Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 9-ноябры №182
“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 1867 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын кайра каралгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 1867 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 8 жана 9-тиркемелер ушул буйруктун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин күрөөлөрдү каттоо бөлүмү:
- жогоруда аталган административдик регламенттерге ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча ишти уюштурсун;
- берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Күрөөлөрдү каттоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Укуктук маалымдоо бөлүмү расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына жарыяласын.
5. Күрөөлөрдү каттоо бөлүмү ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
6. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы ушул буйрукту министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине билдирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскаровага жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | А.Б. Баетов |