Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын “10”майындагы № 35-10/1 буйругунун тиркемеси
|
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1, 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бажы органдардын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасын аныктайт.
2. Формалык кийимдер төмөнкүчө белгиленет:
1) өкүлдүк;
2) күндөлүк кийилүүчү;
3) атайын.
3. Форманын ар бир түрү кышкы жана жайкы, жазгы-күзгү болуп бөлүнөт.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык).
4. Атайын наам ыйгарылган кызматкер формалык кийим менен акысыз камсыздалат.
Камсыз кылуу ченемдери жана формалык кийимди кийүү мөөнөтү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийим жана бут кийим предметтеринин сүрөттөлүшү
§ 1. Жогорку жетекчилик курам үчүн
5. Формалык фуражка.
Жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстүү (өкүлдүк форма үчүн болот түстүү), жашыл түстүү кыюусу бар, лавр бутакчалары түрүндө алтын түстүү жип менен тигилген кокардалуу фуражка. Фуражканын төбөсүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (мындан ары -Мамлекеттик герб) түшүрүлгөн эмблема жайгашкан, үстүнөн лакталган тери менен капталган (өкүлдүк форманын фуражкасынын кырбуусу -териден тигилген), астынан - замша (жүн кездеме) менен капталган кырбоосу бар.
Бийиктиги 9 см фуражканын төбөсүндө алтын түстүү жип менен тегерете алкакталган, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кездеме эмблемасы бар.
Кырбуунун үстүндөгү алкакка алтын түстүү өрүлгөн боо формалык эки топчуга кадалат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү, топчунун диаметри 13 мм.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
6. Кулакчындуу тумак.
Каракүлдөн тигилген кулакчындуу тумак башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, лакталган кырбоосу бар, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кара түстөгү боолору болот. Бардык деталдары кара жана бозомтук-каралжын түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдынан дал ортосун көздөй Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен алтын түстөгү кокарда бекитилет, кара түстөгү лакталган боосу менен кырбуусунда лавр жалбырагы менен кооздолот.
7. Өкүлчүлүк мундири.
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар алты топчуга топчулана турган эки борттуу, болот түсүндөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджак тибинде, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн.
Алдында, сандын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, кооз формалуу, бурчтары бир аз тегеректелген капкалдырыктуу 20-22 см болгон тилик чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталы тигилет.
Учасы каптал рельефи менен, борбордук тигиш тилик менен бүтөт.
Жеңдери орнотулма, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши тилик менен бүтөт.
Жеңдин төмөн жагы бүгүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында кочкул-боз, алтын түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.
Капкалдырыктарда жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген, темир илгич жана топчу топчулана турган кайып тигилген кашаты бар. Кашаты ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында 1 топчуга топчулана турган кооз формалуу капкалдырыктуу чөнтөк салынган. Каптал тигишине чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстөгү лампастар тигилген. Шымдын алдыңкы астары ичтелген. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
71. Күндөлүк кийилүүчү мундир.
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар алты топчуга топчулана турган эки борттуу, кочкул көк түстөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджак тибинде, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн.
Алдында, сандын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, кооз формалуу, бурчтары бир аз тегеректелген капкалдырыктуу 20-22 см болгон тилик чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталы тигилет.
Учасы каптал рельефи менен, борбордук тигиш тилик менен бүтөт.
Жеңдери орнотулма, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши тилик менен бүтөт.
Жеңдин төмөн жагы бүгүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында кочкул-көк түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.
Капкалдырыктарда жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым кочкул көк түсүндөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген, темир илгич жана топчу топчулана турган кайып тигилген бел курчоосу бар. Бел курчоосу ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында 1 топчуга топчулана турган кооз формалуу капкалдырыктуу чөнтөк салынган. Каптал тигишине чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстөгү лампастар тигилген. Шымдын алдыңкы астары ичтелген. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
8. Күндөлүк кийилүүчү китель.
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар торт топчуга топчулана турган бир борттуу, болот түсүндөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджактыкындай, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн.
Кителдин өңүрүндө Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, бурчтары бир аз тегеректелген кооздолгон капкалдырыктары бар жашыруун төш чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 3 см болгон декоративдүү деталь тигилет. Сандардын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган ошондой эле кооздолгон капкалдырыктары бар 20-22 см болгон каптама жан чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталь тигилет.
Учасы классикалык түрдө бычылган, капталдагы тигиши менен, борбордук тигиш тилик менен бүтөт. Жеңдери орнотулма, жогорку жана төмөнкү деталдары бар эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон төрт топчуга топчулана турган тилик менен бүтөт. Жеңдин төмөн жагы бүтүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында кочкул көк түстөгү катуу погондор жайгаштырылган, погондордун алдыңкы чегинде жашыл түстөгү милтеси бар.
Бардык каптама деталдарда, жаканын четинде жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилет, силуэти түз тигилген-классикалык. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, шымдын илгичине жана топчуга топчуланат. Гульфик сыдырма бекиткичке бекитилет. Алдыңкы жагында тизе сызыгына чейин "чөнтөк" астары бар. Алдыңкы жан чөнтөктөрү тилик. Арткы чөнтөгү жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы менен рамкага тилик тигилет. Каптал тигиштерине диаметри 2-3 мм болгон жашыл түстөгү ноотудан милте салынган - милтенин эки жагында жашыл түстүү лампастар тигилген.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
9. Пуловер.
Мойну тегерек ачык, көрүнүшү түз, кочкул көк түстүү, узундугу санга чейин келген, жарым жүн ийрилген жиптен токулган, комбинацияланган кездеме катары кочкул көк түстөгү суу өткөрбөгөн плащ кездемеси колдонулган пуловер. Мойну, кийимдин этеги жана жеңдин учтары “резинка” тор түймөсү менен тигилет.
Өңүрүндө жана учасында жеңдин каруусунан тартып моюн жагына карай узундугу 18-20 см жана жазылыгы 8-10 см болгон кайып тигилген кокетка жайгашат. Өңүрүндө кокеткадан 4-6 см төмөн болгон өңүр боюнча өңүрдүн ортосуна карай оозу жантык 14 см 16 см болгон эки каптама чөнтөк жайгашат, жалбырак сымал кооздолгон, жашыруун сыдырмасы бар, бурчтары бир аз тегеректелген, кочкул көк плащ кездемеден жасалат. Жеңдин учунан 1,5 см аралыкта жазылыгы 14 см, узундугу 30-35 см болгон бурчтары бир аз тегеректелген кочкул көк түстөгү плащ кездемеден вертикалдуу кооздолгон сызыгы бар декоративдүү детал тигилет.
Ийиндин линиясы боюнча фальшпагондору менен тигилген пагондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткада жана каптама чөнтөктөрдө 0,1 см болгон кооздогон тигиш каралган, кооздогон деталдарда кийимдин жээги менен 0,1 см болгон декоративдүү кошумча тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.
10. Чолок пальто.
Кара түстөгү драптан тигилген кыска пальто, көрүнүшү түз, кара түстөгү төрт топчуга топчулана турган айкалышып борттук топчуламасы бар. Кайырма чечилме жака ички жагынан төрт топчуга жана асылма илмекке, сырткы жагынан үч топчуга жана тилик илмекке бекитилет. Өңүрлөрү бүйрүлгөн жана түз клапандары бар тилинип жасалган каптал чөнтөгү менен болот. Учасы капталынан рельефтүү, ортосунан тигиш кетет жана этегинде тилиги бар. Сол жана оң жеңде шеврондору жайгашкан. Чолок пальтонун узундугу сандын ортосунан 25-28 см ылдыйраак. Саржа менен ичтелген, 80-100 гр/м² синтепон менен тигилген. Сол жаканын астында кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун этеги бүгүлгөн. Погондор катуу бастырып тигилген.
11. Жаз-күз кийилүүчү плащ.
Кара түстөгү плащ кездемесинен тигилген плащ, бир жакка кымтылама, силуэти түз, кайырма жакалуу, алынып коюлуучу капюшону бар,төрт топчуга топчуланат. Борбордук жашыруун бүчүсү кара түстөгү беш топчуга бекитилет. Плащтын өңүрүндө желбирек кокеткасы көкүрөгүнүн сызыгына чейин жетет. Капталында капкалдырыктуу тилинип жасалган жан чөнтөгү бар.
Плащтын далы жагында кокеткасы болуп, ортосунан тигиш кетип, этеги тилинген. Жеңдери эки тигиштүү. Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Плащтын капшытындагы тигиштеринде, белинин тушунда кур үчүн илгичтери бар. Чечип алма курунун тууралоо үчүн таралгасы бар. Погондор катуу, тигилген.
12. Парка күрмө.
Парка күрмө-жаз-күз кийилүүчү/кышкы, көрүнүшү түз, узуну сандын ортосуна чейин. Жашыруун бекиткичи бар, жазылыгы 7-8 см бир борттуу, сыдырманы жашырган жети баскычтар бар.
Жеңдери эки тигиштүү, кайып тигилген. Каруусу боюнча 0,3 см тигиш бар. Жеңдин этегине манжета тигилген. Манжетте манжеттин туурасын чоңойтуп-кичирейткен кошумча баскычтар каралган. Жеңдин билектеринде капкалдырык жана бекиткич менен жабылган эки бөлүмү жана калем сап үчүн кошумча бөлүмү каралган каптама чөнтөктөр бар.
