлор, көпүрө-шатылар же асма араба иштерин аткарууда бааларга техникалык бөлүктүн 3-бөлүгүндө келтирилген коэффициенттерди колдонуу керек”;
- ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда Бааларга болгон коэффициенттер жана 2-тиркеме менен, 3-таблица менен толукталсын;
- ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.4. Чулу (монолитный) бетондуу жана темирбетондуу конструкциялар 6 Жыйнагы, ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.5. Курама бетондуу жана темирбетондуу конструкциялар 7 Жыйнагы, ушул буйруктун 6-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.6. Блоктон жана кыштан конструкциялар 8 Жыйнагы, ушул буйруктун 7-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.7. Курулуш темир конструкциялары 9 Жыйнагы, ушул буйруктун 8-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.8. Жыгач конструкциялары 10 Жыйнагы, ушул буйруктун 9-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.9. Полдор 11 Жыйнагы, ушул буйруктун 10-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.10. Чатырлар 12 Жыйнагы, ушул буйруктун 11-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.11. Курулуш конструкцияларын жана жабдууларын коррозиядан коргоо 13 Жыйнагы, ушул буйруктун 12-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.12. Жасалгалоо иштери 15 Жыйнагы, ушул буйруктун 13-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.13. Ички өткөргүч түтүктөр 16 Жыйнагы, ушул буйруктун 14-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.14. Суу түтүк жана канализация – ички түзмөктөр 17 Жыйнагы, ушул буйруктун 15-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.15. Жылытуу - ички түзмөктөр 18 Жыйнагы, ушул буйруктун 16-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.16. Суу түтүктөр – тышкы тармактар 22 Жыйнагы, ушул буйруктун 17-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.17. Канализация – тышкы тармактар 23 Жыйнагы, ушул буйруктун 18-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.18. Жылуулук менен камсыздоо жана газ түтүктөрү – тышкы тармактар 24 Жыйнагы, ушул буйруктун 19-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.19. Жылуулукту сактоо иштер 26 Жыйнагы, ушул буйруктун 20-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.20. Автомобиль жолдору 27 Жыйнагы, ушул буйруктун 21-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.21. Тоннелдер 29 Жыйнагы, ушул буйруктун 22-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.22. Көпүрөлөр жана түтүктөр 30 Жыйнагы, ушул буйруктун 23-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.23. Аэродромдор 31 Жыйнагы, ушул буйруктун 24-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.24. Электр өткөрүчү чубалгылар 33 Жыйнагы, ушул буйруктун 25-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.25. Байланыш, радио жана телевидение курулмалары 34 Жыйнагы, ушул буйруктун 26-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.26. Гидротехникалык курулмалардын бетондуу жана темирбетондуу конструкциялары 37 Жыйнагынын, техникалык бөлүгүнүн 1.22 пункту төмөндөгү редакцияда баяндалсын: “1.22. КББ өз алдынча сүзүү районунда 100т калкыма өзү жүрүүчү крандар менен (ресурстун шифри 210521) ачык жээк шарттарда иштерди жүргүзүү каралган.
Эгерде өз алдынча сүзүүчү райондон тышкары иштер жүргүзүлгөн учурда 552 кВт (750 л.с.) кезметчи дизелдик буксирди эксплуатациялоого карата чыгымдарды кошумча эсептөө керек. Буксирди эксплуатациялоо убактысын өзү жүрүүчү крандын - негизги механизмин эксплуатациялоо убакытсы менен теңдеп алуу керек”.
1.27. Гидротехникалык курулмалардын темир конструкциялары 39 Жыйнагынын, техникалык бөлүгүнүн 4. Тиркемелер бөлүмү ушул буйруктун 27-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
1.28. Суу астындагы-курулуш (водолаз) иштери 44 Жыйнагы, ушул буйруктун 28-тиркемесине ылайык редакицяда таблица менен толукталсын.
1.29. Имарат жана куруулардын реконсркция учурундагы иштер 46 Жыйнагы, ушул буйруктун 29-тиркемесине ылайык таблицалар менен толукталсын.
1.30. Жашылдандыруу. Коргоочу токой бак-дарактары 47 Жыйнагы, ушул буйруктун 30-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.31. Дубалдар 53 Жыйнагы, ушул буйруктун 31-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.32. Оюктар 56 Жыйнагы, ушул буйруктун 32-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.33. Полдор 57 Жыйнагы, ушул буйруктун 33-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.34. Чатырлар 58 Жыйнагы, ушул буйруктун 34-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.35. Майлоочулук иштер 62 Жыйнагы, ушул буйруктун 35-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.36. Айнек, обой жана беттөөчү иштер 63 Жыйнагы, ушул буйруктун 36-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
1.37. Ички санитардык-техникалык иштер 65 Жыйнагы, ушул буйруктун 37-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
1.38. Көрктөндүрүү 68 Жыйнагы, ушул буйруктун 38-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
2) Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген жабдууларды монтаждоого сметалык баалардын Жыйнактарында (каталогунда):
2.1. Темир иштетүүчү жабдуулар 1 Жыйнагынын:
- техникалык бөлүгүнүн 1.5 пунктун төмөнкү редакцияда баяндалсын: “1.5. Сандык программалык башкаруу менен (СПБ) станокторду монтаждоого карата бааларды 1-тиркемеге ылайык жумушчулардын эмгегинин чыгымдарын көбөйтүү менен КББм тиешелүү таблицалары боюнча аныктоо.
Ошол эле убакта бааларда кошумча 3-тиркеме ылайык, бош жүрүү акыбалдагы СПБ станоктон алынган маалыматтарга ылайык жеке сынак үчүн электр энергиясынын наркын эсептөө керек”.
- 3-Тиркемеси ушул буйруктун 39-тиркемесине ылайык редакцияда киргизилсин.
2.2. Электр техникалык орнотмолор 8 Жыйнагы, ушул буйруктун 40-тиркемесине ылайык редакцияда таблица менен толукталсын.
2.3. Байланыш жабдуулары 10 Жыйнагы, ушул буйруктун 41-тиркемесине ылайык редакцияда таблицалар менен толукталсын.
2.4. Технологиялык өткөргүч түтүктөр 12 Жыйнагы, ушул буйруктун 43-тиркемесине ылайык редакция таблицалар менен толукталсын.
3. Талдоо, баа бычуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Г. Э. Асановага:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы копияларын кагаз жана электрондук сактагычта, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Директор | Т. Сатышов |