Жакасы кайырма. Үстүңкү жакасы кара түстөгү ноотудан тигилген. Күрмөнү сыдырма менен толук бүчүлөгөн учурда жака тик жака формасын алат. Алдыңкы жака кара, суу өткөрбөгөн тыгыз плащ кездемеден тигилген. Алдыңкы жаканын астында алынып коюлуучу, үч тигиштүү, жылуу баш чүмбөттү бекитүү үчүн кайып тигилген сыдырмасы бар.
Жылуулатылганды бүчүлөгөн учурда жакага орто түктүү жасалма мехтен жасалган кошумча алынып коюлуучу жака топчуланат.
Өңүрү түз бычылган. Өңүрүндө төштүн линиясы боюнча узун эңкейтип тигилген 0,1-0,3 см аралыгы менен эки тигиштүү кокетка тигилген, кокетка жаканын астына тигилген. Кокетканын алдында жазылыгы 16-18 см сыдырма коюлган жашыруун чөнтөктөр бар.
Алдында ийиндин рельеф тигиштери бар. Төштүн сызыгында жана сандын сызыгында 0,1-0,3 см кош тигиштүү кооздолгон капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр бар.
Белде жана этекте күрмөнүн ичинен өткөн боолуу тарткыч жайгашкан
Учасында ортосунан 0,3 см тигиш бар. 0,1-0,3 см эки тигиш менен калдыркан кокетка каралган. Ортосунан декоративдүү бекиткич менен бекитилген. Далысы жакта тереңдиги 5-6 см болгон кыймыл эркиндиги үчүн, тигиши менен терең бүгүлгөн.
Күрмөдө комбинацияланган астар каралган, белге чейинки үстүңкү бөлүгү ноотудан (флис) тигилген, ал эми төмөн жагы көктөөчү кездемеден тигилген. Көктөмөдөгү бүчүлөмөнүн белинде жана этегинде денеге кыналууну белгилеген боолуу тарткыч жайгашкан. Жылуу көктөмөдө жана көктөмөдө симметриялык ички чөнтөктөр каралган.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол жана оң жеңге шеврондор жайгашат.
13. Жылууланган булгаары күрмө
Кайырма жакалуу, жылууланган ичтемеси менен түз силуэттеги, кара түстөгү булгаарыдан күрмө. Кара же каралжын боз түстөгү каракүлдөн чечме жакалуу.
Ортосунан ички сыдырмалуу бекиткичи менен 6-8 бекитме жашыруун топчулук менен борттук үсүнөн жабылат.
Өңүрлөрүндө капкалдырыктары менен каптал тилик чөнтөктөрү бар.
Арткы өңүрүндө ортосунан тигиш кетет. Өңүрүндө кокеткасы бар.
Жеңи кош тигиштүү.
Погонду бекитүү үчүн ийин тигиштеринде хлястиктер жана погонду кармоо үчүн бекитме (топчулук) тигилет. Чечме погондор.
Сол жана оң жеңге шеврондор жайгашат.
14. Жеңи узун формалык көйнөк.
Жеңи узун, жети топчуга топчулана турган борбордук борттуу формалык көйнөк. Тик кайырма жака. Жеңдери узун көйнөктүкү сымал бычылган, этеги бүктөмдөр жана топчуга топчулануучу кайып тигилген манжета менен кооздолгон. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу капкалдырыгы менен эки каптама төш чөнтөктөрү бар. Учасында кокеткасы бар. Асты кур менен аяктайт, анын каптал бөлүктөрүндө сандардын линиясы боюнча кийимдин туурасын жөнгө салуу үчүн үч катар чоюлгуч тилке (резинка) тигилген.
Өңү:
- ачык-боз (гранит) - күнүмдүк көйнөк үчүн;
- ак - өкүлчүлүк көйнөк үчүн.
Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.
Ийиндин сызыгы боюнча погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милте тигилген погондор жайгашкан:
- кочкул-боз түс - күнүмдүк көйнөк;
- ак түс - өкүлчүлүк көйнөк.
15. Жеңи кыска формалык көйнөк.
Жеңи кыска көйнөктүкүндөй кайып тигилген, беш-алты топчуга топчулана турган борбордук борттуу, туташ бычылган манжети менен формалык көйнөк. Туташ бычылган тик англисче жака. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу капкалдырыгы менен эки каптама төш чөнтөктөрү бар. Учасында кокеткасы бар. Асты кур менен аяктайт, анын каптал бөлүктөрүндө сандардын линиясы боюнча кийимдин туурасын жөнгө салуу үчүн үч катар чоюлгуч тилке (резинка) тигилген.
Өңү:
- ачык-боз (гранит) - күнүмдүк көйнөк үчүн;
- ак - өкүлчүлүк көйнөк үчүн.
Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.
Ийиндин сызыгы боюнча погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милте тигилген погондор жайгашкан:
- кочкул-боз түс - күнүмдүк көйнөк;
- ак түс - өкүлчүлүк көйнөк.
16. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, каптал тигиштеринде эки чөнтөгү жана арткы оң капталында кооздолгон капкалдырыктуу бир чөнтөгү бар, чөнтөк бир топчуга топчуланган шым. Шымдын бели кур үчүн алты өткөргүчтүү. Шымдын бекилиши гульфик сыдырмасы, темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Каптал тигишинде милте салынган, милтенин эки жагында жашыл түстүү лампастар тигилген. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн, тыгыздыгы 220-240 г/м2.
17. Жайкы багалеги кенен шым.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, каптал тигиштеринде эки чөнтөгү жана арткы оң капталында кооздолгон капкалдырыктуу бир чөнтөгү бар, чөнтөк бир топчуга топчуланган шым. Шымдын бели кур үчүн алты өткөргүчтүү. Шымдын бекилиши гульфик сыдырмасы, темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Каптал тигишинде милте салынган, милтенин эки жагында жашыл түстүү лампастар тигилген. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Кездеменин түзүлүшү: 44% кем эмес жүн, 54% полиэфир, 2 % лайкра, тыгыздыгы 220-225 г/м2.
18. Мех жакалуу, атайын кышкы костюм (күрмө жана шым).
Жылуу, көрүнүшү түз, суу өткөрбөгөн, кочкул көк түстүү кездемеден тигилген, этегине чейин мех менен ичтелген күрмө. Жашыруун борттук топчуламасы бар, бир ачык топчулуу.
Жакасы кайырма чыныгы (жасалма) мехтен жасалган. Алынып коюлуучу капюшону бар.
Бел сызыгында ички боо тарткычы жайгашкан.
Тегерек жана сандын сызыгы боюнча капкалдырыктары бар каптама чөнтөктөр кош тигиштүү.
Учасы туташ бычылган.
Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү.
Жеңдеринин учтары кайрылган тигиш менен ичтелген жабык кесиктүү.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол, оң жеңде жана алды жагында шеврондор жайгашкан.
Шымы суу өткөрбөй турган, кочкул көгүш түстүү кездемеден тигилген, этегине чейин жылуу ичтелген. Өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган, бели кайып тигилген. Шымдын капталдарында тизенин тушунда капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар. Шымдын багалеги жабык кесиктүү, бүгүлгөн тигиш менен иштелип, чоюлгуч тасма менен тартылган. Кадамдык тигиштеринде штрипкалары (бүчүлөрү) бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат.
19. Атайын, кышкы суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген кепкалар.
Кочкул көгүш түстөгү кышкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
20. Атайын костюм (күрмө жана шым).
Көрүнүшү түз, камуфляж түстөгү коргоочу кездемеден тигилген күрмө. Жаканын алдында бир ачык топчулуу, алты топчуга борбордук жашырын борттук топчуламасы бар. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички кулисасы бар, аларга жөнгө салгычтар менен боо өткөрүлгөн. Өңүрлөрүндө үстүнкү жана алдыңкы капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр жайгашкан, эки жашыруун топчуга жабылат, жакасы кайырма. Учасы бүтүн бычылган, бел сызыгында ички кулисасы бар. Жеңдери орнотулма, узун, көйнөктүкү сымал бычылган, этеги бүктөмдөр жана топчуга топчулануучу кайып тигилген манжета менен кооздолгон, чыканакта 25 см каптама түрүндө коргоо каралган.
Ийинде топчуга топчуланган фалыппогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол, оң жеңинде жана алдында кочкул-боз түстөгү шеврондор жайгашкан.
Шымы камуфляж түстөгү кебез кездемеден тигилген, беш кур өткөргүчтөрү бар, бел курчоосу кайып тигилген. Шымдын бекилиши гульфик сыдырмасы жана топчу топчуланат. Шымдын капталдарында тигишинде каптал чөнтөктөрү, каптал тигиштерин боюнча төмөн капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар.
Арткы бөлүгүндө “Велкро” текстилдүү илмекке жабылуучу капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр жайгашкан.
Шымдын алдыңкы бөлүгүндө тизе жагы бийиктиги 25-30 см болгон тик бурчтуу формадагы каптама тигилген.
Арткы бөлүгүндө отурган жагы каптамалар менен калыңдалган.
21. Атайын жайкы костюм (күрмө жана шым).
Камуфляж түстөгү коргоо кезедемесинен талаа күрмөсү.
Беш-алты топчу менен топчуланган бүтүн бычылган бир борттуу 0,5 см сызыгы менен ачык кайырма жака.
Өңүрүндө эки рельефтүү тигиш менен тигилген каптама төш чөнтөктөр жайгашкан. Капкалдырыктары тик бурчтуу. Чөнтөктөрү “Велкро” лентасына бекитилет. 0,5 см тигиш өтөт. Жеңи кыска 0,1 см сызыгы менен кайырма манжет. Кокетканын астында ийининде 3-4 см бүктөмдөр. Буюмдун этеги бүтүн бычылган тигишке бүктөлүп тигилген. Капталдары буюмдун тыкан кийилиши үчүн үч катар резинкага чогултулган.
Сол, оң жеңинде жана алдында кочкул-боз түстөгү шеврондор жайгашкан.
Ийинде топчуга топчуланган фалышпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Камуфляж түстөгү коргоочу кездемеден тигилген шым.
Алты өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган, бели кайып тигилген. Гульфик сыдырмасы менен бекилет.
Тилинген капшыттары менен шымдын каптал чөнтөктөрү бар.
Шымдын кыры 0,5 см тигилген.
Шымдын арткы бөлүгүндө кооздолгон капкалдырыктары бар чөнтөктөр, “Велькро” илмекке топчуланат.
22. Кебез кездемеден тигилген атайын жайкы кепкалар.
Көгүш түстөгү жайкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Каптал жактарында блокчо салынган үч желдетүүчү тешикче жайгашкан. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
23. Галстук.
Кочкул көк түстөгү (күнүмдүк формалык кийим үчүн), кара түстөгү (жогорку жетекчилик курамдын өкүлчүлүк формалык кийим үчүн) тыгыз жибек кездемеден тигилген галстук. Ал учтуу, узартылган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн, бир калыптагы туруктуу “Регат” түйүнүнөн жана галстукту көйнөктүн жакасынын алдына кармата турган топчуламасы бар моюнчактан турат. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы түшүрүлгөн кыпчыткыч менен толукталат.
24. Узун кончтуу ботинка.
Узун кончтуу кара ботинка. Ал башынан, кончунан, тилчелерден, күчөткүчтөн жана апкыттан турат. Кончунун алды жагында байкадан (нооту) боолор үчүн блокчолор бар же ичтелбеген болот. Боо менен байланат. Таманы жана такалары көпшөк резинадан жасалат. Асты жулук-желимдөө ыкмасы менен бекитилет (желимдөө ыкмасы менен да бекитилиши мүмкүн). Ичинде салма батектери бар.
25. Хром кыска ботинка (туфли).
Кара хром кыска ботинка. Ал баштан, кончтон, тилчелерден жана тамандан турат. Кончунун алды жагында боолор үчүн блокчолор (резина болушу мүмкүн) бар. Баштарынын ичи кебез кездемеден, кончтору ичилик тери менен ичтелген. Таманы, батектери, апкыттары тамандык териден жасалган. Тумшугу териден же гранитолдон жасалган. Такалары булгаарыдан, резинадан жасалган формаланган набойкалары менен. Таманы жасалма жана синтетикалык материалдардан жасалган, асты желим менен чапталган.
26. Кашне.
Кара түстөгү трикотаж кашне. Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү формалык кийим менен тагынат.
27. Жүндөн кездемеден тигилген кол кап
Жүн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү эластикалык тасма менен тартылат.
§ 2. Жогорку жетекчилик курамдагы аялдар үчүн
28. Кулакчындуу тумак.
Башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, лакталган кырбоосу бар, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кара түстөгү боолору болот. Бардык деталдары кара жана бозомтук-каралжын түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдынан дал ортосун көздөй Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен алтын түстөгү кокарда бекитилет, кара түстөгү лакталган боосу менен кырбуусунда лавр жалбырагы менен кооздолот.
29. Пилотка.
Кочкул-көк түстөгү костюмдун кездемесинен тигилген пилотка, жашыл түстүү кыюусу бар. Пилотканын алкагынын алды жагында Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен кокарда жайгашкан, лавр бутагы түрүндө алтын жалатылган жип менен оймо түшүрүлгөн.
291. Өкүлчүлүк шляпа.
Кочкул көк түстөгү шляпа (өкүлчүлүк-болот түстүү) боз түстөгү тегерек калпактан жана талаасынан турат. Калпактын ылдый жагына кочкул көк түстөгү тасма тагылып, үстүнкү чети маңдай жагына бекитилет. Тасманын үстүңкү четинде милте жашыл түстө болот.
Шляпанын маңдай кырынын үстүндөгү тасмага Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо топчуланат.
Шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүнкү четине лавр бутактары түрүндө алтын түстүү сайма менен алкакталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
292. Күндөлүк кийилүүчү - шляпа.
Кочкул көк түстөгү шляпа тегерек калпактан жана талаадан турат. Калпактын ылдый жагына кочкул көк түстөгү тасма тагылып, үстүнкү чети маңдай жагына бекитилет. Тасманын үстүңкү четинде жашыл түстө милте болот.
Шляпанын маңдай кырынын үстүндөгү тасмага Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо топчуланат.
Шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүнкү четине лавр бутактары түрүндө алтын түстүү сайма менен алкакталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
30. Өкүлчүлүк мундири.
Көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, эки катар төрт топчуга топчулана турган эки борттуу мундир, топчулар белдин линиясында, болжолдуу төштүн линиясында, сандын линиясында жайгашкан. Мундирдин этеги түз, узундугу сандын линиясында, болот түсүндөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилет. Астары жасалма жибектен.
Кайырма жака - пиджак тибинде, орточо чоңдукта, эркектердин мундиринин жакасынын формасына окшош, раскеп бийик эмес.
Мундирдин алдында вертикалдуу конструктивдик сызыктар өтөт, учасынан борбордук тигиш жана вертикалдуу конструктивдик сызыктар өтөт, бул тигиштерде калдыркан тиликтер жайгашкан. Ошондой эле алдында жана учасында кесилген 12-14 см кокеткалар жайгашкан.
Алдында, өңүрдүн каптал бөлүктөрүндө, белдин линиясынан ылдыйраак Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган кооз формалуу капкалдырыктуу жашыруун жан чөнтөктөр жайгашкан, бурчтары бир аз тегеректелген, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталь тигилет.
Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши тилик менен бүтөт.
Ийиндин линиясында кочкул-боз, алтын түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.
Вертикалдуу тигиштерден тышкары бардык конструктивдүү тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда, 0,1 см болгон декоративдүү тигиш өтөт.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.
Кочкул көк түстөгү классикалык, жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) ичтелген, этек жагы бир аз кууш юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Алдыңкы бетинде вертикалдуу рельефтер бар. Юбканын арткы тигишинде тилик, сыдырма бар. Юбканын узундугу шыйрактын ортосуна чейин. Вертикалдуу тигиштерден тышкары бардык конструктивдүү тигиштерде жана линияларда 0,1 см тигиш өтөт.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
31. Күндөлүк кийилүүчү китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган китель, этеги түз, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу, узундугу санга чейин, кочкул көк түстөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген. Көктөмөсү жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар бар. Белдин ылдый жагында кооздолгон капкалдырыктары бар кесилип тигилген каптал чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында борбордук тигиш, вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан.
Жеңи кайып тигилген - эки тигиштүү, жеңдин учунда Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон, бири-бири менен бир топчуга жана бир тилик топчулукка бүчүлөнгөн жана жеңдин этегинен 3 см алыс жайгашкан декаративдүү 3 см хлястиктер бар. Ийиндин линиясында кочкул-боз түстөгү катуу погондор жайгаштырылган, погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милтеси бар.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш өтөт. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.
Кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген классикалык, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этеги бир-аз кууш юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигишинде сыдырма тигилген. Юбканын арткы тигишинде тилиги бар. Юбканын узундугу балтырга чейин.
32. Пуловер.
Мойну тегерек ачык, көрүнүшү түз, кочкул көк түстүү, узундугу санга чейин келген, ведомстволук форма кийимдин тонундай, жарым жүн ийрилген жиптен токулган, комбинацияланган кездеме катары кочкул көк түстөгү суу өткөрбөгөн плащ кездемеси колдонулган пуловер. Мойну, кийимдин этеги жана жеңдин учтары “резинка” тор түймөсү менен тигилет.
Алдында жана учасында тор кездемеге борбор тарапка жеңдеринин учу бойлой узундугу 14-16 см жана жазылыгы 6 см кочкул көк түстөгү плащ кездемеден декоративдүү кокетка токулат.
Пуловердин жеңи кайып тигилген. Арткы бөлүгүндө жеңдин учунан чыканак тарапка 1,5 см кочкул көк түстөгү плащ кездемеден декоративдүү деталдар жайгашкан.
Сол жеңдеги билегинде кочкул көк түстөгү плащ кездемеден капкалдырыгы жана калем сап үчүн бөлүмчөсү бар каптама чөнтөк тигилген.
Ийиндин линиясы боюнча фалыппагондору менен тигилген пагондор жайгашкан.
Бардык каптама деталдарда, кокеткада жана каптама чөнтөктөрдө 0,2 см болгон кооздогон тигиш каралган, кооздогон деталдарда кийимдин учу менен 0,1 см болгон декоративдүү кошумча тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.
33. Пальто.
Жаз-күз кийилүүчү кара түстөгү тыгыз драп кездемеден тигилген, жылуу ичтелген түз силуэттеги кышкы пальто.
Бүчүлөмөсү диаметри 24 мм болгон беш топчуга бүчүлөнгөн бир борттуу. Кийимдин узундугу балтырдын ортосуна чейин.
Жакасы кайырма. Жаканын кайып тигилген сызыгы боюнча чечилме тери жакасын топчулоо үчүн топчулар тигилет (пальтонун үстүнкү жакасынан төрт топчу, астыңкы жакасынан үч топчу тигилген. Чечилме жакасында илгичтер бар).
Өңүрүндө бели танапталып тигилген. Чөнтөктөрү белиндеги танапталган тигишинен каптал тигишине чейин тилинген. Капкалдырыктары тегеректелген.
Учасында ортоңку тигиш. Колтук тигишинен арткы учасына рельеф бар.
Жеңи эки тигиштүү.
Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.
34. Жаз-күз кийилүүчү плащ.
Кара түстөгү плащ кездемесинен тигилген плащ, бир жакка кымтылама, силуэти түз, кайырма жакалуу. Алынып коюлуучу капюшону бар,төрт топчуга топчуланат. Борбордук жашыруун бүчүсү кара түстөгү беш топчуга бекитилет. Плащтын өңүрүндө желбирек кокеткасы көкүрөгүнүн сызыгына чейин жетет. Капталында капкалдырыктуу тилинип жасалган жан чөнтөгү бар.
Плащтын далы жагында кокеткасы болуп, ортосунан тигиш кетип, этеги тилинген. Жеңдери эки тигиштүү. Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Плащтын капшытындагы тигиштеринде, белинин тушунда кур үчүн илгичтери бар. Чечип алма курун чоңойтуп-кичирейтүү үчүн тасмасы бар.
Погондор катуу, тигилген.
341. Жылууланган булгаары күрмө
Көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, төрт горизонталдуу топчулукка жана төрт топчуга топчулана турган борбордук борттуу булгаарыдан күрмө, кайырма лацкандары бар, жылуулоочу ичтемеси менен кайып тигилген астары, чечилме куру жана таралгасы, мех менен жылуулатылган мех жакасы бар.
Өңүрлөрү жантайыңкы тигилген кокеткалары менен, кокеткалардан этегине чейин каптал бөлүктөрү кесилген Өңүрдүн каптал бөлүктөрүндө тилик капкалдырыктуу чөнтөктөр жайгашкан.
Капкалдырыктарда жашыруун магниттик бекиткичи бар. Кара же каралжын боз түстөгү каракүлдөн чечилме мех жака жана чечилме тери бүчүлөмө менен комплектелет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
35. Парка күрмө.
Парка күрмө-жаз-күз кийилүүчү/кышкы, көрүнүшү түз, узуну сандын ортосуна чейин.
Жашыруун бекиткичи бар, жазылыгы 7-8 см бир борттуу, сыдырманы жашырган жети баскычтар бар.
Жеңдери эки тигиштүү, кайып тигилген. Каруусу боюнча 0,3 см тигиш бар. Жеңдин этегине манжета тигилген. Манжетте манжеттин туурасын чоңойтуп-кичирейткен кошумча баскычтар каралган. Жеңдин билектеринде капкалдырык жана бекиткич менен жабылган эки бөлүмү жана калем сап үчүн кошумча бөлүмү каралган каптама чөнтөктөр бар.
Жакасы кайырма. Үстүңкү жакасы кара түстөгү ноотудан тигилген. Күрмөнү сыдырма менен толук бүчүлөгөн учурда жака тик жака формасын алат. Алдыңкы жака кара, суу өткөрбөгөн тыгыз плащ кездемеден тигилген. Алдыңкы жаканын астында алынып коюлуучу, үч тигиштүү, жылуу баш чүмбөттү бекитүү үчүн кайып тигилген сыдырмасы бар.
Жылуулатылганды бүчүлөгөн учурда жакага орто түктүү жасалма мехтен жасалган кошумча алынып коюлуучу жака топчуланат.
Өңүрү түз бычылган. Өңүрүндө төштүн линиясы боюнча узун эңкейтип тигилген 0,1-0,3 см аралыгы менен эки тигиштүү кокетка тигилген, кокетка жаканын астына тигилген. Кокетканын алдында жазылыгы 16-18 см сыдырма коюлган жашыруун чөнтөктөр бар.
Алдында ийиндин рельеф тигиштери бар. Төштүн сызыгында жана сандын сызыгында 0,1-0,3 см кош тигиштүү кооздолгон капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр бар.
Белде жана этекте күрмөнүн ичинен өткөн боолуу тарткыч жайгашкан
Учасында ортосунан 0,3 см тигиш бар. 0,1-0,3 см эки тигиш менен калдыркан кокетка каралган. Ортосунан декоративдүү бекиткич менен бекитилген. Далысы жакта тереңдиги 5-6 см болгон кыймыл эркиндиги үчүн, тигиши менен терең бүгүлгөн.
Күрмөдө комбинацияланган астар каралган, белге чейинки үстүңкү бөлүгү ноотудан (флис) тигилген, ал эми төмөн жагы көктөөчү кездемеден тигилген. Көктөмөдөгү бүчүлөмөнүн белинде жана этегинде денеге кыналууну белгилеген боолуу тарткыч жайгашкан. Жылуу көктөмөдө жана көктөмөдө симметриялык ички чөнтөктөр каралган.
Ийинде топчуга топчуланган фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол жана оң жеңге шеврондор жайгашат.
36. Жеңи узун формалык көйнөк.
Жеңи узун, жети топчуга топчулана турган борбордук борттуу формалык көйнөк. Тик кайырма жака. Жеңдери узун көйнөктүкү сымал бычылган, этеги бүктөмдөр жана топчуга топчулануучу кайып тигилген манжета менен кооздолгон. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу капкалдырыгы менен эки каптама төш чөнтөктөрү бар. Учасында кокеткасы бар. Асты кур менен аяктайт, анын каптал бөлүктөрүндө сандардын линиясы боюнча кийимдин туурасын жөнгө салуу үчүн үч катар чоюлгуч тилке (резинка) тигилген.
Ийинде катуу пондор жайгашкан.
Өңү:
- ачык-боз (гранит) - күнүмдүк көйнөк үчүн;
- ак - өкүлчүлүк көйнөк үчүн.
Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.
37. Жеңи кыска формалык көйнөк.
Жеңи кыска көйнөктүкүндөй кайып тигилген, туташ бычылган манжети менен формалык көйнөк. 5-6 топчуга топчулана турган борбордук борттуу. Туташ бычылган тик англисче жака. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу капкалдырыгы менен эки каптама төш чөнтөктөрү бар. Учасында кокеткасы бар. Асты кур менен аяктайт, анын каптал бөлүктөрүндө сандардын линиясы боюнча кийимдин туурасын жөнгө салуу үчүн үч катар чоюлгуч тилке (резинка) тигилген. Ийинде катуу пондор жайгашкан.
Өңү:
- ачык-боз (гранит) - күнүмдүк көйнөк үчүн;
- ак - өкүлчүлүк көйнөк үчүн.
Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.
38. Юбка.
Жүн кездемеден (жаз-күз кийилүүчү, жүн 50%дан кем эмес), жайкы костюм кездемесинен (жайкы, жүн 40%дан кем эмес, полиэфир 54%; лайкра 2%; тыгыздыгы 220-225г/м^2) тигилген юбка.
Кочкул көк түстөгү, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этек жагы бир аз кууш, балтырдын ортосуна чейин юбка. Юбканын отурушу өйдө, бели танапталып тигилген.
Бели 0,1 см тигиш менен кайып тигилген,белинде бир топчу менен бүчүлөнгөн. Арткы борбордук тигиш боюнча жашыруун сыдырма бүчүлөмө. Юбканын арткы борбордук игишинде тилиги бар.
39. Мех жакалуу, атайын кышкы костюм (күрмө жана шым).
Жылуу, көрүнүшү түз, суу өткөрбөгөн, кочкул көк түстүү кездемеден тигилген, этегине чейин мех менен ичтелген күрмө. Борттук топчуламасы бар, ичинен сыдырмасы менен кнопкага бекитилет.
Жакасы кайырма. Күрмөнүн жогорку жана төмөнкү жакасынын тигилген сызыгын бойлото топчуга топчулануучу накта (жасалма) мехтен жасалган алынып коюлуучу жакасы бар.
Бел сызыгында ички боо тарткычы жайгашкан.
Төш сызыгы боюнча банттык бүгүшү жана кооздолгон капкалдырыктары бар каптама чөнтөктөр. Сан сызыгында тилик чөнтөктөр каптал тигиш жагына жантайып кооздолгон капкалдырык менен жабылган. Чөнтөктөр кнопка менен топчуланат.
Учасы туташ бычылган.
Жеңдери орнотулма, бир тигиштүү.
Жеңдеринин учтары кайрылган тигиш менен ичтелген жабык кесиктүү.
Жылуулоочу ичтеме ийиндин сызыгынан этегинин сызыгына чейин эки сыдырма бекиткич менен бүчүлөнөт. Жылуулатылгандын ич жагында сыдырма бекиткич менен топчуланган сан сызыгында эки чөнтөк бар.
Куртканын этеги тигилген боо тарткыч менен кооздолгон.
Ийинде кнопкага бекитилген фальшпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол, оң жеңде жана алды жагында шеврондор жайгашкан.
40. Атайын кышкы суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген кепкалар.
Кочкул көгүш түстөгү кышкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
41. Атайын костюм (күрмө жана шым).
Көрүнүшү түз, камуфляж түстөгү коргоочу кездемеден тигилген күрмө. Жаканын алдында бир ачык топчулуу, алты топчуга борбордук жашырын борттук топчуламасы бар. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички кулисасы бар, аларга жөнгө салгычтар менен боо өткөрүлгөн. Өңүрлөрүндө үстүнкү жана алдыңкы капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр жайгашкан, эки жашыруун топчуга жабылат, жакасы кайырма. Учасы бүтүн бычылган, бел сызыгында ички кулисасы бар. Жеңдери орнотулма, узун, көйнөктүкү сымал бычылган, этеги бүктөмдөр жана топчуга топчулануучу кайып тигилген манжета менен кооздолгон, чыканакта 25 см каптама түрүндө коргоо каралган.
Ийинде топчуга топчуланган фалыппогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Сол, оң жеңинде жана алдында кочкул-боз түстөгү шеврондор жайгашкан.
Шымы камуфляж түстөгү кебез кездемеден тигилген, беш кур өткөргүчтөрү бар, бел курчоосу кайып тигилген. Шымдын бекилиши гульфик сыдырмасы жана топчу топчуланат. Шымдын капталдарында тигишинде каптал чөнтөктөрү, каптал тигиштерин боюнча төмөн капкалдырыктуу каптама чөнтөктөрү бар.
Арткы бөлүгүндө “Велкро” текстилдүү илмекке жабылуучу капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр жайгашкан.
Шымдын алдыңкы бөлүгүндө тизе жагы бийиктиги 25-30 см болгон тик бурчтуу формадагы каптама тигилген.
Арткы бөлүгүндө отурган жагы каптамалар менен калыңдалган.
42. Атайын жайкы костюм (күрмө жана шым).
Камуфляж түстөгү коргоо кезедемесинен талаа күрмөсү. Беш-алты топчу менен топчуланган бүтүн бычылган бир борттуу 0,5 см сызыгы менен ачык кайырма жака. Өңүрүндө эки рельефтүү тигиш менен тигилген каптама төш чөнтөктөр жайгашкан. Капкалдырыктары тик бурчтуу. Чөнтөктөрү “Велкро” лентасына бекитилет. 0,5 см тигиш өтөт.
Жеңи кыска 0,5 см тигиш менен кайырма манжет (кайрылган). Өңүрүндө 0,1 см тигиш менен коккетка жайгашкан. Кокетканын астында далысында 3-4 см бүктөмдөр бар. Буюмдун этеги бүтүн бычылган тигишке бүктөлүп тигилген. Капталдары буюмдун тыкан кийилиши үчүн үч катар резинкага чогултулган.
Сол, оң жеңинде жана алдында кочкул-боз түстөгү шеврондор жайгашкан.
Ийинде топчуга топчуланган фалышпогондордо тигилген погондор жайгашкан.
Камуфляж түстөгү коргоочу кездемеден тигилген шым. Алты өткөргүчтөрү бар, топчуга топчулана турган, бели кайып тигилген. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Тилинген капшыттары менен шымдын каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын кыры 0,5 см тигилген. Шымдын арткы бөлүгүндө кооздолгон капкалдырыктары бар чөнтөктөр, "Велькро" илмекке топчуланат.
43. Кебез кездемеден тигилген атайын жайкы кепкалар.
Көгүш түстөгү жайкы кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Каптал жактарында блокчо салынган үч желдетүүчү тешикче жайгашкан. Фуражканын алкагынын алды жагында жашыл түстөгү Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашат.
44. Галстук.
Кочкул көк түстөгү (күнүмдүк формалык кийим үчүн), кара түстөгү (жогорку жетекчилик курамдын өкүлчүлүк формалык кийим үчүн) тыгыз жибек кездемеден тигилген галстук. Ал учтуу, узартылган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн, бир калыптагы туруктуу "Регат" түйүнүнөн жана галстукту көйнөктүн жакасынын алдына кармата турган топчуламасы бар моюнчактан турат. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы түшүрүлгөн кыпчыткыч менен толукталат.
45. Узун кончтуу ботинка.
Узун кончтуу кара ботинка. Ал башынан, кончунан, тилчелерден, күчөткүчтөн жана апкыттан турат. Кончунун алды жагында байкадан (нооту) боолор үчүн блокчолор бар же ичтелбеген болот. Боо менен байланат. Таманы жана такалары көпшөк резинадан жасалат. Асты жулук-желимдөө ыкмасы менен бекитилет (желимдөө ыкмасы менен да бекитилиши мүмкүн). Ичинде салма батектери бар.
46. Туфли.
Таш таманы кайыш, такалуу, апкыттуу, желимдөө жолу менен ултарылган кара түстөгү хром туфли. Таканын бийиктиги 5 см көп эмес.
47. Кашне.
Кара түстөгү трикотаж кашне. Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү формалык кийим менен тагынат.
48. Жүн кездемеден тигилген кол кап
Жүн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү эластикалык тасма менен тартылат.
§ 3. Улук жана орто жетекчилик курам үчүн
49. Формалык фуражка.
Кочкул-көк түстөгү костюмдун кездемесинен тигилген жашыл түстөгү кыюусу бар фуражка. Фуражканын кырбуусунан узатасынан кеткен жашыл түстөгү эки тилкеси бар, кырбуунун бийиктиги 5 см. Кырбуунун маңдай тарабында лавр бутакчалары түрүндө сайма менен алкакталган (полковник наамындагы кызматкерлер үчүн рельефтик лавр бутакчалары түрүндө сайма менен алкакталат) Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда, кара түстөгү маңдайча жайгашкан. Төбөсүнүн бийиктиги 9 см, каркасталган, көктөмөсү кара түстөгү кебез кездемеден.
Фуражканын төбөсүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кездеме эмблемасы бар.
Фуражканын маңдайчасынын үстүнө, кырбууга эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо топчуланат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү топчунун диаметри 13 мм.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык).
50. Кулакчындуу тумак.
1) ачык-көк, кара түстөгү мехтен тигилген кулакчындуу тумак. Маңдайынын ортосунда Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
2) каракүлдөн тигилген мех тумак, башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн боолору болот. Бардык деталдары бозомтук-каралжын түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдынан дал ортосун көздөй Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен алтын түстөгү кокарда бекитилет. Бажы кызматынын полковниги наамындагы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери болуп саналган кызматкерлер үчүн гана арналган.
501. Өкүлчүлүк мундири (бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн)
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар алты топчуга топчулана турган эки борттуу, кочкул-көк түсүндөгү жүн костюм кездемесинен тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджак тибинде, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айырмалоочу белгилери менен кооздолгон.
Жаканын четине жашыл түстөгү милте тигилген.
Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген. Асты жагынан учанын линиясында 20 см * 22 см бурчтары бир аз тоголок фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган чөнтөктөрү бар.
Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик.
Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондору бар.
Капкалдыктары боюнча туурасы 0,1 см болгон кооздочу тигилиши бар.
Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, эки каптал чөнтөгү жана оң капталында бир арткы капкалдырыктуу чөнтөгү бар, чөнтөк топчуга топчуланган шым. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Шымдын кашаты кур үчүн алты өткөргүчтөрү менен темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
502. Өкүлчүлүк китель.
Китель кочкул көк түстөгү кездемеден, силуэти түз кайырма жакалуу, лацканы бар, ачык болот жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги алтын түстөгү төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар. Өңүрлөрү кесилген каптал бөлүктөрү менен, алдыңкы кайып тигилген жана фигуралуу капкалдырыктары бар тилик каптал чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик. Жеңдери танаптап тигилген кош тигиштүү. Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар. Сол өңүрдүн астарында ички "жалбыракча" чөнтөгү бар, ал астардын төмөнкү кесилген бөлүктөрүнүн кайып тигилген тигиштеринде жайгашкан. Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондор жайгашат.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, эки каптал чөнтөгү жана оң капталында бир арткы капкалдырыктуу чөнтөгү бар, чөнтөк топчуга топчуланган шым. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Шымдын кашаты кур үчүн алты өткөргүчтөрү менен темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
51. Күндөлүк кийилүүчү китель.
Китель кочкул көк түстөгү кездемеден, силуэти түз кайырма жакалуу, лацканы бар, ачык болот жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги алтын түстөгү төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар. Өңүрүнүн капшыты тилинип жасалган бөлүктөрү менен түз, алды танаптап тигилген, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн 13 мм диаметриндеги алтын түстөгү топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген теш чөнтөктөрү жана фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант кайып тигилген. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик. Жеңдери танаптап тигилген кош тигиштүү. Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү кесилген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөк бар. Погондор тигилген, катуу.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн гана:
- жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген;
- жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, эки каптал чөнтөгү жана оң капталында бир арткы капкалдырыктуу чөнтөгү бар, чөнтөк топчуга топчуланган шым. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Шымдын кашаты кур үчүн алты өткөргүчтөрү менен темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
52. Шымы менен костюм - канцелярка.
Күрмө жарым жүндүү диагонал түрүндө токулган кездемеден, кочкул көк түстөгү борбордук сыдырмасы менен түз силуэттүү, ички каптоосу кочкул көк түстөгү саржадан. Жакасы кайырма. Өңүрү кокетка менен, борборунда танаптап бант менен жана жогорку бөлүгүндө фигуралуу клапандар менен төш каптама чөнтөгү бар, диаметри 13 мм формалык топчуга топчуланат, каптал чөнтөктөрү кесилген, ийин тигилишинде - погондорду бекитүү үчүн эки өткөргүчтөр бар. Далысында эки кичинекей бүгүлүшү менен кесилген кокеткасы бар. Жеңи эки тигилиштүү эки бүгүлүү менен кенендиги 5 см манжети бар, эки формалык топчу менен топчуланат. Күрмөнүн этеги туташ бычылган кур менен аяктайт, анын капталдарында белинин узундугуна жараша сан боюнча буюмдун кеңдигин жөнгө салуу үчүн үч катар чоюлчаак тасма (резинке) салынган.
Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар. Жогорку сол чөнтөгүнүн клапанында төш шеврону жайгашкан. Кездеменин курамы: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү шым. Түз силуэт. Классикалык бычылган. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, топчуга жана шымдын илгичине бекитилет. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Алдыңкы астары тизе сызыгына чейин “чөнтөк” сымал ичтелген. Тилинген капшыттары менен шымдын алдыңкы каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы бөлүгүндө жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы бар тилик чөнтөк. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
53. Пуловер.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
54. Чолок пальто.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
55. Жаз-күз кийилүүчү плащ.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
56. Парка күрмөсү.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
57. Жылууланган булгаары күрмө.
Кайырма жакалуу, жылууланган ичтемеси менен түз силуэттеги, кара түстөгү булгаарыдан күрмө.
Каралжын боз түстөгү каракүлдөн чечме жакалуу.
Ортосунан ички сыдырмалуу бекиткичи борттук, жашыруун топчулук менен үстүнөн жабылат.
Өңүрлөрү капкалдырыкка каптал тилик чөнтөктөрү менен.
Арткы өңүрүндө ортосунан тигиш кетет. Өңүрүндө кокеткасы бар.
Жеңи кош тигиштүү.
Погонду бекитүү үчүн ийин тигиштеринде хлястиктер жана погонду кармоо үчүн бекитме (топчулук) тигилет. Чечме погондор.
Сол жана оң жеңге шеврондор жайгашат.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери болуп саналган кызматкерлер үчүн гана арналган.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
58. Күндөлүк кийилүүчү күрмө.
Күнүмдүк кийилүүчү кочкул көк түстөгү суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген күрмө. Кайырма жака. Жеңинин жана күрмөнүн этегинде трикотаж, жарым жартылай жүн резинкасы бар. Металл сыдырмасы ортосунда. Металл тырс этме менен топчулануучу капкалдырыктуу сыйымдуу каптама чөңтөктөр жайгашкан. Жеңдери эки тигиштүү кош тигилет.
Сол жеңинде капталынан тигилген сыдырмасы менен каптама чөнтөк жайгашкан. Учасы сыдырмасы бар жашырылган тилик чөнтөгү менен кокеткалуу. Артындагы чөнтөктө «Customs» деген жазуусу менен желекче бар. Жамбаш бел сызыгына чейин флис менен, бел сызыгынан этегине чейин шырылып ичтелген.
Ийиндин линиясы боюнча металл тырс этмелерге топчулануучу фальшпагондору менен тигилген пагондор жайгашкан.
Сол, оң жеңде жана алды жагында шеврондор жайгашкан.
59. Жеңи узун формалык көйнөк.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
60. Жеңи кыска формалык көйнөк.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
61. Футболка.
Кара түстөгү трикотаж кездемеден (кебез кездеме 50%дан кем эмес) тигилген, модели классикалык, түз бычылган, кыска жана узун жеңдүү футболка.
62. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү шым. Көрүнүшү түз. Классикалык бычылган. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, топчуга жана шымдын илгичине бекитилет. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Алдыңкы астары тизе сызыгына чейин "чөнтөк" сымал ичтелген. Тилинген капшыттары менен шымдын алдыңкы каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы бөлүгүндө жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы бар тилик чөнтөк. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген.
Кездеменин түзүлүшү: 30% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
63. Жайкы багалеги кенен шым.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү шым. Түз силуэт. Классикалык бычылган. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, топчуга жана шымдын илгичине бекитилет. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Алдыңкы астары тизе сызыгына чейин "чөнтөк" сымал ичтелген. Тилинген капшыттары менен шымдын алдыңкы каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы бөлүгүндө жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы бар тилик чөнтөк. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген.
Кездеменин түзүлүшү: 44% кем эмес жүн, 54% полиэфир, 2% лайкра. Тыгыздыгы 220-225 г/м2.
64. Атайын, кышкы мех жакалуу костюм (күрмө жана шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
65. Атайын костюм (күрмө жана шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
66. Атайын, жайкы костюм (күрмө жана шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
67. Атайын кышкы/жайкы тигилген кепкалар.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
68. Галстук.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
69. Узун кончтуу ботинка.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
70. Хром кыска ботинка (туфли).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
71. Кашне.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
72. Жүн кездемеден тигилген кол кап.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
73. Пахта кездмеден тигилген кол кап
Пахта кездемеден тигилген ак түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же эластикалык тасма менен тартылат.
74. Параддык кур
Кездемеден, жибектен алтын (сары) түстөгү параддык кур. Кур пахта кездемесинин тасмасы менен ичтелген.
Кайышы сүйрү формадагы латундан жасалган тегерек формада түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн таралгага бекитилет.
Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу эки илгичтин жана анын ич жагына тигилген бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
75. Аксельбант
Аксельбант өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана алтын түстөгү кошумча боодон турат. Кошумча боолордун металлдан жасалган алтын түстөгү учтуу эки кийгизгичи болот. Металл кийгизгичтин узундугу - 80 мм.
§ 4. Улук жана орто жетекчилик курамдагы аялдар үчүн
76. Кулакчындуу тумак.
Ачык-көк, кара түстөгү мехтен тигилген кулакчындуу тумак. Маңдайынын ортосунда Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
761. Өкүлчүлүк шляпа.
Кочкул көк түстөгү шляпа тегерек калпактан жана талаасынан турат. Калпактын ылдый жагына кочкул көк түстөгү тасма тагылып, үстүнкү чети маңдай жагына бекитилет. Тасманын үстүңкү четинде милте жашыл түстө болот.
Шляпанын маңдай кырынын үстүндөгү тасмага Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн боо топчуланат.
Шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүнкү четине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн шляпанын калпагынын алды жагында тасманын үстүңкү четине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, лавр жалбырактары менен алкакталган кокарда жайгашкан.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык)
77. Пилотка.
Кочкул-көк түстөгү костюмдун кездемесинен тигилген пилотка, жашыл түстүү кыюусу бар. Пилотканын алкагынын алды жагында Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен кокарда жайгашкан.
771. Өкүлчүлүк мундири (бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлери үчүн)
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, этеги түз, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, эки катар төрт топчуга топчулана турган эки борттуу мундир, кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар бар. Белдин ылдый жагында кооздолгон капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Далысынын ортосунан борбордук тигиш, вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондору бар.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш өтөт. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Жеңдин сол жана оң жеңдеринде шеврондор жайгашкан.
Жүн кездемеден (жаз-күз кийилүүчү, кездеменин курамында жүн 50%дан кем эмес), жайкы костюм кездемесинен (жайкы, жүн 40%дан кем эмес, полиэфир 54%; лайкра 2%; тыгыздыгы 220-225 г/м˄2) тигилген юбка. Кочкул көк түстөгү, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этек жагы бир аз кууш, балтырдын ортосуна чейин юбка. Юбканын отурушу өйдө, бели танапталып тигилген. Бели 0,1 см тигиш менен кайып тигилген, белинде бир топчу менен бүчүлөнгөн. Арткы борбордук тигиш боюнча жашыруун сыдырма бүчүлөмө. Юбканын арткы борбордук тигишинде тилиги бар.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
772. Өкүлчүлүк китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, этеги түз, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу китель, кочкул көк түстөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар бар. Белдин ылдый жагында кооздолгон капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында борбордук тигиш, вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондору бар.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш өтөт. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Жеңдин сол жана оң жеңдеринде шеврондор жайгашкан.
Классикалык, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этеги бир-аз кууш жүндүү кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигишинде сыдырма тигилген. Юбканын арткы тигишинде тилиги бар. Юбканын узундугу балтырга чейин.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
78. Күндөлүк кийилүүчү китель.
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, этеги түз, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу китель, кочкул көк түстөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар бар. Белдин ылдый жагында кооздолгон капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында борбордук тигиш, вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген, жеңдин учунан 3 см аралыкта жеңдин учунда жайгашкан бир топчулукка Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диамерти 13 мм болгон топчу топчуланып, бири-бири менен бүчүлөнгөн декоративдүү 3 см хлястиктер бар.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн гана:
- жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген;
- жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Ийиндин линиясында тигилген погондор жайгаштырылган.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш отот. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.
Классикалык, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этеги бир-аз кууш жүндүү кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигишинде сыдырма тигилген. Юбканын арткы тигишинде тилиги бар. Юбканын узундугу балтырга чейин.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
79. Юбкасы менен костюм - канцелярка.
Күрмө жарым жүндүү диагонал түрүндө токулган кездемеден, кочкул көк түстөгү борбордук сыдырмасы менен түз силуэттүү, ички каптоосу кочкул көк түстөгү саржадан. Жакасы кайырма. Өңүрү кокетка менен, борборунда танаптап бант менен жана жогорку бөлүгүндө фигуралуу клапандар менен төш каптама чөнтөгү бар, диаметри 13 мм формалык топчуга топчуланат, каптал чөнтөктөрү кесилген, ийин тигилишинде - погондорду бекитүү үчүн эки өткөргүчтөр бар. Далысында эки кичинекей бүгүлүшү менен кесилген кокеткасы бар. Жеңи эки тигилиштүү эки бүгүлүү менен кенендиги 5 см манжети бар, эки формалык топчу менен топчуланат. Күрмөнүн этеги туташ бычылган кур менен аяктайт, анын капталдарында белинин узундугуна жараша сан боюнча буюмдун кеңдигин жөнгө салуу үчүн үч катар чоюлчаак тасма (резинке) салынган.
Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар. Жогорку сол чөнтөгүнүн клапанында төш шеврону жайгашкан. Кездеменин курамы: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
Жүн кездемеден (жаз-күз кийилүүчү, жүн 50%дан кем эмес), жайкы костюм кездемесинен (жайкы, жүн 40%дан кем эмес, полиэфир 54%; лайкра 2%; тыгыздыгы 220-225г/м2) тигилген юбка. Кочкул көк түстөгү, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этек жагы бир аз кууш, балтырдын ортосуна чейин юбка. Юбканын отурушу өйдө, бели танапталып тигилген. Бели 0,1 см тигиш менен кайып тигилген, капталдарындагы куру кенендиги 2 см, узундугу 14 см резина менен тартылган, бүчүлөмө бир топчу менен курга 3 катар тигилет. Арткы борбордук тигиш боюнча жашыруун сыдырма бүчүлөмө бар. Юбканын арткы борбордук игишинде тилиги бар.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү шым. Түз силуэт. Классикалык бычылган. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, топчуга жана шымдын илгичине бекитилет. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Алдыңкы астары тизе сызыгына чейин "чөнтөк" сымал ичтелген. Тилинген капшыттары менен шымдын алдыңкы каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы бөлүгүндө жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы бар тилик чөнтөк. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
80. Пуловер.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
81. Пальто.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
82. Күндөлүк кийилүүчү күрмө.
Күнүмдүк кийилүүчү кочкул көк түстөгү суу өткөрбөгөн кездемеден тигилген күрмө. Кайырма жака. Жеңинин жана күрмөнүн этегинде трикотаж, жарым жартылай жүн резинкасы бар. Металл сыдырмасы ортосунда. Металл тырс этме менен топчулануучу капкалдырыктуу сыйымдуу каптама чөңтөктөр жайгашкан. Жеңдери эки тигиштүү кош тигилет. Сол жеңинде капталынан тигилген сыдырмасы менен каптама чөнтөк жайгашкан. Учасы сыдырмасы бар жашырылган тилик чөнтөгү менен кокеткалуу. Артындагы чөнтөктө «Customs» деген жазуусу менен желекче бар.
Жамбаш бел сызыгына чейин флис менен, бел сызыгынан этегине чейин шырылып ичтелген. Ийиндин линиясы боюнча металл тырс этмелерге топчулануучу фальшпагондору менен тигилген пагондор жайгашкан.
Сол, оң жеңде жана алды жагында шеврондор жайгашкан.
83. Жаз-күз кийилүүчү плащ.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
831. Жылууланган булгаары күрмө
Көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, төрт горизонталдуу топчулукка жана төрт топчуга топчулана турган борбордук борттуу булгаарыдан күрмө, кайырма лацкандары бар, жылуулоочу ичтемеси менен кайып тигилген астары, чечилме куру жана таралгасы, мех менен жылуулатылган мех жакасы бар.
Өңүрлөрү жантайыңкы тигилген кокеткалары менен, кокеткалардан этегине чейин каптал бөлүктөрү кесилген Өңүрдүн каптал бөлүктөрүндө тилик капкалдырыктуу чөнтөктөр жайгашкан.
Капкалдырыктарда жашыруун магниттик бекиткичи бар. Кара же каралжын боз түстөгү каракүлдөн чечилме мех жака жана чечилме тери бүчүлөмө менен комплектелет.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери болуп саналган кызматкерлер үчүн гана арналган.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык).
84. Парка күрмө.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
85. Жеңи узун формалык көйнөк.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
86. Жеңи кыска формалык көйнөк.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
87. Футболка.
Кара түстөгү трикотаж кездемеден (кебез кездеме 50%дан кем эмес) тигилген, модели классикалык, түз бычылган, кыска жана узун жеңдүү футболка.
88. Юбка.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
89. Күндөлүк кийилүүчү багалеги кенен шым.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү шым. Түз силуэт. Классикалык бычылган. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, топчуга жана шымдын илгичине бекитилет. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Алдыңкы астары тизе сызыгына чейин "чөнтөк" сымал ичтелген. Тилинген капшыттары менен шымдын алдыңкы каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы бөлүгүндө жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы бар тилик чөнтөк. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
90. Жайкы багалеги кенен шым.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү шым. Түз силуэт. Классикалык бычылган. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, топчуга жана шымдын илгичине бекитилет. Гульфик сыдырмасы менен бекилет. Алдыңкы астары тизе сызыгына чейин "чөнтөк" сымал ичтелген. Тилинген капшыттары менен шымдын алдыңкы каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы бөлүгүндө жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы бар тилик чөнтөк. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 44% кем эмес жүн, 54% полиэфир, 2% лайкра. Тыгыздыгы 220-225 г/м2.
91. Атайын, кышкы мех жакалуу костюм (күрмө жана шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
92. Атайын костюм (күрмө жана шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
93. Атайын, жайкы костюм (күрмө жана шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
94. Атайын кышкы/жайкы тигилген кепкалар.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
95. Галстук.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
96. Узун кончтуу ботинка.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
97. Туфли.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
98. Кашне.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
99. Жүн кездемеден тигилген кол кап.
§ 5. Кенже жетекчилик курам үчүн
100. Формалык кийимдер, бут кийимдер орто жетекчилик курам үчүн баяндамасына дал келет.
101. Жылдыздардын, тилкелердин саны атайын наамга дал келет.
3. Погондор жана аларга айырмалоочу белгилер
§ 6. Погондор
102. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын погондору - тик бурчтуу, тигилген, кочкул-боз, алтын түстүү.
Погондордо диаметри 22 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат, погондордон үстүнкү жагында формалык топчу жайгашкан.
103. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын көйнөктөрүнүн погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй (өкүлчүлүк көйнөктөр үчүн түсү ак, күнүмдүк көйнөк үчүн - түсү кочкул-боз), погондордун четинде жашыл түстөгү милтеси бар.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын пуловеринин, парка күрмөсүнүн жана атайын кийимдеринин погондору (фальшпогондор) - тик бурчтуу, кийимдин кездемесинин түсүндөй, алтын түсүндө атайын өрүлгөн.
Погондордо диаметри 22 мм болгон алтын (коргоочу) түстөгү сайма беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат.
104. Жылдыздар погондун узунунан кеткен ок сызыгында жайгашкан.
Погондордогу жылдыздардын саны:
а) бажы кызматынын генерал-лейтенанты - эки;
б) бажы кызматынын генерал-майору - бир.
105. Улук жана орто жетекчилик курамдын погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, эни кочкул кок түстөгү погондун четинде жашыл түстөгү милтеси менен галун (кездеме) менен капталган (ак түстөгү көйнөктөр үчүн түсү ак, күнүмдүк көйнөк үчүн - түсү ачык-боз мундир жана өкүлчүлүк кители үчүн - алтын), орто жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү бир тилкеси бар, улук жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү эки тилкеси бар.
Погондордо диаметри 22 мм жана 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз, формалык топчу, ал эми жогорку бөлүгүндө (параддык кителде тигилген погондордон тышкары) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын зоот кийген, байыркы кыргыз жоокеринин силуэти бар, жерге учу менен кылыч тирелген, жоокер туткасын эки колу менен кысып турган калкан түрүндө, 2 см х 1,5 см өлчөмүндө, алтын түстүү айырмалоочу белгилери жайгаштырылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
106. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын улук жана орто жетекчилик курамынын көйнөктөрүнүн, шымы менен костюм - канцелярканын погондору (фальшпогондор) - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй погондун четинде жашыл түстөгү милтеси менен (ак түстөгү көйнөктөр үчүн түсү ак, күнүмдүк көйнөк үчүн - түсү ачык-боз).
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын улук жана орто жетекчилик курамынын пуловеринин, парка күрмөсүнүн жана атайын кийимдеринин погондору (фалыппогондор) - тик бурчтуу, кийимдин кездемесинин түсүндөй, орто жетекчилик курамы үчүн - жашыл түстөгү бир тилкеси бар, улук жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү эки тилкеси бар.
Погондордо (фальшпогондордо) диаметри 22 жана 14 мм болгон беш бурчтуу жылдыз алтын түстө – өкүлүлүк жана күнүмдүк формалык кийимге, коргоочу түстө – атайын формалык кийимге жайгаштырылат.
Погондордогу (фальшпогондордогу) жылдыздардын саны атайын наамга туура келет.
107. Кенже жетекчилик курамдын погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө кочкул көк түстөгү галун (кездеме) менен капталган.
Погондордо айырмалоочу белгилердин жайгашуусу:
а) улук прапорщик - диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу үч жылдыз;
б) прапорщик - диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу эки жылдыз;
в) старшина - эки тик бурчтуу алтын түстүү тилке - бирөөнүн эни жазы жана экинчисинин эни ичке. Тилкенин жазылыгы: жазы - 20 мм, ичке 10 мм Ичке тилке жазы тилкенин үстүндө 2 мм аралыкта жайгашкан;
г) улук сержант - бир тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 20 мм тилке;
д) сержант - үч тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 10 мм тилке. Тилкелердин ортосундагы аралык 2 мм;
е) кенже сержант - эки тик бурчтуу алтын түстөгү, жазылыгы 10 мм тилке. Тилкелердин ортосундагы аралык 2 мм;
Погондун жогорку бөлүгүндө формалык топчу жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын зоот кийген, байыркы кыргыз жоокеринин силуэти бар, жерге учу менен кылыч тирелген, жоокер туткасын эки колу менен кысып турган калкан түрүндө, 2 см х 1,5 см өлчөмүндө, алтын түстүү айырмалоочу белгилери жайгаштырылат.
Погондун төмөнкү четинен тилкенин төмөнкү четине чейинки аралыгы 30 мм.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык).
108. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже жетекчилик курамынын көйнөктөрүнүн, шымы менен костюм - канцелярканын погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй (ак түстөгү көйнөктөр үчүн түсү ак, күнүмдүк көйнөк үчүн - түсү ачык-боз).
Кенже жетекчилик курамынын пуловеринин, парка күрмөсүнүн жана атайын кийимдеринин погондору (фалыппогондор) - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй.
Погондордо диаметри 14 мм болгон алтын (коргоочу) түстөгү беш бурчтуу жылдыз, жазылыгы 10 жана 20 мм тилкелер жайгаштырылат.
109. Тигиле турган жана чечиле турган погондордо погондун үстүңкү четинен 15 мм аралыкта алтын түстүү формалык топчу жайгашат; кийимдин тышкы кездемесинен жасалган погондордо 10 мм аралыкта жайгашат.
110. Жогорку, улук, орто жана кенже жетекчилик курамдын погондорунда жылдыздар ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык тартипте жайгаштырылат.
§ 7. Айырмалоочу белгилер
111. Төш белги.
Төш белги ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык сыпаттамасы жана сүрөтү боюнча овал формасында - төштүн сол тарабына жайгаштырылат.
112. Кокарда, топчулар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн белгиленген үлгүдө болот.
113. Шеврондор.
Шеврондор бөлүнөт:
1) төш шеврондору ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык сыпаттамасы жана сүрөтү боюнча - төштүн сол тарабына жайгаштырылат.
2) жеңдеги шеврондор ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык сыпаттамасы жана сүрөтү боюнча - төштүн сол жана оң тарабына жайгаштырылат.
|
| Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Камсыз кылуу ченеми жана формалык кийимди кийип жүрүү мөөнөтү
№ | Аталышы | Комплекттердин саны | Кийип жүрүү мөөнөтү (жыл) |
1 | Жүн кездемеден тигилген фуражка | 1 | 3 |
2 | Пилотка | 1 | 3 |
3 | Кулакчындуу тумак | 1 | 5 |
4 | Жылууланган булгаары күрмө | 1 | 3 |
5 | Парка күрмө | 1 | 3 |
6 | Мундир | 1 | 5 |
7 | Өкүлчүлүк китель | 1 | 4 |
8 | Күнүмдүк кийилүүчү китель | 1 | 4 |
9 | Багалеги кенен шым (юбка) | 1 | 1 |
10 | Жеңи узун көйнөк | 2 | 1 |
11 | Жеңи кыска көйнөк | 2 | 1 |
12 | Пуловер | 1 | 2 |
13 | Кончтуу ботинка | 1 | 2 |
14 | Кыска ботинка (туфли) | 1 | 2 |
15 | Чолок пальто | 1 | 3 |
16 | Пальто | 1 | 3 |
17 | Жазы-жай кийилүүчү плащ | 1 | 3 |
18 | Шымы менен (юбкасы менен) костюм - канцелярка | 1 | 2 |
19 | Атайын кышкы костюм (күрмө менен шым) кепасы менен | 1 | 3 |
20 | Атайын костюм (күрмө менен шым) кепасы менен | 1 | 2 |
21 | Жайкы атайын костюм (кыска жеңи менен күрмө менен шым) кепасы менен | 1 | 2 |
22 | Кашне | 1 | 2 |
23 | Футболка | 4 | 1 |
24 | Күнүмдүк кийилүүчү күрмө | 1 | 2 |
25 | Жүн кездемеден тигилген кол кап | 1 | 3 |
26 | Пахта кездемеден тигилген ак түстөгү кол кап | 1 | 5 |
27 | Параддык кур | 1 | 5 |
Эскертүү:
Бажы органдарында кызматта болуунун чектүү жашына жеткенден кийин үстүбүздөгү жылы бошотулууга тийиш болгон кызматкерлерди формалык кийим менен камсыз кылуу жүзөгө ашырылбай тургандыгы белгиленсин.
|
| Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Атайын наам | Погондогу жылдыздардын саны | Жылдыздардын диаметри (мм) | Погондордун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын борборуна чейинки аралык (мм) | Погондо узата жайгашкан жылдыздардын борборлорун ун ортосундагы аралык (мм) | Погондун төмөнкү четинен эмблеманын борборуна чейинки аралык (мм) |
Генерал-лейтенант | 2 | 22 | 25 | 25 | - |
Генерал-майор | 1 | 22 | 50 | - | - |
Полковник | 3 | 22 | 30 | 25 | 100 |
Подполковник | 2 | 22 | 30 | - | 100 |
Майор | 1 | 22 | 45 | - | 100 |
Капитан | 4 | 14 | 30 | 25 | 100 |
Улук лейтенант | 3 | 14 | 30 | 25 | 100 |
Лейтенант | 2 | 14 | 30 | - | 100 |
Кенже лейтенант | 1 | 14 | 45 | - | 100 |
Улук прапорщик | 3 | 14 | 30 | 30 | 100 |
Прапорщик | 2 | 14 | 30 | 40 | 100 |
|
| Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Төш белгинин сыпатталышы жана сүрөтү
Туурасы - 45 мм, узундугу - 60 мм жана калыңдыгы - 3 мм болгон овал формасындагы төш белгиси. Маңдайынан төмөндөн жогору көздөй ийилген. Белгинин төмөн бөлүгүндө өлчөмү 12,5 мм жана 36,5 мм болгон катар номери үчүн № 0001 МБК-№1200МБК номери менен орун бар. Цинктен жасалган, алтын менен никельдин аралашмасы менен капталган, түсү кочкул жашыл, рельефтүү сүрөт. Белгинин үчтөн экинчи бөлүгүндө “CUSTOMS” жазуусу бар. Белгинин борборунда сары түстөгү бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасынын өз алдынча элементинин рельефтик сүрөтү жайгашкан, жетондун борборунун калган жери кочкул жашыл түстөгү эмалга боёлгон. Белгинин жогорку жагындагы радиусунда эки тарабында үчтөн беш учтуу жылдыздар сүрөтү менен “КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ” жазуусу жайгашкан. Арткы жагында коопсуз төөнөгүч түрүндөгү бекиткичи бар.
Сүрөт:
|
| Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Төш шевронунун сыпатталышы жана сүрөтү
Төш шеврону кочкул жашыл, кырлары сары түстөгү тик бурчтуу формасында. Көлөмү: 120 мм ⨯ 30 мм.
Төш шевронунда ырааттуулук менен солдон оңду көздөй жайгашкан: - бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы; - эки катарда ак тамгалар менен “КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ” жана “KYRGYZ CUSTOMS” жазуулары (англис тилиндеги жазуу кыргыз тилиндеги жазуунун астында жайгашкан).
Бекем суу сиңбеген жана жешилбеген кездемеден/материалдан жасалат, ошондой эле катуу, жешилүүгө туруктуу жана түлөп кетүүдөн сактоо үчүн атайын картон же полимерден катуу арты менен толукталат.
Сүрөт:
|
| Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Жеңдеги шеврондордун сыпатталышы жана сүрөттөрү
1. Сол жеңдеги шеврондун сыпатталышы
Жеңдеги шеврон кочкул жашыл четтери (3 мм) сары түстөгү тегерек (диаметри - 90 мм) түрүндө даярдалган.
Сары түстөгү ички четинен 10 мм аралыкта сары түстөгү 2 мм линиядан ички тегерек жайгашкан, анын ичине ак түстөгү сооданын эмблемасы/символу жайгаштырылган.
Чектин ички чети менен ички айлананын сыртынын ортосундагы аралыкта:
- ак түстөгү жазуулар жайгашат: үстүнкү жарым сферада – “КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ”; астыңкы жарым сферада – “KYRGYZ CUSTOMS”;
- сол жана оң жарым сферада диаметри 3 мм болгон сары түстөгү чекиттер бар.
Шеврон бекем суу сиңбеген жана жешилбеген кездемеден/материалдан жасалат, ошондой эле катуу, жешилүүгө туруктуу жана түлөп кетүүдөн сактоо үчүн атайын картон же полимерден катуу арты менен толукталат.
Сүрөт:
2. Оң жеңдеги шеврондун сыпатталышы
Жеңдин шеврону байыркы кыргыз жоокеринин образынын силуэти бар калкан түрүндө даярдалган, бул Мамлекеттик бажы кызматын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы катары жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоону символдоштурат.
Калкан кочкул жашыл түстө, четтери алтын түстө. Шеврондун өлчөмү: узундугу (астыңкы негизинин мизинен үстүнкү четине чейин) - 100 мм, туурасы - 75 мм.
Калкандын жогорку бөлүгүнүн ортосунда ак тамгалар менен “КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ” жазуусу эки катар (“БАЖЫСЫ” жазуусу биринчинин астында жайгашкан) жайгаштырылган.
“КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ” жазуусунун астынан калкандын астыңкы четине чейин жарым-жартылай оңго бурулган зоот кийген байыркы кыргыз жоокеринин профилдеги (капталынан көрүнүшү) силуэти жайгаштырылган. Образдын сол буту оң бутуна караганда бир аз алдыга коюлган жана жарым тизе бүгүлгөн, буттарынын ортосунда жерге учу менен кылыч тирелген, жоокер туткасын эки колу менен кысып турат. Кылычтын ийри кесүүчү жагы (мизи) сүрөттүн оң жагына багытталат. Жоокердин образынын оң жагынан жарык тийген жерлери-ак түстө, көлөкө тийген жерлери-кара түстө.
Байыркы кыргыз жоокеринин образынын жазуусу жана силуэти машина саймасы менен даярдалышы керек. Шеврон бекем суу сиңбеген жана жешилбеген кездемеден/материалдан жасалат, ошондой эле катуу, жешилүүгө туруктуу жана түлөп кетүүдөн сактоо үчүн атайын картон же полимерден катуу арты менен толукталат.
Сүрөт: